СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тиричилик жөнүндөгү илим

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тиричилик жөнүндөгү илим»

«Тегирмеч» орто мектеби  Биология мугалими: Ташева Гүлзат  6-класс

«Тегирмеч» орто мектеби Биология мугалими: Ташева Гүлзат 6-класс

Сабактын темасы: § 1. ТИРИЧИЛИК ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМ ЖАНА АНЫН ПАЙДА БОЛУШУ  Сабактын максаттары:   А) Окуучулар тиричилик деген эмне экендигин, тиричилик жөнүндөгү илим кантип пайда болгондугун, биология илими эмнени окутушун билишет. Б) Жаратылыштын бири-бири менен болгон тыгыз байланышын, жаратылыштагы адам баласынын ролун ж. б. аныктай билишет.  В) Окуучулар жаратылышты сүйүүгө,көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.

Сабактын темасы:

§ 1. ТИРИЧИЛИК ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМ ЖАНА АНЫН ПАЙДА БОЛУШУ

Сабактын максаттары:

  • А) Окуучулар тиричилик деген эмне экендигин, тиричилик жөнүндөгү илим кантип пайда болгондугун, биология илими эмнени окутушун билишет.
  • Б) Жаратылыштын бири-бири менен болгон тыгыз байланышын, жаратылыштагы адам баласынын ролун ж. б. аныктай билишет.
  • В) Окуучулар жаратылышты сүйүүгө,көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.

Субанова Мейлкан  Ботбаева Мира Махмудовна  Жамангулова Гүлнара Үсөнбековна

Субанова Мейлкан Ботбаева Мира Махмудовна Жамангулова Гүлнара Үсөнбековна

Өсүмдүк, жаныбар , адам жана башка жандуу жаратылыштын түзүлүшүнө көңүл буруп , кунт коюп карасак, алардын ар бири өзүн өзү камсыз кылып турганын байкайбыз. Мисалы, өсүмдүктөр өзүнө зарыл болгон азык затты өзү түзүп алып, анын эсебинен өсөт, гүлдөйт, уругу жетилет. Жаныбарлар да азыктаныш үчүн аракеттенип, өз алдынча жашай алат, тукум калтырат жана аны жетилтет. Демек, тиричилик деген бул жандуу жаратылыштагы белгилүү мыйзам ченемдүүлүктүн негизинде жүрүп жаткан процесстердин системасы болуп эсептелет.

Тиричилик деген – бул тирүү организмдердин өзүн-өзү тейлөөсү, башкаруусу, өзүнө окшогондорду жаратуу процесстеринин системасы.

Тиричилик деген – бул тирүү организмдердин өзүн-өзү тейлөөсү, башкаруусу, өзүнө окшогондорду жаратуу процесстеринин системасы.

Ошентип, ар бир организм айлана-чөйрө менен байланышта болуп, тиричилик өткөрөт. Мунун натыйжасында көп түрдүү жаратылыш байлыктары, кооздуктар, түстөр, үндөр, кубулуштар гармониясы же шайкештиги, үндөштүгү жаралып турат.

Тиричиликти баяндап жазуу илгери эле Египетте, Месопотамия да, Кытайда башталып, кыргыз элинде да башка элдер сыяктуу ташка чегилип жазуулар калтырылган

Тиричиликти баяндап жазуу илгери эле Египетте, Месопотамия да, Кытайда башталып, кыргыз элинде да башка элдер сыяктуу ташка чегилип жазуулар калтырылган

Ал эми ар түрдүү топтолгон маалыматтарды илимий негиздөө аракеттери (биздин заманга чейин 384–322жылдарда) Аристотелден баштап жүргүзүлгөндүгү белгилүү. Анын «Жаныбарлардын тарыхы» деген эмгегинде, жаныбардын дене түзүлүшү, көбөйүү жана азыктануу жолдору баяндалган. Аристотелден кийин өсүмдүктөр боюнча изилденген маалыматты топтоп, «өсүмдүктөр жөнүндө изилдөөлөр» деген көп томдуу эмгеги менен Теофраст таанымал болгон.

«Биология» деген аталыш гректин «биос» – тиричилик жана «логос» – илим деген сөздөрүнөн келип чыккан, «тиричиликти үйрөнүү» деген маанини камтып турат. «Биология» деген сөз 1802 жылы Ж. Б. Ламарк тарабынан киргизилген. Биологияны окуп билүү менен жандуу жаратылыштагы тиричилик мыйзамдарын таанып биле алабыз. Жаратылыштын өзүнүн мыйзамдары бар.  Мисалы: мезгилдик кубулуштар, ар бир мезгилде тиричиликке эч ким кийлигишпесе деле белгилүү процесстер жүрүп турат.   «Биология» «логос» «биос» илим тиричилик Жан-Батист Пьер Антуан де Моне Шевалье де Ламарк «Биология» деген сөз 1802- жылы илимге киргизилген. «тиричиликти үйрөнүү»

«Биология» деген аталыш гректин «биос» – тиричилик жана «логос» – илим деген сөздөрүнөн келип чыккан, «тиричиликти үйрөнүү» деген маанини камтып турат. «Биология» деген сөз 1802 жылы Ж. Б. Ламарк тарабынан киргизилген. Биологияны окуп билүү менен жандуу жаратылыштагы тиричилик мыйзамдарын таанып биле алабыз. Жаратылыштын өзүнүн мыйзамдары бар. Мисалы: мезгилдик кубулуштар, ар бир мезгилде тиричиликке эч ким кийлигишпесе деле белгилүү процесстер жүрүп турат.

«Биология»

«логос»

«биос»

илим

тиричилик

Жан-Батист Пьер Антуан де Моне

Шевалье де Ламарк

«Биология» деген сөз 1802- жылы илимге киргизилген.

«тиричиликти үйрөнүү»

Тирүү организмдерге адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, бактериялар, козу карындар кирет. Бул организмдер 4 дүйнөгө: жаныбарлар, өсүмдүктөр, козу карындар, бактерияларга биригет. өзгөчө топ – бул вирустар. Булардын тиричилиги жансыз жаратылыш менен жана бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан.

Үй тапшырма:  1. Тиричилик деген эмне жана аны эмне үчүн үйрөнүшүбүз керек? 2. Тиричилик жөнүндөгү илим кантип пайда болгон? 3. Биология эмнени изилдейт?

Үй тапшырма:

1. Тиричилик деген эмне жана аны эмне үчүн үйрөнүшүбүз керек?

2. Тиричилик жөнүндөгү илим кантип пайда болгон?

3. Биология эмнени изилдейт?

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!