СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема:Атом молекулалык окуу

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема:Атом молекулалык окуу»

11-класс мөөнөтү: I чейрек

Сабактын темасы: Атом молекулалык окуу

Сабактын методу: Көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атом молекулалык окууну окуп үйрөнүшөт.

  • Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук,тарбиялоочулук):

Зат, жөнөкөй жана татаал зат,аралашма, молекула, атом, атомдун түзүлүшү, кристаллдык торчо боюнча алган билими өнүгөт.

Жоопкечиликтүү болууга тарбияланышат.

  • Зат;

  • жөнөкөй жана татаал заттар;

  • аралашма;

  • молекула;

  • атом;

  • атомдун түзүлүшү;

  • кристаллдык торчо боюнча алган билимдерин пайдаланып атом молекулалык окуунун негизги жоболорун далилдүү жазып түшүндүрүп бере алышса.


Күтүлүүчү натыйжа: Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун далилдүү түшүндүрүп бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими):

Зат, жөнөкөй жана татаал зат, аралашма, молекула, атом, атомдун түзүлүшү, кристаллдык торчо, химиялык байланышты билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү:

Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай тартулоо:

Сизге кайсы гүл жагат? тети

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Массалык процент менен алганда курамы К - 39,7%, Мn - 27,9% жана O - 32,4% турган бирикменин жөнөкөй формуласын аныктагыла.

2. Кремний кычкылтек менен бирикмесинде 16 г кычкылтек, 14 г кремний бар. Эгерде кремний салыштырма атомдук массасы 28ге барабар болсо, бул бирикмекин формуласын жана кремний валенттүүлүгүн аныктагыла.

3. Азот оксиддеринин биринде 16 г кычкылтек 14 г азот, ал эми экинчисинде 7 г азот туура келет. Бул бирикмелер формуласы кандай жана эки оксиддеги азот валенттүүлүгү канчага барабар?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

АТОМ - МОЛЕКУЛАЛЫК ОКУУ. ХИМИЯНЫН МААНИЛҮҮ ТҮШҮНҮКТӨРҮ.

Ломоносов Михаил Васильевич (8. 11. 1711, Орусия, Архангел облусу, Денисов кыштагы – 4. 4. 1765, Петербург шаары) – биринчи орус окумуштуусу, табият таануучу, физикалык химияны негиздөөчүлөрдүн бири, акын, сүрөтчү, тарыхчы, тилчи, орус билим берүүсүнүн жана илиминин өз алдынча өнүгүшүн жактоочу. 1731-ж. Москвадагы Славян-грек-латын академиясында, 1735-ж. Петербургдагы Академиялык университетте, 1736– 41-ж. Германияда билим алган. 1742-жылдан Россия ИАнын физика классынын адъюнкту, 1745-ж. Петербург ИАнын химия боюнча 1- орус академиги болуп шайланган. 1748-ж. 1-химиялык лабораториясын түзгөн. Ломоносовдун демилгеси менен Москва университети негизделген. Ломоносовдун ачылыштары илимдин көп тармактарын байыткан. Заттын молекула-кинетикалык теориясынын негизги жоболорун иштеп чыккан. «Жылуутек» деген теорияга каршы туруп, жылуулук заттардын бөлүкчөлөрүнүн кыймылы менен шартталгандыгын белгилеген. Материя менен кыймылдын сакталуу принцибин, атмосферадагы электр кубулушун жана оордук күчүн аныктаган. Оптикалык приборлорду ойлоп чыгарган («түндө көрүүчү түтүк», күзгүлүү телескоп). Чолпон планетасында аба катмары бар экенин ачкан. Жердин түзүлүшүн аныктап, пайдалуу кендердин, минералдардын келип чыгышын түшүндүргөн. Орус тарыхы боюнча китептердин автору. Мозаика өнөрү менен смальта өндүрүүнү калыбына келтирип, шакирттери менен мозаикалык сүрөттөрдү жараткан. Сүрөт академиясынын мүчөсү болгон .

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Атом жана молекула деген түшүнүктөрдүн айырмасы эмнеде?

2. М. В. Ломоносов атом-молекулалык окуунун алгачкы негизги жоболорун эң биринчи кайсы эмгегинде көрсөткөн?


Үйгѳ тапшырма:

1.Атом молекулалык окууга салымын кошкон окумуштууларды атап эмгектери жөнүндө айтып бергиле.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!