СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысырапкерчилик жөнүндө тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ысырапкерчилик жөнүндө тарбиялык саат»

Тема:Жашоонун мааниси. Сарамжалдуулуктун, үнөмдүүлүктүн

мааниси, ысырапчылыктын зыяндуулугу

Сабактын максаты: жашоонун маанисин түшүндүрүү, экономикалык

тарбия берүү.

Сабактын жабдылышы: Кружкалар, кофе, кайнаган суу, үч литрлик банка,

чоң, кичине таштар, кум, суу.

Сабактын жүрүшү: Мугалим: Жашоонун кыйындыгы эмне менен

байланыштуу, турмуштагы көйгөйлөр кайдан жаралат? – деп суроо коюп,

окуучулардын жообун угат. (Жашоонун маанисин билбей,

ысырапкерчиликке жол берүүдөн жаралат, деген жооп укканча уга берет).

Бири кооз, бири жупуну (айнек, фарфор, пластика, эмаль) болгон ар кандай

кружкаларга кофе куят. Окуучулар бирден кофе алгандан кийин балдарга

кайрылып, мындай дейт:

Көрдүңөрбү, силер кымбат баалуу кооз кружкаларды алдыңар. Ал эми

жөнөкөй, эмальданган кружкага эч ким тийген жок. Жашоодо жакшы

көрүнгөн нерсени алып калууга умтулууңар – силердин көйгөйүңөрдүн

негизги себеби. Кружкалар кофени даамдуу кылып жибербейт. Силер

сырткы көрүнүшүнө маани бердиңер. Биздин максат –кофе ичүү болчу,

бирок кооз кружканы тандадыңар. Андан кийин кимге кандай кружка

тийгендигин салыштырып карадыңар, туурабы?

Ичкенге жараша жакшы кружкадан ичүү керек го, – дейт

окуучулардын бири.

Чындыгында жашоонун мааниси – ички (рухий) нерсе, ал кофе

сыяктуу. Ал эми акча, байлык, иш (кызмат) коомдогу ордубуз, биз тандаган

кийим, буюмдар – (сырткы) кружкалар сыяктуу. Биз көп учурда кружканын

(кийимдин) коозун, кымбатын тандайбыз деп жатып, кофенин даамын,

(жашоонун маанисин) билбей калабыз. Кофенин даамы (жашоонун мааниси) гана кызыктырган адам башкалардын кружкаларын (кийимдерин)

салыштырбайт. Адамдардын баары эле кымбат “кружкаларга” (акчага,

кымбат буюмга, мансапка ж.б.) жете бербейт. Бирок кофенин даамынан

(маанилүү жашоодон) ырахат алуу барынын колунан келет. Жашоодо адамга

бакыт тартуулай турган нерсе – кружка (буюмдар) эмес, ички (рухий) нерсе

(жашоонун маанисин билүү) экенин жакшы билип алганыңар оң, – деп

кофеден ырахат алгандай көзүн жумат. “Кээде каалаган нерсеге жетүүдөн

эмес, болгонго каниет кылып, ырахаттануу бакытка жетүүгө көмөкчү болот.

Адамдар өзүнүн жакшы жашоосу үчүн тынбай күрөшө беришип,

башкалардын жашоосуна маани бербей калышат, ошондуктан өз

жашоосунун маанисин жоготуп алышат” (Симон Афонский). Мааниси

жоготулган жашоо – өмүрдун ысырапкерчилиги. Ысырапкерчиликтин эң

жаман түрү – ушул маанисин жоготкон жашоо.

Эми маанилүү жашоону маанисизден кантип ажыратууга болот, ошого

көңүл бөлөлү. Мугалим үч литрлик банканы коѐт. Бүгүн биз убакытты

үнөмдүү, туура пайдаланып жатабызбы, жашоодо маанилүүнү маанисизден

ажыратабызбы? – деген суроонун үстүндө ойлонобуз. Банкага чоң (диаметри

3-4 см) таштарды салып толтурат.

Банка толдубу?

Толду.

Мугалим пакеттен майда таштарды алып чыгып банкага салат. “Банка

толдубу?”-деп дагы сурайт. Эми толду деп жооп беришет. Мугалим кум алып

чыгып, банкага салат. Эми толдубу? “Толду”. Мугалим сууну банкага куят.

Эми толдубу? Толду, бош орун калбады. Бул тажрыйбанын мааниси эмнеде?

Банка – бул силердин жашооңор сыяктуу. Чоңураак таштар – силердин

жашооңордогу маанилүү нерселер сыяктуу, алар ден соолук, рухий соолук

(ыйман, билим), ата-эне, үй-бүлө, бала-чака... Булар башкасы жок болсо да

толук тургандай көрүнөт. Майда таштар болсо – иш, өнөр, үй-жай, машине,

каражат ж.б. силердин жашооңорго керек болгон материалдык баалуулуктар.

Кум болсо – башка кызыкчылыктар, жоро-жолдош ж.б. нерселер. Суу – той-

аш, оюн-зоок ж.б. калгандары. Эгерде банканы башынан майда ташка же

кумга толтурганда чоң ташка орун калбай калмак. Ошондуктан бардык

нерсени өз убагында толтуруу маанилүү. Майда-барат нерсенин артынан

жүрө берген адамдар чоң “таштарды” жайгаштыра албай (үй-бүлө күтпөй,

ден соолугуна, рухий абалына кам көрбөй) калышат. Ден соолугу чың, рухий

абалы жакшы адам үй-бүлө куруп, бала-чака күтүп, туугандары, достору

менен жолугушуп, эс алып ж.б. жашай берет. Ошондуктан эң маанилүү

нерсени бала кезде аныктап алуу керек. Майдага толтурулган (диссертация

коргойм деп, үй-бүлө күтпөй калган) өмүр – ысырапкерчиликтин эң жаман

түрү.

Майдага кызыккан адамдын колунан чоң иш келбей калат(Ларошфуко). Майда адам чокуга чыкса да майда боло берет, ал эми алпты

аңгекке салса да алп бойдон калат (М.В. Ломоносов). Адамдын наркы анын

өмүрүнүн узундугунан эмес, жашоосунун маанилүү-маңыздуу

өткөргөндүгүнө жараша бааланат. Бул дүйнөдө эч кимге пайдасы тийбей, үй-

бүлөсүн сактай албай, оюн-зоок менен өмүрү өткөн адамдар аз эмес.

Өмүрдүн ысырапчылыгы – өкүнүчкө алып келүүчү нерсе. Маанисиз жашоо –

мөмөсүз боло турган өрүктүн гүлүнө окшош. Адамдардын дени-карды,

рухий дүйнөсү, үй-бүлөлөрү соо болушу эң маанилүү маселе. “Мен соо

болсом, сен, ал соо болсо, коом соо болот” (И.Раззаков).

Эми сарамжалдуулуктун маанисине токтололу. Сарамжалдуулуктун,

үнөмдүүлүктүн пайдасын, ысырапчылыктын зыяндуулугун үйрөтүүчү илим

экономика илими деп аталат. “Экономика” – деген сөз гректин “ойкос” –

үй-жай, “номос” – башкаруу деген сөзүнөн келип чыккан. Экономика – бул

үйдөгү, коомдук чарбадагы каражатты, азык-түлүктү ж.б. сарамжалдуу,

үнөмдүү пайдаланууга үйрөтүүчү илим. Ал адамды сарамжалдуулукка

үйрөтөт. Сарамжалдуулук – колдогу каражатты, азык-түлүктү, малды ж.б.

этияттап, үнөмдүү пайдалануу, бул – тыкандыктын, маданияттуулуктун

белгиси. Cарамжалдуулук – байлыкка алып келүүчү байсалдуу жол,

ысырапкорчулук – жардылыкка алып келүүчү береке кетирүүчү жол.

Сарамжалдуулук – сараңдык эмес. Үй буюмдарын эмеректерди, кийимдерди

этияттык менен урунуу да – сарамжалдуулуктун бир түрү. Энергияны, газды,

отунду, күйүүчү майды, кездемени ж.б. үнөмдүү пайдалануу – үй-бүлөнүн

экономикалык сабаттуулугунун белгиси, ал үй-бүлөнүн тың жашаганына

өбөлгө болот. Коомдук, чарбалык мүлктү сактоо – экономикалык жактан

сабаттуулуктун, маданияттуулуктун белгиси. Аларга көңүл бурбоо –

ысырапчылыктын белгиси.

Бышыктоо. Суроо. Кызынын кийими энесиникинен 2 эсе кымбат болсо

туурабы? Жооп: Бул – кызынын эси жоктугунун, экономикалык билим

жөнүндө түшүнүгү жоктугунун, үнөмдү билбегендигинин белгиси. Үй-

бүлөлүк кирешеден анын мүчөлөрүнүн каалоо-талаптары (чыгашасы) жогору

болбош керек, болсо ал – көйгөйдүн башаты.

Суроо: адам кандай азыктаныш керек? Жооп: ченемин билип азыктаныш

керек. Бул – адамдын ден соолукта жашоонун зарыл шарты. Тамак-ашты

ашыкча жебеш керек, ал ысырапчылыкка жатат, ден соолукка зыян.

Ысырапчылык болгон жерде маңдай тердебейт, каражат чогулбайт, береке

кетет. Ысырапчылыкка жол бербегиле. Жашоодо адамга акча да, байлык да

керек, бирок ал –жашоодогу эң маанилүү нерсе эмес. Акчага тамак сатып

аласың, табитти сатып ала албайсың, төшөк сатып аласың, уйку сатып ала

албайсың, акча үйлөнүүгө керек, бирок сүйүүнү сатып ала албайсың, үй

сатып аласың, үй-бүлө сатып ала албайсың, мал-мүлк сатып аласың, көңүл

сатып ала албайсың ж.б. Байлыгың чөнтөгүңдө болсо кенен, жолуңдакаалаганың болот белен, ден-соолук, бакыт, сүйүү сатылбастыр, акчага көптү

сатып алган менен –деген Асади Туси.

Суроо: эмнеге адамдар буюмга, адамга бирдей мамиле кылбайт?

Жооп: бул дүйнөдө бардык нерсе өз баасына ээ. Ошол эле учурда адам

ишке, буюмга, адамга жакшы же жаман деген баа берет да, берген баасына

жараша мамиле кылат. Адамдын (иштин, мамиленин) келечеги ошол берген

баасына жараша болот.

Мугалим: Америкалык экономист Т.Шульцтун кырк жыл мурда

Нобель сыйлыгына татыктуу болгон изилдөөсү жарыяланган. Коомдун

экономикасынын өсүшүнө 1900-жылы салынган бир сом 1957-жылы 4,5

сомго, ал эми мектептик, кесиптик билим берүүгө жумшалган бир сом 14

сомго өскөн, б.а. 3 эсе көп пайда келтирген. Ата Мекендик

окумуштуулардын эсептөөлөрүнө караганда ал 5,3 эсе көп пайда келтирет.

Экономикабыз өсүш үчүн каражатты кайда жумшаш керек экен? (балдарды

өнүктүрүүгө).

Суроо: кандай учурда нан катып калат, столдо тургандабы, шкафтабы,

пакеттеби? Катыган нанды тамакка пайдаланса болобу? Кантип? Экономика,

сарамжалдуулук, үнөмчүлдүк – адептик түшүнүк, буга макулсуздарбы?

Кедейликтин себебинин бири – ысырапкорчулук, эмне үчүн? Муздак

бөлмөдө эмнеге нымдуулук жогору? Имараттарга эмне үчүн эки кабат айнек

коюлат? Үй-бүлөдө үнөмдөөнүн варианттарын атагыла. Үй-бүлөлүк бюджет

деген эмне? Киреше менен чыгаша кандай болуш керек? Азыр экономикалык

билимдүү адамдар көп, бирок экономикабызда маселе (көйгөй) көп. Эмне

үчүн?

Тапшырма. Убакытты туура пайдаланып жатабызбы, анализдегиле. Бир

жуманын структурасын байкагыла, орто эсеп менен суткалык диаграмма

түзгүлө. Бир күндө канча азык-түлүк желбей ысырап болот? Бир жылда

канча ысырап кылып жатасыңар? Мектепте бир күндө канча кагаз ташталат?

Бир жылда бир мектепте канча кагаз ташталат? 2000 мектепте канча кагаз

ташталат? Айдын башында жана аягында окуучуларга электросчетчикти

карап, үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө бөлүштүргүлө. Кимде үнөмдүү пайдаланып

жаткандыгын аныктагыла. Ысырапты азайтууну сунуштагыла. Бир

киловатт-саат үнөмдөлгөн энергияга 36 нан бышырылат. Күнүгө 10 минут

телевизор аз көрсөк, канча энергия үнөмдөлөт? Бузулган крандан бир саатта

20 литр суу агып чыгат. Бир суткада, бир айда канча суу агат? Айнектин бир

кв.метри – 125 сом турат. Бир айда мектепте аянты 1,4 х 2 9 бир айнек сынса,

мектептин зыяны канча, эсептегиле. Бир буудайдын башы 1,35 г., ар бир

кв.м. жерге бир буудайдын башы жерге түшсө, бир гектар аянтта канча

чыгым болот? Ойлонгула.

Эми сабакты жыйынтыктайлы. Кыргыздар илгертеден үнөмдүүлүккө

маани берип келишкен. Сандык жыйган жүгүңө, сарамжал кылган үйүңө. Отун албаганга от жактырба. Аяп жесе ат калат, коруп жесе кой калат, тарта

жесе тай калат, тартпай жесе не калат. Бар деп төкпө, жок деп чөкпө. Барда

аябаган жокто тойбойт. Барына шүгүр, жогуна тобо кыл. Басыгы бузук ат

аксайт, алкымы бузук эр аксайт. Беш колду оозуңа салсаң, береке кетет.

Нысапсыз үйгө береке токтобойт. Азга алымсынгандар жарды эмес сыяктуу

жашашат, көпкө тойбогондор жарды сыяктуу жашашат. Азга алымсынып,

көпкө каниет кылалы. Токпейил бололу. Барда төкпөйлү, көппөйлү, кулча

иштеп, байча жашайлы.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!