СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уй бүлөдө, кочодо болуучу чыр чатактар

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Уй бүлөдө, кочодо болуучу чыр чатактар»





Сабактын темасы: үй булөдөгү, мектептеги, көчөдөгү, окуучулар ортосундагы келип чыгуучу чыр чатактуу кырдаалдар.

Сабактын максаты:1 Окуучулар үй бүлөдө , мектепте, көчөдө, окуучулар ортосундагы кетип чыгуучу чыр чатактуу кырдаалдар тууралуу кеӊири маалымат алышат. Чыр чатактын окуучуларга тийгизген тескери таасирин билишет жана кырдаалдан чыгуу жолдорун үйрөнушөт.

2.Ой жүгүртүүсүн,сөз байлыгын , эркин сүйлөөсүн өнүктүрүшөт.

3. Ынтымактуулукка, биримдүүлүккө , толеранттуулукка тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы: доска, маркер, бор, проектор, экран, сүрөттөр, окуу китеби, ватман.


Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иши

Үй тапшырманы суроо

Жаӊы теманы түшүндүрүү

Бышыктоо

Окуучулардын билимин баалоо

Үйгө тапшырма берүү

Саламатсыӊарбы, балдар , анда эмесе сабагыбызды баштайлы. Сабакты баштар алдында силерди эки топко бөлүп алсам. Жаз, күз мезгилинде төрөлгөндөр 1-топко , ал эми кыш , жай мезгилинде төрөлгөндөр 2-топко келсеӊер.

Силер менен өткөн сабакта жактырбай мамиле жасоодо чыгуучу коркунучтуу жана олуттуу чыр чатактын көрүнүштөрү боюнча сүйлөшкөнбүз.

Суроо:

Силер кимдерге жактырбай мамиле жасашыӊар мүмкүн?( Окуучулар жооп беришет)

Жактырбай мамиле жасоодо адамдар ортосунда кандай көрүнүштөр болушу мүмкүн?

Желе оюнун ойнотом (Жипти берип окуучуларга суроо берем)

Суроо:

Адамда кандай жаман сапаттар бар?( Окуучулар жаман сапаттарды аташып, жипти бири-бирине тоголотушат. Натыйжада желе пайда болот.) Карагылачы, Жаман сапаттар силерди чырмап алды , эми желеденбошону үчүн биз жакшы сапаттарды айтышыбыз керек.

Суроо:Адамда кандай жакшы сапаттар бар? (Окуучулар жакшы сапаттарды айтышып, желени чечишет)

Азаматтар, карагылачы жаман сапаттарды силер жакшы сапатыӊар менен жоюп желеден бошондуӊар.

Мен силерге барак таратып берейин , ал барактарга өзүӊөрдө болгон жакшы жана жаман сапатыӊарды жазып, досада илинген эки алма бакка илебиз.( Окуучулар өздөрүнүн жакшы, жаман сапаттарын жазып. Доскадагы баккаилишет)

Балдар карагылачы силерге кайсы алма бак жакты? (Окуучулар айтышат Онгөн алма бакты жактырышат)

Ооба, азаматсыӊар, демек жакшы сапат адамдын ажарын ачып, келечеги кеӊ болушуна жардам берет экен. Ал эми жаман сапаттар адамды өсүп өнүгүсүнө тоскоолдук болуп, адамдар ортосундагы чыр чатактуу кырдаалдын түзүлүшүнө алыпкелет экен.







Жаӊы теманы түшүндүрүү:


Акылга чабуул . Суроо берилет:

Айткылачы чыр чатактуу кырдаалдар кайда болушу мүмкүн) (Окуучулар жооп беришет. Көчөдө, үйдө, мектепте , доскада илинген сүрөттөрдү ачам.)

Суроо: Кимдердин ортосунда чыр чатактуу кырдаал түзүлүшү мүмкүн? ( Окуучулар жооп беришет Ата-эненин, достодун, классташтардын, улууу менен кичүүнүн ж.б. Доскага жазам)

Суроо: Чыр чатак болбошу үчүн эмне кылыш керек? (Окуучулар жооп беришет,доскага жазам)

Азаматсыӊар, мына ушундай чыр чатактуу кырдаалдар окуучулардын, ата-эне менен баланын ортосунда зордук зомбулуктун пайда болушуна алып келет. Анда эмесе көӊүлүӊөрдү экранга бурсаӊар. «Мектептеги зомбулук»деген слайд көрсөтүлөт)

Мына ушундай тескери көрүнүштөр мектепте гана болбостон үй бүлөдө да болушу мүмкүн.

(Слайд көрсөтүлөт, «үй бүлөдөгү зомбулук» , «Кубаттын окуясы » мындай көрүнүштөр бүгүнкү күндө болуп жатканы өкүнүчтүү «Азалия» деген тасма көрсөтүлөт, талкуулайбыз)

Мына ушуга окшогон көрүнүштөр көп катталып жатканы зээнди кейитпей койбойт.

Суроо: Адамдар ортосунда чыр чатактуу кырдаалдар болуп, ал нерсе зордук-зомбулукка айланып кетпөөсү үчүн эмне кылыш керек?( Окуучулар жооп беришет)

Азаматсыӊар, мен силерге бир барак берем , силер ал баракты жаман көргөн, же болбосо таарынган адамыӊар деп элестетип мыжыгасынар. Окуучулар мыжыгат. Бырышкан баракты алып карагылачы, баштагы тегиз, жылмакай барак айрылайын деп калыптыр. Эми силер ушул эле баракты жакшы сөзүӊөрдү айтып сылайсыӊар. Окуучулар сылашат. Көрдүӊөрбү силер жакшы созүӊөрдү арнап канчалык сыласаӊар дагы барак баштапкы калыбына келген жок, ошол себептен бири-бириӊердин , ата-энеӊердин , бир туугандарыӊардын , мугалимдердин көӊүлүн оорутпаганга аракет жасагыла, себеби, адамдын көӊүлү ушул барактай назик, жумшак болот.Канча убакыт өтсө дагы адамдын көӊүлүндө таарыныч калат ошол себептен эч убакта жакын адамыӊардын көӊүлүн оорутпаганга аракет жасагыла.

Доскада илинген «Бактылуу үй бүлө», «Достор» сүрөтөрдү көрсөтүп, Балдар мен силерге ушундай бактылуу үй бүлөдө жашап, досторуӊар көп болушун каалайм.


Окуучулардын билимин баалоо: Смайлик менен баалайм( жылмайган, жарым жылмайган, капалуу)


Үйгө тапшырма берүү: «Менин досум»темасында дилбаян жазып келүү






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!