СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

ТАРБИЯЛЫК СААТ, Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм, консепция кыргыз жараны

Просмотр содержимого документа
«Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм»

Тарбиялык сабактын иштелмеси


Сабактын темасы: “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм”

Сабактын максаттары

1

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар жакшы окуу, жакшы тартип көп ийгиликке жеткирип, келечекте мыкты инсан болуп калптануусун билишет. Окуучулар жеке жоопкерчилигин түшүнүүсүнө жана Кыргызстандын өнүгүшүнө жеке салым кошуунун зарылдыгына көмөк көрсөтүү.



2

Өнүктүрүүчүлүк

критикалык ой-жүгүртүүнү, мекендин келечеги тууралуу өз оюн айта билүү жөндөмүн өнүктүрүү • жарандык биримдик концепциясын калыптандыруу Кыргызстандын келечегин алар кандай көрөөрүн түшүндүрүү • адам укуктарын урматтоо зарылдыгын таануу , адамдардын ортосундагы өз ара урматтоо, маанилүү экенин билишет


3

Тарбия берүүчүлүк:

Патриоттуулукка тарбияланып, адептүүлүк, үлгүлүү болууга, чечкиндүүлүккө, эмгекке тарбияланышат








Сабактын максаты: Ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, кыргыз элинин баалуулуктарын сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандыруу. Кыргыз жараны концепциясы жөнүндө түшүнүк берүү




















1)Сабактын тиби : жалпы билимди өздөштүрүү

2) Сабактын формасы: сабак-практика

3)Сабактын усулу: жекече иштөө, жубу менен иштөө

4) Сабактын жабдылышы: слайд, кыргыз жараны концепциясынын эмблемасы, Манастын жети осуяты, патриоттулуктуу даңазалаган сүрөттөр, макал-лакап жазылган плакат

5)Сабактын жүрүшү :

6) Уюштуруу: класстын сабакка даярдыгын текшерүү

7)Жаңы тема

Саламдашуу

Жагымдуу маанай түзүү. Кыргыз Республикасынын Гимни. Окуучулар ырдашат.


8) Сабагыбыздын темасы: “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм”

Мугалим окуучуларга сабактын максаттарын ишке ашыруу үчүн кеңири түшүндүрөт: Эгерде сабактын аягында окуучулар коюлган күтүлгөн натыйжага жетишсе, анда сабак максатына жетти деп айтсак болот.

Мугалим:

Балдар слайддан көргөн сүрөттөр силерге таанышбы өз оюңарды тартынбай айтып бергилечи

Балдар , бүгүн биз силердин жакшы окуганыңар, үлгүлүү жүрүм турумуңар, адилеттүүлүгүңөр, чынчылдыгыңар, айкөлдүүлүгүнөр силерге чоң ийгиликтин эшигин ачып берет деп силерди ишендирип кетет элем.

Ийгилик сөзсүз түрдө элибизге,ата-энеңерге, туугандарыңарга сыймык, кубаныч алып келет. Силер сөзсүз мыкты адам, кыргыз жараны болууга аракет кылышыңар керек. Биздин идеологиябиз Манас осуятында айтылгандай жана Кыргыз жараны концепциясындай биз төгөрөктүн төрт тарабынан болсок да Биздин башыбыз бир түндүктө болушу абзел.

Балдар карагыла силерге төмөндөгүдөй Smart Art аркылуу эмне үчүн бүгүнкү тема силерге актуалдуу болуш керек экенин түшүндүрүп берейин.

Кыял- бул жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө жашайт, ал ушундай кичинекей бирок жалындуу болуш керек.

Максат- ар дайым кызыл чоктой күйүп, эч убакта өчпөй акыл эсинерде жашаш керек.

Аракет- Кыял, Максатка жетүү үчүн талыкпаган аракет кылуу керек күн сайын мына ошондо гана Ийгилик жаралат.

Ийгилик- бул сыймык ата-энеңерге,бир туугандарынарга, мугалимдериңерге бакыт алып келет.


.


9) Сабактын кулминациясы мээге чабуул ыкмасы. Быйтыкчалар аркылуу макалдарды табуу.





10) Жаңы теманын боюнча көнүгүү

Пирдамиданы толтуруу өзүнүн жакшы сапаттарын биринчи катарга жазуу, экинчи катарга жетишкендигин, эмнеге умтулуусун жазат. Үчүнчү катарга “ Мен” , Кыргызстан, ата-энем, мекеним ж.б.у.с сөздөр жазылат.



















11) Сабакты бышыктоодо окуучуларга түстүү жабыштыргыч кагаз берилет “билесинби” деген суроолор эмес, аны мындан ары кадам таштап алдыга умтуула турган суроолор берилет. Жоопторун берилген түстүү кагаздарга жазышат. Жана өзүлөрүнүн дептерлерине чапташат.


12. Баалоо диагностикалык баалоо , калыптандыруучу баалоо, жыйынтыкчоосу баалоо:

13. Кайтарым байланыш: Рефлексия “ Сыйкырдуу дарак” бул даракта үч түстөгү алмалар өсөт. Балдарды чын эле дарактар түстүү болгондой алардын кыялдары бирдей бирок аракеттери ар башка болушу керек экенин билдирүү.

14. Үйгө тапшырма “ Мен жана келечек” деген темада сүрот тартуу.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!