СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ТЕМА.11-12Енисей кыргыздарынын социялдык -экономикалык турмушу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ТЕМА.11-12Енисей кыргыздарынын социялдык -экономикалык турмушу»

§§11-12. Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу  10-класс

§§11-12. Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу

10-класс

Сабактын планы Енисей кыргыздарынын чарбасы жана кесиби Жазуусу Орхон-Енисей жазуулары Таластагы жазуу эстеликтери Енисей кыргыздарынын салт-санаасы

Сабактын планы

  • Енисей кыргыздарынын чарбасы жана кесиби
  • Жазуусу
  • Орхон-Енисей жазуулары
  • Таластагы жазуу эстеликтери
  • Енисей кыргыздарынын салт-санаасы
Сабактын максаттары Билим берүүчүлүк:  Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу боюнча маалымат алышат. Теманын үстүнөн топтордо чыгармачылык менен иштешет. Карточкадагы суроолорго жооп беришет. Өнүктүрүүчүлүк: Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой-жүгүртүүсү калыптанат. Тарбиялык: Көз карандысыздык үчүн күрөшүүгө, улуттар аралык ынтымактуулукту сактоого, патриоттуулукка, чыгармачыл ой-жүгүртүүсү калыптанат.

Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк: Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу боюнча маалымат алышат. Теманын үстүнөн топтордо чыгармачылык менен иштешет. Карточкадагы суроолорго жооп беришет.

Өнүктүрүүчүлүк: Енисей кыргыздарынын социалдык-экономикалык турмушу боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой-жүгүртүүсү калыптанат.

Тарбиялык: Көз карандысыздык үчүн күрөшүүгө, улуттар аралык ынтымактуулукту сактоого, патриоттуулукка, чыгармачыл ой-жүгүртүүсү калыптанат.

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Чарбасы жана кесиби Малчылык (жылкы, төө, уй, кой) Дыйканчылык (буудай, таруу, арпа, кара куурай) Тоо-токойлуу жерде (бугу, элик, кара куйруктуу теке) Кыпгыздар комплекстүү чарба жүргүзгөн Тоо-кен иштетүү (алтын, күмүш, темир, жез, калай, мышьяк) Балык уулоо Аңчылык

Чарбасы жана кесиби

Малчылык

(жылкы, төө, уй, кой)

Дыйканчылык

(буудай, таруу, арпа, кара куурай)

Тоо-токойлуу жерде

(бугу, элик, кара куйруктуу теке)

Кыпгыздар

комплекстүү

чарба жүргүзгөн

Тоо-кен иштетүү

(алтын, күмүш, темир, жез, калай, мышьяк)

Балык уулоо

Аңчылык

Енисей кыргыздарынын соода жолу Енисейлик кыргыздар Борбордук Азияны басып өткөн Улуу Жибек жолу аркылуу соода жүргүзгөн. Бул Кыргыз жолу Турпан оазисинен башталып, түндүккө-Тувага кеткен Енисейдин агымын бойлоп, ажонун хан тактысына чейин жеткен.

Енисей кыргыздарынын соода жолу

Енисейлик кыргыздар Борбордук Азияны басып өткөн Улуу Жибек жолу аркылуу соода жүргүзгөн. Бул Кыргыз жолу Турпан оазисинен башталып, түндүккө-Тувага кеткен Енисейдин агымын бойлоп, ажонун хан тактысына чейин жеткен.

Енисей кыргыздарынын соода жолунун өнүгүшү Көпөстөр кыргыздардан жылкы, аң тери, мускус (жыпар), мамонттун казылып алынган сөөктөрүн, жыгачтын баалуу сортторун, кан темирден (метеорит тектүү темир) жасалган курч-курал-жарактарды сатып алышкан. Кыргыздардын темир куралдары өзгөчө бааланган. Тыйын чычкандын териси соода жүргүүзүдө акча бирдиги болгон. Кытай, Чыгыш Түркстандан жана Согду, Чүй өрөөнү менен соода жүргүзүшкөн. Ал жактардан кездемелерди, жүзүм шарабын, асем буюмдарын алып келишкен .

Енисей кыргыздарынын соода жолунун өнүгүшү

  • Көпөстөр кыргыздардан жылкы, аң тери, мускус (жыпар), мамонттун казылып алынган сөөктөрүн, жыгачтын баалуу сортторун, кан темирден (метеорит тектүү темир) жасалган курч-курал-жарактарды сатып алышкан.
  • Кыргыздардын темир куралдары өзгөчө бааланган.
  • Тыйын чычкандын териси соода жүргүүзүдө акча бирдиги болгон.
  • Кытай, Чыгыш Түркстандан жана Согду, Чүй өрөөнү менен соода жүргүзүшкөн. Ал жактардан кездемелерди, жүзүм шарабын, асем буюмдарын алып келишкен .
Енисей кыргыздарынын темир куралдары Кыргыздарда Саян, Кузнец тоо тектеринен жана Миң-Өзөн талааларынан темир казып алуу негизги орунду ээлеген. Темир кендерин Енисейдин жээктеринен жана анын куймалары Абакан менен Тубанын бойлорундагы кызыл карагайлуу токойлор каптаган кумдуу дөбөлөрдө эритип алышкан. Бул жерлер азыр «Кыргыз узанган жер» деп аталат. Енисей темир усталары

Енисей кыргыздарынын темир куралдары

Кыргыздарда Саян, Кузнец тоо тектеринен жана Миң-Өзөн талааларынан темир казып алуу негизги орунду ээлеген. Темир кендерин Енисейдин жээктеринен жана анын куймалары Абакан менен Тубанын бойлорундагы кызыл карагайлуу токойлор каптаган кумдуу дөбөлөрдө эритип алышкан. Бул жерлер азыр «Кыргыз узанган жер» деп аталат.

Енисей темир усталары

«Кыргыз вазасы» Карапачылык кыргыздарда бийик деңгээлге жеткен. «Кыргыз вазасы» деген ат менен белгилүү болгон бир топ идиш аяктар жасалып, башка элдерге тараган.

«Кыргыз вазасы»

Карапачылык кыргыздарда бийик деңгээлге жеткен. «Кыргыз вазасы» деген ат менен белгилүү болгон бир топ идиш аяктар жасалып, башка элдерге тараган.

Енисей кыргыздар патриархалдык чоң үй-бүлөлөрдө жашашкан, көп аял алуу адаттагы көрүнүш болгон. Кийимдери ар кандай кездемелерден, терилерден тигилген. Дөөлөттүүлөр кырлары жогору ийилген шоңшогой, саймаланган ак калпактарды, кемселдерди кийишкен.

Енисей кыргыздар патриархалдык чоң үй-бүлөлөрдө жашашкан, көп аял алуу адаттагы көрүнүш болгон. Кийимдери ар кандай кездемелерден, терилерден тигилген. Дөөлөттүүлөр кырлары жогору ийилген шоңшогой, саймаланган ак калпактарды, кемселдерди кийишкен.

Кыргыздардын өлүк коюу ырым-жырымы жөнүндө Н. Я. Бичурин: « Өлүк коюу учурунда бетин тытышпайт, тек маркумдун денесин үч катар кылып оройт да, аза күтүп ыйлашат, андан соң табытты өрттөшүп, сөөктөрүн чогултуп бир жылдан кийин жерге коюшат». Ак сөөктөрдүн мүрзөсүн айланта таш менен көтөрүшүп, бийик кылып топурак менен үйүшкөн. Бул «чаа-тас»-»жоокер таш» деп аталган . Н. Я. Бичурин Чаатас эстеликтери

Кыргыздардын өлүк коюу ырым-жырымы жөнүндө Н. Я. Бичурин: « Өлүк коюу учурунда бетин тытышпайт, тек маркумдун денесин үч катар кылып оройт да, аза күтүп ыйлашат, андан соң табытты өрттөшүп, сөөктөрүн чогултуп бир жылдан кийин жерге коюшат». Ак сөөктөрдүн мүрзөсүн айланта таш менен көтөрүшүп, бийик кылып топурак менен үйүшкөн. Бул «чаа-тас»-»жоокер таш» деп аталган .

Н. Я. Бичурин

Чаатас эстеликтери

Чаатас эстеликтери Чаатас мезгили- VII-VIII кылымдарга тиешелүү, енисейлик кыргыздардан калган археологиялык маданиятты камтыган доор. Чаатас дөбө мүрзөлөрү чоң жалпак таштар менен жабылып, жерге орнотулган чоң-чоң таш мамылар менен курчалган. Таш мамылар чаатаас (жоокер таш) деп аталган. Ошол мезгилде кыргыздар отко сыйынып, өлгөндөрдү өрттөшкөн жана анын күлүн карапа идишке же атайын баштыкка салып мүрзөнүн казанагына коюшкан. Белигилүү адамдардын мүрзөлөрүнүн диаметри 5-40 метрлик, бийиктиги 5-7 метрлик дөбөгө айланган. Мүрзөгө асем буюмдар, ат жабдыктары, курал-жарактар, алтындан, күмүштөн жасалган идиштер коюлган. Енисейдин аймагынан чаатастык мезгилине таандык аскага, ташка чегилген сүрөттөр, жазуулар, карапа идиштер табылган. Табылгалар ошол доордогу кыргыздардыын маданиятынын жогорку денгээлде өнүккөнүнөн кабар берет.

Чаатас эстеликтери

Чаатас мезгили- VII-VIII кылымдарга тиешелүү, енисейлик кыргыздардан калган археологиялык маданиятты камтыган доор. Чаатас дөбө мүрзөлөрү чоң жалпак таштар менен жабылып, жерге орнотулган чоң-чоң таш мамылар менен курчалган. Таш мамылар чаатаас (жоокер таш) деп аталган. Ошол мезгилде кыргыздар отко сыйынып, өлгөндөрдү өрттөшкөн жана анын күлүн карапа идишке же атайын баштыкка салып мүрзөнүн казанагына коюшкан. Белигилүү адамдардын мүрзөлөрүнүн диаметри 5-40 метрлик, бийиктиги 5-7 метрлик дөбөгө айланган. Мүрзөгө асем буюмдар, ат жабдыктары, курал-жарактар, алтындан, күмүштөн жасалган идиштер коюлган. Енисейдин аймагынан чаатастык мезгилине таандык аскага, ташка чегилген сүрөттөр, жазуулар, карапа идиштер табылган. Табылгалар ошол доордогу кыргыздардыын маданиятынын жогорку денгээлде өнүккөнүнөн кабар берет.

Перс тарыхчысы Абу Саид Гардизи кыргыздардын туткан дини боюча төмөнкүдөй деген: «Кыргыздар индустар сыяктуу өлүктөрдү өрттөшүп, от-эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн баары тазаланат деп эсептешкен. Өлүктү да от булганычтан жана күнөөдөн тазалайт деп айтышат. Кээ бир кыргыздар-уйга, шамалга, сагызганга, кирпиге... сыйынышат. Алардын арасыннда фагинундар (шамандар) болгон. Алар ар жылы белгилүү бир күнү бардык музыканттарды ала келишет да, көңүлдүү той үчүн даярдашат. Музыканттар ойной баштаганда фагинун эстен танат. Ушул учурда андан бул жылы эмне болот деп сурашат. Ал баарын алдын ала айтат жана көпчүлүк учурда анын айткандары туура келет. Абу Саид Гардизи

Перс тарыхчысы Абу Саид Гардизи кыргыздардын туткан дини боюча төмөнкүдөй деген: «Кыргыздар индустар сыяктуу өлүктөрдү өрттөшүп, от-эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн баары тазаланат деп эсептешкен. Өлүктү да от булганычтан жана күнөөдөн тазалайт деп айтышат. Кээ бир кыргыздар-уйга, шамалга, сагызганга, кирпиге... сыйынышат. Алардын арасыннда фагинундар (шамандар) болгон. Алар ар жылы белгилүү бир күнү бардык музыканттарды ала келишет да, көңүлдүү той үчүн даярдашат. Музыканттар ойной баштаганда фагинун эстен танат. Ушул учурда андан бул жылы эмне болот деп сурашат. Ал баарын алдын ала айтат жана көпчүлүк учурда анын айткандары туура келет.

Абу Саид Гардизи

Енисей кыргыздарынын жазуусу Америкалык изилдөөчү Каннен Катиснер «Дүйнө тилдери» деген чыгармасыында: «Азыр биздин билгендерибизге негизделгенде, эң байыркы түрк эли-кыргыздар. Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурда эле бар болчу»,-деп жазган. Каннен Катиснер «Дүйнөлүк тилдер» Алтай тоосунун Түндүк чыгыш жагын жана Енисей дарыясынын жогорку агымында мамлкет курган кыргыздар V к. өздөрүнүн жазуусун жаратат.

Енисей кыргыздарынын жазуусу

Америкалык изилдөөчү Каннен Катиснер «Дүйнө тилдери» деген чыгармасыында: «Азыр биздин билгендерибизге негизделгенде, эң байыркы түрк эли-кыргыздар. Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурда эле бар болчу»,-деп жазган.

Каннен Катиснер

«Дүйнөлүк тилдер»

Алтай тоосунун Түндүк чыгыш жагын жана Енисей дарыясынын жогорку агымында мамлкет курган кыргыздар V к. өздөрүнүн жазуусун жаратат.

Енисей кыргыздарыы б.з. V к. баштап Фарсиянын арамей жазуусуна негизделген бир түрдүү жазууну колдонушкан. Енисей жазуулары 39 тамгадан турган, анын бешөө үндүү болгон. Орхон-Енисей жазуусу, таш жазуу эстеликтери табылгандан киййин 1889-1961-жж. илимде белгилүү болду. Таластан табылган он төрт таш жазуу, аларга окшош Енисей, Орхон жазуулар Түрк кагандыктын доорун чагылдырат, ошондуктан аларды байыркы түрк жазуусу деп аташат.
  • Енисей кыргыздарыы б.з. V к. баштап Фарсиянын арамей жазуусуна негизделген бир түрдүү жазууну колдонушкан.
  • Енисей жазуулары 39 тамгадан турган, анын бешөө үндүү болгон.
  • Орхон-Енисей жазуусу, таш жазуу эстеликтери табылгандан киййин 1889-1961-жж. илимде белгилүү болду.
  • Таластан табылган он төрт таш жазуу, аларга окшош Енисей, Орхон жазуулар Түрк кагандыктын доорун чагылдырат, ошондуктан аларды байыркы түрк жазуусу деп аташат.
Окумуштуулар Ф. Страленберг, Д. Мессершмидт байыркы кыргыз жазуусунун байыркы Түндүк Европада колдонулган руна жазуусу менен окшоштугуна карап аны руна сымал жазуу  деп аташкан. Ф. И. Страленберг Д. Г. Мессершмидт

Окумуштуулар Ф. Страленберг, Д. Мессершмидт байыркы кыргыз жазуусунун байыркы Түндүк Европада колдонулган руна жазуусу менен окшоштугуна карап аны руна сымал жазуу деп аташкан.

Ф. И. Страленберг

Д. Г. Мессершмидт

Орхон-Енисей жазуусу VII-XII кк. Монголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына түрк элдеринин тилинде жазылган жазуу эстеликтери Орхон жана Енисей жазуулары деп аталат.

Орхон-Енисей жазуусу

VII-XII кк. Монголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына түрк элдеринин тилинде жазылган жазуу эстеликтери Орхон жана Енисей жазуулары деп аталат.

В. Томсон В. Радлов Орхон-Енисей жазуу эстеликтери Тувадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн жана Кыргызстандын Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Таластагы жазуулар Енисейдеги жазуу эстеликтерине тектеш. Жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В. Томсон чечмелеген, 1894-ж. академик В. Радлов окуган.

В. Томсон

В. Радлов

Орхон-Енисей жазуу эстеликтери Тувадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн жана Кыргызстандын Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Таластагы жазуулар Енисейдеги жазуу эстеликтерине тектеш. Жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В. Томсон чечмелеген, 1894-ж. академик В. Радлов окуган.

Чабышчор Сулук каган Талас өрөөнүнөн 14 анча чоң эмес эпитафиялык (мүрзө башына коюлган) таштарда чегилген руна жазуулары табылган. Алар түргөш кагандары Чабышчор Сулук жана анын балдарынын башкаруу мезгилине туура келет (716-740-жж.)

Чабышчор

Сулук

каган

Талас өрөөнүнөн 14 анча чоң эмес эпитафиялык (мүрзө башына коюлган) таштарда чегилген руна жазуулары табылган. Алар түргөш кагандары Чабышчор Сулук жана анын балдарынын башкаруу мезгилине туура келет (716-740-жж.)

Тон-Йокукка арналган таш Н. М. Ядринцев 1889-ж. Кошо-Цайдам өрөөнүндөгү Орхон дарыясынын боюнан сибирдик археолог Н. М. Ядринцев байыркы түрк каганы Билгеге (716-734-жж.), мурда өлгөн анын агасы Күлтегинге арналган таш эстеликти тапкан. Е. Н. Клеменс Улан-Батордон 36 чакырым алыстыкта жайгашкан жерден Тон-йокукка арналган жазуу эстелигин тапкан .

Тон-Йокукка арналган таш

Н. М. Ядринцев

  • 1889-ж. Кошо-Цайдам өрөөнүндөгү Орхон дарыясынын боюнан сибирдик археолог Н. М. Ядринцев байыркы түрк каганы Билгеге (716-734-жж.), мурда өлгөн анын агасы Күлтегинге арналган таш эстеликти тапкан.
  • Е. Н. Клеменс Улан-Батордон 36 чакырым алыстыкта жайгашкан жерден Тон-йокукка арналган жазуу эстелигин тапкан .
Күлтегиндин арбагына багышталган таш жазууда кыргыз каганынын аты аталат. Мааниси бул: «.. өзү Барсбек эле. Каган атка кондурган биз элек. Зайыптыгына менин карындашым Баянды бердим эле. Бирок ал биздин тилди албай, безери болду. Ошон үчүн каганды өлтүрдүк, элин кул менен күң кылдык. Андан ары Күлтегиндин таш жазуусунан Барсбектин өлгөн жайы тууралуу окуйбуз: «... Биз кыргыз элин уктап жаткан маалында талкаладык. Каганы менен Суңга чер токоюнда кармаштык... Кыргыздардын каганын биз өлтүрдүк, элин багынттык.

Күлтегиндин арбагына багышталган таш жазууда кыргыз каганынын аты аталат. Мааниси бул:

«.. өзү Барсбек эле. Каган атка кондурган биз элек. Зайыптыгына менин карындашым Баянды бердим эле. Бирок ал биздин тилди албай, безери болду. Ошон үчүн каганды өлтүрдүк, элин кул менен күң кылдык.

Андан ары Күлтегиндин таш жазуусунан Барсбектин өлгөн жайы тууралуу окуйбуз:

«... Биз кыргыз элин уктап жаткан маалында талкаладык. Каганы менен Суңга чер токоюнда кармаштык... Кыргыздардын каганын биз өлтүрдүк, элин багынттык.

Алтын-Көлдүн жээгинен түшүнүксүз тамгалар чегилген эки жалпак ташты тапкап сибирдик дыйкандын табылгасын Е. Ф. Корчаков окумуштуу Н. М. Мартьяновго кабарлаган. Ал Сибирде 1977-ж. музей ачкан, бул эки таш ошол музейде сакталуу. Ал таштагы жазуулар Барсбекке арналган. С. Е. Малов Н. М. Мартьянов С. Г. Кляшторный Н. М. Мартьянов атындагы Минусинк музейи

Алтын-Көлдүн жээгинен түшүнүксүз тамгалар чегилген эки жалпак ташты тапкап сибирдик дыйкандын табылгасын Е. Ф. Корчаков окумуштуу Н. М. Мартьяновго кабарлаган. Ал Сибирде 1977-ж. музей ачкан, бул эки таш ошол музейде сакталуу. Ал таштагы жазуулар Барсбекке арналган.

С. Е. Малов

Н. М. Мартьянов

С. Г. Кляшторный

Н. М. Мартьянов атындагы Минусинк музейи

Орхон-Енисей жазууларына орус окумуштуулары В. В. Радлов, С. Е. Малов жана Түркия окумуштуусу Х. Н. Орхун кызыгышкан. Белгилүү түрколог С. Г. Кляшторный 1977-ж. Мин-Өзөнгө барып, эки таш жазууну тең түп нускасын окуганда, төмөндөгүдөй окуя (Барбекке арналган) баяндалат:

(1) «Он ай боюна көтөргөн эле энем! Элиме мени тууп берген эле энем. Жериме мен эрдигим менен бек болдум.(2) Сансыз жоо менен салгылаштым, эми элимди кайгыга салып кете бердим. Атаганат! (3) Агайындарыма тоо көтөргүс белек берчү элеңер. (4) жер бетиндеги ишиме, эрдигиме мен Барс көзүм тойбоду. (5) Атасыз баатыр элеңер! О, Барс, бизди таштап кеттиңби? Атаганат! (6) Биз Умай-бектербиз-уруубуздун эр жүрөктөрүбуз-биздин ата-салтыбыз ушул! Атаганат! Алты эрди кошо ала жатпадың! Тулпарыңды жанына сойдура жатпадың! О, кымбатым! О, кенчим. Бизди таштап кетпесеңчи!... Сен барда кубанчыбыз эле. (7) О, Суңганын алтын чер токюнун илбээсини, көбөйө бер! Укум-тукумуңду көбөйтө бер! Менин Барсым атын да, букасын да албастан өтүп кетти бу дүйнөдөн! Атаганат! (9) менин жоокердик эрдигиме, агаларымдын жана инилеримдин аброюна арналып мага ушул түбөлүктүү эстелик коюлду».

Эрен-Улугга арналган таштагы жазуу «(2) мен элимден төрт жолу четке чыгып, төрт жолу кайра келдим. Ошол эрдигиме Ынанчу Алп аябай сыйлады»

Эрен-Улугга арналган таштагы жазуу

«(2) мен элимден төрт жолу четке чыгып, төрт жолу кайра келдим. Ошол эрдигиме Ынанчу Алп аябай сыйлады»

Таластагы жазуу эстеликтери В. В. Радлов Таластагы жазуу эстеликтери 1896-ж. баштап изилденген. Олуя-ата уездинин башчысы В. А. Каллаур Айыртамойдон Орхон-Енисей руна сымал жазууларын окшогон ташты тапкан, аны В. В. Радлов окуган.

Таластагы жазуу эстеликтери

В. В. Радлов

Таластагы жазуу эстеликтери 1896-ж. баштап изилденген. Олуя-ата уездинин башчысы В. А. Каллаур Айыртамойдон Орхон-Енисей руна сымал жазууларын окшогон ташты тапкан, аны В. В. Радлов окуган.

1898-ж. Таласка археологиялык экспедиция жөнөтүлүп, алар да эки эстеликти табышкан. Кийин 7 таш эстелик табылган. 1925-ж. көрунүктүү окумуштуу М. Е. Массон Таласка келип, таш эстеликтерин сактоо жөнүндө, музей түзүү жөнүндө пикирин айткан. 1976-ж. гана «Манастын күмбөзү» атуу адабий-этнографиялык музей түзүлөт. Азыркы мезгилде Талас өрөөнүндө 200 дөн ашык байыркы руна сымал жазуу эстеликтери катталган. М. Е. Массон
  • 1898-ж. Таласка археологиялык экспедиция жөнөтүлүп, алар да эки эстеликти табышкан. Кийин 7 таш эстелик табылган.
  • 1925-ж. көрунүктүү окумуштуу М. Е. Массон Таласка келип, таш эстеликтерин сактоо жөнүндө, музей түзүү жөнүндө пикирин айткан.
  • 1976-ж. гана «Манастын күмбөзү» атуу адабий-этнографиялык музей түзүлөт.
  • Азыркы мезгилде Талас өрөөнүндө 200 дөн ашык байыркы руна сымал жазуу эстеликтери катталган.

М. Е. Массон

Байыркы түрк руна сымал жазуусунун келип чыгышы жөнүндө бир нече пикир бар, анын ичинен негиздүүсү-бул жазуу согду жазуусунун негизинде келип чыккан. Жазуу бардыгы 38 белгиден турат. Алар бири-бири менен уланбай, геометриялык фигураларга окшоп жана согду жазуусунан ташка, жыгачка түшүрүүгө ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Таластагы № 2-эстелик тарыхый талдоого мүмкүндүк берген 150 белгиден турат. Анын мазмуну төмөндөгүдөй: Отун оглан (отуз уул), сакчылары мечин (маймыл) жылынын он алты… Эр атым Кара Чор. Ардактуу аргымагы-Кара йазмаз (б. а. мүдүрүлбөс). Алты уруунун энеси, кийин карындашы Ынал өлдү. Кара Чор, атым-Кула, кара йазмаз. Кара Чор сиздерден, уялаштарынан айрылды. Атасынын аты-Тоган, уулунун аты-Кара Чор… Төртүнчү эстелик : Аты Чор. (ал) Отуз огландан, дүйнөнүн жыргалынан оолактады. Сиздерге ишенип, эрендер, оглан Чор мурас кылды. Жубайы (катуны) тул калды.
  • Байыркы түрк руна сымал жазуусунун келип чыгышы жөнүндө бир нече пикир бар, анын ичинен негиздүүсү-бул жазуу согду жазуусунун негизинде келип чыккан.
  • Жазуу бардыгы 38 белгиден турат. Алар бири-бири менен уланбай, геометриялык фигураларга окшоп жана согду жазуусунан ташка, жыгачка түшүрүүгө ыңгайлуулугу менен айырмаланат.
  • Таластагы № 2-эстелик тарыхый талдоого мүмкүндүк берген 150 белгиден турат. Анын мазмуну төмөндөгүдөй:
  • Отун оглан (отуз уул), сакчылары мечин (маймыл) жылынын он алты…
  • Эр атым Кара Чор. Ардактуу аргымагы-Кара йазмаз (б. а. мүдүрүлбөс).
  • Алты уруунун энеси, кийин карындашы Ынал өлдү.
  • Кара Чор, атым-Кула, кара йазмаз.
  • Кара Чор сиздерден, уялаштарынан айрылды.
  • Атасынын аты-Тоган, уулунун аты-Кара Чор…

Төртүнчү эстелик :

Аты Чор. (ал) Отуз огландан, дүйнөнүн жыргалынан оолактады. Сиздерге ишенип, эрендер, оглан Чор мурас кылды. Жубайы (катуны) тул калды.

Монголиядагы Сужи эстелиги  Мен Йаглакар хандарын Уйгур өлкөсүнөн кууп чыктым. Мен кыргыз уулумун. Мен Бойла Кутлуг-Йарган. Мен-буйрук Кутлуг Бага-таркан оге. Менин атым Чыгыш менен Батышка тарады. Мен бай элем: менин ондогон айылым, менин жылкыларым сан жетсис эле. Менин жети иним, үч уулум, үч кызым бар болчу. Өз уулдарымды үйлөнтүп, кыздарымды калыңсыз күйөөгө бердим. Өз насаатчыма (дин боюнча) мен жүз тору ат бердим. Мен уул, кыздарымдын балдарын көрдүм. Эми мен өлдүм, мен (алардан) кеттим! Менин уулдарым!Адамадар арасында менин насаатчымдай болгула! Ханга кызмат өтөгүлө! Эр болгула!  Менин уулум капысынан кетти. Мен аны (өлүмдүн алдында) көрбөй калдым. Менин уулум, менин тулпарым!

Монголиядагы Сужи эстелиги

Мен Йаглакар хандарын Уйгур өлкөсүнөн кууп чыктым. Мен кыргыз уулумун. Мен Бойла Кутлуг-Йарган. Мен-буйрук Кутлуг Бага-таркан оге. Менин атым Чыгыш менен Батышка тарады. Мен бай элем: менин ондогон айылым, менин жылкыларым сан жетсис эле. Менин жети иним, үч уулум, үч кызым бар болчу. Өз уулдарымды үйлөнтүп, кыздарымды калыңсыз күйөөгө бердим. Өз насаатчыма (дин боюнча) мен жүз тору ат бердим. Мен уул, кыздарымдын балдарын көрдүм. Эми мен өлдүм, мен (алардан) кеттим! Менин уулдарым!Адамадар арасында менин насаатчымдай болгула! Ханга кызмат өтөгүлө! Эр болгула!

Менин уулум капысынан кетти. Мен аны (өлүмдүн алдында) көрбөй калдым. Менин уулум, менин тулпарым!

Күлтегинге арналган эстелик

Күлтегинге арналган эстелик

Кыргыздардын жазуусу V-XII кк. колдонулган. Ислам дининин жана маданиятынын тарашы менен байыркы түрк жазуусун араб жазуусу сүрүп чыгарган. Бул жазуу XIII к. кийин пайдаланылбай калган, бирок анын элементтери кыргыз урууларынын тамга белгилер катары XX к. чейин сакталган.

Кыргыздардын жазуусу V-XII кк. колдонулган. Ислам дининин жана маданиятынын тарашы менен байыркы түрк жазуусун араб жазуусу сүрүп чыгарган. Бул жазуу XIII к. кийин пайдаланылбай калган, бирок анын элементтери кыргыз урууларынын тамга белгилер катары XX к. чейин сакталган.

Тамгалар кыргыздарда гербдин милдетин аткарган

Тамгалар кыргыздарда гербдин милдетин аткарган

Енисей кыргыздарынын салт-санаасы

Енисей кыргыздарынын салт-санаасы

Нооруз майрамы Көжө Кыргыздар Ноорузда бир жерге чогулуп, теңирге, арбактарга сыйынып, ар кандай ырым-жырымдарды өткөрүп, курмандыкка жылкы, өгүз, койлорду чалышчу. Ата-бабалардын мүрзөсүнө барып, ак, сары, көк чүпүрөк байлашкан.  Нооруз асмандагы Токту жылдыз көрүнгөн күндүн экинчи күнү (айдын 22-күнү) белгиленчү. Эл Тенирге сыйынып, ар түрдүү ырым-жырымдарды жасап, жаңы-жылдан жакшылык ти лешчү. «Көжө» тамагын жасашчу.

Нооруз майрамы

Көжө

Кыргыздар Ноорузда бир жерге чогулуп, теңирге, арбактарга сыйынып, ар кандай ырым-жырымдарды өткөрүп, курмандыкка жылкы, өгүз, койлорду чалышчу. Ата-бабалардын мүрзөсүнө барып, ак, сары, көк чүпүрөк байлашкан.

Нооруз асмандагы Токту жылдыз көрүнгөн күндүн экинчи күнү (айдын 22-күнү) белгиленчү. Эл Тенирге сыйынып, ар түрдүү ырым-жырымдарды жасап, жаңы-жылдан жакшылык ти лешчү. «Көжө» тамагын жасашчу.

Кыргыздардын жыл эсеби Байыркы Кытай жазуу булактары ( «Кыргыздар шежиреси») боюнча Енисей кыргыздарынын туруктуу календары бар экендиги айтылат. Кыргыздар жылдын башын ай деп атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп бөлүшкөн. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен атаган. 1 -жыл Куску (чычкан) 2-жыл Уй 3-жыл Барс (жолборс) 4-жыл Ташкан (коён) 5-жыл Элү(ажыдаар) 6-жыл 7-жыл Жылан 8-жыл Конт(жылкы) Кой 9-жыл Бичин (маймыл) 10-жыл Тагынку (тоок) 11-жыл Ит 12-жыл доңуз

Кыргыздардын жыл эсеби

Байыркы Кытай жазуу булактары ( «Кыргыздар шежиреси») боюнча Енисей кыргыздарынын туруктуу календары бар экендиги айтылат. Кыргыздар жылдын башын ай деп атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп бөлүшкөн. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен атаган.

1 -жыл

Куску (чычкан)

2-жыл

Уй

3-жыл

Барс (жолборс)

4-жыл

Ташкан (коён)

5-жыл

Элү(ажыдаар)

6-жыл

7-жыл

Жылан

8-жыл

Конт(жылкы)

Кой

9-жыл

Бичин (маймыл)

10-жыл

Тагынку (тоок)

11-жыл

Ит

12-жыл

доңуз

Кыргыздар Кытайдын букаралыгына өткөнү менен иш жүзүндө Тан ордосу реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Кыргыздар Кытай менен соода гана жүргүзүп турган. Аскер күчтөрүн түзүп, бардык аймакты алты округга (баг) бөлүп, аларды башкаруу системасын жакшыртып, мамлекет акырындык менен социалдык-экономикалык жактан өнүгө баштайт.

Кыргыздар Кытайдын букаралыгына өткөнү менен иш жүзүндө Тан ордосу реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Кыргыздар Кытай менен соода гана жүргүзүп турган. Аскер күчтөрүн түзүп, бардык аймакты алты округга (баг) бөлүп, аларды башкаруу системасын жакшыртып, мамлекет акырындык менен социалдык-экономикалык жактан өнүгө баштайт.

Тема боюнча суроолор: Енисей кыргыздарынын чарбасына мүнөздөмө бергиле. Орхон-Енисей жазууларынын мааниси кандай? Енисейдеги жана Таластагы жазуулардын окшоштуктары эмнени түшүндүрөт? Енисей кыргыздарынын салт-санаасы жөнүндө айтып бергиле. Байыркы кыргыздардын элдик календары кандай болгон?

Тема боюнча суроолор:

  • Енисей кыргыздарынын чарбасына мүнөздөмө бергиле.
  • Орхон-Енисей жазууларынын мааниси кандай?
  • Енисейдеги жана Таластагы жазуулардын окшоштуктары эмнени түшүндүрөт?
  • Енисей кыргыздарынын салт-санаасы жөнүндө айтып бергиле.
  • Байыркы кыргыздардын элдик календары кандай болгон?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!