СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо жүрүү эрежеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жолдо жүрүү эрежеси»

Сабактын темасы: Жолдо жүрүү эрежеси:




Сабактын максаты:

  • Окуучуларга жолдо жүрүү эрежеси тууралуу маалымат беруу

  • Жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү

  • Жолдо жүрүүдө жол эрежесин сактап, абайлап жүрүүгө тарбиялоо



Сабактын жабдылышы:

Светофор, жол белгилери тартылган сүрөттөр



Сабактын жүрүшү:

—Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин так билүүгө тийишпиз. Жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси бар.

Жол эрежесин үйрөнүп, дайыма так сактоо милдетибиз.



Жол эрежелери

Көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу керек. Көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүүдө ар дайым эки жакты карап өтүү зарыл. Адамдар дайыма светофорго карап, ал жок жерде атайын адамдар өтүүчү жерден (зебрадан) өтүү керек.

(сүрөттөр көрсөтүлөт)


Жол эрежеси б.ча ырлар


Болбос үчүн кырсыктар,

Айталы жол эреже.

Эсиӊерге туткула,

Билбегендер билишсин.

Жолдо жүрүү өзүнчө,

Кызык экен окусаӊ.

Эрежени үйрөнсөӊ,

Эркин басып жүрөсүӊ.

Эрежени сакташат,

МАИ деген ар дайым.

Эрежени үйрөнүп,

Эрежени бузбайбыз.


Жол үстүндө үч кабат

Илинген нурду карагын.

Светофор деп коёт,

Эсиӊе ал, өчүп,жанганын.

Жол эрежеси ушундай,

Айткандарды уккула.

Жол эрежесин так окуп,

Жол кырсыкка кабылба.

Жол эрежени так билсек,

Кырсык болбойт эч качан.

Өмүрүӊө коркунуч,

Алып келбейт эч качан.

Уят болбой окуйбуз,

Жол эрежесин баарыбыз.

Эрежени бузбастан,

Эстүү балдар болобуз.

Жол үстүндө үч кабат,

Илинген нурду карайбыз.

Светофор деп коёт,

Эсиӊде болсун ар дайым.

Сарысы күйсө камданып,

Кызылы күйсө токтойбуз.

Туура эмес өтүп көчөдөн,

Машина жолун тоспойбуз.

Жол белгисин билбесек,

Жаман жорук башталат.

Шашпай жүргүн көчөдө,

Кокустук деген балакет.



Ошондуктан окуйлу,

Жол белгини жакшылап.

Жолдо болбойт кырсыктар,

Эрежени так билсек.

Алды-артыӊды байкагын,

Алданбагын оюнга.

Чуркап өтөм дебегин,

Жолдун аркы боюна.

Кызыл күйдү карагын,

Токто, кайда шашасыӊ.

Сары күйсө камданып,

Жашыл күйсө басасыӊ.

Өткөөл жолдон өтүп жүр,

Машинадан сак болуп.

Билгин жолдо жүргөндү,

Эрежеге так болуп.

Коркунуч жок жолдо деп,

Жалгыз өзүӊ өтпөгүн.

Ишеничтүү болсун деп,

Чоӊдор сени өткөрсүн.


Суроолор

  • Светофордун жөө жүргүнчүлөргө кандай пайдасы бар?

  • Жолдо жүрүү эрежесин кимдер сактоосу зарыл?

  • Жөө жүргүнчүлөр жолдун кайсы жеринен өтүүсү керек?

  • Көчөдө болгон жол кырсыктын баарына айдоочулар күнөөлүүбү?

  • Кандай бала жол эрежесин бузбайт?

  • Жол белгилери жолдун кайсы жагында жайгашкан?






Ар бир топко тапшырма:

Кроссворд чечуу, сурот тартуу, сахналаштырып аткаруу жол эрежелерин.


Кроссворд

  1. Светофордун кайсы түсү жанса токтойбуз? (кызыл)

  1. Светофор жок болсо, кайсы жерден өтөбүз? (зебра)

  1. Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу эмне деп аталат? (тротуар)

  2. Светофордо “даярдан” деген белги кайсы түс менен белгиленет? (сары)

  1. Жолдон өтүп жатканда, эӊ биринчи кайсы тарапты карайбыз? (сол)

  1. Светофордун кайсы түсү жанганда өтөбүз? (жашыл)

  1. Жүргүнчүлөр кичи автобусту кайсы жерден тосо алат? (аялдама)

  1. Жол эрежелеринин кызматкерлерин атагыла. (МАИ)


Жыйынтыктоо

Суроо жооп иретинде

  • Светофордун жөө жүргүнчүлөргө кандай пайдасы бар?

  • Жолдо жүрүү эрежесин кимдер сактоосу зарыл?

  • Жөө жүргүнчүлөр жолдун кайсы жеринен өтүүсү керек?


Уй тапшырма

Сурот тартып келуу.







































Суроолор

  • Светофордун жөө жүргүнчүлөргө кандай пайдасы бар?



  • Жолдо жүрүү эрежесин кимдер сактоосу зарыл?



  • Жөө жүргүнчүлөр жолдун кайсы жеринен өтүүсү керек?



  • Көчөдө болгон жол кырсыктын баарына айдоочулар күнөөлүүбү?




  • Кандай бала жол эрежесин бузбайт?




  • Жол белгилери жолдун кайсы жагында жайгашкан?

































































Кроссвордун суроолору:


Тигинен:

2.Жолдон өтүп жатканда, эӊ биринчи кайсы тарапты карайбыз?

3.Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу эмне деп аталат? 

5.Жол эрежелеринин кызматкерлерин атагыла. 

7. Светофор жок болсо, кайсы жерден өтөбүз? 



Туурасынан:

1.Светофордо “даярдан” деген белги кайсы түс менен белгиленет? 

4.Жүргүнчүлөр кичи автобусту кайсы жерден тосо алат? 

6.Светофордун кайсы түсү жанганда өтөбүз?

8.Светофордун кайсы түсү жанса токтойбуз? 



 

Кроссворд

  1. Светофордун кайсы түсү жанса токтойбуз? (кызыл)

  1. Светофор жок болсо, кайсы жерден өтөбүз? (зебра)

  1. Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу эмне деп аталат? (тротуар)

  2. Светофордо “даярдан” деген белги кайсы түс менен белгиленет? (сары)

  1. Жолдон өтүп жатканда, эӊ биринчи кайсы тарапты карайбыз? (сол)

  1. Светофордун кайсы түсү жанганда өтөбүз? (жашыл)

  1. Жүргүнчүлөр кичи автобусту кайсы жерден тосо алат? (аялдама)

  1. Жол эрежелеринин кызматкерлерин атагыла. (МАИ)





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!