СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Текстти иштетуу боюнча конспект план

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Для будущего учители

Просмотр содержимого документа
«Текстти иштетуу боюнча конспект план»

Тема. Математика сабактарына катышуу жана талдоо.

Максаты. Сабакка байкоо жүргүзүүнү үйрөнүү, аны схемасы боюнча анализдөө.

Жабдылышы. Сабакты комплекстүү талдоонун болжолдуу схемасы.

Иштин негизги мазмуну

1. Катышууга пландаштырылган сабактын темасын талкуулоо.

2. Бул теманын окуу китебинде берилген мазмунун үйрөнүү (окуу китебиндеги тиешелүү пунктты окуп чыгуу; тексте кандай түшүнүктөр, эрежелер, формулалар бар; окуу пунктундагы бардык маселелерди чыгаруу)

3. Дидактикалык материалдарда белгиленген өз алдынча жана текшерүү иштери менен таанышып чыгуу.

4. Схема боюнча толтуруу үчүн дептер даярдоо:

Мектептин № …, Классы …, Мугалимдин аты жөнү ………………

Сабактын темасы: ……………………………………………………….

Сабактын максаты: ……………….(сабакты анализдөөдөн кийин

толтурулат)

Жабдылышы: …………………………………………………………….

С а б а к т ы н ж ү р ү ш ү:1. Мугалимдин ишмердүүлүгү

2.Окуучу ишмердүүлүгү (таблица турундо берсе дагы болот)

Эскертүү

5. Сабакты байкоо учурунда төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:

Сабакта окуучунун жана окутуучунун ишмердүүлүгүнө көңүл буруу;

мугалимдин ишмердүүлүгүндө окутуунун мазмунун тандап алуусуна, окуучулар менен иштөөнүн методдорун жана ыкмаларын тандоосуна, окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруунун формаларына жана коюлган максатка жетүү үчүн окутуунун каражаттарын тандоосуна байкоо жүргүзүү.

Сабакка талдоо жүргүзүүнүн схемасы

1. Сабактын түйүндүү моменттерин аныктап алуу: тема боюнча сабактардын системасында өтүлгөн теманын орду; сабактын максаттары жана милдеттерин; сабактын тибин жана түзүлүшүн (структурасын).

2. Сабактын ар бир структуралык бөлүгүнө талдоо жүргүзүү: кандай билим берүү маселеси чечилип жаткандыгын аныктоо; тандалып алынган окуу материалынын мазмунун талдоо; анын белгиленген максаттар менен дал келишин талдоо; мугалим пайдаланган окутуунун методдору жана ыкмаларын белгилеп көрсөтүү; окуучулардын ишмердигин уюштуруунун формалары (жекече, жуптарда, топтор менен, коллективдүү, оозеки жана жазуу иштери, моделдер менен иштөөсү), окуучулардын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жана баалоонун формалары жана методдору. 3. Мугалимдин сабактагы ишмердигинде колдонгон ыкмалары жана технологиялары (проблемалуу суроолорду кое билүүсү, алардын тактыгы жана логикалуулугу; таанып билүү багытындагы маселелердин чыгарылышы, алардын жеткиликтүүлүгү; китеп менен иштөөнүн билгичтиктерин калыптандырууга жасалган аракети ж.б.;) сабактын максатын ишке ашырууга канчалык деңгээлде көмөктөшөөрүн аныктоо.

4. Сабактагы окуучулардын ишмердүүлүгүндө кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз? (Окуучулардын көүүл буруусунун узактыгы, акыл иш-аракеттеринин активдүүлүгү; үлгү боюнча же өз алдынча иштөөсүнүн катышы; сабактагы окуучулардын оң жана терс эмоциялары; кээ бир окуучулардын сабакка болгон мамилеси).

5. Сабак боюча жалпы корутунду жасоо:

1) сабактын уюштурулушу;

2) сабактын максатына жетиши (билим берүүчүлүк, өнүктүрүлүүчүлүк, тарбиялык);

3) сабактагы окуучунун жана окутуучунун ишмердүүлүгүнө жалпы баа берүү.

Сабактын максаттары жөнүндө. Ар бир мугалим өзүнүн сабагына үч максат коет: билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк жана тарбиялык. Сабактын эң маанилүү жагы максаттар б.а. сабактын максаттарын аныктоо болуп саналат. Максаттар ачык айкын болбосо, биринчиден сабак кандай өтөт, экинчиден окуучулар үчүн мындай сабактын пайдасы эмнеде?

Максаттарды конкреттүү жана конструктивдүү деп деп бөлүүгө болот. Бул максаттарды түшүнүү үчүн «Сабакта окуучулар кандай билимге жана шык-жөндөмдөргө ээ болушат?» - деген суроону коёлу. Окуучулар айрым билимге (эгерде билимди маалымат катары кабыл алсак) ээ болуусу үчүн мугалим конкреттүү максат коёт (мисалы, квадраттык теңдемени чыгаруунун формуласын түздөн-түз колдонууну үйрөнүү ж.б.), мында сабакта берилген тапшырмалар эсте тутууга карата берилиши мүмкүн. Эгерде окуучулар жалаң эле конкреттүү тапшырма алышпай, ошону менен бирге далилдөөлөрдү талап кылган тапшырма алышса же болбосо мындай тапшырмаларды аткаруу аркылуу өз «продуктусун» жаратса, демек, окутуучунун койгон планы же максаты конструктивдүү да болот. Конкреттүү максат коюлган сабактарда окуучулардан анчалык чымырканган акыл күчүн талап кылбайт. Бирок, жаңы материалды эске тутуп коюу менен чектелбеген, окуучулардын чымырканган ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн талап кылган сабактын планын түзүү баарынан маанилүү. Ошентип, сабакта маалымат берүү - бул конкреттүү максаттын обьектиси же традициялык методика же билим берүүчүлүк максат; шык-жөндөмдөр - конструктивдүү максаттын обьектиси же бул өнүктүрүүчүлүк максат. «Инсанга багыттап окутуу», «Ойжүгүртүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү», «Сынчыл ой-жүгүртүүнү өстүрүү» теорияларынын методикасында: Конструктивизм - изилдөө, маанини чечмелөө жана аргументтөө (жүйө, далил келтирүү) боюнча жеке ишмердүүлүктөн баштап өз билимин «түптөө» жана жаратуу процессиндеги окуучулардын активдүү ролуна басым жасайт.

Окуучулардын ойлоо процессинин (суроонун тибине жана деъгээлине байланыштуу) диапазону төмөнкүлөрдү камтыйт:

Билим: Маалымат кандай угулуп алынса, аны так ошондой формада кайталап айтуу жөндөмү.

Түшүнүү; идеяны өз сөзү менен же дагы бир башка жол менен кайра формулировкалап берүү жөндөмү.

Колдонуу: идеяны башка бир кырдаалда колдонуу жөндөмү, жаңы эле өздөштүрүлгөн ыкманы пайдаланып, жаңы маселени чечүү.

Талдоо: татаал идеянын себебин, натыйжасын жана башка составдык бөлүктөрүн табуу жөндөмү.

Жогоруда белгиленген шык-жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган сабактарда коюлган суроолор жана берилген стапшырмалар окуучулардан жалаү эле жаттап окуганды талап кылбастан, белгилүү бир интеллектуалдык ишти, болгондо да жөн эле активдүүрөөк, чыгармачыл ишти талап кылуу менен чечилгендей түзүлүшү керек.

Синтез: бир нече идеяларды жаъы идеяга кошу: эски идеянын жаүы вариантвн түзүү, идеяларды бир тармактан же жанрдан башкасына алып баруу; бир нече идеяларды колдонуп татаал маселелерди чечүү.

Баалоо: кандайдыр бир тезисти түшүндүрүү үчүн конкреттүү идеянын же убакыттын адекваттулугун баалоо жөндөмү. Эми тарбия берүүчү максаты кандай? Бул суроого, «Азыркы коомдогу инсан кандай болушу керек?» - деген суроонун тегерегинде жооп издешибиз керек. Демек, бул ким? Өз алдынча ойлонгон, оюн ачык билдире алган, ошол эле учурда ар бир ой баалуу экендигин билген, башка бирөөнүн ойун уга билген, айтылган пикирди сыйлай билген, командада иштей билген, лидерликке умтулган инсан.

Ошентип, биздин сабагыбыз окуучуда ушундай жана башка инсандык баалуу сапаттарды калыптандырууга салым кошкондой түзүлүшү маанилүү.

Сабакты пландаштырганда мугалимдер сабакка өбөлгө же түрткү болуучу жагдайлар жөнүндө ойлонуп, сабактын структурасын жана мазмунун түзүү маанилүү. Сабактын ийгиликтүү натыйжасы бул окуучунун кызыгуусун арттыруу, ал эми кызыгуу - бул мотивация башкача айтканда, «бул маалымат мен үчүн жаңы», «бул жаңы маалыматтын мага кереги эмне?» деген сурого жооп алуу. Өбөлгөнү аныкташ үчүн мугалим төмөнкү суроого жооп бериши керек: «Сабак окуучуга пайдалуу болушу үчүн алар эмнени билүүгө жана жасай алууга тийиш?». Мугалим балдардын априордук билимин сабактагы активдүүлүк үчүн өболгө катары колдонуусу зарыл. Кийинки сабакка мурдагы сабак өбөлгө түзөт. Практикада көпчүлүк мугалимдер сабактарында окуучуларга баарына белгилүү болгон маалыматтарды айтып, бекер убакытты кетиришет. Ушундан улам окуучуларда кызыгуу жоголот. Мугалимдердин көпчүлүгү баланы «актай барак» деп карашып, «окучу эч нерсе билбейт», деген ойду көп айтышат. Бирок, тажрыйбасы жок окуучу болбойт. Сөзсүз кандайдыр бир тема боюнча окуучуда жок дегенде бир идея же божомолдоо, ассоциация же сезимдер пайда болушу мүмкүн. Мына ушуларды колдонуу сабактын инсанды калыптандыруудагы максатын ишке ашыруудагы ийгилигине түрткү болот.

Демек, сабакка анализ берүүдө мугалимдин сабагына өбөлгө түзүү аракети кандай ишке ашкандыгын байкоо жана талдоо маанилүү моменттерден экендигин эстен чыгарбоо керек.

Сабактын этаптарын талдоодо төмөнкүлөр эске алынат:

Сабактын башталышын талдоо. Ар кандай иштин акыркы натыйжасы анын башталышына көз каранды. Бул этаптын дидактикалык максаты окуучуларды сабакта активдүү эмгектенүүгө даярдоо болуп саналат. Ал эми мындай максаттын орундалышын мугалимдин ишенимдүү багытталышынан, талаптуулугунан, жыйынтыктуулугунан, көп сөздүүлүгүнүн жоктугунан, окуучулардын сабакка көңүлдүүлүгүнөн, алардын токтоосуз окуу ишине өтүүгө аракеттенүүлөрүнөн көрүүгө болот.

Жаңы материалды окуп үйрөнүү жана аны бышыктоо процесстерин анализдөө. Сабактын бул этабынын негизги мааниси мугалимдин окуу материалын түшүндүрүп берүүсүнөн эмес, аны мугалимдин жетекчилиги астында өздөрүнүн буга чейинки алган билимдерин жана ал билимдер менен иштөөнүн методдорун пайдалануу аркылуу окуучулардын окуп үйрөнүшүндө турат.

Жаңы материалды окуп үйрөнүүдө таанып билүүчүлүк ишаракети: даярдануу → кабыл алып түшүнүү → баамдап билүү →жалпылоо жана системалаштыруу → колдонуу → текшерүү деген схема боюнча ишке ашырылууга тийиш. Булардын ар биринин маанисин чечмелеп көрсөтөлү.

Окуучуларды жаңы материалды активдүү кабыл алып түшүнүүгө даярдоо, таяныч билимдерди калыбына келтирип кайталоо, жаңы материалга окуучуларды кызыктыруу үчүн темага киришүүнүн ыкмаларынан ж.б. турат.

Мугалимдин жаңы материалды баяндоосу айтып берүү, түшүндүрүү, аңгеме ж.б. же материалды биринчи ирет кабыл алып түшүнүү жана баамдап билүү боюнча окуучулардын өз алдынча иштөөсү менен ишке ашырылат. Жаңы материалды терең түшүнүп баамдоонун андан аркы жумушу айтылып түшүндүрүлгөндөрдү кайталоо же окуу китеби менен, көрсөтмө куралдар менен иштөөдөн турат.

Окулуп өтүлүүчү материалды окуучулар өзүн-өзү контролдоо методдорун пайдалануу менен өздөштүрүү жана бышыктоо боюнча төмөнкүлөрдү иштешет: окуу китебин окушат, материалды үн чыгарып же өздөрүнүн ичтеринен эстеп калыбына келтиришет, коңшуларына кайталап айтып беришет ж.б.

Билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу иш-аракеттери билимдерди бышыктоо процессинин жогорку деңгээлин аныктайт. Анткени, жалпылоо - бул предметтердин кайсы бир классына таандык болгон кээ бир касиеттерди бөлүп көрсөтүү, жекеден жалпыга өтүү.

Системалаштыруу - бул үйрөнүлгөн обьектерди тандап алуу принцибинин негизинде белгилүү бир системага топтоо болуп саналат.

Сабактын негизги милдеттеринин дагы бири өздөштүрүлгөн билимдерди андан ары тереңдетүү боюнча практикада колдоно билүүнү, машыгууну иштеп чыгуу максатында оозеки же практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүү.

Ошондой эле билимдин бардык окуучулар тарабынан өздөштүрүлгөндүгүнүн сапатын контролдоону фронталдуу суроо, контролдоочу жазуу жүзүндөгү же практикалык иштер аркылуу жүргүзүүгө болот.

Жаңы материалды окуп-үйрөнүүдө төмөнкү талаптарды жетекчиликке алуу керек (И. Бекбоев боюнча):

а) жаңы материалды түшүндүрүүгө IV - VII класстарда эң кеминде 18 минута, VIII - X класстарда 25 минута сарп кылуу керек;

б) сабак учурунда класстагы бардык окуучулардын тема боюнча негизги фактыларды, теориялык жоболорду өздөштүрүп билүүсүнө, аларда тиешелүү билгичтиктердин жана машыгуулардын калыптанып бекемделишине жетишүү;

в) жаңы окулуп жаткан материалдын мурда окулуп өткөндөр менен жана кийин окула тургандар менен тыгыз байланышын түзүү;

г) окуучулар билимдердин маанисин терең баамдап ойлонушсун үчүн атайын убакыт (этап) бөлүшүтүрүү (мында алар анализ, синтез, салыштыруу, абстракташтыруу жана конкреттештирүү, жалпылоо жана системалаштыруу жолдору менен окулуп үйрөнүлүүчү обьектин ички байланыштарын жана карым катнаштарын белгилешет).

Сабактын бышыктоо этабына анализ берүүдө төмөндөгү жаңы билимдерди бышыктоонун мүмкүн болгон жолдорунун кайсыларын мугалим максаттуу колдонгондугуна көңүл буруу зарыл:

- өтүлгөн теманын бардык суроолору боюнча аңгеме өткөрүү;

- теманын түйүндүү гана суроолору боюнча аңгеме өткөрүү;

- окуу китебиндеги тиешелүү материалды окуп чыгуу;

- суроолорду жаңыча формулировкалоо (түрдөнтүп берүү)

- өздөрү мисалдар келтирүү аркылуу алынган эрежелерди жана корутундуларды ырастоого мисалдар келтирүүгө окуучуларды шыктандыруу;

-сүрөттөрдүн, таблицалардын ж.б. жардамы менен материалды бышыктоо;

-окутуунун техникалык каражаттарынын жардамы менен материалды бышыктоо;

-маселелерди чыгарууга, алган билимдерди практикада колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн көнүгүүлөрдүн камтылышы.

Сабакта окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерип баалоо процесстерин анализдөө. Эгерде мугалим окуучунун алган билимин текшерүү менен гана чектелбестен алардын билиминдеги кемчиликтерди ачып, аларды жойгондо гана текшерүү натыйжалуу болот. Буга жетишүү үчүн мугалим төмөнкүлөргө көңүл буруусу зарыл:

-суроолордун жана тапшырмалардын тактыгы, жеткиликтүүлүгү, проблемалуулугу (окуучулардын эстеп калууларын гана эмес, ойлоосун да активдештирүүгө тийиш; мисалы, «Айтчы, эмне үчүн ушундай?», «Муну сен кандай деп түшүнөсүң, далилдеп көрчү?» деген талаптарды коюу, сүйлөмдөрдүн стилистикалык сабаттуу, конкреттүү, ачык, көп сөздүүлүксүз болушун талап кылуу);

- жооптордун тереңдиги жана логикасы, жоопторунда кетирилген каталар, суралган окуучунун саны;

- окуучуларды суроонун методдорунун тандалып алынышынын максатка ылайыктуулугу (фронталдуу, жекече, тыгыздаштырылган суроолор);

- жазуу жүзүндөгү суроолордун ар түрдүү формаларын (кыска убакытта өткөрүлүүчү жумуштар, предметтик диктанттар ж.б.) көбүрөөк пайдалануу;

- тескери байланыштын эң жөнөкөй каражаттарын (сигналдуу карточкаларды, перфокарталарды, печаттуу негиздеги ар түрдүү дидактикалык материалдарды) пайдалануу;

- окуучуларды суроодо техникалык каражаттардан пайдалануу.

Өз алдынча иштөөнүн тапшырмасы

1-тапшырма. Жогоруда иштин теориялык бөлүгүн окуп чыгып, негизги ойду жазып чыккыла.

2-тапшырма. Жазып келген план конспектилери боюнча бири-бириңердин иштериңерди cабактын максаты жана түзүлүшү, көрсөтмө каражаттардын тандалышы боюнча талдап, пикирлериңерди жазып тапшыргыла.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!