СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери жөнүндө

Просмотр содержимого документа
«Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери.»

Сабактын темасы: Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана элементтери.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана анын элементтери жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар Windows аракеттер системасынын жумушчу столунда өз алдынча иштей алышат жана анын элементтерин өзгөртө алышат.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар, топтордо иштөөдө бири-бирин угууга, сыйлоого, алган билимдерин практикада колдоно алууга тарбияланышат. Предметке болгон кызыгууларын арттыра алышат

Сабактын жабдылышы:Компьютер, ватман, проектор, сүрөт, чаптамалар, топ, гүл, доска,

маркер , таратмалар, ж.б.

Сабактын көрсөткүчтөрү:

  • Окуучулар Windows аракеттер системасынын иш столу жана элементтери жөнүндө түшүнүк алышса;

  • Окуучулар Windows аракеттер системасынын жумушчу столунда өз алдынча иштей алышат жана анын элементтерин өзгөртө алышат.;

  • Топтордо иштөөдө бири-бирин угууга, сыйлоого, алган билимдерин практикада колдоно алууга тарбияланышат. Предметке болгон кызыгууларын арттыра алышат

Сабактын тиби:

Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы:

Аралаш сабак

Сабактын усулу:

Интерактивдүү усул,

топтордо иштөө,

көрсөтмөлүүлүк,

суроо-жооп,

баяндоо,

компьютерлештирүү.


Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу(жагымдуу жагдай) 5мин

б) үй тапшырмасын суроо (5 мин) в) крассворд (5 мин)

г)жаңы тема видео 5 мин, озу тушундуруу (5 мин)

д) практика жузундо аткаруу (10 мин)

е) Бышыктоо(3 мин)

ё) үйгө тапшырма берүү (2 мин)

ж) Баалоо(5 мин)


  1. Саламдашуу:

Эки миң он жетинчи жылында,

Февраль айынын экинчи числосунда.

Саты Токторов атындагы орто мектебинен

Келдик мына жыл мугалим сынагына

Анда эмесе, баарыңар арбагыла.


Балдар: бар болуңуз эжеке!

Мугалим: Анда эмесе балдар 2017-жыл кандай жыл деп жарыяланды:

Окуучулар: 2017-жыл Кыргыз Республикасында “ыйман, адеп жана маданият жылы”

Ыйман – бул адамдын эң баалууу касиеттеринин бири.

Адеп –адептүүлүктү адепсизден үйрөн

Маданият – бул адамдын үлгүлүү жүрүм туруму.

Түрлөрү: кийинүү, сүйлөө, тамактануу, мамиле жасоо, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданияты жана башкалар.

Мугалим: Жакшы балдар бүгүнкү число канчасы?

Окуучулар: 2- февраль, бейшемби

Мугалим: Балдар, келгиле анда 2-февраль күнү кандай маанилүү окуялар болгон

Окуучулар:

  1. Азербейжанда жаштар күнү

  2. Америкада суурлардын күнү

  3. Эстонияда шамдардын күнү

  4. Италияда арчалардын күнү

  5. 1924-жылы Эл аралык лыжа федерациясы түзүлгөн

  6. 1943-жылы Сталинградда немистер артка чегинген

  7. 1970-жылы Мюнхенде нерв трансплантация кылган операция болгон.

  8. 1986-жылы Лихтенштейнде шайлоого аялдар катышкан

  9. 1886-жылы Михаил Фрунзе туулган

  10. 1977-жылы колумбиялык ырчы Шакира туулган

  11. 1907-жылы химик Менделеев каза болгон

  12. 2003-жылы Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча Референдум өткөрүлгөн

Мугалим: Анда эмесе балдар, биз сабагыбыз жакшы маанайда жүрүш үчүн бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алайлы.

  • Санжар сага ден-соолук каалайм

  • Ийгилик каалайм

  • Узун өмүр, жашоондо ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин.

  • Көздөрүң сага абдан жарашат

  • Сабакка активдүү катышууңду каалайм

  • Чачыңдын жасалгасы абдан сонун жарашыптыр

  • Бүгүнкү сабакта жакшы баа алышыңды каалайм

  • Келечекте элдин керегине жараган инсан болушуңду каалайм

  • Адилеттүүсүң, чечкиндүүсүң, сабырдуусуң.

Балдар бири бири менен саламдашып бири бирине жагымдуу маанай тартуулап гүл беришет.

Мугалим : балдар силерге берилген гүлдөрдүн желекчелеринде интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмалар бар, ошол боюнча 2 топко бөлүнгүлө, отуруп алдыкпы балдар силердин тобуңардын аты Wi-FI силердин атыңар internet

Интернет дегенэмне? Бүткүл дүйнөлүк байланыш, мында чексиз көп компьютерлер бири-бири менен байланышкан

Wi-FI деген эмне? Кабелдик байланыш, бирок байланышкан компьютерлер чектелген.

Окуучулар досканын жанында күтүү дарагы, жана таркатмалар бар. Күлүп турган таркатмабыз сабак жакшы өттү дегенди, ал эми кабагы начар болуп турган таркатмабыз сабак жакпады дегенди түшүндүрөт. Сабагыбыздын аягында өзүнөргө жаккан таркатмаларды бирден алып күтүү дарагына илип койсоңор болот.Силердин сабактагы активдүүлүгүңөрдү баалоо үчүн баалоо каражаттары жөнүндө маалымат айта кетейин.

Калпак-“5”

Комуз-“4”

Оймо-“3”

Ар бир жооп берген окуучуларга баалоо каражаттарын берем өзүнөрдүн алдыңардагы баракчага жабыштырып барасыңар.

Сабагыбыз төрт бөлүмдөн турат,компьютердин негизги түзүлүшү да төрт бөлүктөн турат. Ар бир бөлүмдө командалар тапшырмаларды аткарып компьютердин негизги түзүлүштөрүн астыбыздагы доскага толуктап аласыңар. Монитор, процессор, клавиатура, чычканча.

“Кайталоо билим алуунун энеси” демекчи балдар үйгө берилген тапшырманы кайталайлы, ал үчүн колубуздагы интернет жана вай-фай деп жазылган таркатмаларыбыздын артында суроолор бар, ошолорго жооп берейли. Кана ким даяр?

II. Үй тапшырмасы: Таратмалар 1-бөлүм.

  1. Системалыкпрограммалыккамсыздоодегенэмне? Компьютердин ажырагыс бөлүгү, ансыз эч нерсе кыла албайбыз.

  2. Колдонмопрограммалыккамсыздоодегенэмне? Колдонуучуга ыңгайлуу программалардын жыйындысы, аны прграммисттер түзөт.

  3. Программалооинструменттеридегенэмне? Программалоо тилдери жана компьютердин апараттары

  4. Аракеттерсистемаларыдегенэмне? Компьютерде болуп жаткан процесстерди башкаруучу жана колдонуучу менен баарлашуну уюштурган программа

  5. Кандайаракеттерсистемаларынбилесинер?MS-DOS, NORTON, WINDOWS аракеттер системасы ж.б.

  6. MS-DOS аракеттер системасы деген эмне? Компьютер жанганда көрүнгөн кара экрандуу бир эле терезеден турган аракет системасы. Мында программисттер гана иштей алат.

  7. NC- аракеттер системасы деген эмне? Көк экрандуу эки терезе менен иштеген аракет системасы. Америкалык программист Питер Нортон негиздеген.

  8. Windows аракеттер системасы деген эмне? 1985-жылы Билл Гейтс тарабынан түзүлгөн.WINDOWS-бизче терезелер дегенди түшүндүрөт. Көптөгөн терезелер менен иштей алабыз.

  9. Маалымат деген эмне?

  10. Программа деген эмне?

  11. Программалык камсыздалыш деген эмне? Компьютердин узак убакытка сактоочу эсинде сакталган программалардын жыйындысы.

  12. Колдонуучунун интерфейси деген эмне? Программа менен колдонуучунун баарлашуу ыкмасы


Өтүлгөн тема боюнча кыскача бышыктайт.

III.2-болүм Крассворд. Балдар мен силергеой-жүгүртүүңөрдү текшерүү үчүн суроолорду берем, суроолордун жоопторун билгендер болсо кол көтөрөбүз, дене-тарбия сабагы менен байланыштырып силерге топ ойноо оюнун ойноп кроссвортубузду түзүп алабыз.

  1. Жүз сомуң болгончо ,... (жуз досун болсун)

  2. Саат эмнени корсотот? (убакытты)

  3. Хоккей аянтчасы эмне менен капталган? (муз)

  4. Чай кайнайт, айран ... (уюйт)

  5. Төөнун сүтү эмне деп аталат? (шубат)

  6. Дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан жазуучу ким? (Чынгыз Айтматов)

  7. Шайлоо челеги (урна)

  8. Курманжан Датка кинотасмасынын кино режисеру? (Садык Шернияз)

  9. Адам баласынын басып өткөн жолун окутуучу илим? (тарых)

  10. Жамгырдан кийинки жыт (озон)

  11. Өчүргүчтүн орусча аталышы (ластик)


Мына балдар кроссвордду да түзүп алдык. Жумушчу стол деген сөз пайда болду. Балдар дептер, ручкабызды алып жазабыз биздин бүгүнкү өтө турган темабыз:

Windows аракеттер системасынын жумушчу столу жана анын элементтери.

Аракеттер системасы орнотулушу менен жумушчу стол даярдалат. Анда негизинен Мой компьютер (менин компьютерим) жана корзина, мои документы (менин документтерим) папкаларынан турат.

  1. Жумушчу столдогу элементтердин көрүнүшүн өзгөртөбүз.

  2. Жумушчу столдогу элементтерди иреттейбиз.

  3. Жумушчу столду жаңылоо.

  4. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.

  5. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.

  6. Жумушчу столго папка түзөбүз.

  7. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөртөбүз.

  8. Жумушчу столдогу убакытты өзгөртөбүз.

  9. Терезенин түсүн өзгөртүп алабыз.

  10. Пуск менюсуна кирип игра

  11. Жумушчу столдогу элементтерди тез иштөөчү панелге алып келип орнотобуз.

  12. Жумушчу столдогу Bluetooth кызматын көрсөтүп. Сүрөттү жумушчу столго кой жана кагазга чыгар.


Анда балдар көргөн жумуштарыбызды компьютерде аткарып көрөбүз, ал үчүн көрсөтүлгөн компьютердин түзүлүштөрүн табасыңар. Ким тапса компьютерге олтурат.

Ар бир окуучу компьютердин түзүлүштөрүн таап, компьютерден тапшырмаларды көрсөтүп берет. 3-бөлүм.

  1. Жумушчу столдогу элементтердин көрүнүшүн өзгөрт.

  2. Жумушчу столдогу элементтерди иретте.

  3. Жумушчу столду жаңыла.

  4. Жумушчу столго сааты жана календарды кой.

  5. Жумушчу столдун сүрөтүн өзгөрт.

  6. Жумушчу столго папка түз.

  7. Жумушчу столдогу тилдерди өзгөрт.

  8. Жумушчу столдогу убакытты өзгөрт.

  9. Терезенин түсүн кызыл түскө өзгөрт.

  10. Жумушчу столдогу элементтерди тез иштөөчү панелге алыпкел.

  11. Жумушчу столдогу Bluetooth кызматын көрсөт. Сүрөттү жумушчу столго кой жана кагазга чыгар.


V.Бышыктоо

4“Билим-кайталоо менен тастыктоонун мөмөсү” дегендей кана эмесе балдар бүгүнкү өтүлгөн сабактан силер эмнелерди билдиңер?

Билем, Билгим келет, Билдим

VI. 4-бөлүм Баалоо

Ар бир окуучуну топ башчылары алган карточкаларына карап жыйынтык чыгарышат. Ар топтон бирден окуучу өзүнүн тобун баалайт.

Топтордун кандай баалангандыгы алдынардагы доскадагы сүрөттөн көрүнүп турат.

VII. Үй тапшырмасы

Өзүңөр үй бүлөңөр менен сүрөткө түшүп ватсап аркылуу мага жибергиле . Кийинки сабакта жөнөткөн сүрөтүңөрдү жумушчу столго коёбуз.

Менин номерим:0778-82-28 -52





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!