СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уюштуруучулар учун

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                                                                         «Бекитемин»

                                                                                 Мектеп директору________

                                                                                     01.09.2019-ж

№________  орто мектебинин  уюштуруучусунун 2019-2020-окуу жылына карата диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръш\\ боюнча т\згън  иш план

Аткарылуучу иштин мазмунун

Мъънът\

Ким аткарат

1

Диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръш\\ боюнча иш чара т\з\\ жана аны бекиттир\\

Тарбия иштери боюнч директордун орун басары

сентябрь

2

«Жаштар диний экстремизм жана терроризмге каршы» деген темада тегерек стол ъткър\\

8-9-10-класстын окуучулар жана кл.жет

Октябрь

3

«Диний экстремизм жана терроризм- эл тынчтыгынын кыяматы»  (ьалкуу ъткър\\)

5-9-кл.      Кл.жетекчилер

Ноябрь

4

Диний экстремизм жана терроризм жън\ндъг\ кино тасмаларды окуучуларга кърсът\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Декабрь

5

Диний экстремизм жана терроризм жън\ндъ ар бир класста т\ш\н\к бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Январь

6

Сириядагы кайгылуу окуялар боюнча окучуларга маалымат бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Февраль

7

«Мекеним \ч\н, элим \ч\н- диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръшъм\н» деген темада дил баян жаздыруу

8-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Март

8

«У. Бен Ладен деген ким?» аттуу тарбиялык сабак ът\\

10-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Апрель

9

«Ааламда тынчтык болсун» деген темада кече уюштуруу

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Май

10

Мечитке барган окуучуларды учетко алуу, алар мене ниш алып баруу

2-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Убагында

11

«Мен киммин, кайдан келгем, кайда барам»  (талкуу ъткър\\)

9-10-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Декабрь

12

Д\йнъдъ болуп жаткан терроризм боюнча балдарга маалымат бер\\, алардын зыяндуулугун, туура эмес иштер жасалып жаткан боюнча окуучуларга т\ш\н\к бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Убагында

13

 

 

 

 

 

14

 

 

 

 

 

 

 

Тузгон:            Ыбышова К

 

Просмотр содержимого документа
«Уюштуруучулар учун»

«Бекитемин»

Мектеп директору________Н. Орозбаев

01.09.2019-ж

№24 Арпа- Тектир орто мектебинин уюштуруучусунун 2019-2020-окуу жылына карата диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръш\\ боюнча т\згън иш план

Аткарылуучу иштин мазмунун

Мъънът\

Ким аткарат

1

Диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръш\\ боюнча иш чара т\з\\ жана аны бекиттир\\

Тарбия иштери боюнч директордун орун басары

сентябрь

2

«Жаштар диний экстремизм жана терроризмге каршы» деген темада тегерек стол ъткър\\

8-9-10-класстын окуучулар жана кл.жет

Октябрь

3

«Диний экстремизм жана терроризм- эл тынчтыгынын кыяматы» (ьалкуу ъткър\\)

5-9-кл. Кл.жетекчилер

Ноябрь

4

Диний экстремизм жана терроризм жън\ндъг\ кино тасмаларды окуучуларга кърсът\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Декабрь

5

Диний экстремизм жана терроризм жън\ндъ ар бир класста т\ш\н\к бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Январь

6

Сириядагы кайгылуу окуялар боюнча окучуларга маалымат бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Февраль

7

«Мекеним \ч\н, элим \ч\н- диний экстремизм жана терроризмге каршы к\ръшъм\н» деген темада дил баян жаздыруу

8-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Март

8

«У. Бен Ладен деген ким?» аттуу тарбиялык сабак ът\\

10-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Апрель

9

«Ааламда тынчтык болсун» деген темада кече уюштуруу

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Май

10

Мечитке барган окуучуларды учетко алуу, алар мене ниш алып баруу

2-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Убагында

11

«Мен киммин, кайдан келгем, кайда барам» (талкуу ъткър\\)

9-10-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Декабрь

12

Д\йнъдъ болуп жаткан терроризм боюнча балдарга маалымат бер\\, алардын зыяндуулугун, туура эмес иштер жасалып жаткан боюнча окуучуларга т\ш\н\к бер\\

5-11-кл окуучулары жана кл.жетекчилери

Убагында

13






14









Уюштуруучу: Кадирова Д.Ш































Сириянын Халаб провинциясынан Ирактын Дияла провинциясына чейинки аймакта халифат орнотконун жарыялаган “Ислам мамлекетинин” согушкерлери орозонун соңку күндөрүндө Мосул шаарында Жунус пайгамбар менен халифа Умардын небересинин мүрзөсүн жок кылды. Тарыхый жайлардын талкаланышына кыргыз коомчулугу да кайдыгер эмес.

Дүйнө мусулмандарын жихадга чакырган “Ислам мамлекети” тобу өткөн аптада Иракта сопуларга таандык имарат жана ыйык жайларды бузуп таштады.

Тарыхый жайлардын таш-талканын чыгарышты

“Азаттыктын” Ирактагы кабарчысы Мосулда Биби Мариям чиркөөсү жана байыркы Оссурия эстеликтери да жардырылганын маалымдады. Мурдараак согушкерлер композитор Усмон ал-Мосулий менен белгилүү араб акыны Абу Таммамга арналып, Мосулда орнотулган айкелдерди да кулаткан болчу.

Мосул шаарындагы байыркы эстеликтер боюнча изилдөө жүргүзгөн ислам таануучу Петр Кубалек дүйнөлүк маанидеги айкелдер менен имараттардын кыйрашына тынчсызданып жатканын билдирди.

Петр Кубалек “Азаттыктын ” өзбек кызматы менен маегинде Ирак жана Сирия аймагында “Ислам мамлекетин” жарыялаган согушкерлер тарабынан акыркы бир аптада талкаланган тарыхый жайларды бирден санап берди:

- Маданий эстеликтердин бузулушу Мосул шаарында көп катталды. Мосулдагы Жунус пайгамбардын кабыры жана мечити жардырылды. Адам алейхиссаламдын үчүнчү уулу Шис пайгамбардын мүрзөсүн да бузушту. Жиржис пайгамбардын мазарын жок кылышты. Жиржис пайгамбарды христиандар ыйык Георгий деп урматташат. Төртүнчүсү - улуу сопу, окумуштуу Абу Улонунун күмбөзү да жардырылды. Бешинчиси - Мосулдун четиндеги Махмур шаарчасында халифа Умардын небереси – Абдулла Ибн Исамдын мүрзөсүн да кыйратышты. Ыдырыс пайгамбардын кабырына да динамит жайгаштырып, жардырууга даярдап коюшкан.

Окумуштуунун айтымында, Мосулдагы Биби Мариямдын чиркөөсү, Мосулдун символу болгон байыркы кыйшык мунара жана Оссурия дооруна таандык тарыхый жерлер талкаланды.

Аталган эстеликтердин жок кылынышына байланыштуу шейшемби күнү ЮНЕСКО өкүлдөрү да кабатырлыгын билдирди.

“Азаттыкка” маалымдагандай, Ирактагы байыркы жайларды бузуп жаткан согушкерлер өздөрүн “салафийлер” деп аташат жана ал жерлер туура эмес сыйынуучу жайларга айланып кеткендиктен, талкалап жатышканын интернетке жүктөгөн тасмалар аркылуу билдиришти.

Жунус пайгамбардын мечитин жардыруу, Мосул, 24-июль.

Дин тарыхка каршы чыкпашы керек

Эгер радикал көз караштагы динчилдердин оюна таянсак, анда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Шах-Фазл мунарасы, Чаткалдагы Ыдырыс пайгамбар күмбөзү, Жалал-Абаддагы Аюп пайгамбардын күмбөзү, Манастын айкели да бузулушу керек.

Жазуучу Абды Сариевдин айтымында, Кыргызстандагы ислам фанаттары мындай аракеттерди мындан бир топ жыл илгери эле баштаган:

Ислам фанатизмин акыл-эстүү пайдаланбаса, элге кесепети тийиши мүмкүн. Кыргызстанда да үч-төрт жыл мурда мазарларга эмне үчүн барасыңар, бул шариятта жок деп мазарларды өрттөгөн кездер болгон. Кудайдан кийинки ыйыгыбыз болгон Манаска да асылышты.

Абды Сариевдин пикиринде, ар бир элдин өз тарыхы, маданияты болот, ага дин каршы чыкпашы керек. Ал эми дин аалымы Чубак ажы Жалилов учурда Кыргызстанда мындай маселе жок экенин айтат:

Биринчиден, бүгүнкү күндө айрыкча шийит мусуламандар отурукташкан жерлерде адамдар пайда табыш үчүн курулган күмбөздөр бар. Бул жерде чын эле ошонун мүрзөсүбү же жокпу деген маселе келип чыгат. Экинчиден, Кыргызстанда мусулман коомчулугу негизинен суннит багытын тутунгандыктан, бизде кабырларды өтө эле ардактоо, зыярат кылуу маселеси көп орун алган эмес. Бизде деле Ыдырыс пайгамбардын кабыры бар. Ага зыярат кылгандар деле аз. Дин илиминде бул пайгамбарлар чын эле ошол жерде коюлганы же коюлбаганы айтылган эмес.

Чубак ажы Жалилов мындан сырткары Кыргызстандагы мусулман коомчулугу Палестинадагы мусулмандар арасында болуп жаткан башка маселелерге өз пикирин билдиришкенин, ал эми мазарлардын бузулушу боюнча сырттан гана көз салып турганын белгиледи.

Шис пайгамбардын мечитин жардыруу, Мосул, 25-июль

Ала-Букадагы Шах-Фазл мамлекеттик корук-музейинин жетекчисиЭркин Бегимкуловдун пикиринде, Кыргызстандагы же жалпы эле Борбордук Азиядагы тарыхый эстеликтердин көбү ислам таасири гүлдөп турган мезгилде курулган, азыр мындай эстеликтерди талкалоо “бөрк ал десе, баш алган” ислам фанаттарынын ойлоп тапканы:

Биздеги ислам архитектурасы менен курулган тарыхый жайлар ислам күчүнө кирип турган кезинде, миңинчи жылдары курулган. Андыктан тарыхый баалуулуктарды талкалоо бул - жапайылык. Туура, бир гана Аллага сыйыныш керек. Мурда бизде мындай жерлерге келип сыйынгандар 60-70 пайыз болсо, азыр бир гана пайызды түзөт десек болот. Бирок пайгамдарлардын күмбөздөрүнүн талкаланып жатканы туура эмес. Пайгамбарлар Аллага жакын инсандар болгон. Аларга барып зыярат кылуу күнөө болуп калабы? Мисалы, Манастын күмбөзүнө барып эч ким сыйынбайт. Ал жерге зыярат кылганы барат.

Ал эми Куранды, ислам тарыхын түп нускадан которгондордун бириШамсуддин Хакимов биздин коом азыр дүйнөдөгү исламдык аракеттердин маңызын түшүнүүгө даяр эмес экенин айтат:

Бул талкууну жыйынтыкташ үчүн ислам дининин тээ эзелки тарыхын изилдеш керек. Себеби тарыхта ошондой окуя болгон. Али рази Аллохуну жөнөтүп жатканда пайгамбарыбыздын “Кайсыл жерден күмбөз көрсөң талкала” деген буйругу бар. Мааниси - ошол күмбөзгө эл сыйынып жаткан болсо. Исламда айтылган нерселердин аткарыла турган жана аткарылбай тургандары болот. Азыр Иракта пайда болгон халифаттын халифат болушу да суроо? Мисал үчүн пайгамбарыбыздын халифалыгы халифат болуп калыптанганга чейин мамлекет катары калыптанган.

Бирок ислам дининин башка аалымдары Мухаммед пайгамбар күмбөздөрдү бузгула деп ислам алгач жайыла баштаганда мазарларга сыйынуу күч алып турганда айтканын, кийин бул тенденция өз нугуна түшкөнүн айтышат.

Айрым динзарлардын айтымында, жакында Бишкектен казылып алынган Будданын эстелигин сактоо үчүн музейге кабыл алынганы боюнча терс пикир айтылбаганын эске алсак, анда Кыргызстандагы мусулман коомчулугу тарыхый эстеликтерге гумандуу көз карашта.





















Санжар Эралиев











КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-июнундагы № 288

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө  жобону жана Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сарамжалдуу пайдалануу жана Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2009-жылдын 2-октябрындагы жыйынынын № 14 протоколун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобо;

Атайын уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү чарбалык, коммерциялык жана башка илимий максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн (жеке менчикте болгон жерлерден башка) алып коюлуучу жапайы өсүмдүктөрдүн, алардык бөлүктөрүнүн жана азыктарынын (мөмө-жемиштер) түрлөрүнүн тизмеси;

- Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксаттын бирдиктүү формасы;

- Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйнооэрежелери.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын
 Өкмөтүнүн
2011-жылдын 6-июнундагы
 № 288 токтому менен бекитилген

 

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга
 атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобо

 

Бул Жобо өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин атайын жаратылышта пайдалануу тармагындагы укуктук мамилелерди белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделет.

 

1. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу принциптери

 

1.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде атайын жаратылыш пайдалануу чөйрөсүндө пайда болуучу укуктук мамилелер мамлекеттик токой фонду жөнүндө нормативдик актыларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобо менен жөнгө салынат.

1.2. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугу акы төлөөнүн негизинде берилет. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкасы «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

1.3. Акы алуу тартиби «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.

1.4. Жеке менчиктеги же менчиктин жеке формасында негизделген жеке жактардын же юридикалык жактардын (ижара акысында) пайдалануудагы өсүмдүктөрдүн дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун өлчөмдөрү жана формалары жер участогунун ээси (пайдалануучу) менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну жүргүзүүгө ниеттенген адамдын ортосундагы жарандык-укуктук келишимдин шарттарында аныкталат.

1.5. Чарбалык, коммерциялык жана башка максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өсүмдүктөрдүн запастары, алардын бөлүктөрү жана продуктуларын (мөмө-жемиштерин) алып коюу атайын уруксаттар боюнча гана жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, алардын бөлүмчөлөрү, бөлүмдөрү же болбосо башка адистештирилген илимий уюмдар жүргүзүүчү жыл сайынкы мониторингдин жыйынтыгынын негизинде аныкталат.

1.6. Атайын уруксатты берүүдө ыйгарым укуктуу орган адистештирилген илимий уюм жүргүзгөн жана берген жыл сайынкы мониторингдин жыйынтыгын эске алууга милдеттүү.

1.7. Айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчиктеги же болбосо пайдалануучулардын ар кандай түрлөрүнө пайдаланууга берилген жерлерге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Экспорттоо лицензия боюнча ишке ашырылуучу өзгөчө товарлардын тизмесине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүн алып коюуга жалпы лимит белгиленет. Өсүмдүктөрдүн калган түрлөрүн алып коюу белгиленген нормаларга, эрежелерге жана мөөнөттөргө ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

2. Мамлекеттик же муниципалдык (коммуналдык) менчикке таандык болгон жана алып коюу атайын  уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү жапайы өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн тизмесине кирген өсүмдүктөр  дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга укук алуу

 

2.1. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу укугун юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактар алуусу мүмкүн.

2.2. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга атайын уруксат жаратылыш пайдаланууну атайын уруксатта көрсөтүлгөн көлөмдө жүргүзүү үчүн керектүү болгон уруксат берүүчү документ болуп саналат. Башка мамлекеттик жана муниципалдык органдар өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алган адамдан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жаратылыш пайдаланууну кошпогондо, жайыттардын категориясына караштуу жерлерди алып коюуга кошумча акы төлөөгө же кошумча уруксат берүүчү документтерди талап кылууга укуктуу эмес.

2.3. Белгиленген формадагы атайын уруксатты берүү ишканалардын, уюмдардын жана башка юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, ал эми жарандар үчүн - алардын арызы боюнча арыз берилген учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Арыз берүүчү берген маалыматты текшерүү зарыл болгон учурда атайын уруксат берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок он жумуш күнүнөн ашпайт.

2.4. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алууга билдирме (арыздар) айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органына берилет. Арыз берүүчү айлана-чөйрөнү коргоонун борбордук органына, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органына кайрылууга укуктуу. Борбордук органдан уруксат алынган учурда, мындай уруксат жаратылышты пайдалануунун башталышына чейин өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну жүргүзүү жери боюнча аймактык органда катталууга тийиш.

2.5. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга атайын уруксатты алууга билдирмеде (арыздарда) төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- билдирме берүүчүнүн толук аталышы, дареги (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү жана жашаган жери (жеке жак үчүн);

- түрлөр боюнча өсүмдүк ресурстарынын даярдалышынын болжолдуу көлөмү;

- өсүмдүк ресурстарын даярдоонун же башка түрлөрүн пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү;

- даярдоо жүргүзүлүүчү аймак (облус, район, айылдык округ, капчыгай);

- даярдоо жолу (чабуу, жыйноо ж.б.у.с.).

Билдирмеге (арызга) төмөнкү документтер тиркелет:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин органдарында (юридикалык жак үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке жак үчүн) мамлекеттик катталганын тастыктоочу документтин көчүрмөсү;

- билдирме берүүчүнүн мамлекеттик катталган жери боюнча салык органдарында билдирме берүүчүнүн катталганын тастыктоочу документтин көчүрмөсү (ИННдин көчүрмөсү же ИННди көрсөтүү менен салык органдарынан маалымкат);

- жаратылыш пайдаланууга төлөмдү тастыктоочу документтин көчүрмөсү.

Билдирме берүүчү документтерди мамлекеттик же расмий тилде берет. Билдирме берүүчү берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жеке жоопкерчилик тартат.

2.6. Атайын уруксат бир айдан бир жылга чейинки мөөнөткө берилет. Атайын уруксатты колдонуу мөөнөтү өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугуна уруксат алууну каалаган жактын билдирмеси менен аныкталат.

2.7. Бир аймакта өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга бир нече билдирме келген учурда, билдирмелерде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө бардык билдирмелерди канааттандыруу мүмкүн болбогондо атайын уруксат жакка (адамга) билдирменин түшкөн күнү боюнча аныкталуучу кезек тартибинде берилет. Артыкчылык эртерээк мөөнөттө билдирмени берген билдирме берүүчүгө берилет.

2.8. Билдирме берүүчү жакка атайын уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Анын колдонулуу мөөнөтү объективдүү себептер болгондо атайын уруксат алууга арыз берген жакка ушул уруксатты берүүчү орган тарабынан баш тартууну (чектөөнүн себебин) жазуу жүзүндө негиздөө менен ушул уруксатты берген орган тарабынан азайтылышы же билдирилген көлөмдөрүнүн азайтылышы мүмкүн.

Атайын уруксатты берүүдө баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- билдирме берүүчүгө карата, ага аталган иштин түрү менен иштөөгө тыюу салуучу соттун чечиминин бар болушу;

- ушул Жобонун 2.5-пункттунда көрсөтүлгөн документтерди бербөө же туура эмес таризделиши;

- жаратылышты пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөө;

- билдирме берүүчүнүн анык эмес маалыматтарды бериши.

Атайын уруксат берүүдө баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга жана 10 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирме берүүчүгө билдирилүүгө тийиш. Жогоруда аталган тоскоолдуктарды билдирме берүүчү четтеткен учурда билдирме жалпы негизде каралат.

2.9. Атайын уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксатты колдонуунун мөөнөтүн чектөө же даярдоо (жыйноо) көлөмүн чектөө сотко арызданылышы мүмкүн. Сот атайын уруксат берүүдөн баш тартууну, атайын уруксатты колдонуунун мөөнөтүн чектөөнү же даярдоо (жыйноо) көлөмүн чектөөнү тааныган учурда атайын уруксат үчүн кайрылган жак Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2.10. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат мыйзамдарда белгиленген тартипте жер участогун бөлүүнү кошпогондо, аталган объекттер жайгашкан жер участогун пайдаланууга укук бербейт.

2.11. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга атайын уруксат алган жак даярдалуучу сырьенун түрү жана саны жөнүндө өзгөрүүлөрдү атайын уруксатка киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

2.12. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга атайын уруксатты алган жак жаратылышты пайдалануу процессинде атайын уруксатта аныкталган пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга жол берилген укуктан жогору экенин аныктаса, мындай жак Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2.13. Атайын уруксатты жокко чыгаруу аны берген орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:

- пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен болсо;

- мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер алынса;

- пайдаланууда нормаларды, мөөнөттөрдү, даярдоо эрежелерин жана өсүмдүктөрдүн абалынын начарлашына же жок болуусуна алып келүүчү башка аракеттер жүргүзүлсө;

- пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

 

3. Алып коюуга атайын уруксат боюнча гана жол берилген жана жеке менчикке таандык болгон

же пайдалануудагы (ижара укугундагы) жапайы өсүмдүктүн түрлөрүнүн тизмесине киргизилген өсүмдүктөр

дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алуу

 

3.1. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алуу жер участогунун менчик ээлери (пайдалануучулары) менен ошол жер участкаларында жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алууга талапкер жактардын ортосунда жарандык укуктук келишимдерди түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

3.2. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген тарифтер боюнча акы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынбайт.

3.3. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда жыйноо (даярдоо) фактысын тастыктоочу документ тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан маалымкат формасында берилет.

3.4. Өсүмдүктөрдүн табигый ресурстарын коргоо жана калыбына келтирүү, алардын өсүү чөйрөсүн коргоо жана белгиленген эрежелерди, мөөнөттөрдү, лимиттерди жана нормативдерди сактоо боюнча чаралар системасы менен байланышкан иш-чаралар жер участогунун ээсинин (пайдалануучунун) эсебинен жүргүзүлөт.

 

4. Контролдоо

 

4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык (коммуналдык) менчиктеги, ошондой эле жеке менчиктеги өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы үчүн контролду айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.

 

 

Кыргыз Республикасынын
 Өкмөтүнүн
2011-жылдын 6-июнундагы
 № 288 токтому менен бекитилген

 

Кыргызстандын токойлорунда сейрек кездешүүчү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр бар

Бишкек – “Саясат.kg”. Кыргызстандын жалпы аянты жер шарынын 1%га жетпеген аянтын ээлеген менен дүйнө жүзүндөгү токойлордун 3%ы биздин өлкөгө таандык. Ошол эле учурда табиятта өтө сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар. Мисалы, илбирс Тянь-Шань тоолорун мекендейт. Баткен, Ош облустарындагы арча, Жалал-Абад облусундагы жаңгак токойлор бир гана жергебизге көрк бербестен, экологиялык тең салмактуулукту да сактап турат. Ал эми биологиялык ар түрдүүлүктүн 400гө жакын түрлөрү толлорубуз менен токойлорубузда өсөт. Бирок, Кыргызстандын 5,61% гана аянтын токойлор түзүп, анын 90%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте жайгашкан. Токойлордун жалпы планетага жана жан-жаныбарлардын жашоосуна тийгизген таасири эске алынып, 2006-жылы БУУ тарабынан 2011-жыл Эл аралык токой жылы деп жарыяланган. Ушул жуманын дем алыш күнү (18-сентябрь) республикабыздын токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул маалыматтарды бүгүн КР Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токй чарба агенттигинин статс-катчысы Абдимитал Чынгожоев билдирди.

 

А.Чынгожоев мындан тышкары учурдагы өлкөбүздүн токйлорундагы абал, ийгиликтер менен кемчиликтер тууралуу да маалымат берди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө карагай токойлору карып баратат. Мындан тышкары айылдарга жакын жайгашкан токойлор да кыйылып жатат. Жергиликтүү эл токой байлыктарын курулуш материалдары, отун жана башка максаттарда колдонушууда. Эгер токойлордо 300 миңге жакын калк жашаса, 1 млн. 200 миңге жакын калк токойдун четинде (5 км. аралыкта) жашашат. Андыктан алар негизинен мал чарбасы менен тиричилигин өткөрүшкөндүктөн, токой аянттарын жайыт катары пайдаланышат.

 

2006-жылы республикабыздын токойлору БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюму тарабынан инвентаризацияланган. Бирок эң негизги көйгөй катары токойчулардын өздөрүнүн материалдык-техникалык абалынын начардыгы кала берүүдө. Анткени алардын токойдо жашаганга туракжайы жок. Ат да жетишпейт. Маяна өтө төмөнкү деңгээлде. Мисалы, 2270 кызматкер иштесе, алардын айлык маянасы 2-2,5 миң сомдун гана тегерегинде.

 

Ушул жана башка кыйынчылыктарга карабастан, республикабыздын токй тармагындагы абал акырындык менен жакшырууда. Маселен, мындан бир топ жылдар мурда массалык түргө айланган жаңгак уюлдарын контрабандалык жол менен сатуу ооздукталды. Мындан тышкары элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тал, теректерди өстүрүү менен тактайга болгон керектөөнү камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Ошол эле учурда токой адистерин жеринде даярдап, ички мүмкүнчүлүктүн эсебинен маянаны көтөрүү пландаштырылууда









Нарын облусунда айрым жаныбар менен өсүмдүктөр жоголушу мүмкүн
  • Басып чыгаруу

  • Маалымат бөлүшүү

  •  

0

Жарыяланган учуру: 24.05.2005

НАРЫН. Мындай тынчсыздануу жаратылышты коргоо жана сактоо багытындагы мекеме, уюмдардын 24-майда Нарын шаарында өткөн биргелешкен тегерек үстөл жыйынында айтылды. “Каратал жапырык” мамлекеттик коругунун деректири Асанбай Кырчобаев коруктар илимий иш жүргүзүүнү чама-чаркка жараша гана жүргүзүп жаткандыгын, бирок Кызыл китепке кирген өзгөчө маанидеги жан-жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап калуу коркунучу пайда болгондугун билдирди. Маселен, Соңкөл, Чатыркөлдө гүлдөөчү дүйнөлүк Кызыл китепке киргизилген жоогазын үчүн жагымдуу шарттар түзүлбөй келет. Анткени, Соңкөлдө балык кармагандар тыйылбай жатса, Чатыркөл коруктун тутумунда эмес же Айыл чарба министрлигине толук өтпөй арабөк акыбалда эч көзөмөлсүз калган. Облустук биоар түрдүүлүктү сактоо башкармасынын акиминин орунбасары Сагынаалы Боогачиев ушул жылдын биринчи кварталында Соңкөлдүн 527 кг. балыгы кармалгандыгын маалымдады. Жыйын катышуучулары жан-жаныбар менен өсүмдүктөрдү коргоо үчүн мамлекет тарабынан каражат берүү маселеси чечилбесе жаратылышта жаңы коркунучтар келип чыгат деген бүтүмгө келишти.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!