СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жобо мектептерге 2024 был 10-январь

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Арифметикалык прогрессия-экинчи мучосунон баллам улам кийинки мучосу озунон мандагы 

Мучого 

Просмотр содержимого документа
«Жобо мектептерге 2024 был 10-январь»

Республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын жана жаш манасчылардын кароо-сынагынын


ЖОБОСУ


1. Жалпы маселелер

Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын жана КР Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында ошондой эле алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата КР УТРК менен Кыргыз улуттук “Манас” театры, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жана башталгыч кесиптик, жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын студенттеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларынын арасында республикалык “Манас таануу” телетаймашын жана жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагын өткөрөт.

2. Телетаймаштын, кароо-сынактын максаты:

  • Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу;

  • Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;

  • Өсүп келе жаткан жаш муунду Манас эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо;

  • Жеткинчектерге, окуучуларга, студенттерге жалпы эле жаштарга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу;

  • Аймактарда “Манас” эпосун тереңдеп окуп үйрөнүү боюнча мектеп окуучуларынын, мугалимдердин изденүүсүнө, билимине, тапкычтыгына баа берүү;

  • Аймактарда улуу баянды кыргыз тилинде жана чет тилдеринде айтуу багытында жаш муунду тарбиялоо;

  • Жаш манасчыларга шарт түзүү, аларга жакындан жардам берүү.


3. Телетаймаштын, кароо-сынактын шарты жана тартиби

3.1. Мектеп окуучулары үчүн(МТ)

  • Таймашка жалпы республиканын билим берүүчү мектептердин 7-11-класстарынын окуучулары катышат (3 окуучу бир топ түзүп);

  • Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалат;

  • Командага “Манас” үчилтигинен алып өзгөчө ат коюу;

  • Ар бир топто жок дегенде 1ден эркек бала болуусу шарт;

  • Таймаш улуу манасчы Саякбай Каралаевдин академиялык варианты боюнча өткөрүлөт.

  • Балдардын телетаймашка катышуусун билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук борборлордун, облустук билим берүү округдарынын башчыларына, министрликке жүктөлөт.


3.2. Жаш манасчылар үчүн

- Жаш манасчылар кароо-сынагына 3 жаштан 18 жашка чейинки манасчылар катыша алат.


4. Өткөрүү тартиби

4.1. “Манас таануу” таймашы жана жаш манасчылар үчүн

  • 1-баскыч – мектептерде (январь)

  • 2-баскыч – район, шаардык тандоо (февраль-март)

  • 3-баскыч – облус, шаардык финал (апрель)

  • 4-баскыч – республикада (май)


5. Телетаймаштын жүрүшү

5.1. Манас таануу” таймашы үчүн

  • Атын жактоо” (Командага эпостон алып ат коюп, аны жактап беришет 1 минут)

  • Үчилтик” (С.Каралаевдин академиялык варианты боюнча 5 суроо берилет)

  • Сыр куржун” (макал-лакап, көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү)

  • Сырттандарды сынайбыз” (топ башчылардын таймашы. Ооба же жок деп гана жооп берет)

  • Өз ара суроо” (команда атаандашына үчилтиктен 2 суроо даярдап келет)

5.2. Жаш манасчылар кароо-сынагы үчүн

- 1-турда эркин тема айтуусу шарт;(3-5мүнөт);

- Калыстар тобунун чечими менен кошумча дагы окуя айттыруу же суроо берүү каралган.



  • Райондук баскычта бардык топторго 5тен суроо узатылат. Жообунун тактыгына жараша упай эсебинин негизинде жеңүүчүлөр аныкталат.


9. Калыстар тобун түзүү жана алардын иштөө тартиби

  • Калыстар тобунун курамын “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу аныктайт;

  • Баалоо суроолор үчүн 5 баллдык система менен жүргүзүлөт. Калыстар өз милдеттерин так аткарып, ачык добуш беришет.

9. Телетаймаштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Таймаштын жеңүүчүлөрү Кыргыз Улуттук “Манас” театры тарабынан баалуу белектер, грамоталар, жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Башкы жеңүүчүгө Кыргыз Улуттук “Манас” театры тарабынан Манас атабыз мекендеген Алтай жергесине саякат жасоо үчүн жолдомо берилет.


Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан катышуучуларга, жеңүүчүлөргө китептер ошондой эле мугалимдерге, уюштуруучуларга төш белги, ардак грамоталар берилет.



“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы УТРК, Баластан каналдарында эфирде көрсөтүлөт. Бир таймаштын көлөмү 40 мүнөт. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары арасында өткөн сынактардын көлөмү 15-20 минут.



Байланыш номерлер: 0555196677-Кундуз; 0709210733-Нурбек




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!