СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Эритмелер

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Эритмелер»

Мектеп: М.Жамгырканов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби мекемеси

Мугалим: Абдандил к Акылай


Класс: 10

Предмет: Химия

Дата:

Сабактын убактысы: 45 мин

Тема: Эритмелер. Эритменин концентрациясы.


Сабактын максаты:

А). Репродуктивдүү (билим берүүчүлүк):

  • Маалыматтык компетенттүүлүк . ( репродуктивдүү) билүү, түшүнүү. Окуучулар эритменин эрежесин билет.Эригичтүүлүк , заттардын концентрациясы боюнча түшүнѳт.

  • Б) прдуктивдүү . ( анализ,синтез)

Заттардын концентрациясы боюнча эсептѳѳ жүргүзѳ алат,жана эритмени даярдайт.

  • В) креативдүү .(баалоо)

Конструктивдүү- конструкциялоо. ( жаратуу)Окуучулар ѳз алдынча молярдуу,проценттик,нормалдуу эритмени даярдай алышат.Видео, интернет булактары, анимация, слайддар менен иштөөнү үйрөнөт. Маалыматты издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо жана коюу ыкмаларына ээ болуу.


Көрсөткүчтөрү:

  • Окуучулар түшүнѳ алса, жаза алса,

  • Заттарды таанып билсе,

  • Химиялык заттар менен иштѳѳнүн коопсуздук эрежесин билсе,

  • Химиялык идиштерди билсе,

  • Алар менен иштѳѳнү билсе

  • Окуучулар формулаларды колдонуп эсептѳо жүргүзѳ алса,

  • Окуучулар проценттик,

  • Молярдуу

  • Нормалдуу эритмелерди айырмалай алса.



Негизги компетенттүүлүк:

  • А). Маалыматтык компетенттүүлүк





  • Б). Социалдык компетенттүүлүк,





  • В). Ɵзүн-ѳзү уюштуруу компетенттүүлүгү

Предметтик компетенттүүлүк:

А).Окуучулар эритме, эритменин концентрациясы боюнча маалымат алышат.Каныккан, каныкпаган эритме боюнча түшүнүк алышат.Эригичтүүлүк боюнча маалымат алат.Эритмелерди даярдашат.


Б).Топтордо иштешет.1- топ 100г 0,5% эритмени даярдашат

2- топ: 200мл 1Мдуу эритмени даярдашат

3- топ: 150мл 0,2Н дуу эритме даярдашат.

Окуучулар бири-бири менен мамиле түзѳт. Талкуулашат.Чечим кабыл алат.


В).Окуучулар лабораториялык, практикалык иштерди жүргүзѳт.Практикалык ишти жүргүзүүнүн алгоритмин билишет.


Сабактын методу: Акыл чабуулу, топтордо иштөө, түшүнүктөр менен иштөө

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү сабагы

Сабактын формасы: Экиден , топтоо иштѳѳ.


Предметтик стандарттан күтүлүүчү натыйжалардын номуру: 9.1.1.1.


9-класс, 1- мазмундук сызык, 1-компетенттүүлүктѳрдүн номуру ,1- күтүлүүчү натыйжа

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Эритмелерди даярдай бере алышат;

  • Эритме даярдоого керектүү болгон заатарды таанып билет, жана алар менен иштей алат;

  • Эритмелерди аныктоо үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу билимдерин колдоно алат;

Ресурстар: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат, компьютер, проектор, экран (интерактивдик такта), флипчарт, таркатма материал, маркерлер



Сабактын өбөлгөсү: (Окуучунун априордук билими (мурунку билими):

Физика предметинен алган заттар боюнча билимдерине таянат. Заттардын эригичтүүлүгүн салыштырат.


Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабактын жүрүшү:

Түшүнүү этабы. ( сабактын негизги бөлүгү):


Мугалимдин ишмердиги


Окуучунун ишмердиги

Ч акыруу этабы: ( чөйрө түзүү ).

1.Жагымдуу маанай түзүү: “ Эс алуу” деп доскага жазуу.


2.Мугалим жаңы теманы доскага жазат. Эритмелер, эритменин концентрациясы.



М угалим суроо берет: Жаратылышта силер кандай эритмелерди билесиңер? Деген суроо берилет. Бул суроого жооп берүү үчүн 5мин убакыт берилет.


Мугалимдин сѳзү: Бул суроого толук жооп берүү үчүн текст окуп чыгыщыбыз керек. Ал үчүн силер бул тексти окуйсуңар. Мугалим текст таратып берет.

Тексти окушат.Түйүндүү сѳздѳрдү , терминдерди табышат, дептерге тизмелеп жазышат.

§10 .Эритмелер деген теманы ачкыла же бул тексти окугула . Түшүнбѳгѳн суроолорду чогуу талкуулашат.

лекциянын биринчи бөлүгү: ( текст таратылат) тексти окуу нускамасы берилет.


1-окуучу тизмеде да , лекцияда да бар маалыматтарга (чымчыкча) белгисин коюп, лекцияда жок бирок окуучу толтурган таблицадагы тизмеге кирип калган сөздөргө ( ) белгисин коёт.


2-окуучу лекциядагы маалыматтарды көӊүл коюп угуп, керектүү маалыматтарды дептерге жазып отурат.





1.Ар бир окуучу өзүнүн аты менен байланыштырып (мисалы Менин атым Айчүрөк эс алууга Эстонияга бардым андан кийинкилери Айчүрөк эс алууга Эстонияга барса мен Адилет деп улап кетет) сүйлөм түзөт.ж.б


2. окуучулар теманы дептерине жазат.


3. окуучулар суроого жооп берүү үчүн жоопту экиден иштешет.. Окуучулардын бул тапшырманы аткарууга ( 5 мин) убакыт берилет. Ɵз алдынча иштешет, топто иштешет.


Тексти окушат.Түйүндүү сѳздѳрдү , терминдерди табышат, дептерге тизмелеп жазышат.

Т екст: Эритмелер.

Адамдын ар түрдүү чөйрөдөгү жашоосунда эритмелер кеңири колдонулат. Ар түрдүү организм үчүн чоң роль ойнойт. Жаныбарлар жана адамдар, өсүмдүктөр аш болумдуу заттарды эритме түрүндө сиңирип алат. Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, адамдын организминдеги таттаал физика-химиялык эритимелерде жүрөт. Кандын плазмасы, лимфа, аш казан согу ж.б. эритмелер болуп саналат. Медицинада туздун суудагы эритмесинин составы кандын плазмасына туура келет. Бул эритмелер – физиологиялык эритмелер болуп эсептелет. Көпчүлүк медициналык препараттар химиялык заттардын суудагы жана спирттеги эритмеси болуп саналат. Көмүр кычкыл газынын, күкүрттүү суутектин, темирдин кошулмаларынын, бромдун, иоддун, фтордун эритмелери – булар минералдык суулар, ар түрдүү оорууларды дарылоодо колдонулат. Суюк эритмелер бир кыйла кеңири таралган.

эритме = эритүүчү заттан + эрүүчү заттан турат.

Эгерде эритүүчү зат суу болсо анда пайда болгон сольват – гидрат деп аталат.

Сольваттардын пайда болуу процесси - сольватация деп аталат.

Гидраттардын пайда болуу процесси гидротация деп аталат. Кээ бир заттардын гидраттарын бууландыруу менен криссталлдарды бөлүп алууга болот Ар түрдүү өнѳр жайларда, биологиялык процесстерде электролиттердин эритмелери чоң роль ойнойт.. бул эритмелердин касиеттерин электролиттик диссоциация теориясы түшүндүрөт. Электролиттик диссоциация теориясынын негизинде органикалык эмес жана органикалык заттардын касиеттерин, химиялык реакциялардын механизмдерин терең түшүндүрүүгө болот.

Мугалим: Окуучулар тексти окуп чыккандан кийин группада талкуу жүргүзүлѳт. Окуучулар тѳмѳнкү суроолорго жооп беришет.


1.Жаратылыштагы эритмелердин кандай мааниси бар?


2.Силер ѳзүңор билген эриткич суюк, катуу, газ абалында болгон эритмелрди атагыла, мисал келтиргиле

1. Окуучунун жообу.

1.Кандын плазмасы, лимфа, аш казан согу ж.б. эритмелер болуп саналат. Медицинада туздун суудагы эритмесинин составы кандын плазмасына туура келет. Бул эритмелер – физиологиялык эритмелер болуп эсептелет. Көпчүлүк медициналык препараттар химиялык заттардын суудагы жана спирттеги эритмеси болуп саналат.

2. Суюк эритмелерде - эрүүчү зат суу болушу да мүмкүн, суудан башка зат болушу да мүмкүн. М: спирт, ацетон, бензин, эфир.

Суу эритмелер деген – эритүүчү зат суу болуп саналат. Практикада көбүнчө суу эритмелер колдонулат. Эгерде эритүүчү зат суу болсо анда пайда болгон сольват – гидрат деп аталат.

Сольваттардын пайда болуу процесси - сольватация деп аталат.

Гидраттардын пайда болуу процесси гидротация деп аталат. Кээ бир заттардын гидраттарын бууландыруу менен криссталлдарды бөлүп алууга болот. Терминдер: Эриткич, Эрүүчү зат,Гидраттар, Сольваттар


2-суроо.

Бардык заттар кадимки шартта бирдей эрийби?

( 1мин окуучулар ѳз алдынча иштешет)

Андан кийин мугалим эксперимент кѳрсѳтѳт.

Канттын сууда эриши

туздун сууда эриши

Мугалим кѳрсѳткѳн нускама менен жазышат.

Мугалим эксперимент жасайт,

Суроо берет

2- сурооо

Окуучулар байкашат,

1-окуучу.Эки бирдей стаканга суу куйду, экооно тен бирдей ѳлчѳмдѳгү ак түстѳгү зат салынды. Эки стаканды тен аралаштырып, ичиндеги зат толук бойдон эриди.

Тандалган байкоону алышат,

Бир стакандагы зат бир аз бат эриди, экинчиси жайыраак эриди.

Суроого божомол жооп берет,

Эмне үчүн биринчи стакандагы зат бат эриди?

Божомол:

Балким: 1- стакандагы суу жылуу суу болушу керек

Параметрлерди жазат,

Температура .

Эскертүү: Окуучулар мугалимдин нускамасы менен ишеп отурушат.

( окутуунун активдүү формасын пайдаланып ѳтүлгѳн сабктын планы


Мугалим кийинки 3-суроону берип сабактын кийинки бѳлүктѳрүн иштеп чыгат.

3-суроо. Эритменин массалык үлүшү деген эмне?

Бул суроого жооп табуу үчүн мугалим маалымат берет. Эритмелердин составындагы сандын мүнөздөлүшү.

Эритменин составындагы санды мүнөздөө үчүн “суюлтулган эритме” (эрүүчү зат аз акармалат), “концентрацияланган эритме” (эрүүчү зат көп) – деген түшүнүктөр колдонулат. Эритмелер менен иштөөдө алардагы сандын составын билүү керек. Эритменин составындагы сандын мүнөздөлүшү – массалык үлүшү же %тик концентракия менен туюнтулат. Ал эми көлөмдүк составын – молярдык концентрация менен туюндурат.

Эрүүчү заттын массалык үлүшү.

Эрүүчү заттын массалык үлүшү – эрүүчү заттын массасынын жалпы эритмесинин массасынын катышына барабар.

ω (эрүүчү зат) = ;

ω % = эрүүчү заттын массалык үлүшү (%)

m = (эрүүчү зат) – эрүүчү заттын массасы (г)

m = (эритме) – эритменин массасы (г)

ω % (эрүүчү зат) = 100%

Эриген заттын массалык үлүшү – эритменин проценттик концентрациясы деп аталат. Мисалы: NaCl динин суу эритмесинин массалык үлүшү 10% же 0,1ге барабар. Бул 100 гр эритмеде 10 гр NaCl жана 90 гр суу бар дегенди түшүндүрөт. Эритменин массасын төмөнкү формула менен чыгарууга болот.

m (эритме) = m (эритилүүчү зат) + m (эрүүчү зат).

m (эритме) = p ∙ v

Мында v – эритменин көлөмү (мм)

P – эритменин тыгыздыгы (г/мл)


Окуучулар мугалим менен чогуу иштешет.


Эритмелердин составындагы сандын мүнөздөлүшү.

Эритменин составындагы санды мүнөздөө үчүн “суюлтулган эритме” (эрүүчү зат аз акармалат), “концентрацияланган эритме” (эрүүчү зат көп) – деген түшүнүктөр колдонулат. Эритмелер менен иштөөдө алардагы сандын составын билүү керек. Эритменин составындагы сандын мүнөздөлүшү – массалык үлүшү же %тик концентракия менен туюнтулат. Ал эми көлөмдүк составын – молярдык концентрация менен туюндурат.

Эрүүчү заттын массалык үлүшү.

Эрүүчү заттын массалык үлүшү – эрүүчү заттын массасынын жалпы эритмесинин массасынын катышына барабар.

ω (эрүүчү зат) = ;

ω % = эрүүчү заттын массалык үлүшү (%)

m = (эрүүчү зат) – эрүүчү заттын массасы (г)

m = (эритме) – эритменин массасы (г)

ω % (эрүүчү зат) = 100%

Эриген заттын массалык үлүшү – эритменин проценттик концентрациясы деп аталат. Мисалы: NaCl динин суу эритмесинин массалык үлүшү 10% же 0,1ге барабар. Бул 100 гр эритмеде 10 гр NaCl жана 90 гр суу бар дегенди түшүндүрөт. Эритменин массасын төмөнкү формула менен чыгарууга болот.

m (эритме) = m (эритилүүчү зат) + m (эрүүчү зат).

m (эритме) = p ∙ v

Мында v – эритменин көлөмү (мм)

P – эритменин тыгыздыгы (г/мл)

Бул маалыматты окуучулар дептерине жазышат.

Бышыктоо: ( синтез)

1. Типтүү маселелерди чыгаруу.

1 – маселе: 100 гр эритмеду 20 гр BaCl2 кармалат. Эритменин массалык үлүшү кандай?

Берилди Чыгаруу

m (эритүүчү) = 100гр ω/ BaCl2 = = = 0,2 г же 20%

m (эрүүчү) = 20гр

ω% = ?

ω % (BaCl2) = ?



2. 2 – маселе: 20 гр сууга 5 гр кантты эритишкен. Эритмедеги канттын массалык үлүшүн тапкыла.

Берилди Чыгаруу

m (кант) = 5гр 1) Жалпы эритменин массасын табабыз.

m (суу) = 20гр m (эритме) = m (суу) + m (кант)

ω (кант) = ? m (эритме) = 20гр + 5гр = 25гр

2) Эритмедеги канттын массалык үлүшүн табабыз.

ω (кант) = 100%

ω% (кант) = = 20% Жообу: 20%


Бышыктоо: ( синтез)

1. Типтүү маселелерди чыгаруу.

1 – маселе: 100 гр эритмеду 20 гр BaCl2 кармалат. Эритменин массалык үлүшү кандай?

Берилди Чыгаруу

m (эритүүчү) = 100гр ω/ BaCl2 = = = 0,2 г же 20%

m (эрүүчү) = 20гр

ω% = ?

ω % (BaCl2) = ?



2. 2 – маселе: 20 гр сууга 5 гр кантты эритишкен. Эритмедеги канттын массалык үлүшүн тапкыла.

Берилди Чыгаруу

m (кант) = 5гр 1) Жалпы эритменин массасын табабыз.

m (суу) = 20гр m (эритме) = m (суу) + m (кант)

ω (кант) = ? m (эритме) = 20гр + 5гр = 25гр

2) Эритмедеги канттын массалык үлүшүн табабыз.

ω (кант) = 100%

ω% (кант) = = 20% Жообу: 20%


Баалоо:

Баалоонун критерийлери:

  1. Окуучулардын текст менен иштѳѳсү - 5 упай

  2. Окуучулардын экспериментти байкап, жыйынтык чыгара билүүсү,

  3. Эритменин массалык үлүш боюнча берилегн тапшырманы аткара билүүсү


Үй тапшырма : §10 окуп келүү. Маслелерди чыгаруу.

Тести иштѳѳ

1. Берилген заттардын кайсынысы сууда ээрийт.

а) AlPO4 б) NaOH в) AgNO3 г) СuS

2. Берилген заттардын кайсынысы сууда ээрибейт.

а) HNO3 б) Cu(OH)2 в) Zn(NO3)2 г) HgS 3. Эриген заттардын массалык үлүшүн кайсы формула менен эсептөөгө болот.

а) m = v ∙ p б) c = в) m (зат) = m (эритме) – m (H2O) г) ω =

4. 50гр массалык үлүшү ω% (зат) = 10% болгон эритмеде канча грамм эрүүчү зат бар.

а) 10г б) 20г в) 5г г) 40г



Окуучулар тест иштешет.

1. Берилген заттардын кайсынысы сууда ээрийт.

а) AlPO4 б) NaOH в) AgNO3 г) СuS

2. Берилген заттардын кайсынысы сууда ээрибейт.

а) HNO3 б) Cu(OH)2 в) Zn(NO3)2 г) HgS 3. Эриген заттардын массалык үлүшүн кайсы формула менен эсептөөгө болот.

а) m = v ∙ p б) c = в) m (зат) = m (эритме) – m (H2O) г) ω =

4. 50гр массалык үлүшү ω% (зат) = 10% болгон эритмеде канча грамм эрүүчү зат бар.

а) 10г б) 20г в) 5г г) 40г


Сабактан кийин: ( рефлексия)

1. Сабакта пландаштырылган боюнча ѳтүлдү

2. бул сабака 45 мин убакыт аз болду

3. ж.б








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!