СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема;Окутуу жана окуу иш аракеттеринин булактары.

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема;Окутуу жана окуу иш аракеттеринин булактары.»

Практикалык сабак.

Тема: Окутуу жана окуу иш аракеттеринин булактары.

План: 1.Ички булак.

2.Тышкы булак

3. Окуу ситуацияларынын типтери

.

Иштин журушу

Аткарылышы

Убактысы

Жабдылышы

1

Муз жаргыч

Макал –лакаптардын башталышын айтышат,акырын кийинки студент улап кетет

10 мин


2

Окутуу жана окуу иш аракеттеринин булактары

Студенттер даярдап келген материалдардын негизинде жеке,жупта ,топто иштоо

20 мин

Ватман,маркер

3

Психологиялык тест

«Менин уй булом»

«Менин уй булом»деген темада сурот тартышат (тартылган сурот боюнча тест чечмеленет)

20 мин

Карандаш,боектор,актай барак

4

Ички булак.

Баяндама жазышат

(талкуу)

20 мин


5

Тышкы булак





6

Окуу ситуацияларынын типтери




7

Баалоо


5 мин


8

Үйгө тапшырма


3 мин



Тм2 Окутуу жана окуу иш аракеттеринин булактары .

Окуу процессинде окуучуну курчаган буюмдар,илимий информациялар,маалыматтар,окуу ситуациялары аракеттер окуучуну өзүнө тартып,иш-аракетинин мотиви болсун үчүн ал окуучунун кандайдыр бир активдүүлүгүнүн булактары мененбайланышта болуусу зарыл.Башкача айтканда,окуучунуокууга мажбурлай турган өзгөчө мотивди талап кылат.

Активдүлүктүн булагы –иш-аракетти туудуруучу жана аны аткарууга мажбурлоочу себептердин топтору.

Л.Б.Ительсон активдүүлүктүн булактарына кызыгуу (влечения), мажбурлоо (понуждения),баалуулук (ценность) түшүнүтөүн киргизген.

Активдүлүктүн булагын түзөн кызыгуу-ички булакты,

Мажбурлоо-тышкы булакты ,

Баалуулук –жекече булакты түзөт.

Ички булак сабакта окуучунун активдүүлүгүн туудуруучу негизги себеп болуп,кызыгуу түшүнүгү саналат.Кызыгуу өз кезегинде тубаса жана ээ болуу (преобретенный) активдүүлүгү болуп экиге бөлүнөт.

Тубаса активдүүлүк- керектөөнүн өзгөчө түрү.Окуу процессин стимуляциялоочу ички активдүүлүк. Информацияга болгон чыныгы муктаждык.Организмдин органикалык керектөөсүн чагылдырат.Окуу процессин стимуляциялоочу тубаса ички активдүүлүк баланын психикалык өнүгүүсүнө,адам баласы топтогон тажрыйбаны жеткиликтүү үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.Мндай тубаса ички активдүүлүтү бала туулгандан баштап көрсөтөт:жылмаят,кыймылдайт,жүгүрөт,колу бутун кыймылга келтирет ж.б.жана булар менен канааттанбастан өзүн курчап турган жандуу жана жансыз дүйнө менен мамилелешет,өзүнүн физиологиялык ,психикалык жактан өнүгүүсүнө мүмкүндүк алат.

Ички булактын экинчи түзүүчүсү болгон ээ болуу.Активдүүлүгү коомчулуктун таасиринен калыптанат,социалдык керектөө аркылуу туюнтулуп,окуучунун өзгөчө активдүүлүгүн түзөт.Мисалы:коомго пайда келтирүү жана коомдо жогорку авторитетке,мактоого ээ болууга умтулуу аракеттери.

Жекече булакты баалуулук деген түшүнүк аркылуу белгилейт.Баалуулук-баланын кызыгуусу,умтулуусу,установкасы,ишеничи,дүйнөгө болгон көз карашы,өзүн-өзү элестетүүсү,коомго болгон мамилеси аркылуу аныкталат,мүнөздөлөт

Баалуулук –предметтердин жана кубулуштардын индивид үчүноң же терс маанисин туюндуруучу же индивиддин объектерди алардын маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүрүшү.Баалуулук адамдын личностунун структурасын түзөт.

Саналган личносттун баалуулук касиеттеринин өнүгүүсү окуу процессине түрдүүчө өз таасирин тийгизет.Эгер мугалим өзү окуткан окуучулардын сабакка болгон жекече кызыгууларынтак билсе,анда ар бир окуучуну башкаруу жана ага туура мамиле жасоону билет эле

Ошентип ,мугалим сабак учурунда баланын баалуулук өзгөчөлүк касиеттерин эсепке алып,окуу процессин стимулдаштырат,активдүүлүгүн көтөрөт.

Тышкы булак.Тышкы булак адамдын турмуш иш-аракетине,жашоо байлыгына коомчулук тарабынан атайы түзүлгөн шартка,камкордукка жараша болот.Тышкыбулакты жалпы түрдө мажбурлоо деген түшүнүк аркылуу белгилейт.Мажбурлоо өзүнчө: талап,күтүү,мүмкүндүк болуп үчкө бөлүнөт.

Талап -окуучуну мажбурлай турган белгилүү жүрүш-туруштун жана иш-аракеттин түрлөрүн аткарууну сунуш кылат.Бул сунуштар балага ачык,көмүскө түрдө берилип,анын психикалык,физикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.Мисалы,ата-эне баласынан кашык менен оокаттануусунун,салынган төшөккө же столго,стулга отуруусун талап кылат.

Күтүү-берилген жаш курагы үчүн нормалдуу деп эсептелген же божомолдолгон иш-аракеттин формаларын,жүрүш-туруш белгилерине карата оомчулуктун мамилеси.Күтүү чоң кишилер тарабынан балага көмүскө түрдө берилип,жүрүш-туруштун тигил же бул формаларын жасоого шарт түзөт.Мисал,бир жашар баланын басуусун талап кылбайт,бирок басууга мүмкүндүк берүүчү бардык шартты түзүп күтөт.Ошондуктан күтүү талапка караганда баланы көп стимулдаштырат,бардык шартты түзүүгө кам көрүлөт.

Мүмкүндүк –окуучунун тигил же бул иш-аракетти аткарууга түрткүберүүчү шарт,коомчулуктун бала жөнүндө көргөн камкордугу.Баланы курчап турган байлыктын деңгээли.Мындай байлыктардын эң негизгиси ата-эненин,мугалимдин жаратылыштан алган потенциалдык дарамети.Окуучунун бай, жаратылыштык мүмкүнчүлүккө ээ болгон мугалимдин колунда,бай библиотекасы бар шаарда,кыштакта жашоосу психикалык жактан өнүгүүсүнө,личность катары калыптануусуна чоң өбөлгө түзөт.

Тм 3 окуу ситуацияларыны типтери жазуу керек

Окуу –окуучунун бир нерсени билбегендигинен,аны аң-сезимдүү максатта жоюдан,кыйынчылыктардын пайда болуусунан,максатка жетүү үчүн информациянын булактарынан мол болушунан келип чыгат.Окуучунун алдында турган тоскоолдуктарды мугалимдин чеберчилигин,окуучунун жөндөмдүүлүгүнөн башка ык,машыгууларга ,маалыматтарды алууга өбөлгө боло турган кошума күчтү талап кылат.Бул кошумча күчтө сырткы жана ички мотивдер болуп экиге бөлүнөт.

Тышкы мотивге жазалоо,сыйлоо,талап коюу,коркутуу,топтун талабы,келечектеги жыргалчылык үчүн умтулуу аракеттери кирет.Билим алуу максатына жетүү жалаң жогорудагы саналган аракеттер менен ишке ашса,анда окуучунун маалыматтарга,ык машыгууларга ээ болуусу чыныгы илимге умтулуу эмес,ал мугалимден корккондуктан,анын жазалоосунан кутулууга жасаган аракети гана болуп калат.Билимге мындай жол менен тартуу конфликтти,тигил же бул илимдин тармагына болгон жек көрүүнү пайда кылат.

Ички мотив билим алуу максатын ишке ашыруунун бирден бир жолу тышкы мотив эмес,ички мотив болуп саналат.Ички мотив өзүнүн чыныгы максатын канааттандырууга жасаган окуучунун аракетин билдирет.Башкача айтканда,окуучунун билимге маалыматтарга болгон кызыгуусуна,маданий деңгээлин көтөрүүгө жасаган аракетине таянууну түшүндүрөт.Бул ички кыймылдатуучу күчтөр окуучуларда бирдей кездешетдеп айтуу туура эмес.Окуучулардын айрым топторунда гана кездешет.Балдардын бул топтору тигил же бул иш-аракетти үйрөнүүдө өздөрүн өздөрү “камчылашат”тышкы күч талап кылынбайт.

Стихиалуу окутуу-Ж.Ж.Руссонун ,Л.Толстойдун,К.Венцелдин ишмердиктеринде “аракет мектеби”, “эмгек мектеби”, “изилдөө мотивдери”, “проект методы” деген илимий идеалар,проектер кездешет.

Бирок бул идеалар массалык колдоого алынган жок,себеби эркин окуунун оӊ жагы менен бирге көп терс жактары да бар.Багытталбаган эркин үйрөнүү көп учурда эффективдүү эмес.Информацияларды алууда көп убакытты талап кылат.Окуучу өзүнө керектүү,пайдалуу,кызыктырган гана информацияны бөлүп алып,нервдик,эрктик талап кылуучу информациялардан алысташат.

Адамдардын көп топтору Токтогул,Барпы ж.б.башкарылган окутуусуз эле эркин үйрөнүп,бирөөнүн жетектөөсүз эле адам баласы топтогон тажрыйбаларды өз алдынча үйрөнүп,адам баласы күтпөгөн таӊ каларлык ийгиликтерге жетишкен.Мындай ийгиликке алар адамдар менен болгон карым-катнашуудан,газета-журнал ж.б.массалык информациянын жардамы менен жетишкен.

Тм2 Окутуу жана окуу иш-аракетинин булактары.

Окуу процессинде окуучуну курчаган буюмдар,илимий информациялар,маалыматтар, окуу ситуациялары,аракеттер окуучуну өзүнө тартып,иш-аракетинин мотиви болсун үчүн ал окуучунун кандайдыр бир активдүүлүгүн булактары менен байланышта болуусу зарыл.Башкача айтканда,окуучуну окууга бажбурлай турган өзгөчө мотивди талап кылат.

Активдүүлүктүн булагы-иш-аракетти туудуруучу жана аны аткарууга мажбурлоочу себептердин топтору.Л.Б.Ительсон активдүүлүктүн булактарына кызыгуу(влечение), мажбурлоо (понуждение), баалуулук (ценность) түшүнүктөрүн киргизген.
Активдүүлүк булагын түзгөн кызыгуу –ички булакты , мажбурлоо тышкы булакты, ал эми баалуулук жекече булакты түзөт.

Ички булак-сабакта окуучунун активдүүлүгүн туудуруучу негизги себеп болуп, кызыгуу түшүнүгү саналат.Кызыгуу өз кезегинде тубаса жана ээ болуучу(приобретенный) активдүүлүгү, болуп экиге бөлүнөт.

Тубаса активдүүлүк –керектөөнүн өзгчөтүрү.Окуу процессин стимуляциялоочу ички активдүүлүк.Информацияга болгон чыныгы муктаждык.Окуу процессин стимуляциялоочу тубаса ички активдүүлүк баланын психикалык өнүүгүүсүнө,адам баласы топтогон тажрыйбаны жеткиликтүү үйрөнүүгө мүмкүндү берет.Мындай тубаса активдүүлүктү бала туулгандан баштап көрсөтөт.Жылмаят,күлөт,кыймылдайт ж.б.у.с.Эгер баланы тышкы чөйрөдөн ажырататурган болсок,балада убакытты аныктоо,мейкиндикте ориентациялоо аракети жоголуп, интеллектуалдык ,эмоционалдык ,эрктик өзгөрүүгө дуушар болот.Бирок баланын информацияга болгон ички кызыгуусу индивидуалдуу мүнөзгө ээ болуп,окуу процессинде түрдүүчө таасир этет.

Ички булактын экинчи түзүүчүсү болгон ээ болуучу активдүүлүгү коомчулуктун таасиринен калыптынып, социалдык керектөө аркылуу туюнтулуп,окуучунун өзгөчө активдүүлүгүн түзөт.Мис: окуучуларда маалыматтарга болгон аракеттери менен бирдикте,коомго пайда келтирүү жана коомдо авторитетке, мактоого ээ болууга аракеттери.

Жекече булакты –баалуулук деген түшүнүк аркылуу белгилейт.Баалуулук –баланын кызыгуусу,умтулуусу, установкасы,ишеничи,дүйнөгө болгон көз карашы,өзүн-өзү элестетүүсү,коомго болгон мамилеси аркылуу аныкталып,мүнөздөлөт.Бул саналган касиеттер илимде баалуулук (же нарктуулук десе да болгудай) деген жалпы түшүнүк менен алынат.

Баалуулук предметтердин жана кубулуштардын индивид үчүн оң же терс маанисин туюндуруучу же индивиддин объектерди алардын маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүрүлүшү.Баалуулук адамдын личностунун структурасын түзөт.Баалуулук касиеттеринин өнүгүүсү окуу процессине түрдүүчө өз таасирин тийгизет.Эрер мугалим өзү окуткан окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын жакшы билсе,анда ар бир окуучну башкаруу жана ага туура мамиле жасоону билет.Ошентип мугалим сабак учурунда баланын баалуулук өзгөчөлүк касиеттерин эсепке алып,окуу процессин стимулдаштырат,активдүүлүгүн көтөрөт.

Тышкы булак адамдын турмуш иш-аракетине ,жашоо байлыгына коомчулук тарабынан атайын түзүлгөн шартка ,камкордукка жараша болот.Тышкы булакты жалпы түрдө мажбурлоо деген түшүнүк аркылуу белгилейт.Мажбурлоо өзүнчө:талап,күтүү,мүмкүндүк болуп 3 бөлүнөт.

Талап окуучуну мажбурлай турган белгилүү жүрүш-туруштун жана иш аракеттин түрлөрүн аткарууну сунуш кылат.Бул сунуштар балага ачык,көмүскө түрүндө берилип,анын психикалык,физикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.Мис; ата-энебаласынын кашык менен оокаттануусун,салынган төшөккө же столго,стулга отуруусун талап кылат.

Күтүү берилген жаш курагы үчүн нормалдуу деп эсептелген же божомолдонгон иш-аракеттин формаларын, жүрүш-туруш белгилерине карата коомчулуктун мамилеси.Күтүү чоң кишилер тарабынан балага көмүскө түрдө берилип, жүрүш-туруштун тигил же бул формаларын жасоого шарт түзөт.Мис: баланын басуусун талап кылбайт,бирок басууга мүмкүндүк берүүчү бардык шартты түзүп, күтөт.

Мүмкүндүк –окуучунун тигил же бул иш-аракетти аткарууга түрткү берүүчү шарт,коомчулуктун бала жөнүндө көргөн камкордугу. Баланы курчап турган байлыктын деңгээли. Мындай байлыктардын эң негизгиси ата-энени,мугалимдин жаратылыштан алган потенциалдыкдарамети. Жаратылыштык мүмкүнчүлүккө ээ болгон мугалимдин колунда бай библиотекасы бар шаарда,кыштакта жашоосу психикалык жактан өнүгүүсүнө, личность катары калыптануусуна чоң өбөлгө түзөт




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!