СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Т.Кожомбердиевдин чыгармачылыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

  Балдар  адабиятында  башкы  тема  -    балага  акыл-эс тарбиясын берүу

Просмотр содержимого документа
«Т.Кожомбердиевдин чыгармачылыгы»

Т.Кожомбердиевдин балдарга арналган чыгармаларын окутуу


Негизги маселелер:


1.Т.Кожомбердиев ъз жүзүн “Көлчүктөгү ай” менен ачкан балдар акыны


2.“Апа”, “От ъчпъгън коломто”, “Оттон ъскън кызыл гүл” поэмаларынын идеялык мазмуну


Турар Кожомбердиев – акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө жарыялана баштап, 1961-ж. “Көлчүктөгү ай” деген балдар үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү м-н караган, бала психологиясын кылдат өздөштүргөн акын адабиятка келгендигин көрсөткөн.

Анын ырлары – поэзия м-н тартылган сүрөт, уйкаштыктары жеңил ж-а ойлору метафоралуу, сүрөттөөлөрү поэтикалуу.

Мен тоолордо төрөлгөм,

Мен тоолордо көгөргөм.

Ат үстүндө эмизип

Апам бешик өңөргөн...”деп айтканындай акындын поэзиясында анын балалык кезинде кабыл алган тоодогу күндүгү, түнкү ар кандай элестери анын чыг-лыгына өзүнчө идеялык-көркөмдүк өзөк болуп берген. Кожомбердиевдин поэзиясынын тематикасы абдан бай. Акындын чыныгы сүрөткерлик поэтикалык дүйнөсү аркылуу көркөм чагылышка ээ болгон ар кандай турмуштук көрүнүштөр өзгөчө өң-түс, интерпретацияга ээ болот. Ошолордун ичинде эне ж-а от темасын акын тарабынан өзгөчө сүйкүм м-н поэтизацияланган тема. Акын эне м-н оттун диалектикалык образын улуттук жашоо образынын негизинде тереңдеп ачып берет.

Т. Кожомбердиев эне темасына “Эне жана от” аттуу бүтүндөй бир китебин арнаган. Ал эми “Эне жана коломто” аттуу ырындагы жаңылык – жалпы кыргыз поэзиясынын ийгилиги. Анын айрым куплеттерин толугу м-н окуп көрөлү:

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

Мейли күздө, мейли жаздын таңында.

Коломтону элестетсем, энекем,

Күйпөлөктөп отургансыйт жанымды...

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган

От күчөөчү коломтоого таралган.

Эмнегедир от бир буюм сезилчү

Апакемдин колдорунан жаралган.

Мындагы бийик маани м-н терең ой келип акындын:

“Сен сурасаң үзүп алып очоктон

Күйгөн отту сунаар элем букеттей” деген керемет саптары м-н жыйынтыкталат. Мындай ой – күйгөн отту белек кылуу идеясы эч бир акында болгон эмес. Ушу эки сап эле – акындын жаңычылдыгын далилдеген мисалдардын бири. Эне темасына келгенде акындын китептерин барактап отуруп “Эне” деп аталган узун, жарык керемет бир галереяга кирип чыккандай сезилет. Эненин күнүмдүк майда тирмегинен баштап энелик бакыттын ар кандай учурлары, эне болуу бактысынан кур калган аялзатынын кайгы-касырети экспресивдүү конкреттүү, предметтүү көркөм сүрөттөлүшкө ээ болгон.

Кожомбердиевдин “Биз турган жер – бийик тоо” (1965), “Кызыл алма” (1965), “Тоо үстүндөгү күн” (1966), “Таңкы симфония” (1968),

“Күн, жер, жүрөк” (1970), “От өчпөгөн коломто” (1972), “Эне жана от” (1972), “Кызгылтым кеч” (1973), “Нурлуу терезе” (1975), “Токтогул ГЭСи” (1976), “Таңкы жылдыз” (1979) деген ондогон поэтикалык жайнактардын автору. Ал традициялуу формада жазган акын. Кыргыз адабиятындагы песня (обонго ылайыкталган ыр) жанрын өзгөчө өздөштүрүп, бийиктикке көтөргөн. Анын сөзүнө көп композиторлор ж-а обончулар кайрылып, чыг-ларын жазышкан. Н. Думбадзенин “Мен күндү көрүп турам” деген повестин, В. Назвалдын ырларын кыргызчага которгон.




















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!