СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жан-жаныбарларга мамиле.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаныбарлар - тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; органикалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси өсүмдүктөр). Кургакта жашаган жаныбарлардын теги деңизде жана тузсуз сууда жашаган жаныбарлар, кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык жаныбарлар козу карындар сыяктуу гетеротрофтуу организмдер, башкача айтканда даяр органикалык заттар менен азыктанат. Ошондой эле жаныбарлардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү активдүү метаболизмдин болушу.

Просмотр содержимого документа
«Жан-жаныбарларга мамиле.»

Текшерилди

ТИ боюнча директордун

орун басары

Н.Т.Табалдиева ________

Сабактын темасы: Жан-жаныбарларга мамиле.

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: топтор иштоо

Сабактын максаты: А) Билим берүүчулук: жаратылыштагы жан-жаныбарлар тууралуу маалыматтка ээ болуу.

Б) Тарбия беруучулук: жан-жаныбарларга аяр мамиле жосоого,аларды коргоого,суйууго тарбиялоо.

В) Онуктуруучулук: жан-жаныбарларды айырмалай билуу,элестетуу,айтып беруу,суротун тартып беруу

Сабактын мотивациясы: биз жан-жаныбарларды коргойбуз.

Сабактын жабдылышы: суроттор,слайд коргозуу,плакаттар,ватман,маркер,стикерлер

Сабактын журушу: 1. Уюштуруу сабагы

2. Уй тапшырма суроо

3. Жаны сабак

Жан-жаныбарлар тууралуу маалымат:

Жаныбарлар - тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; органикалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси өсүмдүктөр). Кургакта жашаган жаныбарлардын теги деңизде жана тузсуз сууда жашаган жаныбарлар, кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык жаныбарлар козу карындар сыяктуу гетеротрофтуу организмдер, башкача айтканда даяр органикалык заттар менен азыктанат. Ошондой эле жаныбарлардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү активдүү метаболизмдин болушу. Органикалык дүйнөнүн өнүгүүсү менен жаныбарлардын түзүлүшү жана функциясы бара-бара татаалданып, кыймылдоо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда болгон. жаныбарлардын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мисалы, курт-кумурскалар, куштар жана сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сайроо, бийлөө жана башка оюндары. Жаныбарлар түзүлүшү боюнча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клеткалуулар жана көп клеткалуулар. Жаныбарлардын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү белгилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кыргызстанда омурткалуу жаныбарлардын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска менен кенелердин 3171, балыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочулдардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда булчуң жана бириктиргич ткандар жакшы өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курттар, моллюскалар, муунак буттуулар) жана экинчи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), ошондой эле омурткалуулар жана омурткасыздар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жаныбарлар өтө чоң чарбалык мааниге ээ. Алардын ичинде айыл чарбалык, промыселдик, лабораториялык максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү тамак-аш, өнөр жай сырьёлорунун булагы. Жаныбарлардын систематикалык ири тобу мителик менен тиричилик өткөрөт. Айрым жаныбарлар адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн транмиссиялык ооруларынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курткумурскалар, кенелер токойлорго, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылышка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасиринин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрү ТКЭСтин, ошондой эле Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилип, коргоого алынган. Жаныбарлар жөнүндөгү илим зоология деп аталат.

Жаныбарларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Кээ бирөөлөр адамдар жаныбарларды каалагандай пайдаланса болот деп ойлошот. Башкалар болсо жаныбарларга адамга мамиле кылгандай мамиле кылыш керек деген көз карашта.

  • Маселен, жаныбарлардын укугун жактаган бир киши алардын «тек гана ресурс же товар болбогонго негизги укугу бар» экенин баса белгилеген жана: «Биз жаныбарларды өз менчигибиздей көргөнүбүздү токтошубуз керек»,— деп кошумчалаган.

  • Көптөр аша чапкандык деп эсептеген дагы бир мисал: Леона Хелмс деген миллиардер аял өзүнүн итине 12 миллион доллар акчаны мураска калтырууну чечкен. Ошондой эле итинин өлүгүн өзүнүн жанына коюлушун керээз кылган.



Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо – сейрек жана тукум курут болуу абалында турган жаныбарларды коргоо жана санын калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жыйындысы. Байыртан эле адамзат аңчылык менен тиричилик өткөзүп келген. Аңчылыктан айрым жаныбар түрү (мамонт, тур, стеллер ую жана башка) азайып кеткен. Акыркы жылдары көп түрлөрдүн жоголушуна браконьердик себеп болууда. Аларды коргоо үчүн ал түрлөр мекендеген аймактын өзгөчөлүгүн, мүнөзүн, ошол түрлөрдүн таралуу аймагын эске алуу зарыл. Азайып жана жоголуп бараткан түрлөрдүн дүйнөлүк, аймактык санын тактоо жана Кызыл китеп түзүү негизги иш-чарага кирет. Түрдүү деңгээлде корголуучу жаратылыш аймактарын, коруктарын түзүү биотүрдүүлүктү сактоонун негизги жолу. Дүйнө жүзүндө, анын ичинен Кыргызстанда көптөгөн коруктар (Сары-Челек, Беш-Арал, Нарын жана башка), биосфералык резерваттар (Ысык-Көл жана башка), корукчалар (Токмок жана башка), улуттук парктар (Йеллоустон, Йосемити; Ала-Арча, Каракол, Чоң Кемин) түзүлгөн. Кыргызстанда өзгөчө мензбир сууру, илбирс, кызыл карышкыр жана башка жаныбарлар коргоого алынган.

Кыргыз Республикасында азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге жаш муундар азыр көңүл бурбасак, келечекте бул жаныбарлар такыр эле жоголуп, айлана-чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Кыргызстандагы биотүрдүүлүк региондогу эң ири түрдүүлүк болуп эсептелет жана климаттык ыңгайлашуу менен мөңгүдөн баштап субтропиктик жана мээлүүнгө чейинки экосистеманы түзөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак,  аймагы дүйнөлүк кургактыктын 0,1 пайызын гана ээлегенине карабай, Кыргызстанда бардык түрлөрдүн 1 пайызы жайгашкан жер болуп саналат. Кыргызстанда гана табылган жергиликтүү түрлөр  жана анын түркүмдөрү 200дөн ашык өсүмдүктөрдү, 3000ден ашык омурткасыздарды жана 17ден ашык омурткалуу, 47 субэндемикалык омурткалууларды өз ичине камтыйт. Кыргызстан кээ бир сейрек кездешкен  жаныбарлардын (мисалы Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу жана сибир аркары) жашоосу мөңгүлөр менен тыгыз байланышкан жана жоголуп  бара жаткан ак илбирстин мекени болуп эсептелет. Азыр биздин өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам түрүндө корголот. Бул жаныбарлар кызыл китепке киргизилип, аңчылыкка тыюу салынган. Дегеле айлана-чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын бардык жарандары сактоого милдеттүү. Кызыл китепке киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүп турат.  Биринчи кызыл китеп 1985-жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка көйгөйлөргө деле көңүл бурууга өкмөттүн күчү жетчү эмес.  Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган. 2005-жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга каражат табылбай, акырында бул китеп үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул китепте сейрек кездешкен Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу, сибир аркары, ак илбирс, кызыл карышкыр, ителги жана башка өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирген. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.

Бышыктоо: Жан жаныбарлар жонундо (таблицаны толтуруу)

Билем

Билгим келет

Билдим







Үй тапшырма: «Менин жакшы коргон жаныбарым « темасына эссе жазуу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!