СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаздын бир куну жылга тете

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаздын бир куну жылга тете»

Жаздын бир к\н\ жылга тете.



Сабактын максаты:
1. Жаз мезгили, анын озгочолугу жонундо тушунугун толуктайт.
2. “Жаздын бир куну бир жылга тете” деген создун маанисин тушунот.
3. Эмгекчилдикке, адептуулукко тарбияланат. Ата-энесин сыйлоого, жардам берууго уйронот.


Сабактын жабдылышы: Жаз мезгили жонундо суроттор.

Сабактын журушу:

 

1. Уюштуруу.
Сыртагы аба-ырайы жонундо окуучулар менен суйлошуу.

2. Жаны темага киришуу.
Жаз мезгили кимге жагат?
Жаз мезгили кайсы айлардан турат?
Жазда кандай майрамдар майрамдалат?
Жазда кандай жумуштар аткарылат?

3. Зарыл маалыматтарды беруу.
Жаз мезгили өзүнө март, апрель, май айларын камтыйт. Эл арасында жазды, жаңы жашоонун башталышы, эмгектин башаты деп айтышат. Жаз мезгили жайдан кыска, бирок күз жана кыш айларынан узагыраак.
Жаз мезгили 1-мартта башталып 92 күн жана 21 саатка созулат да өзүнө бир нече мезгилчелерди камтыйт. 1-мартан 17-мартка чейин - Кыштын алсызданышы. 18-мартан 15-апрелге чейин - Кардын ээриши. 16-апрелден 5-маяйга чейин - Жаздын күчүнө кириши. 6-майдан 21-майга чейин - Жаз ортосу. 22-майдан 31 майга чейин - Жайга карай.
Кээ бир календарларда жаздын башкача мезгилчелери да берилет: Жаздын күчүнө кириши 15-апрелден тартып, жаз ортосу - 11-майдан тартып, жайга карай - 26-майдан тартып башталат.
Жазгысын аба ырайы өзгөрмө болот. Ошондой эле жаз мезгили кыска жана узак, эрте жана кеч болот. Кеч жаз табияттын өнүгүшүнө пайдалуураак келип, апрел айында башталат.
Астрологиялык календар боюнча жаздын келиши, күн менен түн теңелген убакты эсептешет. Бул күн 21 же 22 мартта болот. Бекеринен кыргыз элинде 21-март Нооруз майрамы болбосо керек.
Метеорологиялык жаз болсо абанын орточо күнүмдүк температурасынын нөл градустан туруктуу алмашуусунан башталат. Бул убак орточо эсеп менен 12-март, аягы 5-май.
Ошондой эле жаз мезгили келгин куштардын массалык уяларына кайтып келүү убактысы. Эң аякы учуп кеткендер биринчи келип, биринчи учуп кеткендер акырында келишет. Кыргызстандын негизги келгин куштарына төмөнкүлөр кирет: чар карга, чыйырчык, торгой, сагызган, турналар, жапайы каздар, өрдөктөр, булбул, чабалекей, күкүк жана башкалар.
Жаз мезгилине туура келүүчү зодиак белгилери: март - балыктар, апрель - кой, май - букачар.
Жаз мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын майрамдары: 8-март эл аралык аялдар куну, 21-март нооруз майрамы, 1-май эмгекчилер майрамы, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция куну, 9-май Жениш куну (23-март жана 7-апрель кундору иш күн эмес)
Эл ичинде жаз жөнүндө көптөгөн макал-лакап, учкул сөздөр бар, мисалы: жаз жарыш - күз күрөш, жаздын бир күнү - бир жылга тете жана башкалар.
Жаздын келиши дайыма жаны башаттын, жаны жашоонун башталышы мүнөзүндөгү маанайлар менен коштолот. Улан-кыздар арасында жаңы кездешүүлөр, жаңы адамдар менен таанышуу. Ал эми орто жашап калган адамдар арасында жаз мезгили иш үстүндө аракеттенүү, кышка кам көрүү пландары менен коштолот. Ошондой эле жазында, кыш мезгилинен кийинки "жазгы авитаминоз" сезимдери болот.
Айтылгандын баарына карабастан, жакшыбы же жаманбы, жалпысынан жаз мезгили жаңы жашоонун үмүтү, бекеринен айтылбаса керек "Өлбөгөн жанга жаз келет" деп.

4. “Жаздын бир куну жылга тете” деген создун маанисин чечмелоо.
Бул создун маанисин тушунгон, айтып берууну каалагандар барбы?
Окуучулардын жоопторун угуп, талкуулап, туура жыйынтыкка багыттоо керек.
   Жаз мезгили озунун сулуулугу, маанайды которгондугу менен бирге, дыйкандардын тынымсыз кыймылы, жер айдоо, эгин эгуу, кочот эгуу ж.б. жумуштары менен коркуно чыгат. Дыйкандар эгер себуу, бак тигуу мезгилинен кеч калса, анда бир жылдык тушумдон кол жубаарын жакшы билет. Ошондуктан убакытты кетирбей эгиндерин эгип, бак-дарактарын тигип алууга ашыгышат.


5. Бышыктоо.
  Кыргыздын залкар акыны А.Осмоновдун жаз мезгили жонундогу ырын окуп королу:


АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЫСЫК-КӨЛДӨ ТӨРТ МЕЗГИЛ


Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың, тал.
Катар, катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл, талаа көк,
Кара торгой таңдайынан үн безеп.
Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.
Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.

6. Уйго тапшырма беруу.
Уйунордо ата-эненерге кочот отургузууга, арыктарды тазалоого жардам бергиле. Кийинки сабакта кандай кочот отургузганынар жонундо айтып бересинер.


4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!