СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгына карата түзүлгөн кеченин сценарийи

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгына карата түзүлгөн кеченин сценарийи»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ



Жалал-Абад шаарындагы Ж.Болотов атындагы орто №21 мектеп-мекемеси

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 78 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ТҮЗҮЛГӨН КЕЧЕНИН СЦЕНАРИЙИ



















География мугалими: Мониева А.

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ 2023-ж



Жеңиштин 78 жылдыгына карата «Улуу жеңиш тарыхта жашап калат» жыл аттуу кеченин сценарийи.

Музыка :(Кыргызстан)

Алып баруучу кыз:

Желбиреп Кыргызымдын Кызыл туусу

Дуйнөгө эбак таанылып бара жатат.

Максаты жаңыланган Кыргыз эли.

Тарыхтын санжыралуу бетин ачмак.

Алып баруучу бала:

Түздөнгүлө түз тургула, салтанатту аземдин ачылышына карата Кыргыз Республикасынын туусу алып кирилсин (туу киргизилет)

Алып баруучу бала:

Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, эже-агайлар, сиздердин келе жаткан 9-май Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз жана майрамга карата даярдалган «Улуу Жеңишке тарыхта жашап калат» аттуу кечебизди баштоого уруксат этиңиздер. (Гимн ырдалат)

(марш тебүү менен рапорт берилет)

(Эстелик 1 музыкасы коюлат)

Алып баруучу кыз: Өткөн күндөн кан майдандан сес берип,

Турат бүгүн бардык жерде эстелик,

Гүл ордуна койдук ушул кечени

Аталарды, Агаларды эскерип

Алып баруучу кыз: Согуш апаат!Канча жандар согулду.

Согуш апаат! Канча жандар орулду,

Канча токой чычалага айланып,

Канча калаа болуп калып корумду.

Алып баруучу бала:

Каргыш согуш канча жанды жармады,

Каргайт аны өлгөндөрдүн арбагы,

Каргайт аны кара кийген энелер,

Кайра кыргын көрбөсүнчү балдары.

Окуучу: Согуш десек-солк дей түшөт жүрөгүм,

Согуш десе өзгөрүлөт иреңим,

Анткени мен согуш апаат,

Кыргын, өлүк, азап тозок билемин.

Окуучу. Тынч жаткан совет элине,

Кутмандуу кенен жериме.

Батыштан гитлер кол салат,

Уйкуда жаткан элиме.

Радиодогу (Левитандын сөзү)

Окуучу:

1941-жылды 22-июну түнкү саат 4-00 Гитлердик Германия жаш Совет өлкөсүнө 190 дивизия 3950 сомолет, 7415 танкасы менен капысынан кол салды.Совет элинин башына оор ката түн түштү. (Марш музыкасы коюлат)

Окуучу: Дүйнө жүзүн өрт алып,

Кара жалын каптады,

Кыяндай жүрөт шаркырап

Кызыл кандын акканы.

Ушундай апаат күндөрдө,

Уяттан уят эмеспи,

Эр жигит үйдө жатканы.

Окуучу: Мурасым айтып ант берем,

Барамын майдан согушка.

Мекенимден немистерди куушка,

Душмандарга бастырбаган жеримде,

Майтарылбай мекен коргоп турушка.

Окуучу: Көп улуттуу Совет эли биригип

Биз жеңебиз кара күчтү жоебуз.

Кууп барып чегиндирип душманды

Кызыл тууну Берлинге биз коебуз.

Эне: Өчсүн күлү согуш жакан оттордун,

Өчсүн үнү согуш аткан оттордун.

Экинчи ирет ыйлабасын энелер,

Уулдары арабызда жоктордун.

Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» 1-учур. (согуш учуру)

Радиодогу (Левитандын 8-майдагы сөзү)

Алып баруучу кыз: Кегин алып көңүлдөрү жай алып,

Кээси келди колу бутан айрылып.

Алып баруучу бала: Баатырлардын канчалары кайрадан,

Көрбөй калды Ала-Тоосун кайрылып.

Алып баруучу кыз: «Саманчынын жолу» 2-учур.(Согуштан кийинки учур) (Музыкалык эстелик 1)

Алып баруучу бала: Биз турмушта аталардан кеч келип,

Тээ батышта согуш отун кечпедик.

А аталар төрөлө элек биз үчүн,

Кала берди танк алдында тепселип.

Окуучу кыз: Унутпайм эл баатырын түбөлүккө,

Бек сактап ар убакта жүрөгүмө,

Кылымдар өткөн сайын элестетип,

Жашайсын ырларында күүлөрүндө.

Окуучу кыз: Кан жыттанган кандуу согуш болбосун

Кайгы капа бүт дүйнөдө толбосун,

Ойноп күлүп бүт дүйнөдө адамзат,

Окко учуп жоготпосун жолдошун

Окуучу: Аталар жоодон сакташан,

Айбыгып карап жатпастан

Согуштун отун кечишип,

Эл милдетин акташкан.

Окуучу: Ошондогу жеңиштин

Терели дайым жемишин

Атыр жытту гүл өлкө

Бактылуу балдар биз үчүн.

Алып баруучу кыз:

Куйсө да карайып күл болуп,

Өчпөс от жалындайт түбөлүк. (гүл коюлат)

Көркөм окуу

Окуучу: Алдыда эстеликтин гүлдөр батпайт,

Алдыда эстеликтин турам мен үн катпай,

Жел менен чачтарымды сылап өтөт,

Жел менден мына минтип сурап өтөт.

«Эй кыз,

Сен аны билесиң, ким экенин?,

Эмне үчүн мүрзөсүнө гүл өкөнүн,

«Билем, - дедим

Эл үчүн өмүрүн отко тоскон.

Жел менен чачтарымды сылагылап,

Жел бир аз тынчып калат.

Алдынан эстеликтин эл агылат.

(Бий бийленет)

(Жеңиш күнүнүн музыкасы коюлат)

Алып баруучу бала:

Улуу Жеңиш жашоо өлүм дастаны,

Эске салат өткөн күндүш баштагы,

Жеңиш туусу тынчтык үчүн желбиреп,

72 жыл болуп анын жаш чагы.

Алып баруучу кыз:

Бүгүнкү ыр-эртенки күн ырлары,

Бүгүнкү күн жеңиш күндүн жыргалы.

Бүгүнкү күн эсте калатэрдигиң,

Баатырларың кырк бешинчи жылдагы,

Хор: Бүгүнкү күн –Улуу Жеңиш марамы,

Жүрөк толкуйт көңул кунак жайдары,

Эрдикдеп эли үчүн кан төккөн,

Кутту болсун 72 жаш майрамы.

«Тынчтык керек» ырынын музыкасы коюлат

(Кептер менен, шаар учурулат)

Алып баруучу кыз:

Жер жүзүнүн баарында,

Эч качан согуш болбосун,

Апалап жесир болбосун

Алып баруучу бала:

Кулунунан ажырап,

Куюлуп жашы токтобой,

Энелер өксүк болбосун.

Окуучу: Болду жетет,

Өткөн согуш кан аккан.

Уккун дуйнө жер жүзү ,

Болбосун согуш алаамат.

Бизге тынчтык керек,

Тынчтык нуру өчпөс болуп жагылсын.

Хор: Кандуу согуш болбосун

Гүлдөгөн тынчтык орносун,

Элимди Теңир коргосун.

Алып баруучу кыз:

Ушуну менен Улуу Жеңишка карата даярдалган кечебизди жабык деп жарыялайбыз. Кечебизге катышып бергениңиздерге чоң ырахмат.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!