СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест по 1 го курса

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

ДАс9-1-19

Просмотр содержимого документа
«Тест по 1 го курса»

Дин таануу предмети боюнча тесттер

1.Марксисттер динди кандай мүнөздөгөн?

А) карангылык Б) жапайычылык

В) апиийм Г) жетишкендик

2. Бир кудайга сыйынуучулук дин кандай аталат

А) Монотеистик Б) Политеистик

В) Дуалистик Г) Нетеистик

3. Көп кудайга сыйынуучулук дин кандай аталат

А) Монотеистик Б) Политеистик

В) Дуалистик Г) Нетеистик

4.Булардын кайсынысы синкреттик динге кирет

А) Манихеизм , Бахаизм, Теософия

Б) Буддизм, Ислам

В) Шаманизм, Тенирчилик

Г) Тотемизм, Фетишизм

5.Дүйнɵлүк диндер кайсылар

А) Ислам, Буддизм Б) Христианчылык, Иудаизм

В) Христианчылык, Ислам, Буддизм Г) Зороастризм, Маздаизм

6. Буддизмдин кандай агымдары бар

А) Католик, Православ Б) Протестантизм

В) Шиизм, Суннизм Г) Хинаяна, Махаяна

7.Жаныбарларга ишенүү, аларды ыйык деп эсептɵɵ бул

А) Тотемизм Б) Фетишизм

В) Анимизм Г) Шаманизм

8. Жансыз нерселерге ишенүү аларга сыйынуу бул

А) Тотемизм Б) Фетишизм

В) Анимизм Г) Шаманизм

9. Арбактарга ишенүү, алардан колдоо күтүү бул

А) Тотемизм Б) Фетишизм

В) Анимизм Г Шаманизм

10.Түрк элдеринин тотеми кайсы жаныбар болгон

А) Карышкыр Б) Бугу

Б) Аюу Г) Жолборс

11.Кыргыз эркек шаманды эмне деп атаган

А) Поп Б) Бүбү

В) Молдо Г) Бакшы

12.Түрк, монгол элдеринин исламга чейинки ишеними

А) Тенирчилик Б) Христианчылык

В) Буддизм Г) Зороастризм

13. Табиятты кудайга айландыруудан жана ата-бабалардын арбактарына сыйынуудан келип чыккан дин

А) Тенирчилик Б) Христианчылык

В) Буддизм Г) Зороастризм

14. Зороастризм Орто Азияда жана Иранда качан тараган

А) Б.з.ч. 1-миң жылдыкта Б) Б.з.ч. 2-миң жылдыкта

В) Б.з.ч. 3-миң жылдыкта Г) Б.з.ч 4-миң жылдыкта

15. Зороастризмдин жактоочулары эмнеге сыйынышкан?

А) отко , жерге, сууга, айга, жылдызга

Б) топуракка, жанбарга

В) айкелдерге

Г) бир кудайга

16. Зороастризм динин ыйык китеби

А) Куран Б) Библия

В) Тоорат Г) Авеста

17. Зороастризмдин окуусун негизинде пайда болгон дин

А) Манихейчилик Б) Буддизм

В) Маздаизм Г) Ислам

18. Манихейчиликтин негиздɵɵчүсү

А) Иса Б) Зороастр

В) Мани Г) Лао Цзы

19.Булардын кимиси улуттук дин болуп саналат

А) Ислам Б) Индуизм

В) Христианчылык Г) Буддизм

20.Иудаизм динин ыйык китеби

А) Куран Б) Инжил

Г) Авеста Г) Танах

21. Иудаизмдин кудайы

А) Тенир Б)Яхве

В) Будда Г) От

22. Конфуцийчиликтын негиздɵɵчүсү

А) Мухаммед Б) Иса

В) Кун-цзы Г) Зороастр

23.Б.з.ч. 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон дин

А) Даосизм Б) Конфуциянчылык

В) Иудаизм Г) Индуизм

24. Даосизм окуусун негиз салуучусу

А) Лао-Цзы Б) Иса

В) Кун-цзы Г) Зороастр

25. Жапониянын VІ-VІІ к.к. калыптанган улуттук дини

А) Буддизм Б) Синтоизм

В) Лаоцизм Г) Ислам

26. Б.з.ч. 1 миң жылдыкта Байыркы Индияда пайда болгон дүйнөлүк диндердин эң байыркысы

А) Синтоизм Б) Христианство

В) Буддизм Г) Даоцизм

27. Буддизмдин негиздөөчүсү

А) Сиддхартха Гаутама Б) Кун-цзы

В) Иса Г) Зороастр

28. Буддизм Борбордук Азияда качан пайда болду

А) б.з.ч. III к. Б) б.з. V к

В) б.з.ч. IV к Г) б.з. VI к

29.Христианчылык качан пайда болгон?

А) б.з. I к Б) б.з. IV к

В) 476-жылы Г) б.з. V к

30. «Христос» деген грек сөзү бизче которгондо

А) Майдаланган Б) Бүтүн

В) Коопсуз Г) Пайгамбар

31. Христианчылык кайсы жерде пайда болгон

А) Палестинада Б) Римде

В) Аравияда Г) Орто Азияда

32. Христиан динин негиздөөчүсү

А) Иисус Христос Б) Мухаммед

В) Муса Г) Авраам

33. Ыйса Машаяктын эң жакын канча шакирти болгон

А)11 Б)12 В)13 Г)14

34. Христианчылык качан эки агымга чыгыш жана батыш агымдар болуп бөлүнгөн

А) 1054-ж Б) 446-ж

В) 550-ж Г) 1215-ж

35. Христиан динин ыйык китеби

А) Куран Б) Авеста

В) Библия Г) Забур

36. Иса пайгамбардын диний ишмердүүлүгү канча жашынан башталган?

А) 30 Б) 40 В) 50 Г) 55

37. Христиандардын Ыйсанын ким деп эсептешет

А) Кудай Б) Кудайдын уулу В) Пайгамбар Г) Жол башчы

38.Бибилия эки бɵлүктɵн турат, алар

А) Эски осуят, Жаңы осуят Б) Эски мыйзам, Жаңы мыйзам

В) Инжил, Бибилия Г)Жашоо, ϴлүм

39. Ыйса адамдардын күнөөлөрүн жууш үчүн жиберилген. Ыйса грек сөзү бизче

А) Пайгамбар Б) Куткаруучу В) Үйрɵтүүчү Г) Башчы

40. Азыркы кезде Христианчылык – дүйнөдүгү эң кенири тараган дин, аны тутунгандардын саны

А) 2,4 млрд Б) 1,5 млрд В) 2 млрд Г) 3 млрд

41. Православие бизче кандай маанини берет

А) Туура илим Б) Туура багыт

В)Туура жол Г) Туура дин

42.Батыш христиан агымы

А)Католик Б)Православ В)Протестант Г)Ортодоксия

43. Жалпы католик чиркɵɵсүн башчысы

А)Иисус Христос Б)Рим папасы В)Муфтий Г)Поп

44. Европада Рим Католик чиркөөсүн реформалоонун жүрүшүндө пайда болгон агым

А) Католицизм Б) Православие

В) Протестантизм Г)Ортодоксия

45. Христиан чиркɵɵсүн чыгыш борбору кайсы шаар

А)Константинополь Б)Иерусалим В)Дамаск Г)Рим

46.Христиан чиркɵɵсүн батыш борбор шаары

А)Константинополь Б)Иерусалим В)Дамаск Г)Рим

47. Ыйык Софиянын ибадатканасы кайсы шаарда курулган

А)Константинополь Б)Иерусалим В)Дамаск Г)Рим

48. Христиандар сыйына турган Ыйса Машаяктын, Кудай Эненин же динчилдер арасында сый-урматка ээ болгон, табынууга татыктуу олуялардын кооздоп тартылган сүрөтү

А)Икона Б)Ыйык сүрɵт В)Крест Г)Храм

49. Ислам динин качан пайда болгон?

А) 510-ж Б) 610-ж В) 710-ж Г) 571-ж

50.Ислам динин тутунгандардын саны боюнча дүйнɵдɵ канчанчы орунда турат?

А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4

51. Ислам динин негиздеген пайгамбар

А) Ибрахим Б) Иса В) Муса Г) Мухаммед

52. Ислам дининде негизги канча агым бар

А) 2 Б) 3 В) 4 Г) 5

53. Мухаммед пайгамбар ɵзүн канча жашында пайгамбар деп ачык жарыялаган?

А) 25 Б) 30 В) 40 Г) 62

54. Мухаммед 622-жылы өз жактоочулары менен бирге Меккеден Ясрибге (кийинчерээк – Медина) көчүп кетүүгө аргасыз болот. Бул жер которуу эмне деп аталат?

А) Ыйык кɵч Б) Хижра

В) Журт которуу Г) Дин жайылтуу

55. Бул жылды мусулмандардын мамлекети – Халифат негизделген жыл деп эсептешет, Мекке ислам дүйнөсүнүн борбору болуп калат

А) 630-ж Б) 640-ж В) 800-ж Г) 850-ж

56. Мухаммед пайгамбар кайсы жылы каза болгон?

А) 632-ж Б) 570-ж В) 610-ж Г) 630-ж

57. Мухаммед каза болгондон кийин анын ордуна Халиф кызматына ким шайланат?

А) Абу Бакир Б) Осмон В) Омар Г) Али

58. Мухаммед пайгамбар канча жашында каза болгон?

А) 40 Б) 60 В) 62 Г) 80

59. Ислам сɵзүн бизче которгондо

А) тынчтык Б) ынтымак В) биримдик Г) тууганчылык

60. Дүйнɵдɵ кайсы ɵлкɵдɵ мусулмандардын саны кɵп

А) Аравия Б) Египет В) Турция Г) Индонезия

61.Мусулмандардын ыйык китеби?

А) Инжил Б) Библия В) Забур Г) Куран

62. Кураанда канча сүрɵɵ бар?

А) 114 Б) 113 В) 95 Г) 115

63. Ислам мыйзамдары бул

А) Торикат Б) Марифат В) Шариат Г) Акыйкат

64. Мухаммед пайгамбар тастыктаган, жасаган иш-аракети бул

А) Сүннɵт Б) Парз В) Важип Г) Мустахаб

65. Исламда канча өз түркүктөрү же ар бир мусулман катуу сактоого тийиш болгон милдеттер бар

А) 4 Б) 5 В) 12 Г) 40

66. Мусулмандардын ыйык айы Орозо кайсы жылдан башталган?

А) 624-ж Б) 540-ж В) 662-ж Г) 632-ж

67. Исламда эки негизги агым бар, биринчиси суннизм экинчиси

А) Шиизм Б) Бахаизм В) Суфизм Г) Салафизм

68. Бул ɵкɵлɵрдүн кайсынысында шиитер кɵп жашайт?

А) Аравия Б) Турция В) Россия Г) Иран

69. Ислам маданиятын гүлдɵп ɵнүккɵн мезгили

А) VIII-XII кк Б) VI-XII кк В) VII-XI Г) VIII-X кк

70. Булардын кимиси мусулман окумуштуусу

А) М.Сервантес Б) Ибн Сина В) Мифодий Г) Кирил

71. Ислам дин Орто Азияга биринчи жолу кайсы мезгилде келди

А) V кк Б) VI кк В) VII кк Г) VIII кк

72. Орто Азияда кайсы ɵлкɵдɵ биринчи жолу ислам мамлекеттик дин деп жарыяланган?

А) Түргөш Б) Карлук В) Караханид Г) Моголстан

73. Ахмед Ясави Орто Азиядагы кайсы шаарды кичи мекке деп атаган?

А) Ош Б) Түркстан В) Шаш Г) Самарканд

74.Мусулмандардын ыйык согушу кандай аталат?

А) Газават Б) Парз В) Курмандык Г) Жан кечүү

75. Дервиштик тарикатынын негиздөөчүсү жана жетекчиси

А) Навои Б) аль Хорезм В) Ахмед Яссави Г) аль Фараби

76. Исламдын суннизм агымында канча мазхаб бар

А) 4 Б) 5 В) 8 Г) 2

77. Кыргызстан мусулмандары Суннизмдин кайсы мазхабында

А) Ханбалий Б) Маликий В) Шафий Г) Ханафий

78. Кыргызстанда ислам динин таралышына байланыштуу архитектуралык эстелик

А) Манастын күмбөзү Б) Шах Фазил В) Таш Рабат Г) Кошой коргон

79. Мусулман салтына ылайык эркек балдарды канча жашка чейин сүннөткө отургузган

А) 10 Б) 3 В) 13 Г) 8

80. Мамлекет менен диндин мамилелерин эки типке бөлөбүз, алар

А) Клерикалык ,конфессионалдык Б) диндик, динсиз

В) Шариаттык, светтик Г) атеистик, нетеистик

81. Конкреттүү динге көз каранды диний мамлекет

А) светтик Б) теократиялык В) атеистик Г) улуттук

82. Динге негизделбеген, дин мамлекеттик иштерге аралашбаган мамлекет

А) светтик Б) теократиялык В) атеистик Г) улуттук

83. Кыргыз Республикасы кандай мамлекет болуп эсептелет

А) светтик Б) теократиялык В) атеистик Г) улуттук

84. Кыргызстанда жарандарга дин тутуу эркиндиги берилгенби?

А) жок Б) ооба

В) диний топторго гана Г) саясий уюмдарга гана

85. “1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.

3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес”  КР Конституциясын канчанчы беренесинде

А) 32-берене Б) 1-берене В) 14-берене 5-берене

86. «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» №203-Жарлыгы менен «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» качан бекитилди

А) 2013-ж Б) 2014-ж В) 2015-ж Г) 2016-ж

87. СССР таркаган кезде 1990-жылы Кыргызстанда расмий канча мечит иштеген?

А) 45 Б) 50 В) 39 г) 95

88. Кыргызстанда мусулмандардын башында ким турат?

А) президент Б) парламент В) өкмөт Г) муфтият

89. Кайсы бир деңгээлде сокур ишенимге жетеленүү

А) фанатизм Б) радикализм В) толеранттуулук Г) гумандуулук

90. Экстремизм жөнүндө классикалык түшүнүккө ылайык бул сөз «extremus» деген латин сөзүнөн келип чыккан бизче ал

А) чектен тышкары Б) туура жол

В) тынчтык Г) согушуу

91. Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган канча экстремистик, терористик уюм бар?

А) 40 Б) 21 В) 14 Г) 86

92. Кыргызстанда булардын ичининен кимисине тыюу салынган

А) Католиктерге Б) Буддистерге

В) Хиз-бут-Тахирге Г) Дааватчыларга

93. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине”  КР Конституциясынын канчанчы беренеси?

А) 4 Б) 5 В) 6 Г) 7

94. Шанхайда кол коюлган терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү тууралуу Конвенция качан кабыл алынган?

А) 2001-ж Б) 1996-ж В) 2015-ж Г) 2002-ж

95. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын канча жаран Жакынкы Чыгыштагы жана Сириядагы согуштарга катышууда

А) 500 дөн ашуун Б) 700 жөн ашуун

В) 1000 Г) 2000

96. Диний радикализмдин жайылышынын себеби

А) диний сабатсыздык Б) каржы маселеси

В) диний эркиндик Г) жумушсуздук

97. Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжасында бүгүн Кыргызстан поликонфессионалдык өлкө болуп саналат. Азыркы кезде дин иштери боюнча мамлекеттик органда канча диний уюмдар каттоодон өтүшкөн

А) 3097 Б) 1000 В) 1500 Г) 3000

98. Кыргызстандагы католик общинасы тийиштүү советтик мамлекеттик органдар тарабынан качан катталган?

А) 1969-жылы Б) 1970-ж

В) 2000-ж Г) 1994-ж

99. Кыргызстанда биринчи казыят канчанчы жылы түзүлгөн?

А) 1943-ж Б) 2005-ж В) 2015-ж Г) 2011-ж

100. Бүгүнкү күндө дүйнөдө эң коркунучтуу деп таанылган терордук уюм

А) хинаяна агымы Б) махаяна агымы

В) ислам малекети В) ФЕТО уюму






Тесттик суроолордун ачкычтары

1

Б

11

Г

21

Б

31

А

41

А

51

Г

61

Г

71

Г

81

Б

91

Б

2

А

12

А

22

В

32

А

42

А

52

А

62

А

72

В

82

А

92

В

3

Б

13

А

23

А

33

Б

43

Б

53

В

63

В

73

Б

83

А

93

А

4

А

14

А

24

А

34

А

44

В

54

Б

64

А

74

А

84

Б

94

А

5

В

15

А

25

Б

35

В

45

А

55

А

65

Б

75

В

85

А

95

Б

6

Г

16

Г

26

В

36

А

46

Г

56

А

66

А

76

А

86

Б

96

А

7

А

17

А

27

А

37

Б

47

А

57

А

67

А

77

Г

87

В

97

А

8

Б

18

В

28

А

38

А

48

А

58

В

68

Г

78

Б

88

Г

98

А

9

В

19

Б

29

А

39

Б

49

Б

59

А

69

А

79

В

89

А

99

А

10

А

20

Г

30

А

40

А

50

Б

60

Г

70

Б

80

А

90

А

100

В





Глоссарий


Аболиционисттер – Америкадагы кулчулукту жоюу кыймылынын катышуучулары

Абсолюттук-чексиз бийлик

Автономия- кандайдыр бир мамлекетте айрым улутка берилген саясий укук- саясий жактан өзүн өзү башкаруу укугу

Авторитардык- өкүмчүл, өзүнүн бийлигин чындоого умтулган жеке бийлик

Агрессия – бир мамлекеттин же улуттун эркине, бүтүндүгүнө, саясий көз каранды эместигине каршы экинчи мамлекеттин куралдуу кол салышы

Альтернатива-мүмкүн болгон чечимдердин бирөөнү тандап алуу зарыл

Альтруизм (альтруист)- башкалар үчүн жан дили менен кам көргөн адам

Аннексия-өз курамына күч менен кошуп алуу

Аннулировать(лат. жок кылуу) - жокко чыгаруу, токтотуу

Антагонизм – келишпес кастык, атаандаштык, өз кызыкчылыгы үчүн кыл чайнашкан күрөш

Аргумент-далил,негиз

Акырет – (араб. – башка, акыркы, экинчи) бул дүйнө аягына чыккандан соң баары кайра тирилип, кылган амалдарына жараша сыйлык же жаза ала турган экинчи жашоо.

Аллах – ислам дининде бүткүл жандыктарды жараткан Жогорку ыйык күч; Кудайдын аты. Адатта, Аллахка таала (улуу, Жогорку), табарака ва таала, жалла жалалуху, карим, бузург, ааламдын жаратуучусу өңдүү сапаттар кошуп айтылат.

Aнафема – чиркөө мүчөлүгүнөн куулуу, чиркөөдөгү эң Жогорку жаза. AРБАК (ар.) – рухтун көптүк түрү.

Aтеизм (грекче atheos — Кудайсыз) – сөздүктөгү мааниси Кудайдан жүз буруу, Кудайды танган түрдө адамдын акыл-эс күчүн четке кагуу дегени.

Ашарийлик – ислам дининин суннийлик багытындагы эки ынанымдык мектептерден бири.

Басмачылык – Орто Азияда 1917-1926-жж Совет бийлигине каршы болгон куралдуу кыймыл. Орто Азиянын диний жана саясий лидерлери панисламизм, пантүркизм идеясын жетекчиликке алышып, 1917-жылы башында Эргеш корбашы болгон алгачкы басмачылар отрядын түзүшкөн. Алар Кокон автономиясын жарыялашат. Аскердик бөлүктөргө азык-түлүк кампаларга, темир жолдорго кол салып турушкан. М.В.Фрунзе турган Түркстан фронтунун аскерлери тарабынан талкаланат. 1921-жылы Түркиянын мурдагы аскер министри Энвер паша басмачыларга көмөктөшүү максаты менен келген. 1922-жылга Фергана менен Хорезмдеги басмачылар тобу жок кылынган. Калдыктары Ооганстан, Иран, Кытайга ооп, 1930-жылдарга чейин ошол жактан кол салууларын уланткан

Бартер- бир товарды экинчисине акчасыз эле алмаштыруу

Бойкот-адамдар,уюм же мамлекет тарабынан өз ара мамилени токтотуп салуу (нааразычылык жарыялоо)

Бюллетень-талапкерлердин фамилиясын белгилеп добуш берүү үчүн колдонлуучу документ

Бану Израил («Израил уулдары») – еврей элинин аттарынан бири. «Ибтидо» (Башталыш) китебинде келтирилишинче, бүгүнкү күндө бардык еврейлерге карата иштетиле турган «Израил уулдары» аталышы Якуб пайгамбарга Кудай тарабынан берилген.

Библия (грекче — «китептер») – иудаизм жана христиан диндеринин негизги ыйык булагы. Еврейлердин «Библиясы» «Китве кадеш» жана «Taнах» деп да аталат. Христиандар тарабынан тан алына турган Библия «Байыркы Осуят» жана «Жаңы Осуяттан» турган болуп, жалпы эсепте 66 китептен түзүлгөн.

Ватикан – Рим католик чиркөөсүнүн диний-административдик борбору. Учурда Папанын расмий резиденциясы эсептелет. Ошондой эле, ал Италиянын борбору Рим шаарында жайгашкан теократиялык шаар-мамлекет.

Валюта-1. мамлекеттин акча тутумунун негизин түзгөн акча бирдиги. 2. Бир өлкөнүн акча белгилерине карата эл аралык алыш-бериште колдонулуучу чет мамлекеттин акча белгилери

Вассал-көз каранды, башка бир адамдын же мамлекеттин кол алдында көз каранды болгон

Вилайет – Кокон хандыгындагы областтын (аймактын) аталуусу

Геноцид (гр.уруу,урук, лат.өлтүрөм) - калктын айрым тобун расалык, улуттук же диний кыйкым менен кырган адамзатка каршы оор кылмыштын бири.

Девалдьвация-акчанын расмий баасынын төмөн түшүшү

Дезертир- өзүнүн аскер бөлүгүн өз бетинче таштап кеткен, армияга чакырылуудан качкан киши

Декларация - жарыя кылуу , салтанатту жарыялоо. 2) Кандайдыр бир маалыматты камтыган кээ бир документтердин аталышы

Деколонизация- көз карандысыздыгын берүү жараяны

Делимитация (лат.чек араны аныктоо)-мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо, тактап жазуу

Демаркация( фр. чек коюу, ажыратуу) - чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамл.чек араларды аныктоо жана өзгөчөчек ара белгилери менен белгилөө

Демагогия- жалган убадаларды берип алдоо

Денонсация ( фр.билдирүү,токтотуу) - эл аралык укукта эки тараптын биринин келишиминде көрсөтүлгөн шартты орундатуудан баш тартуусу

Депрессия- чарбанын, коомдук турмуштун төмөндөшү

Держава- эӊ күчтүү мамлекет

Деспотия (гр. чексиз бийлик)- монархтын эч кандай мыйзам менен чектелбеген бийлигине негизделген мамлекет

Дефицит- тартыш, жетишсиздик, кирешеден чыгашанын ашып кетиши

Дефляция – акча массасы кыскарып кеткендигине байланыштуу баалар төмөндөгөн процесс

Декрет- мамлекеттик жогорку бийлик кабыл алган мыйзамдын аталышы


Диктатор- чектелбеген бийликке ээ болгон адам

Диалект – бир тилдин ичиндеги жергиликтүү айырма

Динамит- күчтүү жарылгыч зат

Динлиндер- Енисейдин ортоӊку агымында, Минусинин ойдуӊунда жашаган байыркы түрк тилдүү уруулар. Алар европоид тибинде болгон. Б.з.ч. II к хунндардын кысымынан улам Енисейге барган кыргыз (гэгундар) тарабынан ассимиляцияланган.

Дискриминация-укугун жоюу, укугун басуу, укук бербөө

Диссидент- мамлекеттик динге, идеологияга макул эместер

Доминион–колониялык империянын чегинде өзүн-өзү башкаруу укугун алган колония

Дотация- ишкананын чыгымын мамлекет тарабынан жабуу

Дүйнөлүк диндер- дүйнөнүн бир кыйла элдеринде таралган үч дин. Буддизм, Христианчылык, Ислам

Заратуштра – Грекче Зороастр – байыркы иран дининин реформатору. Зороастризм динин негиздеген пайгамбар. Б.з.ч. X-VI кк аралыгында жашаган.

Зороастризм-байыркы коомдо жана орто кылымдын башында Орто Азия, Иран, Ооганстан ж.б. бир катар өлкөлөрдө таралган дин. Зороастризмдин негиздөөчүсү деп пайгамбар Зороастранын ( иранча Заратуштра) ысмы менен аталган

Идеология- тигил же бул топтун кызыкчылыгын көздөгөн саясий, укуктук, диний, адабий, философиялык көз караштын жыйындысы

Иероглиф-1 кандайдыр бир түшүнүк берүүчү фигуралуу белги

2) кыйындык менен окулуучу жазма. Б.з.ч. IV к. колдонулган Египет жазуусунун образдуу сурөт белгиси. Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазмасы, сүрөт түрүндөгү хетт жазмалары сыяктуу жазмалар аталат

Ислам – дүйнөгө кеңири тараган диндердин бири. И. дин катарында VII-к-да Батыш Аравияда пайда болгон

Исламафобия (араб. – islam, грек. phobia — коркуу, үрөй учуу) – ислам динин коркунучтуу абалдарда көрсөтүү, бардык жамандык жана кылмыштарды анын аты менен байланыштырып, калкты исламдан коркутууга каратылган аракет

Индустриялаштыруу-өнөр жайдын өнүгүшү, ири машина техникасынын эл чарбасында колдонулушу, ири өнөр жайды куруу жана өнүктүрүү

Инновация (фр жанылануу, өзгөрүү) - жаӊылык киргизүү

Инвестиция- акчалай жардам каражаттары

Интеллектуалдуу- акылга, кишинин ойлоо жөндөмдүүлүгүнө таандык

Интелегенция- кесиби акыл эмгеги болгон адамдардан турган коомдун социалдык катмары

Интенсивдүү (лат.чымыркануу күч менен, күч алуу) – М: интенсивдүү эмгек, эӊ жогорку эмгек өндүрүмдүүлүктү берүү

Интервенция- башка өлкөнүн жерин басып алуу, өз бийлигин орнотуу

Интриган- чагымчыл

Инфраструктура ( лат. төмөн, астында жана түзүлүш, жайгашуу)- тигил же бул өлкөнүн же аймактык тиричилик шарттарын камсыз кылып жана өндүрүштү тейлеп турган чарба комплекстеринин олуттуу бир тармагы

Историзм (лат. тарых; өткөндөр тууралуу баян)– обьективдуу дуйнөдөгү кубулуштардын пайда болушун, өнүгүшүнүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби

Иудаизм- яхве кудайына сыйынган монотеисттик дин. Б.з.ч.I мин жылдыкта Палестинада пайда болгон. Бул дин негизинен жөөттөрдүн (еврей) арасында таркаган

Катаклизм – табияттагы жана коомдук турмуштагы кыйратуучу чоӊ төӊкөрүш

Капитализм – 1. капитал сөзү XII-XIII -к-да Италияда пайда болгон; «баалуулук, товарлардын запасы, процент алып келүүчү акча» маанисин түшүндүргөн ж-а ушул маанисинде Европага таркаган. XVII-к-да Голландияда капитал ээси – капиталист деген сөз келип чыккан. Ал эми К. термини XIX-к-дын 50-ж-нда пайда болгон, бирок кеңири колдонулган эмес; 2. марксисттер бул сөзгө идеологиялык маани чөгөрүшкөн. Марк- систтердин аныктамасында К. – бул Батыш Европа өлкөлөрүндөгү өнөр жай төңкөрүшү аяктаган соң, жалданма эмгекти эксплуатациялоого ж-а өндүрүш каражаттарын жеке менчикке негиздөөгө багытталган коомдук түзүлүш. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер м-н пролетариаттын ортосундагы) ички карама-каршылык мүнөздүү деп белгилешкен

Касталар – Индиядагы бири-бирине өтүүгө мүмкүн болболгон адамдардын бөлүнүүсү

Комуналдык- шаардык чарбага таандык

Коммуникация- катнаш, байланыш

Компенсация- тарткан зыяндын ордун толуктап берү

Компромисс- бири бирине жол берүү аркылуу түзүлгөн келишим

Комсомол- Комунисттик Жаштар Союзу

Конституция- мамлекеттин түзүлүшүн, шайлоо системасын, мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын иштөө принциптерин, жарандардын негизги укуктары жана милдеттерин аныктап туруучу негизги мыйзам. (мамлекеттин башкы мыйзамы)

Конституциялык монархия- башкаруунун монархтын бийлиги конституция менен чектелген түрү

Консенсус- талаш маселелердеги макулдашуу, бир пикирге келүү

Концепция- көз караштардын системасы

Концессия- чет өлкөлүк фирмаларга мекемелерди же жер участкаларын өндүрүштүк ишмердүүлүк укугу менен берүүчү келишим

Конфуций ( Кун-цзы б.з.ч. 551-479-жж) - кытайлык философ, окумуштуу

Кооперация- 1) өз мүчөлөрүнө чарба жүргүзүүдө, кол өнөрчүлүктө, майда ортомчулук милдетин аткарып туруу максатында түзүлгөн

Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) – 1991-жылы 8-декабрда Беларус өкмөтүнүн Вискуля резиденциясында (Беловежская пуща) Россия, Беларуссия жана Украина өлкөлөрүн жетекчилери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Ата шаарында 11 республиканын ( Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан , Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) жетекчилери кол коюшуп, «КМШ» нын теӊ укуктуу түзүүчүлөрү деп таанылышкан

Миссионер- башка өлкөгө, элдерге барып расмий диний иш жүргүзүүчү диний адам

Несторианчылык- Христиан дининдеги агым. Византияда 428-431-жж Константинополдун патриархы Несторий тарабынан негизделген. Ал Иисус Христос адам катары эле төрөлүп, кийин гана пайгамбарлык касиетке ээ болгон деген окууну жайылткан.

Община- бир аймактын калкынын өзүн өзү башкаруу уюму

Панисламизм- бардык мусулман элдердин бириктирүүгө багытталган ураан

Пантүркизм- түрк тилдеринде сүйлөгөн элдерди бириктирүү урааны

Пантеон – 1) атактуу адамдардын сөөгү сакталуучу имарат

2) байыркы гректердин жана римдиктердин бир нече кудайга арналган жайы. 3) айрым бир диндин кудайлардын жыйындысы

Патриархат–эркектер коомдо, чарбада, үй-бүлөдө башкы ролдо

Ратификация- макулдашкан мамлекеттердин эл аралык келишимин жогорку мамлекеттик бийлик органдары тарабынан бекитүү

Рентабелдүү – кирешелүү, пайдалуу, экономикалык жактан пайдалуу

Репрессия–жазалоо, кысымга алуу, жаза чарасы, жаза берүү

Реставрация–кулатылган эски саясий түзүлүштү калыбына келтирүү

Ресурс –запас, каражат

Референдум – мамлекеттик мааниси бар өтө олуттуу маселени чечүү максатында өткөрүлүүчү жалпы элдик сурамжылоо, добуш берүү

Реконверция- тынчтыкка жана тынч турмушка өтүү

Санкция- латын тилинен эӊ катуу чара көрүү (sanctio), эл аралык келишимдерди бузган мамлекеттерге колдонулат

Сепаратизм – бир мамлекеттеги калктын айрым бөлүгүнүн өзүнчө бөлүнүүгө аракеттенүүсү

Сенсация – көпчүлүктү дүүлүктүргөн, сестенткен укмуштуу окуя

Секира- Жоокердик курал. Мындай куралды “ай балта” деп атап, жоокердик заманда колдонгон.

Суверенитет-бир мамлекеттеги ички жана тышкы саясатында башка мамлекеттке көз каранды эместиги

Суфий – суфийлик окуусуна таандык адам, мурид.

Сүрɵ (араб. – жогорулук, бийиктик, дубал) — башталуу, аяктоо жана аттарга ээ кеминде үч аяттан турган Курандын бөлүктөрүнө карата колдонулат

Символ- кандайдыр бир кубулуштун же түшүнүктүн шарттуу белгилениши

Социология– коом жана анын өнүгүшү жөнүндө илим

Стабилдүүлүк – туруктуулук

Статус – эл аралык укуктагы укуктук абал. М: мамлекеттин статусу

Суниттер - мусулмандардын 90% бириктирип турган негизги топ

Теократия (гр. кудай-бийлик) - мамлекеттик башкаруу дин кызматчыларын колуна топтолгон

Террор- саясий душмандарга эӊ эле оор мыкаачылыкты колдонуу менен өлтүрүүгө чейин барган саясий коркутуунун түрү

Тирания – катаалдык, заалимдик

Толеранттуулук – башкалардын оюна жана ишенимдерине чыдамдуу, кечиримдуу мамиле кылуу

Ультиматум–эл аралык укукта бир мамлекеттин экинчи мамлекетке оозеки же кат жүзүндө кандайдыр бир маселе боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттө белгилүү бир позицияда болуусун талап кылуу. Талапты аткарбоо, чара колдонууну туудурат

Умай- түрк элдеринин ишеними боюнча Теӊирден кийинки орунда турган кудай. Аялдар менен балдардын, үй-бүлөөнүн колдоочусу

Футурология – бүтүндөй адамзаттын жана коомдук турмуштун айрым чөйрөлөрүнүн келечектеги өнүгүшүн алдын ала көрө билүүнү изилдеген, коомдук жана табигый илимдерге негизделген комплекстүү илим

Цивилизация (нем. фр. лат, жарандык) – коомдук өнүгүү, мамлекеттин пайда болушу шаарлардын курулушу ж.б. менен мүнөздөлөт

Шейиттер – ислам дининдеги суннизм сыяктуу багыт

Эволюция (фр. өнүгүү) – бир абалдан экинчи абалга өтүү процесси, секириксиз акырындык менен өтүү

Экспансия – өзүнүн таасир этүүчү чөйрөсүн кеӊейтүү, башка өлкөлөрдү саясий жана экономикалык жактан өзүнө баш ийдирүү, башка жерлерди басып алуу саясаты

Экстремизм- чектен ашкан иш-аракеттерге,көз караштарга ыктоо

Эсхатология – дүйнөнүн бүтүшү, аркы дүйнө, бейиш, тозок жөнүндөгү элестердин комплекси.

Янычарлар – Осмон империясындагы атайы даярдалган аскерлер. Алар Осмондор басып алган аймактардагы христиан дининдегилерден түзүлгөн



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!