СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖРТ тесттик суроолор

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ЖРТ тесттик суроолор»

Элдеги Манас ойгонсун

Манасты ар бир кыргыз ар башка түшүнөт. Айрымдары жомоктогу жок нерсе катары көрөт. Башкалары дагы башка .... . Менин жүрөгүмдө кадимки баатыр, Манас жашайт. Ал байыртадан келаткан Улуу сөздөн пайда болгон, башым менен кошо жатат, балам менен чоогу жетилет. Мен аны жомок эмес, чыныгы Манас деп билем.

Улуу сөздүн өзүндө Манас атабыз ким эле? Малдын туягынан, күпүйүм оокатынан башкага анчейин кызыкпаганы үчүн касиеттү Акбалтанын жемесин далай уккан бай Жакыптын баласы болгон. Атасынын тыйганына карабай эл үчүн жаштайында жоого аттанып, катылгандын катыгын берген, алдуунун алы жетпеген, күчтүүнүн күчү келбеген ай ааламды буй кылган теңдеши жок жоокер болгон. Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган үмүтү соолгон кыргыздын өчкөн отун тамызган өлгөн жанын тирилткен журт башы болгон.

Адамзат диндеринде Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө деп таанылган.Анын сыңарындай Манас, анын иши,идеялары ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө жашаганда гана Манастын түпкү максаты ишке ашат. Манас биринчи иретте кыргыз үчүн айрыкча Кыргыз мамлекети үчүн керек.Символ даражасында көтөргөн туу, жамы журтту бириктире турган күч түбөлүктүү мамлекеттик стратегия катары керек.Иш жүзүндө анын канчанчы кылымда жашаганы, прототиби ким болгону сөөгү каякта жашырылганы маанилүү эмес. Анткени Манас тарыхтагы конкреттүү адамдын масштабынан капкачан чыгып, жалпы улуттук идеяга айланып кеткен. Кыргыздын бир да баласы өз бетинче турганда Манас боло албайт, бирок ага умтулбаса кыргыз да боло албай калат.Эгер ар бир кыргыз жараны күпүйүм оокатын ойлобой,Мекенин ойлосо, ойлоп эле тим болбой, ал үчүн ар нерсеге даяр турса, даярданып эле жатып калбай, иш жүзүндө далилдесе-Маначс атабыз тирүү. Жок кыргфздын көбү маңкурт болуп кетсе, башканын тилин сүйлөп, башкага дилин берип, кайдыгерлик жолго түшсө- анда Манастын да , кыргыздын да чындап өлгөнү ошол.Муну ойлогондо, демек, азыркы Манас терең уйкуда же жарадар деп элестетем. Жаным кейип, азыр эле түрткүлөп ойготкум келет.Түгү бетиме чыгып, тумандаган душмангатүгөл кирип кол салып,элине азаттык, жеңиш, намыс алып келе турган күнүн эңсейм. Анан ошонун баары өзүбүздүн мойнубузда экенин түшүнгөндө бул иштин канчалык жоопкерчиликтүү, оор экенин түшүнөм. Бирок анын баарын биз жасашыбыз керек. Келгиле ичибиздеги Манасты ойготолу! Кошоматчылыктан, ач көздүктөн, маңкурттуктан, чыккынчылыктан, жалган сөздөн жарат алган жерлерин дарылайлы.

Мынчалык терең уйкуга кеткен, төбөлдөрүнө нааразы болгон, уулдарына ичи чыкпаган Айкөлдү ойготуп, атка мингизиш үчүн кырк бир күн «Манас» айттырыш жетишсиздик кылат. Ойготуш үчүн мендеги Манас, сендеги Манас биздеги Манаска, кийин элдеги Манаска айланышы керек. Кыргыздын ар бир уулу, Манас болууга умтулуп, ошонун камын көрүшү керек. Кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин эстеп, улут тагдырына түйшөлүп, мамлекеттин келечегин ойлонушу керек. Башында турган бийлигин эле эмес, башын сая турган жоопкерчилигин да кошо көтөрүшү керек. Бул абдан узак жол. Анткени, бул Манастын бирден- бир улуу жолу.



2. Текстке берилген суроолор.

1.Манасты автор кандайча кабылдайт?

А. Жомок катары көрөт? Б. Тарыхый инсан деп эсептейт?

В. Жүрөгүндө жашатып, аздектеп келет, г.эч маани бербейт?

2. «Ал балам менен чогуу жетилет» деген сүйлөмдүн маанисин чечмеле?

А. «Мен билген Манасты балам да билет, аздектейт»,- дегендик.

Б. «Балам Манаска кызыкпайт»,-дегени.

В. «Балам Манас аттуу бала менен чогуу чоңоет»,- дегени.

Г. «Балам Манасчы болот»,-дегени.

3.Манастын атасы бай Жакып кандай адам болгон?

А.берешен,колу ачык, б.жоомарт,баатыр; в.мал туягын санаган сасык бай, г.журт башкарган акылман;

4. Акбалта кандай адам болгон?

А.каардуу,кырс, б.алысты көрө бтлген акылман, в. Кошоматчы, г.мурдун балта кеспеген адам.

5.Үмүтү соолгон кыргыздын өчкөн отун тамызган,өлгөн жанын тирилткен журт башы ким?

А.Жакып, б, Акбалта, в. Алмамбет, г. Манас,

6. Автордун ою боюнча Манастын түпкү максаты качан ишке ашат?

А. Манастын иши, идеясы ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаганда гана, б.Ар бир кыргыз атуулу «Манасты» толук билгенде гана; В. «Манас» көп тилдерге которулганда гана, г. Манасты пропагандалоо иши колго алынганда гана,

7. эмне үчүн автор Манас боюнча тарыхый тактыктар анча мааниге ээ эмес дейт?

А. Абсалюттук тактыкка жетүү мүмкүн эмес, б. Манас тарыхта болгон эмес дейт? В. Манас тарыхтагы конкреттүү адамдын масштабынан чыгып, жалпы улуттук идеяга айланып кеткен. Г. Манас –бул жомоктук каарман.

8. Манас атабыздын иши, идеясы качан жанданат?

А. Ар бир кыргыз жараны жети осуятты билгенде;

Б. Ар бир кыргыз жараны көр оокатты ойлобой, Мекенин ойлоп, ал үчүн баардыгына даяр болгондо, в. Манас атабыз тууралуу көркөм тасма тартылганда, г. Мыкты манасчы чыкканда.

9. Маңкурт деген ким?

А.оорулуу адам, б.көр оокатты гана ойлогон адам, в.көп тил билген адам, г.ата-тегин, тарыхын, тилин билбеген адам.

10.Кыргыздын көбүнүн маңкуртка айланышы эмнеси менен коркунучтуу?

А. Коркунучу жок, б.тилин, дилин жоготкон кыргыз эли жок болуп кетиши мүмкүн, в. Экономиялык жактан аксайт, г.маданияты төмөндөп кетет,

11. «Манас» терең уйкуда же жарадар деп элестетем», -деген сүйлөмдө автор эмне ой айткысы келген?

А.Манас өлгөн жок, б.Манас кайып болуп кеткен, в. Маңкурт болуп кете элегибиздеойлонолучу ,кыргыздар , г, эч нерсе.

12.Кыргыз элин коргоо, ага жеңиш, намыс алып берүү кимдин колунда?

А.Манас сыяктуу баатырдын, б. идеялдуу башкаруучунун ,

в. Келечек муундардын , г. Ар бир кыргыз атуулунун.

13. «Ичи чыкпоо» деген фразеологизмдин маанисин чечмелеп бер?

А.толук ыраазы болбой калуу , Б. ичи ачышуу , В. Ыраазы болуу , Г . ичи күйүү.

14. «Ар бирибиздеги Манасты ойготолуу» деген эмне?

А.согуш өнөрүн үйрөнөлү, б. баатыр бололу , в. эл-жердин камын көрөлү, г. «Манасты» окуп үйрөнөлү.

15.Автордун ою боюнча кырк бир күн манас айтуу сыяктуу ырым-жырымдар менен кыргыз элинин жашоосун өзгөртүүгө болобу?

А. Ооба ,болот, б . жок, болбойт, в. ырым-жырымдын маанилери зор, г. Бул жетишсиз.

16. Кыргыз эли туура жолго түшүш үчүн....

А. Кыргыздын ар бир атуулу Манас болууга умтулушу керек, б. «Манас» эпосун окуш керек, в.Манасчылык өнөрдү үйрөнүш керек, г.Эканомиканы көтөрүш керек.

17.Кыргыз эли арыла албай жаткан сапаттар?

А.төрөпейилдик, кеңпейилдик, б.оройлук, бетке чабаарлык, в. кошоматтчылык, көрөалбастык, маңкурттук, г.жоомарттык, берешендик.

18. «Түгү бетине чыгуу» фразелогизмдин маанисин чечмеле.

А.сүйүнүү, кубануу, б.ачуулануу, каардануу, в.толкундануу, г .таң калуу.

19. Авторду кайсы маселе түйшөлтүүдө?

А. «Манас» эпосу окулбай калышы, б. Манасчылык өнөрдүн унутулуп баратылышы, в.Манас сыяктуу баатырдын туулбай жатышы, г. Кыргыздар майдаланып, кайдыгер болуп, маңкуртка айланып баратышы.

20. «Өчкөн отун тамызуу»деген фразелогизмди чечмеле.

А.отту тутандыруу, б. отко май куйуу, в.үмүтүн жандандырып , жакшылык тартуулоо, г. Отко жылынуу.

21.Шакек-алкак

А.жип-аркан, б.сөйкө-алтын, в.шуру-бермет, г.чынжыр-сепил.

22.Сот-адилеттик

А.адвокат-кылмыш, б.мугалим-окуучу, в.милиция-тартип, г.аскер-жоокер.

23. Талант-атак

А.жөндөм-шык, б.билим-кызмат, в.өнөр-ыр, г.илим-киеп.

24.Лимон-апельсин

А.банан-кожогат, б.ит мурун-чычырканак, в.пияз-алма, г.ышкын-ананас

25.Кум-шекер

А.шагыл-таш, б.суу-сүт, в.май-нан, г.цемент-печенье.

26.Айыл-очок

А.түтүн-самоор, б.көң-уй, в.шаар-унаа, г.район-аймак.

27. Боек-түс

А.Ак-кара, б.кар-жамгыр, в.мык-балка, г.калем-жазуу.

28.Репортаж-диктафон

А.чогулуш-микрофон, б.магнитафон-ыр, в.кабар-компьютер, г.телефон-сөйлөшүү.

29.Аяз-аптап

А.кыш-суук, б.саратан-ысык, в.шыбыроо-бакыруу, г.ызгаар-бороон

30. Лексика-сөз

А.Фонетика-сүйлөм, б.батоника-өсүмдүк, в.синтаксис-грамматика, г.поэма-поэзия.

31. Кереге-жыгач

А.уук-боз үй, б.түндүк-туурдук, в.туурдук-кийиз, г.ээр токум-куюшкан

32. Жазуучу-актер

А.Шыбакчы-режисер, б.даарыгер-мугалим, в.тарбиячы-одвакат, г.финансист-банкир.

33. Төө-чөл

А.пил-деңиз, б.ташбака-шибер, в.бүркүт-аска, г.төө куш-чөл.

34.Жерпай-дубал

А.шырдак-төшөк, б.чатыр-терезе, в.жууркан-жүн, г.таш-кум.

35.Жаштык-жигердүүлүк

А.балалык-жаш курак, б.улан-кыз, карылык-нарктуулук, г.байбиче-ак саамай.

36.Жираф-узун

А.бегамот-семиз, б.кумурска-кыска, в.тюлень-жылтылдак, г. Көпөлөк-ийнелик.

37.Март-апрель

А.июнь-август, б.сентябрь-ноябрь, в.февраль-май, г.декабрь-январь

38.Базар-көп

А.жайлоо-аз, б.дүкөн-товар, в.мектеп-парта, г.шаар-имарат.

39.Аео-боорукер

А.сезим-бакыт б.орой-киши в.ыйлоо-жашык г.мерез-ташбоор

40.кресло-отуруу

А.диван-жатуу б.сок-ичүү в.стол-кийим илгич г.шкаф-илүү

41.Биринен-бири........... эң улуусу .......24 гана жашка чыккан бул 4....... кыргыз «азоодой үйрөтүлбөгөн бөбөктөй тайтайланбаган»сөздөрүн кагазга түшүрүп алгачкы гезитти чыгарууга киришти.

А.кары,болгону,азамат б.кемишкен,бар болгону,көч артындагы.

В.жаш,бар болгону,көч баштоочу г.өткөн,болгону,шымаланган

42.Эшиктин ар кай жеринен зыркыраган..........так менин тонумдун........ көздөп тургандай коолдоп бир капталым........ отурду

А.аптап,топчусун,сыздап б.борошо,жыртыгын,муздап В.шамал,ачык жериң,ысып г.жел,этегин,үшүп

43.Анын көздөрү дагы....... ачылып ...... күлүмсүрөө пайда болгондо өңүнөн жаш өмүрдүн..... шамы жанып асмандагы күн менен айкалыша түшкөнсүдү

А.чоңураак,уурттарын бактылуу б.кечирээк,оозуна,бактысыз

В.бакырайтып,жүзүнө,шордуу г.чоң,бетине,жарык

44. Түлкүбек көптөн көксөгөн Айдың көлгө .......... Ак шумкарды кондуруп сары....... ээрчитип 2-3 ....... жанына алып жөнөп калды.

А.ууга чыгууга,итин,жигитин б.түшүүгө,тайганын,кызды

В.чумкууга,атын,жардамчысын г.куш салууга,тайганын,жигитин

45.Түлкүбек менен Атабек баштаган бир канча жигиттер ......... аттарын ........ аттардын сүрөтү тартылган ...... байлашты.

А.коноктордун,бошотуп,жипке б.меймандардын,алышып,кермеге

В.аксакалдардын,өткөзүп,арканга г.душмандын,алышып,жипке

46.Тиги суунун......... кырка тигилген аппак үйлөр турса ошол үйлөрдүн ар биринин жанындагы .....чыккан түтүн жүлүндөй болуп көккө карай созулууда

А.жанында,мештен б,үстүндөгү,очоктон В.боюндагы,оттон г.боюндагы,кемедеги

47.Алардын арасындагы жамбы ата турган .........да сайышка түшө турган ......... байгеге атын кошо турган...... да боло турган.

А.мүнүшкөр,балбаны,күлүгү б.көзгө атаары,жигити,саяпкери

В.мергени,баатыры,саяпкери г.аңчысы,жоокери,күлүгү

48.Көпкөлөң жетекчилерден.......жеп болгон ызасын чыга көтөрүп кашар ичинде ....... жайлоо төрүндө ....... ашуу белинде жалгыз чыгарган күндөрү көп эле болду

А.кагуу,ээр жазданып,коюнчу батып б.нан,кымыз ичип,ат арытып

В.уруш,кымыз ичип,коюн төлдөтүп г.кагуу,козу жеп,кыйкалып

49.Илгертен ынтымактуу бирибизге-бирибиз....... душманга ....... келдик эле

А.ийилип,кошулбай б.кол сунуп,кошулуп В.жардам берип,колтук ачпай г.көмөктөшүп,сыр айтып

50.Мен дүнүйө берип ........ деп келип отурганым жок учууга .... конууга ..........таап алайын деп келип отурам.

А.байытайын,куйрук, канат б.зарлатайын,самолет, вертолет

В. байытайын,коюлат,куйрук г.алдайын,канат,туяк

Эне тилинин практикалык грамматикасы

51.Төмөнкү сөздөрдүн кайсынысы адабий тилдин нормасында берилген.

А.чермий,илеген,пиала б.бортоной,дагыра,водовод

В.чыптама,чылапчын,кесе г.өпкө кап,таштек,чоң чыны

52.Абыл жылкынын казы,картасынан бурдай сугунду. Улукбек географиялык картаны доскага илди. Асты сызылган сөздөр омонимдердин кайсы түрүрнө кирет.

А.омофон б.омограф в.морфологиялык омонимдер Г.фонетикалык омонимдер

53.Кыргыз эли........ мезгилден бери аш тойлордо ар кандай....... уюштурп келген.

А.өткөн,ыр кесени б.кечээги,дастандарды В.тарыхый,ырларды г.байыркы,оюнддарды

54. «Айбыгуу» деген сөздүн синонимдери кайсы вариантта.

А,сүрдөө,коркуу,күлүү б.тартынуу,азгыруу,сүрдөө

В.ийменүү,тартынуу,жазгануу г.күлүү,эстөө,жазгануу

55.Аягы ск,фть,кт мн бүткөн сөздөр кайсы катарда туура жөндөлгөн.

А.Омскте,нефтьте,фактта б,Омскда,нефтте,фактда

В.Омскиде,нефтиде,фактыда г.Омскта,нефтьте,фактыда

56.Конкурста мыктынын мыктысы жеңишке жетти .

А.басаңдатма б.жай в.салыштырма г. Күчөтмө даражасы

57.этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр аркылуу жасалган сөздөр кайсы вариантта?

А.откүр бычак,тайгак жол,күйөрман киши Б.сөзмор адам,тоодой толкун,агын суу

В.уланды мүчө,дүнүйө кор киши,илимий иш Г.мамлекеттик иш,элдик революция,уялчаак кыз

58.Сөз жасоочу мүчөлөр менен түзүлгөн сөздөрдү белгиле.

А.уялар,жомоктор,кубанычтуу,айылдан Б.алдар,мектепте,өкүнүчтүү,жакшылыкка

В.көлчүк,оюнчук,жоокер,ишке Г.адамдар,териси,сызгыч,мурасчы

59.Төмөнкү сүйлөмдөргө себеп багыныңкы сүйлөмдү уюштуруучу мүчөнү ула.

Аба ырайы суук болуп тур...,тоого лыжа тебүүгө баргым келген жок.

А.-са -да,дагы,-деле –ып, -сын б.-ган,-дык,-тан

В.-ган,-ар,-да,-майынча,-ып,-ганча,-гыча

Г.-са-ба,-ый,-ган-да,-са-эле,-бар-бы,-дыктан,-бы

60.1.Бул салатка сыр күрүч жүгөрү майонез кошулат

2.Улууга урмат кичүүгө ызаат. 3.Мынчалык акылмандыкты кимден үйрөндүң.

4.Кыргыздын билимдүү жаштарынан болгум келет

Бул сүйлөмдөрдөгү белгисиз жактуу сүйлөмдү белгиле

А.1,2 б.2,3 в,2,4 г.3,4

61.Атоочтук сөз айкаштары белгиле.

1.Отко киргизүү, жылдызы түшүү, өнөр жай 2.Шайы көйнөк, бүркөк асман, накыл

3.Шагы сынып, жаңы мектеп, учкан куш 4.Алтын сөйкө, алтын балык, окуу жай

А.1-2 б.2-3 в.2-4 г.3-4

62.Сөйлөмдүн маанисине карата туура сөз айкашын тапкыла .

Күч бербеген тулпардан, ........ уй жакшы.

А. каймак берген б.этин берген В. сүтүн берген Г.кысыр калган

63.Кайсы варианттагы сүлөмдө орун тартиби туура сакталган?

А.Бүлдүргүү алба, бөлүнгөндөн Б.Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат В.Түнөрүп турат бузулуп аба-ырайы Г.Башка урбайт баланы

64.Туруктуу сөз айкашын тап.

1.Казаны оттон түшүү, кымча бел, маңдайы жарык 2.Дил баян, адам болуу, көк асман

3.Жол башчы, кант кызылчасы, жогорку кеңеш 4.Жылдызы түшүү, кабыргасы кайышуу, көзү тирүү

А)1-2 Б)1-4 В)1-3 Г)2-4

65. Көзгө сайса көрүнгүс карангы экенине карабай жолго чыктык

Асты сызылган сөздөр суйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн милдетин аткарат.

А) ээлик Б) аныктоочтук В) бышыктоочтук Г) толуктоочтук

66. Эл жатса да ,Эламан акемдин эки уулу жатпайт.

Суйлөм структуралык түзүлүшү боюнча кандай сүйлөм.

А) жөнөкөй суйлөм Б) тең байланыштагы татаал сут в.багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм, Г. Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм.

67. Татаал суйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй суйлөмдөр кандай жолдор аркылуу байланышты?

Ак сөз арыбайт, ак жүргөн карыбайт.

А.байламталар Б. атоочтуктар В. интонация Г.чакчылдар

68. Кыргыздар-Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири. Ал өзүнүн көп кылымдык тарыхында эпикалык маданияттын эң бийик өрүшүнө жетти.

Жогорудагы суйломдор адабий тилдин кайсынысына мүнөздүү

А. илимий Б.публицистика В.көркөм Г. иш кагаздары

69. Жүз жылдар мындан кийин да,

Жаңкайып тоолор турушат.

Анда да бизге шерденип,

Адамдар таазим кылышат.

Бул ыр саптары адабий тилдин кайсы стилине мүнөздүү?

А. иш кагаздары Б. публицист В.көркөм Г. илимий

70. Рецензия, отзыв стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

А. көркөм Б. илимий В.публицист Г. иш кагаздары

71.Биздин класста тогузоо ударник болду .

Асты сызылган сөз кайсы вариантта орфографиялык эрежеге туура келбейт?

А.тогуз Б. тогуздай В. тогузоо Г.тогузунчу

72.Кошмок сөздөр энчилүү ат катарында колдонулган учур кайсы вариантта туура берилген?

А.Асан-аалы, Бек-тур, Аккула Б.Кудайберген, Асан кожо, Теңир берди

В.Жеңижок, Балыкооз, Асанбай Г.Бүбү Айна, Каракөл, Абыл-бек

73.Жер суу аттарынын жазылышы орфографиялык эрежеге туура келген катарды белгиле .

А. Көк ой, Көкөмерен, Кошдөбө, Кетмендөбө Б.Кайыңды-Булак, Кара- шоро Ала-арча, Ак-Бешим

В.Акбосого, Торуайгыр, Ала-Бел Г.Шайтанкөпүрө, Шар-Булак, Шамалды-Сай

74.Төмөнкү варианттагы кайсы сөздөр туура берилген

А.жыгашчы, көрүңгүс, күңкөр, колдонмо Б.беяакыл, күштүү, чаштуу, көрөгөштүк

В.көрөгөчтүк, тынчтык, колдонмо, бей адеп Г.түңкү, күнкор, күчтүү, бөлүнбөс

75.Биринчиси Чоронун улуу Самансур, экинчиси Танабай.

Асты сызылган сөздөн кийин кандай тыныш белгиси коюлат?

А) үтүрлүү чекит Б) үтүр В) сызыкча Г) кош чекит

76.-Сен атадан айрылдың , балам ?Мен досуман айрылдым?

Бул сүйлөмдө каратма сөздүн алдында үтүрдүн коюлуш себеби эмнеде?

А.каратма сөз сүйлөмдүн башталышында келсе; Б.каратма сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса ;

В.каратма сөз сүйлөмдүн ортосунда орун алса ; Г.кайрылуу иретинде эле айтылат.

77.Өтүнөм , досум,бирөөнүн аманатын өз колуна тапшырсаң жакшы болот эле. Жогоруда асты сызылган сөздөрдөн кийинки үтүр кайсы эрежеге таянып коюлган?

А.киринди сөз сүйлөм башында келсе жана каратма сөз сүйлөмдүн ортосунда келсе өзүлөрүнөн кийин үтүр коюлат, Б. киринди сөз сөз ортосунда келсе , каратма сөз сөз башында келсе; В.бир өңчөймүчөлөр болсо ; Г. Экөө тең каратма сөз болгондуктан .

78. Кайсы вариантта тыныш белги туура коюлган?

А.-О жарыгым андай дебе! Сөз өнөрүн сынашуу да кеп бекен , Бегимай!?

Б.-О, жарыгым , андай дебе !Сөз өнөрүн сынашууда кеп бекен, Бегимай!

В.-О жарыгым !Андай дебе ! Сөз өнөрүн сынашуу да кеп бекен? Бегимай! Г.-О жарыгым ! Андай дебе! Сөз өнөрүн сынашуу да кеп бекен ? Бегимай.

79. Кайсы вариантта тыныш белгилер туура коюлган?

А. Сөз баштаган эл баштайт-деген макал бар.

Б.Арабадан ыргып түшүр ,Жайнактан мурда озунуп: «Энеке, оозуңа май ,кагылайын энеке!»-деп жетип келди . В. «Өнөрлүү киши кор болбойт» деген макалды айтып батасын берди.

Г.Атам: чындыкка тике кара деп,-үйрөткөн.

80.Өмүр бою силерге-Усукеме жеңеме-ыраазымын... Бул сүйлөмдөрдөгү сызыкча кайсы эрежеге таянган?

А.ээ менен баяндоочтун ортосуна коюлуучу Б.сырдык сөздөрдүн ортосунда В.кош сөздөрдүн ортосунда Г.Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдөн кийин

81.Төмөндөгү сүйлөмдөр адабий тилдин кайсынысына мүнөздүү?

Теорияны практика менен тыгыз байланыштырып Д.И.Менделеев нефтинин технологиясына көп көңүл бурган.Менделеевдин илимий иштери өтө көп кырдуу болгон.

А.илимий б.публицистикалык в.көркөм г.иш кагаздар стили

82.Заттын негизги белгисин алып жүргөн түшүнүктүн атын атап ким? эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү кыргыз тилинде зат атооч деген термин менен атайбыз.Жогоруда сүйлөм топтому стилдин кайсы түрүнө кирет?

А.публицистикалык б.көркөм в.илимий г.иш-кагаздар стили

83.Билимдүүнүн сөзү өткүр,котур ташы койнунда,жең ичинен сүйлөнүү,сөз атасы макал деген сөз жөр стилдин кайсы түрүнө колдонулат?

А.илимий, б.көркөм, в.публицистикалык, г. иш кагаз

84.Бул сүйлөмдөрдүн орун тартиби туура берилгенби?

А.Эки күндөн бери туман каптап турат айылды Б.Атаңдын келсе алдыңа кеч кунун

В.Маңдайы жазылып ичи эзилип,Эдигей домбраны жыргап угуп отурду

Г.Идеология ушул улуттук деген

85.Туруктуу сөз айкаштары кайсы катарда.

А.жакшы иштөө,оозу менен орок оргон,мектеп партасы Б.таш боор,көзү тируу,күн карама

В.айылга баруу,тилек айтуу,эшикте ойноо Г.алтын тамыр,колу ачык,даркан өмүр

86.Атоочтук сөз айкаштары кайсы вариантта берилген?

А.илимдин жаңылыгы,туяк камчы,баатыр көркү Б.комуз черт,суудай таза,мектепке баруу

В.үндөн ылдам,алтын аяк,парашютта секирүү Г.ачык асман,жең ичинен,хордо ырдоо

87.Көп чекиттин ордуна себеп багыңкы сүйлөмдү уюштурууч у мүчөнү ула.Данияр көбөнов олимпиадада жең........ алтын медплгп татыктуу болду.

А.-ган себептүү б.-са,-малтын в.-ган+дыктан Г.-бай(-ба+сыты

88.Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү тап.

А.жылт,жаркыра б.болжолу,айыл апа в.мөлтүлдө,кыязы Г.да,жана

89.Баяндооч аркылуу кюшклган сүйлөмдүн кайсы түрү?

Жакшылык жан эритет, жамандык жанн кейитет.

А.жалпы жактууу б.белгисиз жактуу в.белгилүү жактуу Г.жаксыз сүйлөм

90.Бул татаал сүйлөмдүн синтаксистик түгөйлөрүнүн байланышуу жолдорун тап? Элден безген эл эмес,жоодон качкан шер эмес.

А.байламталар аркылуу б.чакчылдар аркылуу В.интонация аркылуу г.атоочтуктар аркылуу




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!