СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жандуу организимдердин өзгөчүлүгү, айлана чөйрөсү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жандуу организимдердин өзгөчүлүгү, айлана чөйрөсү»

Биология мугалими:Ташева Гүлзат «Тегирмеч» орто мектеби 6-класс

Биология мугалими:Ташева Гүлзат

«Тегирмеч» орто мектеби

6-класс

Сабактын темасы: Жандуу организмдердин өзгөчөлүгү жана алардын айлана-чөйрөсү. Сабактын максаты: А) Орган, организм, жандуу организмдер жана алардын түрлөрү, жандуулардын жансыздардан айырмаланган негизги белгилери же касиеттери, тирүү организмдердин айлана-чөйрөсү жана ага карата ыңгайланышуулар тууралуу билимдерге ээ болушат.  Б) Жандуу организмдер менен жансыз жаратылыштын ортосундагы өз ара байланыштарды (заттардын жана энергиянын айланышы) таанып билүү менен алардын окшоштуктары менен айырмачылыктарын айырмалап, жандуу организмдердин көп түрдүүлүктөрү жана тиричилиги алардын айлана чөйрөсүнө байланыштуу болоорун түшүнүп, жаратылыштын бири-бири менен болгон тыгыз байланышын, жаратылыштагы адам баласынын ролун ж. б. аныктай билишет.  В) Окуучулар жаратылышты сүйүүгө,көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.

Сабактын темасы:

Жандуу организмдердин өзгөчөлүгү жана алардын айлана-чөйрөсү.

Сабактын максаты:

А) Орган, организм, жандуу организмдер жана алардын түрлөрү, жандуулардын жансыздардан айырмаланган негизги белгилери же касиеттери, тирүү организмдердин айлана-чөйрөсү жана ага карата ыңгайланышуулар тууралуу билимдерге ээ болушат.

Б) Жандуу организмдер менен жансыз жаратылыштын ортосундагы өз ара байланыштарды (заттардын жана энергиянын айланышы) таанып билүү менен алардын окшоштуктары менен айырмачылыктарын айырмалап, жандуу организмдердин көп түрдүүлүктөрү жана тиричилиги алардын айлана чөйрөсүнө байланыштуу болоорун түшүнүп, жаратылыштын бири-бири менен болгон тыгыз байланышын, жаратылыштагы адам баласынын ролун ж. б. аныктай билишет.

В) Окуучулар жаратылышты сүйүүгө,көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.

Мыйзам – табияттагы жана коомдогу жүрүп жаткан кубулуштардын ички маңызын чагылдырат. Тирүү организмдер  азыктанат, б өлүп чыгарат, аларда зат алмашуу жүрөт, дем алат, көбөйөт же өзүнө окшогонду жаратат, өсөт, өрчүйт.

Мыйзам – табияттагы жана коомдогу жүрүп жаткан кубулуштардын ички маңызын чагылдырат.

Тирүү организмдер азыктанат, б өлүп чыгарат, аларда зат алмашуу жүрөт, дем алат, көбөйөт же өзүнө окшогонду жаратат, өсөт, өрчүйт.

Ал эми жансыз жаратылышта мындай процесстер болбойт. Жандуулардын көпчүлүгүндө азыктануу, көбөйүү, дем алуу кызматын аткаруучу органдары болот . Мисалы, жаныбарларда азыктанууну – ооз көңдөй, кызыл өңгөч, ашказан, дем алууну – өпкө, мурун көңдөйү, кыймылдоону – бут, кол же канат, сүзгүч калак ж.б. аткарат. өсүмдүктөрдө болсо тамыры, жалбырагы, сабагы, гүлү болот

Ал эми жансыз жаратылышта мындай процесстер болбойт.

Жандуулардын көпчүлүгүндө азыктануу, көбөйүү, дем алуу кызматын аткаруучу органдары болот .

Мисалы, жаныбарларда азыктанууну – ооз көңдөй, кызыл өңгөч, ашказан, дем алууну – өпкө, мурун көңдөйү, кыймылдоону – бут, кол же канат, сүзгүч калак ж.б. аткарат. өсүмдүктөрдө болсо тамыры, жалбырагы, сабагы, гүлү болот

Булардын ар биринин өзүнө тиешелүү кызматы бар. Кызматына жана түзүлүшүнө жараша бул аталгандардын ар бири өзүнчө орган болот. Ал эми органдар биригип, бир организмди түзөт. Адам же жаныбар, өсүмдүк, ошондой эле козу карын жекече жандык – «организм» болот.

Организмдердин же болбосо бардык жандуулардын жансыз жаратылыштан төмөнкүдөй айырмачылыктары бар: 1. Жандуу организм өзүнө керектүү заттарды айлана-чөйрөдөн алат, алар болсо тиричилик процессине катышып, азык болуп, сарпталып жана энергия берип, өзгөрүүлөргө учурайт, андан пайда болгон заттар кайра сыртка чыгат. Организмдердеги бул процесс зат алмашуу деп аталат

Организмдердин же болбосо бардык жандуулардын жансыз жаратылыштан төмөнкүдөй айырмачылыктары бар:

1. Жандуу организм өзүнө керектүү заттарды айлана-чөйрөдөн алат, алар болсо тиричилик процессине катышып, азык болуп, сарпталып жана энергия берип, өзгөрүүлөргө учурайт, андан пайда болгон заттар кайра сыртка чыгат. Организмдердеги бул процесс зат алмашуу деп аталат

2. Жандуу организм азыктанат . Мисалы, өсүмдүктөр азыктануу үчүн керек болгон органикалык заттарды (глюкозаны) өздөрү жалбырагында түзүшөт. Демек, адамдар жана жаныбарлар азыктанган заттардын көбүн өсүмдүктөр түзөт.

3. Организмде дем алуу  жана дем чыгаруу  жүрүп турат. Мында өсүмдүктөр, жаныбарлар жана башка организмдер кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат, б.а. бардык жандуу денеде газ алмашуу жүрөт. Организмге кычкылтек киргенде ал органикалык азык заттар менен биригет да аны ажыратат. Бул учурда энергия да бөлүнүп чыгат. Ал энергия организмдин бардык тиричилик аракетинде жумшалат. Бул процесс дем алуу деп аталат.

4.  Көбөйүү.  Бир эле организмден өзүнө окшогон бир нече организмдин жаралышы көбөйүү деп аталат. Мисалы, бир баш кызгалдакта миңдеген урук жетилет. Башка өсүмдүктөрдө да ушундай миңдеген, жүздөгөн урук бышып жетилет. Алардын көпчүлүгүнөн жаңы организм өсүп чыгат.

5.  өсүү жана өрчүү . Жаңы жаралган организмдин көлөмү чоңоёт, салмагы артат. Бул өсүү деп аталат. Кийин андан чоң организмге тиешелүү бардык органдар жетилет. Айталык, урукту жерге көмүп койсо, андан тамыр, жалбырак өсүп чыгат. Ал өсүп, сабагы пайда болот, гүлү ачылат, анан мөмө байлайт, жетилет, улам жаңы белгилер пайда болот. Бул өрчүү  деп аталат.

6. Кыймыл-аракет.  Көпчүлүк организмдердин атайын кыймыл органдары бар. Алардын жардамы менен бир жерден экинчи жерге жылат. Мисалы, канат, бут, сууда сүзгүч калактар ж.б. Адамдар, жаныбарлар эле эмес, өсүмдүктөр да кыймылдайт. Мисалы, кээ бир өсүмдүктөр күнгө карап бурулат (күн карама) же шартка жараша гүлдөрү (намаз – шам гүл) жабылып калат.

Бардык жандуу организмдер белгилүү шартта гана өсөт жана жашайт. Ал шарттар: топурак, аба, күндүн нуру, суу. өсүмдүктөр, жаныбарлар, ошондой эле башка организмдер менен да байланышта болушат. Ал байланыш белгилүү мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет жана ал жөнүндөгү илим экология  деп аталат. Гректин «ойкос» – үй, «логос» – илим деген сөздөрүнөн келип чыккан.

Бардык жандуу организмдер белгилүү шартта гана өсөт жана жашайт. Ал шарттар: топурак, аба, күндүн нуру, суу. өсүмдүктөр, жаныбарлар, ошондой эле башка организмдер менен да байланышта болушат.

Ал байланыш белгилүү мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет жана ал жөнүндөгү илим экология деп аталат.

Гректин «ойкос» – үй, «логос» – илим деген сөздөрүнөн келип чыккан.

Демек, тирүү организмдер бирибири менен жашаган, өскөн жерлери менен бир үйдөгүдөй тыгыз байланышта жашашат дегенди билдирет. Ал шарттардын кескин өзгөрүшү же тирүү организмдердин айрым тобунун зыянга учурашы, же жок болуп кетиши бүткүл байланыштын өзгөрүшүнө же кыйрашына алып келет. Натыйжада тиричиликтин ууланышы кыйындайт. Ошондуктан жаратылыштагы миллиондогон жылдар бою түзүлгөн өз ара байланыштарды бузбай сактоо – адам баласынын ыйык милдети. Аны аткаруу үчүн илимди үйрөнүп, билимдүү болуу зарыл.

Үй тапшырма « Орган » жана « организм » деп эмнелерди айтабыз? Өсүмдүк жана жаныбар азыктанышы боюнча кандайча айырмаланат? Жандуу жана жансыз жаратылыштын бири-биринен кандай айырмачылыгы бар? Экология деген эмне?

Үй тапшырма

  • « Орган » жана « организм » деп эмнелерди айтабыз?
  • Өсүмдүк жана жаныбар азыктанышы боюнча кандайча айырмаланат?
  • Жандуу жана жансыз жаратылыштын бири-биринен кандай айырмачылыгы бар?
  • Экология деген эмне?

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!