СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест "Комбинаторика", ЖРТ

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комбинаторика боюнча тесттик тапшырмалар  

Просмотр содержимого документа
«Тест "Комбинаторика", ЖРТ»

Комбинаторика


  1. 1, 2, 3, 4 цифраларын бир жолудан гана пайдаланып канча ар түрдүү төрт орундуу сан жазууга болот?

А) 4

Б) 8

В) 12

Г) 24

Д) 16



  1. а, б, в, г тамгаларын бир жолудан гана пайдаланып эки тамгадан турган канча ар түрдүү сөз куроого болот?

А) 12

Б) 24

В) 8

Г) 6

Д) 4




  1. Текчеде 6 томдук китеп турат. Аларды канча жол менен ар түрдүү кылып жайгаштырууга болот?

А) 720

Б) 36

В) 1400

Г) 360

Д) 120


  1. Айжандын куурчагынын 3 кофтасы, 4 юбкасы жана 2 туфлиси бар. Айжан канча жол менен куурчагын ар түрдүү кылып кийиндире алат?

А) 12

Б) 14

В) 24

Г) 36

Д) 18


  1. “Билим” лицейинде бардыгы болуп 20 мугалим эмгектенет. Профсоюз комитети мугалимдерге эс алуу үчүн 3 бекер жолдомо билет тапшырды. Жетекчилик аны канча түрдүү жол менен бөлүштүрүп берсе болот?

А) 2050

Б) 1140

В) 720

Г) 17!

Д) 150


  1. Ош шаарынын телефон номерлери 5 цифрадан куралат. Эгерде биринчи цифрасы 3 экендиги белгилүү болсо, анда 3, 4, 5, 6, 7 цифраларын бир гана жолудан пайдаланып канча ар түрдүү телефон номерин түзүүгө болот?

А) 120

Б) 60

В) 30

Г) 24

Д) 12



  1. 5, 7, 9, 10, 12 цифраларын бир гана жолу пайдаланып канча ар түрдүү бөлчөк түзүүгө болот?

А) 20

Б) 120

В) 24

Г) 60

Д) 10



  1. 2, 3, 4, 5, 6, 7 цифраларын бир гана жолу пайдаланып канча ар түрдүү дурус бөлчөк түзүүгө болот?

А) 20

Б) 30

В) 15

Г) 16

Д) 24



  1. Кутуда 3 ак жана 5 көк шарлар бар. Карабай туруп 2 шарды сууруп чыгышты. Бул эки шардын тең ак болушунун ыктымалдуулугу канча?

А) 0,5

Б) 0,2

В)

Г)

Д)



  1. Жогорудагы 9-суроодо берилген кутудан карабай туруп эки шарды сууруп чыксак, экөөнүн тең көк болушунун ыктымалдуулугун тапкыла.

А)

Б)

В)

Г)

Д) 0,002




  1. “Билим” лицейинде 11-класстар үчүн 8 түрдүү предметтен ийрим уюштурулган. Жетекчилик дүйшөмбү күнгө 4 предметтен турган жадыбалды канча ар түрдүү жол менен түзө алат?

А) 3600

Б) 3200

В) 1680

Г) 720

Д) 8!




  1. 0, 1, 2, 3 цифраларын бир гана жолу пайдаланып канча ар түрдүү үч орундуу сан жазууга болот?

А) 18

Б) 24

В) 12

Г) 6

Д) 16



  1. Шахмат боюнча турнирде Асан, Үсөн, Батма жана Зуура бири-бири менен биринчи айлампада бирден партия ойноп чыгышты. Бардыгы канча партия оюн болгондугун эсептегиле

А) 8

Б) 6

В) 4

Г) 10

Д) 16




  1. Айланада 10 чекит берилген. Чокулары берилген чекиттерде жата тургандай кылып канча ар түрдүү үч бурчтук түзүүгө болот?

А) 720

Б) 420

В) 360

Г) 36

Д) 120


  1. Алты дос жолугушуп бири-бири менен кол алышып учурашып чыгышты. Бардыгы канча учурашуу болгондугун аныктагыла

А) 30

Б) 45

В) 36

Г) 20

Д) 15


  1. Акылайдын 7, Акзыйнаттын 9 китеби бар. Алар бири-бири менен эки-экиден китепти алмаштырып окууну чечишти. Алар жалпысынан канча ар түрдүү жол менен китептерди тандай алышат?

А) 756

Б) 63

В) 252

Г) 2160

Д) 720


  1. А шаарынан В шаарына 2 түрдүү жол, В дан С шаарына 3 түрдүү жол, ал эми С дан мейманканага чейин дагы 2 жол бар. Турист А шаарынан мейманканага чейин канча ар түрдүү жол менен бара алат?

А) 7

Б) 10

В) 8

Г) 12

Д) 16


  1. 1, 3, 5, 7 цифраларын бир гана жолу катыштырып түзүлгөн бардык төрт орундуу сандардын цифраларынын суммасын тапкыла

А) 256

Б) 360

В) 384

Г) 720

Д) 120



  1. Бизнес форумга 20 бизнесмен катышты. Форумдун соңунда алар бири-бири менен байланышта болуу үчүн бардыгы визиткаларын өз ара алмашытырышты. Бардыгы болуп канча алмашуу болгондугун эсептегиле

А) 380

Б) 190

В) 360

Г) 456

Д) 300



  1. Мектептин ашканасында түштөнүүгө 2 түрдүү биринчи тамак, 3 түрдүү экинчи тамак жана 3 түрдүү жемиш ширеси сунушталат. Окуучу канча ар түрдүү жол менен биринчи, экинчи тамак жана суусундук үчтүгүн тандай алат?

А) 56

Б) 12

В) 16

Г) 18

Д) 24



Жооптору:

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

Г

А

А

В

Б

Г

А

В

Д

В

В

А

Б

Д

Д

А

Г

В

Б

Г




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!