СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тоголок Молдонун чыгармачылыгынын балдар адабиятындагы орду

Нажмите, чтобы узнать подробности

Деги  эле,  дүйнөлүк  балдар  адабиятында  башкы  тема  -    балага  акыл-эс тарбиясын берүү проблемасы болуп, ал алдыңкы планда турары белгилүү. Мындай  идея,  албетте,  Тоголок  Молдонун  поэмаларында  жана

тамсилдеринде  өзгөчө  чагылдырылган.

Просмотр содержимого документа
«Тоголок Молдонун чыгармачылыгынын балдар адабиятындагы орду»

Тема : Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) чыгармачылыгынын балдар адабиятындагы орду


Деги эле, дүйнөлүк балдар адабиятында башкы тема - балага акыл-эс тарбиясын берүү проблемасы болуп, ал алдыңкы планда турары белгилүү. Мындай идея, албетте, Тоголок Молдонун поэмаларында жана

тамсилдеринде өзгөчө чагылдырылган. Акын Тоголок Молдо аталган

проблеманы камтыган бир нече белгилүү чыгармаларды жазып калтырды. Атап айтканда, «Кемчонтой», «Телибай тентек», «Абышка менен кемпирдин көмөчү» аттуу поэмаларын жана «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы», «Иттин доолдай тиктирем дегени» аттуу тамсилдери буга мисал болот. Анын атактуу «Кемчонтой» эмнеси менен баалуу? Анын баалуулугу ушунда-улуттун бала тарбиясында баланы акыл-эстүүлүккө жаштайынан тарта билим аркылуу тарбиялоонун эң сонун мисалын эталондуулукка чейин жеткирген, улуттук балдар адабиятыбызда кайталангыс үлгү образды түзүп тургандыгы.

Кемчонтойдун образынан калышпаган дагы бир поэмасы «Телибай

тентек» поэмасы болуп саналат. Аталган поэмасы дагы тентек Телибай

Кемчонтойдун уландысы, анык акыл-эстүү болууга үндөгөн үлгү образды чагылдырган чыгарма. Андагы Телибай да билими гана эмес, акыл-эси өсүп жетпеген, адам баласына тийиштүү акыл-парасаты жетишсиз, ары тентек, ары өз оюндагысын жасаган, иретсиз ойлонгон, эң жөнөкөй нерсе-ата-энеге, бир тууганга орундуу, акыл-эстүү мамиле жасаганга жарабаган бир макулук сыяктанган баланын типтүү образын элестетип турат.Поэманын мазмунуна кайрылалы. Анда эркек баласы жок жүрүп, “куу баш” өтөмбү»-деп кейип жүргөн Дадаңбай аттуу киши эңсегенине жетип, жашы өткөн кезде бир эркек балалуу болот. Жалгыз эркек баласын каалаганындай коюп, чексиз эркелетип жүрүп, ошонун кесепетинен улам, ал улуунун сөзүн укпаган, сыйлабаган, адеби жок, акылы кем болуп чоңоет.

Ал тууралуу акын мындай деп эскерет:

«Эр жеткенде Телибай,

Акылы жок жан болду.

Балам жинди болду- деп,

Дадаңбай буга дал болду.

Айласы кеткен Дадаңбай «молдого берип окутсам, жиндилиги калар,

тентектиги жоголсо, бир күнү тилимди алар» деген ой менен молдого алып

барат. Дадаңбай молдого барып, баланын бузуку иштерди көп жазап, ишти

бүлдүрүп, жанын күйдүрүп жүргөнүн айтып, жакшылап тарбиялап,

тентектигин калтырып берүүсүн суранат. Бирок анын тилеги ишке ашпайт. Телибай молдонун да тилин албайт, анын айласын кетирет, дептерлерин жыртат, айтканын укпайт, аны да жадатат. Бир күнү айласы кеткен молдо аны үйүнө кубалайт.

Ошол кезде окуя кайрадан чиеленип, анык көйгөй эми башталганын

акын мындай деп улантат: көрсө ошол кезде карып калган Дадаңбайды ажал

тороп, бир канча күн ооруп жатып, бул дүйнө менен кош айтышат. Үйдө жалгыз энеси акылсыз баласы менен калат. Жакыр, оокаты жок болсо, карыган кемпир ишенген баласы Телибайга иш тапшырып отурганы:

Телибайдын энеси

«Балам»-деп буга кеп айтат:

Кыргыз акын-жазуучулары-балдарга, окуу хрестоматиясы, 1-том, Б.,

2010, 38-б.)

«Атаң өлдү-деп айтат.

Кепин кылар матаӊ жок,

Кантип муну көмөбүз,

Мындан жаман капаң жок.

Конокко соер коюң жок,

Эчтеке менен оюң жок…» Албетте, ишенген эркек баланын милдети да ушул эмеспи, атасын жерге

коюп, артынан ариетин жасап, жакшылап көөмүп, ырасмилерин жасашы

керек. Ушул милдетти эми Телибай аткара алар бекен? Апасынын

тапшырган ишин дурустап жасаар бекен?

Апасынын тапшыруусу боюнча ал турмушка чыккан эжесинин үйүнө

келет, «Арманың барбы эжеке, атаң өлдү» деп айтып, эжесине атасы өлгөнүн

орой сөз менен угузат. Акылы болбосо, ошол да. Кейип-кепчиген эжеси

атасын коюуга кам көрүп, союшуна коюн, челпегине унун, кепинине

кездемесин аябай бере турган болот. Кармай тур деп Телибайга баласын

карматып, эжеси коюн сааганы кетет.

Телибай андан да акылсыз иш жасайт: бала Телибай алганда эле

ыйлайт, эмнеге ыйлап жатат деген ой менен ал баланын башын сылайт. Ката

элек эмгегин баамдайт. Былкылдаган эмгегин ириңдеп кеткен жара турбайбы деген акылсыз Телибай аны бекер ыйлап жатпаптыр деп, кам көргөн киши өңдөнүп, мээсин чукуп алып, кичинекей наристени өлтүрүп таштайт. Аны көргөн эжеси Телибайга атасын көмүүгө керектүүлөрдү берип, акылсыз инисин үйүнө кубалайт.

Ушуну менен акын Тоголок Молдо адамдын эң эле акылсыздыгынын

бир белгисин мына ушундай далил менен сүрөттөйт. Эжесинин үйүнөн келе жатып, Телибай коюн «кудайдын ити» карышкыр менен жарыштырып, кимиси күлүк экен деп сынагысы келип, талаага кое берди. Бул-бир. Экинчиси, андан бери келе жатып жол боюндагы булакты көрүп, «кудайымдын казаны куру эле кайнап жаткан тура»-деп, колундагы челпектик унду ага бүт бойдон салып кете берди. Аны менен эле бүтүп калбай, жыртышка деген матасын жол боюнда шамалга башын ийген

камыштарга «кудайымдын келинчеги бүркүнчүгү жок эле бийлеп жаткан

экен»-деп, айрып-айрып жер жайнаган камыштын баштарына байлап кете берет. Андан ары ал келесоо Телибай атасын көмүү менен иши жок, энесинин абалын билүү оюнда жок, талаалап кетип калат...

Ошондо анын башка агалары: «Бул Телибай оңбойт, дегеле адам

болбойт-деп, жанына чакырып алып, мындан кутулууну ойлошот. «Тоого барып, алтын томкоруп, бай болобуз»-деп, ээрчитип алышып, ташты кызарта ысытып тоголотушат да, мунун анык акылы жок экенин көргүлөрү келет. Телибай болсо:

«Таш барып түзгө жеткенде,

Басып калды кучактап,

Териси ташка жабышты,

Тентектин эбин табышты.

Ыйкыйасаң-ыйкыйа,

Чыйкыйасаң-чыйкыйа-деп, ысыган ташка куйкаланып өлөт. Ошентип,

атасы да тарбиялай албаган, молдо да билим берип акыл үйрөтө албаган, коомго керексиз акылы жок Телибайдан бир туугандары кутулушат.

Поэманын темасы, материалынын мазмуну эч качан эскирбеген, тарбиянын түбөлүктүүлүгүн камтып тургандыгы менен да баалуу. Бул мурда

да, бүгүн да, эртең да актуалдуулугун жоготпой, тарбиялык таасири күчтүү

чыгарма боюнча улуттук балдар адабиятыбызда кала берери шексиз.

Акылдын жаш адамга да, кары адамга да керектиги тууралуу, анын

негизги жашоо куралы экендигин эске салган «Абышка-кемпирдин көмөчү»

поэмасы мындан кем эмес тарбиялык күчкө эгедер.Бул поэманын каармандары, анын ичинде, өзгөчө ачуулуу кемпир кадимки А.С.Пушкиндин «Балыкчы жана алтын балык тууралуу» жомогундагы кесирлүү кемпирди эске салат. Андагы тили заар, пейили тар, ачуулуу кемпир Тоголок Молдонун аталган поэмасындагы кемпирге кыйла терс сапаттары жана кыял-жоруктары менен окшош, типтүү каарман сыяктуу

образ. Экөөндө тең кемпирлер кесирлүү, абышкаларын адам катары

санашпайт, күндө урушуп, абышкасын бийлеп алат, алдында турган

тамактарын дурустап жасай алышпайт, бар турган тамак-аштын баркына

жетпейт, колундагы ырыскыларын көтөрө алышпайт, акырында бактысынан

ажырап отуруп калышат.

Акыл-эстүү болууга ар кимди үндөгөн, акыл-айланын да ар качан

керектигин эске салган акындын дагы бир чыгармасы – «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы» аттуу тамсили. Мында да, өз ырыскысынан аңкоолугунан улам айрылары жана акыл жана айла-амал менен кандай гана шарттан болсо да кутулууга болорун, ал үчүн эң негизгиси-акыл керек экенин дагы бир ирет ырастайт акын. Анда оозуна тиштеп алган ырыскысы-бөдөнөдөн кесирлүү түлкү кантип айрылды? Байкап көрөлү. Түлкүнүн оозунда, курч азуусуна туш келип, өлөрүн санап калган бөдөнө акыл ойлогонго жетишкенин кара. «Арзымды уккун, түлкү аке, жесең да, адалдап же-деп, алтыга чейин санаткысы келет. Канчалык куу болсо да, эч кимге алданбаган түлкү ушул жолу акылдуу бөдөнөгө алданат, тактап айтканда, куулук канчалык күчтүү болсо да, бир күнү акылга жеңилет деген элдик накылды эске салат.

Макул-деп түлкү ынады,

Санамакка чыдады…

«Бир» десе, түлкү «бир» деди,

«Эки» десе, «эки» деп,

«Үч» десе, түлкү «үч» деди… Акырында, «акылдын анты алты эле» деп,

бөдөнө «алты» дегенде, түлкү да «алты» деп оозун ачканда, бөдөнө «пыррр»

эте түлкүнүн азуусунан кутулуп учуп кетет…«Оозунан алдарган» деген

элдик сөз дал ушунун өзү. Албетте, оозундагы ырыскысын аңкоо гана

алдырат. Ал үчүн акылдын күчү керек жана ал жеңип чыгат. Мында да дал

ошондой болот. Ушундай эле, айткан сөзүнө тура албаган, жалкоо, өз оокатын тыңдап кыла албаган, утурумдук өткөргөн күнү менен ыраазы болуп жүрө берген, акылы чолок адамдын образын берген «Иттин доолдай тиктирем» дегени аттуу тамсили да акын Тоголок Молдонун канчалык күчтүү элдик педагог экендигин, андагы кышында үшүп кыйналганда, жаз келгенде чыгынып туруп бир суук өткүс чапан согуп албасамбы, - деп кыялданганы, бирок жаз келип күн жылыганда, кышында үшүп-тоңгонун унутуп, жыргап-куунап жайлоодо жүрүп, эч кандай иш кылбай, баягы эле жалкоолугунун айынан турмушун оңой албаганы - тамсилдин негизги тарбиялык маани-маңызын түшүндүрөт.

Демек, акын, элдик педагог Тоголок Молдо мына ушундай

поэмаларындагы, тамсилдериндеги оң жана терс каармандары менен баланы

акыл-эстүү, ыймандуу жүрүм-турумга чакырат. Анын мындай каармандары балдарга үлгү болуу менен, элдик таалим-тарбия берерлик таасирдүү чоң күчкө ээ.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!