СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаны жылдык кечеге арналган иштелме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаны жылдык кечеге арналган сценарий.

Просмотр содержимого документа
«Жаны жылдык кечеге арналган иштелме»

Алып баруучу: - Саламатсынарбы, балдар жана ата-энелер!

Сиздерди жаны жылыныздар менен куттуктаймын! Жаны жылда бардык жакшылыктарды каалайм.
балдар, балатынын жанында эмне кылабыз?(Ответы детей)


Алып баруучу: - Албетте, силер менен биргеликте ыр ырдайбыз, бийлейбиз, анан бизге Аяз ата Аяз кызы менен келип, белектерин беришет. Же дароо эле Аяз атаны чакырып алсакпы, эмне дейсинер? Дароо болсо дароо анда. 

(тедефондун уну угулат,алып баруучуга телефонду алып келишет)

Алып баруучу: -Уф.Мен телефонду алаксытышпасын деп, атайылап алган эмесмин. Эми алып келген сон эмне кылмак элем. (телефондон суйлошо баштайт) Ооба, менмин, саламатсынарбы. Кайсы биринчи каналдан?Силер эмне атайылап мага розыгрыш кылып жатасынарбы? Койгулачы мындай болушу мумкун эмес. (телефонду кулагынан алып) Чычканбай Келемишович, сиз аппаратуранызды очуруп, бизге биринчи каналды корсото аласызбы. Мага жанылыктардан биздин Баткен шаарын корсотушоорун айтышты. Келгиле, балдар биринчи жанылыкты коруп, анан майрамды баштайлы.

(мурдатан даярдалган ролик корсотулот. Мында Аяз ата менен Аяз кызды каракчылар тутуп алышып, бекитип койгондугун корууго болот. Ал эми кулпунун ачкычын кимдир бироо уурдап алган болот. Ким уурдаганын балдар табуусу керек)

Алып баруучу: мына, эми кыйкырсак да, ыйласак да Аяз ата келбейт, жаны жыл да келбейт, белектер да жок. Мумкун, ачкычты тапканга аракет жасаарбыз жана Аяз ата менен Аяз кызды бошотуп алабыз. Ачкычты ким алышы мумкун.? Санап коргулочу. (балдар шектуулорду аташат). Ким мени менен жомоктогу токойго барууга даяр?токойго жон эле барууга болбойт. Келгиле, жакшы маанай менен ырдайбыз.

Хор: Жаны жыл

Азаматсынар! Жакшы маанай менен токойдон ачкычты табууга жонойбуз. Алгач Кан ханышага барабыз. Анын олкосу бут муз менен капталган. Музда эмне менен басуу керек? Аа , туура коньки менен! Кеттик анда.

 
(баары конькиде бараткандай тур корсотушот.)

Бий: Вальс
Кар ханышасы.: - бурганактар ышкыргылаа! Кар жаа!
Шамал, шамал алыскаа чуркаа!
балатылар аппак кийим кийинсин!
Мен кай жакты карабайын

Баары музга айлансын!
Силер, силер баарын булундургон
Кар Ханышасынын падышачылыгындасынар!


Кар Ханышасы: - Эмне учун силер менин муз олкомдун тынчын алып журосунор? Канча жыл болду, менин олкомо эч ким келе элек болчу.

Балдар: Кар Ханышасы, биз Аяз Ата менен Аяз кыздын камалган уйдун ачкычын издеп журобуз.
Кар Ханышасы: Ачкыч, ачкыч дейсинерби? А силер, кантип ойлодунар мени жон гана ачкычын берип коет деп?

Балдар: Аяз ата менен Аяз кызды бошотуу керек. Жаны жыл келатат. Аларсыз балдар белек ала алышпай калат.

Кар ханышасы: Макул анда…. .Силер билсенер керек, менин сыйкырдуу кузгум сынып калган. Менин кызматчыларым анын сыныгын дуйно жузунон таап келишти, бирок, аны бириктире албай коюшту. Эгерде силер жакшы бир ырды ырдап берсенер, анда менин кузгумдун сыныктары озу эле бутолот. Мына ошондо мен силерге ачкычты берем.

Жеке номер: Кок жылгаяк.
Кар ханышасы:- азамтсынар, силер тапшырманы так аткардынар, мен силерге ачкычты берем. Тезинен Муз падышачылыгыма барбасам силер менен конулдуу жана жылуу экен. А бул мага зыянын тийгизет.

Алып баруучу: - Балдар,силер азаматсынар. Бизде бир ачкычыбыз болду. Бирок, башка ачкычтарды да табуубуз керек. Алдыбызда Кощейдин жер астындагы уйу турат. Келгиле, конулдуу ыр ырдап баралы.

Хор: Кичине балаты


Кощей: - жер астындагы падышачылыгыма
бут байлыкты топтогом
Байлыкты таап алууну коздогондорду

Санап берсем сан жетпейт.

Бекер убара болосунар

Бул жерде мен женем, мен гана женем!


(Кощей балдарга таныркап карап)
Силер эмнеге келдинер

Мен силерди кутууп отурган жокмун
Балдар: Биз ачкыч издеп журобуз.
Кощей: Ачкиич деп кекиртегинер айрылганча кыйкырасынар го
уйкумду да качырдынар

Алып баруучу: - Балдар,ойлонгулачы, Кощей ачкычты бериши учун эмне кылсак экен? Ал ызы- чууну жактырбайт. Ааа ал бийди суйот. Келгиле бийлеп бергиле!
Бий: Испан бийи
Кощей: - Мейли, мейли, мен ачкычты берейин, силерге ачкычты бербесем кутулбайм го сыягы.
Алып баруучу: Дагы бир ачкычты таап алдык. Эми Баткактар олкосуно барабыз. Ал жерде Баткак ханзаадасы жашайт. Кеттикпи?.
Хор: Келсин жаны жылым келсин!
Баткак балчылдак: - Баткакта кандай сонун.

Жашоонун ырахатын билбегендер жолой албай качышат.
Оо, менин кымбаттууларым. Мен силерди качантан бери кутом. Наконец-то келдинер аа.. Мин жылдан бери баткакта жатып зериктим. Мага бир гана Жез кемпир менен Кощей гана курсактары ачканда менин керемет тамактарымдан жеш учун баш багат. Ой, таза коп суйлоп жибердим окшойт. Меймандар, келгиле столго отургула. Мен жаны жылга майрамдык стол даярдагам, колунарды кошуп жеп коесунар. Ушунчалык даамдуу. Мына Бул керемет-соолжан менен курттар кошулган палоо, А бул пирожныйга таракан кошулган, бакалардан жасалган ысык шорпо. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын деп койчу беле? Жегиле, балдар жегиле…

Балдар: Фуу

Баткак Балчылдак: кантип? жакпадыбы.? Анан эмнеге келдинер мага?

Балдар: Бизге ачкыч керек.

Баткак ханзаадасы: Ачкыч керекпи? Аяз Ата менен Аяз Кызды куткаруу учунбу? АА жаны жыл келе жатат да. Албетте, Жаны жыл келе жатат. (таарынып) а мен бул баткакта мин жылдан бери( ыйлап) мен дагы башкалар сыяктуу майрамдагым келет. Мага ырдап бергилечи, жакса ачкычынарды берем.

Жеке номер:

Баткак ханзаадасы:  - Ух!!! Мин жылдан бери мынчалык конулум ачылган эмес. Силер менин конулумду котордунор. Ачкычка татыктуусунар, алгыла, мейманга келип тургула. Эмкисинде жоргомуштун тукумунан пирог жасайм.!!!!!

Алып баруучу: - Ура! Бизде дагы бир ачкычыбыз болду. Балдар, силер абдан коп ырларды билет экенсинер. Дагы бир ачкычты алуу учун Жез Кемпирге барабыз. Аны билесинер, бизди алдап коюшу же ачкычты бербей да коюшу мумкун. Кеттик, жез кемпирге, чуркайбыз.

Балдар балатыны айланып чуркашат. 
Жез кемпирдин бийи.( танец Бабы Яги под русскую народную музыку)
Жез кемпир: - Азыр, азыр кулагы укпаган, ата-энесинин айтканын кылбаган балдардан шорпо жасайбыз. Силер магаб, абдан учурунда келдинер. Азыр туш болот. Тушку тамакты жасаш керек. Кана… Ким биринчи казанга тушот? Не тушууну каалабайсынарбы? Кантип? Мейли, билгенинерди кылгыла. Мен бугун эрте менен жаны шыпыргы аогам , аны учуп текшерип корушум керек. Ишинер бутсо бара бергиле мага жолтоо болбой. Менин шыпыргым менен бийлеп берсенер, силерден шорпо жасабайм. Бийлеп бересинерби? ( Игра «Облетай метлу»)

Жез кемпир: - Азаматтар, менден откон Жез Кемпир турбайсынарбы. Силер неге келдинер эле мага?

Балдар: Ачкычка

Жез кемпир:… Кандай ачкычка? Жок, менде эч кандай ачкыч.

Балдар: Аяз Ата менен Аяз Кыз камалган уйдун ачкычы

Жез кемпир: А-а-а!!!…булбу? (чонтогунон ачкычты алып чыгат да, кайра дароо салып, башын тырмап, ойлоно баштайт. Мен кечээ жаны дуба ойлоп чыктым эле, анан аны карга жазып койгом.Бирок, тундо абдан катуу шамал менен бурганак болуп, менин дубамды кар жаап калыптыр. Эми силер ушул кардын астынан менин дубамды таап чыксанар, мен силерге ачкычты берем. (балдардын санына жараша кар буртукчолорун чачат )
Оюн: дубалоо

Балдар турдуу дубаларды айтышат. Бир убакта бир дуба Жез кемпирге тиет да, шыпыргысын алып коздон кайым болот. 
Алып баруучу: - мына тортунчу ачкычты да таптык. Жез кемпир бизди алдайм деп, озу жок болуп кетти. Келгиле эми аяз ата менен Аяз кызды бошотолу.

(балдар Аяз ата менен Аяз кызды бошотушат)

Баары балатыны айланып туруп калышат.
Аяз ата: - Саламатсынарбы, менин акылдуу досторум!
силерди коргонумо кубанычтамын. Мени жана кызымды куткарганынар учун чон рахмат! Бугунку майрамды конулдуу откоролу. Даярсынарбы?

Снегурочка: - Саламатсынарбы, балдар! Бизге эмне даярдадынар?

Снегурочка: - Азаматсынар! Силер менен конулдуу боло деп ойлойм

Аяз Ата: - Оюн: «Тондурамменде сыйкырдуу таягым бар, мен кайсы жеринерди атасам, ошол жеринерди колунар менен жашырышынар керек. Болбосом тондуруп салам»
Дед Мороз: - шамал жана бурганак,
Аязга жардам бергиле,
Бадалдар, дарактар

Аппак кардан сепкиле

Тондурамын, тондурамын, тондурамын
мурундарды, беттерди, байпактарды,кулактарды, буттарды, курсактарды ж.б.
(ДМ проводит игру, очень тихо играет новогодняя музыка)

Аяз Ата: Мага абдан ысык болуп кетти. Кел, аяз кызым отуруп алып, балдардын ыр, бийлерин королу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!