Просмотр содержимого документа
«Заттардын газ, суюк жана катуу абалдары»
Физика сабагы
8-класс
Физика мугалими
Мурзакожоев Абдулла Батыркожоевич
Саламатсыңарбы балдар.
Физика предмети боюнча аралыктан окутуу сабагын баштайбыз.
Физикалык маанидеги макал-лакаптар.
Бир кумалак бир карын майды чиритет
Диффузия
Баш иштебесе буттун шору
Механикалык кыймыл .
Анда келгиле балдар өтүлгөн темалар боюнча кичине болсо да кайталоо жүргүзөлү.
- Р. Майер байкоолорунан кандай тыянак чыгарган?
- температура деп эмнени түшүнөбүз?
- Цельский шкаласы кандай түзүлгөн?
- Термометрлер эмне кызмат аткарат?
Сабактын темасы:
Малекулалардын өз ара аракеттешүү күчү.
Заттын газ, суюк жана катуу абалы.
Сабактын максаты:
1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Броун кыймылын, буулануунун аныктамасын, тең салмактуулук абалын, сымаптын тыгыздыгын билишет.
2. Топтордо иштөө менен бирге заттардын кандай абалда экендигин ажырата алышат.
3. Бири-бирини сыйлоого, оюн угууга тарбияланышат.
Заттардын түзүлүшүн үйрөнүүдө дагы бир маанилүү жагдай- бөлүкчөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттешүү күчү.
Малекулалардын ортосундагы өз ара аркеттешүү күчү
тартышуу күчү
Түртүшүү күчү
Түртүшүү күчү бөлүкчөлөр жакындап, бири-бирине тийише баштаган аралыктардан башталат.
Ошондуктан малекулалардын ортосундагы негизинен тартышуу күчү аракет кылат деп айтабыз.
Балдар биз заттар боюнча 3 топко бөлүнөбүз.
1-топ
Газ
2-топ
Суюктук
2-топ
Катуу зат
1-топ Газ
Газ абалынын негизги мүнөздөмөлөрү болуп анын көлөмү, басымы жана температура эсептелет. Газдар өзүнүн көлөмүн да, формасын да сактай албайт. Толтурулган идишке жараша газдын формасында, көлөмүн да өзгөртө берүүгө болот. Газдардын малекулаларынын ортосундагы аралык бир нече малекулалык диаметрге барабар болот.
Алар дайыма тынымсыз кыймылда болуп өз ара кагылышып турат. Газ мүмкүн болушунча кеңейип кетүүгө умтулат. Газдын бул өзгөчөлүктөрү анын бөлүкчөлөрүнүн орточо кинетикалык энергиясы, алардын өз ара тартышуу потенциалдык энергиясына салыштырмалуу чоң болушу менен түшүндүрүлөт.
Суюктук
Заттын суюк абалы өзүнүн көлөмүн сактап, формасын сактай албайт. Куюлган идиш кандай болсо, ошол форманы алат. Суюктуктардын негизги өзгөчөлүгү агуучулугу болуп саналат. Суюктуктардын малекулаларынын кинетикалык энергиялары алардын өз ара тартышуу потенциалдык энергияларына жакын болот. Суюктуктун малекулалары баш аламан кыймылда болуп, өз ара кагылышып турат.
Суюктуктун айрым малекулалары өз ара кагылышуудан чоң кинетикалык энергияга ээ болуп, суюктуктун суюктуктан бөлүнүп кетүүгө да жөндөмдүү болот.
Ал буулануу деп аталат.
Катуу зат
Заттын катуу абалы өзүнүн формасын да, көлөмүн да сактай алат. Ал гана турсун катуу нерселердин формасын же көлөмүн өзгөртүү үчүн чоң күч жумшоого же температурасын жогорулатууга туура келет.
Катуу нерселердин бөлүкчөлөрүнүн өз ара тартышуу потенциалдык энергиялары, алардын кинетикалык энергиясына салыштырмалуу бир кыйла чоң. Катуу нерселерде бөлүкчөлөр тартышуу жана түртүшүү күчтөрү бири-бирине барабар болгон орундарда жайланышат. Бөлүкчөлөрдүн бул орундары тең салмактуу абалдар деп аталат
Көпчүлүк катуу нерселердин тыгыздыктары суюктуктарга салыштырмалуу бир кыйла чоң.
Алардын ичине, бир катар катуу нерселерден тыгыздыгы боюнча чоң болгон суюктук- сымап гана кирбейт. Сымаптын тыгыздыгы темирге салыштырмалуу эки эсе чоң.
Сүрөттөр боюнча иштесек.
Катуу зат
Суюктук
Газ
Баалоо
Үйгө тапшырма:
§ 9-10 окуп келүү. Эрежелерди жаттоо.
Саламатта калгыла балдар.