СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш химиктер командасы

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаш химиктер командасы

Просмотр содержимого документа
«Жаш химиктер командасы»

1

Капалов Эшимбек атындагы

орто мектеби

« Жаш

химиктер »



командасы





Мугалим : Джантаева Айсалкын



Сабактын темасы:»Таланттуу жаш –химиктер.»

Сабактын максаты:

1.Окуучулардын өтүлгөн темалар боюнча алган билимдерин текшерүү,маселе иштөө,тажрыйба жүргүзүү менен билимдерин бекемдөө.

2.Окуучулар молекулалык масса табууга,маселе иштөөгө,эксперимент жасоого көнүгүшөт .

3.Окуучулар өз ойлорун кенен айтууга,топ менен иштөөгө,техникалык коопсуздук эрежелерине көнүл бурууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: ватман,маркер,экспериментке-жыгачтын тарындысы,темирдин тарындысы,майдаланган күкүрт,бордун тарындысы,стакан ,суу,магнит.

Сабактын формасы:КВН таймаш.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Саламдашуу(командалар өздөрүн тааныштырат ,аттарын жакташат) .

3.Быйыл улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90жылдыгын белгилегени турабыз,бүгүнкү жаш химиктер таймашында,Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү берилет,ал текст кайсы чыгармадан үзүндү экенин аныктап,берилген тексттен химиялык кубулушту таап чыгабыз.Окуучуларга тексттер берилет:











Кээде толкундар муз сыныктарын жээке көмөлөтө түртүп чыгарат.Океандын жазгы жүрүшү менен сүрүлүп келген муздар болуу керек,толкундардан ажырап жээкте калганда алар өжөр дениздин каткан үзүктөрү сыяктанып ар-ар жерде жатып калат. Бирок кийинки келген толкундар аларды кайра өзүнүн буркан-шаркан түшкөн дүйнөсүнө сүдүрөтө кууп жөнөйт .

Бала андан ары кетти .Суу жээгине түштү .Ошо бойдон токтобостон сууга кирди.Бала балык болуп ,суу менен сүзүп кеткенин эч ким туйбады” .



4. Командалар 3 борборго бөлүнөт тапшырмалар боюнча иштешет(конверттерге суроолор,тапшырмалар катылган).

1- Окуу борбору-отулгон темалар боюнча суроолорго жооп беришет

2- Жазуу борбору- Маселе иштешет,молекулалык масса табышат

3- Илимий борбору-Эксперимент жүргүзүшөт:Таза заттарды аралашмалардан бөлүп алышат.Кайнатма тузду алышат

















Математика

борбору







1. Төмөнкү элементтердин аттарын атагыла :

- O2, Mn , Mg, S, Fe, Al, T i , Au , Ca, Na, Cl , Cr , Ag, K , W , H2 , Cu, Ni, P, Br.

2. Төмөнкү заттарды жөнөкөй заттарга жана татаалга заттарга ажыраткыла:

CO2, S , H2SO4, Cl2 , CaO, Zn(OH)2, O2, Fe , Al2O3, SO3 , Mg, MgO , P, H2, H2SO4, ZnO , SiO2 , C, HgO, NiO, Cu2O, H2CO3.

3. Төмөнкү химиялык формулаларга валенттүүлүктү койгула:

HgO, K2S, B2O3 , ZnO, SiO2,MnO2,NiO, Cu2O, SnO2 , Ni2O3, SO3, CO, CO2 , Fe2O3 , Al2(SO4)3 , P2O5 , PH3, Na2O, CaO, Mg(OH)2, Al2O3 , CuO, CrO.

4.Төмөнкү формулалардын молекулалык массасын тапкыла

HgO, K2S, B2O3 ,ZnO, SiO2,MnO,2,NiO Cu2O ,SnO2, Ni2O3 ,SO3 ,CO , CO2 , Fe2O3 , P2O5 ,PH3 , Na2O , CaO , Al2O3 , CuO , CrO .

5. Төмөнкү формулаларды түзгүлө ,атомдордун санын санагыла:

Калий –үч –пе- о- төрт

Натрий –эки –эс -о- төрт

Феррум –аш-эс-о-үч-эки жолу

Це-о-эки

Алюминий –эки-о-үч

Кальций-үч-пе-о-төрт-эки-жолу.









Окуу

борбору















1.Заттын физикалык касиетине , мисал келтиргиле.

2.Химия эмне жөнүндөгү илим ?

3.Атом, молекула деген эмне?

4.Химиялык формула деген эмне?

5.Атом молекулалык окуунун 5-6-7-жоболору?



1.Химиялык реакция деген эмне?

2.Заттардын агрегаттык абалы кандай болот?

3.Мезгилдик таблицада канча элемент бар жана аны ким түзгөн?

4.Молекулалык масса деген эмне?

5.Атом молекулалык окуунун 1-2-3- жоболору кандай?





Илимий

борбору







1.Таза заттарды аралашмалардан бөлүп алуу

2.Булганыч кайнатма тузду тазалоо



Эксперимент жасоону биринчи

мугалим жүргүзөт: Балдар тажрыйба жүргүзүүнүн алдында техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаган учурда келип чыккан натыйжаларды эксперимент жүргүзүп көрсөтүп берем.

Мугалим тажрыйба жүрүзөт





Химик эскертет :билип билбей ар кандай тажрыйбаларды жүргүзө бербегиле!Тажрыйба жүргүзүү химик мугалими жетекчилиги астында болушу керек!!!!!











Мугалимдин сөзү:

Мен эки эсперимент көрсөтөм .

1-эксперимент:

Химиялык заттардын таасиринен жандуу организмдерден мутанттар келип чыгат.Азыр ошону мен силерге жансыз табияттын мисалында көргөзүп берем.

Ушул уу заттардын баардыгы техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан организмге сиңет да терс таасирин тийгизип,ден соолука олуттуу зыян алып келиши толук мүмкүн .Ошондуктан өздүк гигиенаны жана техника коопсуздук эрежемин сактоо керек





Бышыктоо:

Атомдук массаларды аныктоо

1.Оюн:Сандар сүйлөйт( Атомдук массаларды аныктоо ).

2.Упайлар эсептелинип жеңүүчү аныкталат

3.Баалоо

4.Жыйынтыктоо:

Мен бүгүнкү таймашты орустун эң көрүнүктүү химиги- Зелинскийдин сөзү менен жыйынтыктагым келип турат:”Адамдын жеке тажрыйбасын эч бир кеңеш алмаштыра албай тургандыгын мен жакшы билемин,бирок ийгилике жетишүү үчүн аз күч жумшоого ,туура эмес ишке баруудан,ката кетирүүдөн сактап,алар силерге жардам бериши ыктымал”





Демек баарыбыз билим алууга ,ал билимди бышыктап, турмушта колдоно билүүгө тарбияланышыбыз керек.







КОНЕЦ.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!