СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жакшы ой - туу, жаман ой - уу. (Тарбиялык саат)

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жакшы ой - туу, жаман ой - уу.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Жакшы ой - туу, жаман ой - уу. (Тарбиялык саат)»

ЖАКШЫ ОЙ – ТУУ, ЖАМАН ОЙ – УУ

Сабактын максаты:

  • Ой соолук маданиятын калыптандыруу;

  • Жаман ойдун зыяндуулугун түшүндүрүү;

  • Позитивдүү ой менен жашоонун маанисин түшүндүрүү.


Сабактын жабдылышы:

Доскага төмөнкө учкул сөздөр жазып коюлат:

  • “Адам бирөө жөнүндө берилип тымызын жаман ойлосо, анын көрө албас, ичи тар, кызганычтуу ойлору адамдын өзүнө кайрылып келет, нервин бузат, кыжаалат кылат. Ошентип көзөмөлдөнбөгөн ойлордун зыяны адамдын өзүнө тиет. Жакшы ойлор өзүнө жакшы ойлорду тартат, жаман ойлор өзүнө зыяндуу ойлорду тартат”. Вильям Фолькер.

  • “Ойлобой берген убада адамды азапка салат, аракет этээриңден мурда ойлон”

Махабхаратта.

  • “Эч ким айыга албас үч нерсе бар: башкалар жөнүндө жаман ойлоо, коркуу, ичи тардык. Эгер бирөө жөнүндө жаман ойлосоң аны аткарба, корксоң Жаратканга ишенип жолуңду улант, ичи тардыкты сезсең аны аткарба” Мухаммед ибн Абдулла.


















Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу

5 мүн.

2.

Жаңы тема

15 мүн.

3.

Бышыктоо, 1-көнүгүү

10 мүн.

4.

2-көнүгүү

10 мүн.

5.

Жыйынтыктоо.

5 мүн.

Са

бактын жүрүшү: Үсөн бири-биринин ойлогон о

Уюштуруу (5 мүн.) аткарышы мүмкүнбү?

аксаты: окуучулардын көңүлүн Күтүлүүчү жооптор:

ы темага буруу. • Жок, мүмкүн эмес,

юн

1.


М


жаң




Мугалим: балдар, Асан стадионго барып футбол ойноп келүү жөнүндө ойлоду, Үсөн үй чарбасы жөнүндө камкордук көрүүнү ойлоду, Асан менен

  • Адам көбүнчө өз оюндагысын аткарат.

Жыйынтык: Адам эмнени ойлосо, ошону аткарат.





2. Жаңы тема (15 мүн.)

Максаты: жакшы, жаман ойдун маанисин түшүндүрүү.

Ой − психикалык энергия. Ой аркылуу адам сезимин башкарат. Ой сезимдин алдында жүрөт. Адамга биринчи ой келет, аны сезим ээрчип жүрөт. Адам эмнени ойлосо, ошону кылат. Адам китепканага барып, китеп окуйм деп ойлосо, китепканага барат, дискотекага барам десе, ошол жакка барат (б.а. адамдын жүрүм-турум багытын ой аныктайт). Архитектор курулуштун долбоорун даярдайт (ал ой аркылуу ишке ашат), анан үй курулат. Ой −эң күчтүү курал. Ким өз оюн башкара билсе, каалаган максатына жетет. Улуу акылмандар, жазуучулар, окумуштуулар оюн башкара билишет. Жазуучулардын чыгармачыл ойлому, элестетүүсү, фантазиясы күчтүү болсо, окумуштуулардын логикасы, акыл ой

чабыты күчтүү болот. Алар максаттарына

жетишерин алдын ала көрүп турушат. Инсандын ой жүгүртүүсү (аң- сезимдүүлүгү) анын жүрүм-турум адебин аныктайт. Адамга жакшылык кылууну максат кылган адам, аны ишке ашырууга аракеттенет, жамандык кылуу жөнүндө ойлонгон адам аны ишке ашырууга аракеттенбесе да ниети бузулуп турат.

Адам кыялында эмнени ойлоп, элестетсе, ал ойлор кайра-кайра кайталана берсе, ошол ойлор ишке ашат (материзацияланат). Ойдон этият болуш керек. Эгер жакшы эмес ойлор ниетиңе келсе, ал ойдон баш тартуу керек.

Эгер ал ойду ишке ашырам деп ниет кылса, качандыр бир мезгилде (өзү эле) ишке ашып кетиши мүмкүн. Адамдын ниетинде тазалыкка, адилеттүүлүккө, боорукердүүлүккө, сүйүүгө, жумшактыкка умтулса анын ою ак болуп тазарып, аракети жакшылыкка багыт алат.

Ак ой, туура ой, оң ой, таза ой, адал ой, ырас ой, өрүштүү ой ж.б. ойлорду позитивдүү ой дешет. б.а. тажрыйбага жана фактыга негизделген, оң, туура, таза, ак ж.б ойлорду позитивдүү ой

деп аташат. Позитивдүү ойлор адамды аракетке салат, ийгиликке жеткирет, бактылуу кылат.

Эгерде адам оюнда жамандыкка, арамдыкка, сараңдыкка, көрө албастыкка жол берсе, ою булганып (негативдүү болуп), аракети (бирдемени) бүлдүрүүгө, талкалоого, жамандыкка багытталат.

Негативдүү ой деп − арам ой, жаман ой, кара ой, терс ой, бузуку ой, туура эмес ж.б. ойлорду аташат. Негативдүү ойлор адамды уурулукка, чыр-чатакка,

каракчылыкка, баңгиликке, аракечтикке, бейбаштыкка (хулигандык), сойкулукка ж.б. терс адаттарга чейин жеткирет, алар адамды санаага салат, өкүнүчкө алып келет. Негативдүү ойлордон кутулуп, позитивдүү ойлорду ойлогон дурус, анткени адамдын ою сөзгө айланат,

жан кейитээр сөз айтылбай, жакшы сөз айтылганы дурус, анткени ал башканын да, өзүнүн да маанайына, жүрүм- турумуна таасири тиет, жүрүм-турумдун адептүү болгону дурус, анткени ал адатка айланат, жаман адаттан кутулуп, жакшы адатка көнүккөн дурус, анткен ал сиздин адамдык сыпатыңызды аныктайт, адамдык сыпатыңыз тагдырыңыздын бактылуу же бактысыз болушуна таасир этет.

  1. Бышыктоо.

1-Көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: Позитивдүү ойлорду ойлоп табууга, жаман ойлорду тыюуга машыктыктыруу.

Мугалим: Балдар, төмөнкү тезистерди (ойлорду) уккула, буга ким кандай кошумча киргизет?

  • Абу Халид аль-Газали: (1058-1111) “Билим алуудан алыстаткан бардык байланыштарды үзүү керек. Себеби ойлор чачкын болсо адам өзүн курчаган чындыкты түшүнүү жөндөмүн жоготот.”

  • Барыдан мурда илим издөөгө бел байлаган адам көрүнгөндөн оюн уга берүүдөн кармануусу зарыл,

бул анын акыл-эсин чаташтырып, алсыздандырышы мүмкүн.

  • Акыл-эс ээлери түшүнүшөт, адамдын оюнун тазалыгы эң маанилүү. Ойдун тазалыгы − жарым ыйман. Адамдын ою кир болсо анын шору.

  • Адамдын ойлогон ою, ишеними жана жасаган ишинин ортосунда ажырым болбош керек. Бирди ойлоп башканы сүйлөгөн адам эки жүздүү. Эки жүздүүлүк элибизде катуу айыпталат. Анда инсандык касиет өлөт (аль-Газали).

  • (Эл жөнүндө) бузуку ойдон сактангыла, чындыгында бузуку ойлор

  • жалган пикир. (Бузуку ой адамды бузат. Бир адамдын бузулушу - шаардын бузулушу. Бир үй-бүлөөнүн бузулушу

  • коомдун бузулушу.) Мухаммед ибн Абдулла.

    • Жер эненин флорасы менен фаунасынан адамды айырмалап турган нерсе − бул ой, аң-сезим, идея. Адам ой менен жашап, ой менен азыктанат. С.О. Байгазиев.

    • Ой байлыктын, ийгиликтин, бардарлыктын, улуу ачылыштардын жана жетишкендиктердын булагы. М.Клод.

Күтүлүүчү жооптор: Адамдын жашоосу бактылуу, иши ийгиликтүү болуш үчүн оюн оңдош керек. Адамдын ою оңолбой, жашоосу оңолбойт.

Мугалим: Акыркы мезгилде прессада, радио, телеберүүдө, эл арасында ушак кептер, жаман прогноздор (илимий маалыматтарга таянып алдын ала айтуу), негативдүү ойлор көбөйүп бараткансыйт. Мындай кептин баарына ишене бериш керекпи?

◊ Жок. Дүйнөнү жаман линза менен кароого болбойт. Дүйнө чоң, масштабдуу, жамандыгы жок эмес, ансыз жакшылыктын баркын толук

түшүнө алмак эмеспиз, бирок толугунан караганда дүйнө жакшы, татынакай.

◊ Ойдун тазалыгы жөнүндө кандай макал-лакаптарды билесиңер?

– “Жакшы ой − туу, жаман ой − уу”. “Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт” (балдарды угат, мугалим өзү кошумчалайт).

Мугалим: Позитивдүү (негативдүү) ой формалары жөнүндө эмне билесиңер? (Окуучуларды угат). Ой формасы дегенибиз − адамдын тынымсыз ойлорунун натыйжасында пайда

болгон энергия камтыган, маалыматтуу программа, багыт (А.Свияш). Ой формасы дегенибиз − аңдын (подсознание) түпкүрүндө, сезимде терең бекем орногон образ. Ал (ой формасы) адамдын журүм-турумуна, ден-соолугуна таасир этүүгө жөндөмдүү б.а. жакшы ой пайдалуу, жаман ой зыяндуу. Адамдын тагдырына, ден-соолугуна позитивдүү ойлордун оң таасири тиет, (мисалы, буйруса ишим ийгиликтүү болот).

Негативдүү ойдун адамга терс таасири тиет (мени эч ким жакшы көрбөйт, мен жөндөмсүзмүн). “Адам терс (жаман) ой формасын, оң (жакшы) ой формасына которсо (алмаштырса), б.а. ойго келген негативдүү ойдун ордуна жакшы ой ойлоп тапса, адамдын турмушунда

оң (жакшы) өзгөрүүлөр болот”- деп ырасташат психологдор. Ошондуктан психологиялык адабияттарда аффирмация (позитивдүү ойду кыскача, так айтуу) колдонулат. Керектүү аффирмацияны кайталай берген окуучу өзүнүн чече албай жүргөн проблемасын чечип кетет. Муну бир дагы предмет силерге үйрөтпөйт. Эгерде силер

көпкө чейин жаман окуяны көз алдына элестетип, коркуп, ойлой берсеңер,

эртедир-кечтир ошол окуя ишке ашат (андан алыс кылсын). Так ошондой эле жакшы окуяны тилеп, көз алдына элестете берсе, ошол элестеткен окуя ишке ашат. Өзүңөр максат кылган жыйынтыкты, окуяны элестетип машыгуу оюңарга келбейт. Силердин проблемаңардын көпчүлүгү ушуну

менен байланыштуу (Р.Стоун). Мисалы, окуучунун өзүн баалаган баасынан мугалимдин койгон баасы төмөн болгон учурда бала негативдүү ойго келет. Мугалим обьективдүү баалабай койгон сыяктуу “баамдап”, капа болот.

Чындыгында кеп мугалимде эмес, окуучу материалды толук түшүнүп турганы менен баяндап бере албагандыгында

же өзү каалаган натыйжаны элестете албагандыгында. Окуучуга негативдүү (жаман) ой кылт этип кирсе, ал ой кийинки проблеманын себепкери болот. Ошентип окуучу негативдүү ойлордун айлампасынан (тегерегинен) позитивдүү ойго чыга албай калат да, кыйналып өсө берет. Негативдүү ойлордун жыйындысы адамдын ден-соолугуна, жүрүм

-турумуна, психикасына терс таасир этип, дарттын, психикалык проблеманын жаралышына себепкер болот. Ой

соолук маселесине жеткиликтүү көңүл бөлбөгөндүктүн натыйжасында адамдын ден-соолугунда, психикасында проблема көбөйүшү мүмкүн . Ошондуктан ой соолукка көңүл бөлгөнүбүз оң.

  1. 2-көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: ой соолук маданиятын калыптандыруу.

Мугалим: Балдар, “Ою соонун бою соо” деген макалды кандай түшүнөсүңөр?

Күтүлүүчү жооптор: Ой соолугун камсыз кыла албагандын ден соолугу чың болбойт. Кыргыздар ошондуктан:

«Ою соонун бою соо, ою соонун жаны соо»- дешкен. Ою тазаланбагандын дили

таза эмес, дили таза эместин ден-соолугу проблемалуу. Ою соонун дени-карды соо, дени соонун руху соо болот (в здоровом теле здоровый дух). Ою соо адамдын аурасы (биологиялык талаасы) таза болот. Ою соо адам сүйкүмдүү болот. Адам аруу болуш үчүн ою

таза болуш керек. Оюң оңолбой ишиң оңолбойт (балдар кошумчалашат).

Мугалим: “Ой түбүндө алтын бар, ойлой ойлой табасың”-деген макалды чечмелегилечи.


Күтүлүүчү жооптор: Жазуучулардын чыгармасы, окумуштуулардын илимий жаңылыгы акылмандын таамай сөзү − ой продукту. Ойлогон адам жаңы нерсе жаратат, жазат, ачат.

Мугалим: Адамды кандай ой туура эмес жолго салат?


Күтүлүүчү жооптор: Материалдык байлык топтосом, бийликке жетсем, элден мен артык болсом, ашып кетсем, жеке өзүм пайда тапсам ж.у.с. эгоисттик кызыкчылык менен чектелген ойлор адаштырат.

Мугалим: Эл оюн кандайча өзгөртсө туура жолго түшөт?

Күтүлүүчү жооптор: Элдин акыл- эси кандай жол менен материалдык баалуулуктарды топтосом, деген ойго кошумча, кантип маңыздуу жашасам, акыйкаттыкты таанысам, туура жол тапсам, артыман соо урпактарды калтырсам, оюм терен, акылым тунук,

адамдык сапатын бийик, ыйманын ыйык, ички дүйнөм бай, өзүм сүйкүмдүү болсом, элге жакшылык кылсам,- деген ойго өзгөртсө туура болот.

Мугалим: Япониялык окумуштуу доктор Масару Эмото төмөнкүдөй эксперимент жүргүзгөн. Бир эле сууну бир нече жүздөгөн чөйчөктөргө куйган. Ар бир чөйчөккө динамиктен ар башка

сөз, фраза, сыйынуу, ыр, музыка ж.б. угузган. Бир нече убакыттан кийин ар бир чөйчөктөгү сууларды микроскоптон караганда, татынакай, кооз формалардан баштап, өтө серт формага, массага, кристаллга чейин өзгөргөн. Сүйүү темасындагы жагымдуу сөздөрдү,

рахмат деген сөздү уккан чөйчөктөн жакшынакай сүрөт көрүнгөн. “Сен келесоосун, мен сени өлтүрөм” ж.у.с. жагымсыз сөздөрдү уккан чөйчөктөн түрү суук формадагы сүрөт көрүнгөн. “Сен дүлөйсүң” деп деп жазылган бөтөлкөгө караганда “рахмат” деген сөз жазылган бөтөлкөдө татынакай форма пайда болгон. Өтүнүч жазылган бөтөлкөгө караганда буйрук жазылган бөтөлкөдөгү сүрөттүн формасы жаман болуп чыккан. Оор рок музыка уккан чөйчөктөгү суудан чети үзүлгөн жара сыяктуу сүрөт көрүнгөн, б.а. оор рок

музыка агрессияны күчөтөт, ден-соолукка зыяндуу. Сыйынуу, (жакшы) дуба уккан чөйчөктөн татынакай формадагы сүрөт чыккан. Адамдын денесинин 70-80% суудан турат. Жердин 70-80%ин суу түзөт. Бири-бирибиз жөнүндө жакшы ойлоп, жагымдуу сөз айтып, Кудайдан элге ыйман, насип, жакшылык тилеп,

эл ичинде өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган пайдалуу экен.

  1. Жыйынтыктоо. (5 мүн.)

Мугалим: Ой соолук маданиятына көнүгүү үчүн: кыска сүйлөө, кыска сүйлөгөн таланттуулуктун белгиси, оюңду так баянда. Аз сүйлө, аз сүйлөсөң да

саз (маанилүү) сүйлө. Жогорку максатка умтул. Башкалардын сага кандай мамиле кылышын кааласаң, аларга так ошондой мамиле кыл. Башкалар жөнүндө жаман ойлобо. Аң-сезимге келген негативдүү ойду позитивдүү ойго айландырып,

системалуу көнүк. Бош убактыңда

өзүң жөнүндө ойлонуп, адептик аң- сезимдүүлүгүңдү өркүндөт. Жаман сүйлөбө, жаман сөз жаман ой жаратат, ал жүрөккө бүлүк салат, аң-сезимди караңгылык каптаган сыяктуу жагымсыз ойлор, сезимдер каптайт. Көп сүйлөбө, көп сүйлөгөн адамды маңыз дейт.

Маанисиз сөздөрдү сүйлөбө, алар сенин өзүңдүн аң-сезимиңе да, башкалардын аң-сезимине да керексиз ой салат. Көзүң жетпеген, далилсиз сөздөрдү айтпа, кийин уят болушуң мүмкүн. Бар болсо көппө, жок болсо чөкпө, алардын экөө тең адамды жаман ойго салат. Адамды бактысыз кылган нерсе – анын жаман ойлору экенин унутпа, бактысыздын чөйрөгө терс таасири бар, системалуу жаман ойлогон адам жамандыктын үрөнүн себет. Күнүгө оюңду тазалоого көнүк, мээрим, жакшы көрүү сезими менен ниетиңди оңдо. Өзүңдү да жакшы көр, өзүн жакшы көргөн өзгөгө мээрим тартуулашы мүмкүн, өзүн жакшы көрбөгөн өзгөнү жакшы көрө алабы?

Мээрим төгө алабы? Акыйкаттыкты

түшүнүүгө умтул, адамдын аң-сезимдүү акыл-ой аракети өнүгүүгө алып келет. Материалдык баалуу нерселер эскирет, бүлүнөт, жок болот, рухий баалуулуктар эскирбейт жана жоголбойт. Адамдын рухий баалуулукка умтулганы туура жол таап кетет.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!