Просмотр содержимого документа
«Желим бөтөлкөлөр.»
Бөтөлкөлөрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөө.
Даярдаган: Маданбекова Нурэл.
Теманын актуалдуулугу: Мындан 41 жыл мурда адам баласы биринчи пластикалык бөтөлкөнү иштеп чыккан. Эң биринчи бөтөлкөлөрдүн салмагы 135 г болгон ( азыркыдан 96%га көп). Азыркы мезгилдеги салмак чени 96 грамм. Статистикалык эсептөөлөр боюнча анча чоң эмес шаар бир жылда 20 тоона бөтөлкөнү ыргытат. Жыл жайын пластиалык бөтөлкө таштандылары 20% га өсүүдө.
- Излдөөнүн проблемалары: көпчүлүк көчөлөр, жолдор таштындыларга толуп кеткен. Ал таштандылардын басымдуу бөлүгүн бөтөлкөлөр түзөт.
- Изилдөөнүн максаты: пластмассалык бөтөлкөлөрдүн адамдын жашоосуна жана жаратылышка тийгизген таасирин изилдөө.
- Изилдөөнүн милдеттери:
1) Пластмассалык бөтөлкөнүн пайда болуу тарыхын жана колдонулуусун изилдөө;
2) Пластмассалык бөтөлкөнүн химиялык кассиеттерин окуп-үйрөнүү;
3) Бул бөтөлкөнү пайдалуу колдонуу жолдорун табуу
- Изилдөөнүн объектиси : керексиз, таштанды бөтөлкөлөр .
- Изилдөөнүн методдору :
- адабий булактардан маалыматтарды чогултуу;
- химиялык эксперимент;
- байкоо.
- пластмассалык бөтөлкөнү ким, качан ойлоп тапканын билебиз;
- бизге пайдалуу жана зыяндуу жактарын аныктайбыз;
Бөтөлкө – суюктуктарды көп убакытка чейин сактоочу ийдиш, цилиндрдик формада жана оозу кичине, капкагын ачып жабууга абадан ыңгайлуу. Айнектен жасалат, көбүнчөсү кара айнектен жасашат, азыркы мезгилде бөтөлкөнү полимердик материалдардан жасашат (полиэтиленден).
Бөтөлкөнүн тарыхы.
Биринчи айнек устаканасы археологдор тарабынан Тель-эль-Амаранда (Египет) б.з.ч 1370 жылы пайда болгондугу далилденген. Байыркы Египеттиктер бөтөлкөнүн формасына өзгөчө маани берип, бөтөлкөнү адамдардын же мөмө-жемиштердин формасына окшотуп жасашкан.
1611 жылы Англияда айнекти таш-көмүр менен күйгүзүүчү биринчи меч ойлоп табылган. Буга чейинки айнектер жыгач отуну менен күйгүзүлгөн жана алынган буюмдар бекем болгон эмес. Таш-көмүр менен күйгүзүүдө температура көпкө чейин туруктуу сакталып, кара айнектен бекем бөтөлкөлөрдү жасоого жакшы шарт түзгөн .
Биринчи пластмассалык бөтөлкө “Pepsi” биринчи жолу 1970-жылы АКШнын базарларында пайда болгон. Кыргызстандын териториясында пластикалык бөтөлкөлөр, базарларга батыш корпорацияларынын “Коко-Кола”, “Фанта” жана “Пепсинин” алкогольсуз ичимдиктеринин келиши менен бөтөлкөлөр популярдуулука ээ болду.
Биринчи пластмассалык бөтөлкөлөр.
Кыргызстандагы бөтөлкөлөр.
Пластмассалык бөтөлкөлөр менен байланыштуу экологиялык проблемалар.
Океан, деңиздердин булганышы.
Жан-жаныбарларга таасири.
Химиялык эксперимент.
Резина менен пластмассанын кислота, щелочь менен реакциясы.
Пластмасса жана резинанын күйүшү.
Изилдөөнүн жыйынтыгы.
Изилдөөнүн жүрүшүндө, айнек бөтөлкөдөн баштап пластмассалык бөтөлкөлөрдүн пайда болуу тарыхын аныкталды. Бөтөлкө жеңил, туруктуулугу жана ийкемдүүлүгү жагынан колдонууга ыңгайлуу болгондуктан, адамдын жашоо тиричилигинде белгилүү бир орунду ээлеп турат.
Лабораториялык эксперимент жүргүзүү менен пластикалык материалдар химиялык реактивдердин таасири астында ажырабашын жана аларды күгйгүзгөндө адам өмүрүнө коркунучтуу уулу газ бөлүнүп чыгышы аныкталды. Такатап айтканда пластмассалык бөтөлкөлөр чынында айлана чөйрөгө терс таасир беришин далилдедик.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!!!