СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жусуп Мамайдын өмүрү чыгармачылыгы боюнча класстан тышкаркы ачык сабак

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жусуп Мамайдын өмүрү чыгармачылыгы боюнча класстан тышкаркы ачык сабак»

48 мектеп-гимназиясы.

Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган класстан тышкаркы сабактын сценарийи

Мугалим: Курманбекова Сабира.

Сабактын максаты:

1) Билим берүүчүлүк:Окуучулар улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүрү чыармачылыгы жана анын манас айтуудагы варианты, башка манасчылардан айырмачылыгы тууралуу маалымат алышат.

2) Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар манасчынын өмүр жолу, чыгармачылыгына байланыштуу талкуу жүргүзүшөт, өз ойлорун айтышат, бири-бирине суроо беришет.

3) Тарбия берүүчүлүк: Манасчынын өмүрү чыгармчылыгы менен таанышуу аркылуу өз оюн эркин айтууга жана аргумент, факты менен жооп берүүгө, маалымат топтоого тарбияланышат

Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот. Эгерде алар: талкууга активдүү катышып, суроолорго жооп берип, өздөрү суроо түзө алышса, ар кандай маалымат булактарынан кошумча ой, аргумент, фактыларды топтоп аны жалпы класска жеткирип бере алышса.


Сабактын жабдылышы:Таркатылуучу материалдар, сөздүктөр, ТСО

Сабактын ыкмасы: индуктивдүү, дедуктивдүү, талкуу, аңгемелешүү

Сабактын тиби: аралаш (тегерек үстөл тибинде, суроо-жооп,)

Сабактын жүрүшү:

1) Уюштуруу:Саламдашуу, балдарды сабакка даярдоо, класстын тазалыгына көз салуу, окуучуларды жоктоо, журнал толтуруу.

Жаңы сабак: Мугалимдин сөзү:

Быйыл улутубуздун залкар манасчысы, кытайлык кыргыздардын өкүлү Жусуп Мамайдын жүз жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатат. Ал чын куран (апрел) айынын 18инде 100 жашка чыкмак.

Жусуп Мамай (1918—2014) — заманабыздын биз өзүбүз көрүп-билип калган жана дүйнө коомчулугунун көз алдында Кыргызстанда да, Кытайда да эң жогорку сый-урматка татып калган залкар манасчысы.

Мына ушул залкар манасчынын 100 жылдык мааракесине арналган бүгүнкү сабагыбызды баштайбыз.

Биздин сабагыбыз тегерек үстөл тибинде талкуу (диспуд) сабагы болот. Мен бүгүнкү сабагызга чейин ар бириңерге тапшырма берген элем. Келгиле ким кандай маалымат, кызыктуу аргумент, факты топтой алды.


Нургүл: Саламатсыздарбы. Мага бүгүнкү сабакта манасчынын өмүрү тууралуу билип келүү тапшырылган. Мен буларды биле алдым.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.

Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаты тың адамдардын бири болгон. Мамай аксакал Меккеге барып, Ажы да болуп келген. Жусуп Мамай кичинекейинен эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында эле айылдагы Ыстам Кожо аттуу молдонун колуна кат үйрөтүүгө берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.
Агасы жомокчу Балбай (46 жашында Кашкардагы түрмөдө өлгөн) "Манас" айтып, аны кагазга түшүрүп жүргөн жана иниси Жусуптун акындык жөндөмүн байкап, өзүнүн кол жазмаларын окута баштаган, Манас айтуунун ыкмасын үйрөткөн. Агасынан таасир алган Жусуп "Манасты" жазып чыккан, бирок анын алгачкы варианты жоголуп кеткен. Ал мурда айткандарын жаңыртып, унуткан жерлерин эстеп, кайра кагазга түшүргөн.

Эрлан: "Манасчынын "Манас" айтуусунун себептери" боюнча менин тапкан, билген маалыматтырым мындай болду.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да "Манас" айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.

Жусуп Мамайдын айтымында, эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.

Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.

Ошондо кара чаар киши: "эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди дейт.

Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.
Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.

Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:

"Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар — Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды".

Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.

Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.

Ошондо атасы уулуна:

"Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө "Манас" айтпа", — деп акыл-насаатын айтат.

Атасынын сөзүнөн чыкпай, "Манасты" эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле.

Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, "Манастын" өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген "Манастын" кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.

1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу "Манас" айтып берет. Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.

Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, "Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы" аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, "Манасчы" деген атка конот.

Бегимай: Мага болсо "Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" эпосунун өзгөчөлүктөрү жана сакталып калуусу" тапшырылган.
1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан "Манас" вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.

Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.

Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын "Семетей" гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.

Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын сегиз урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.


Айша: "Манас" эпосун айтуудагы варианттулугу" деген тапшырма мага берилген.

SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБКОВ

Жусуп Мамайдын вариантында окуялардын берилүү тартиби, баяндоо ыкмалары боюнча өз алдынча вариант экендигин баса көрсөтүп турат. Ошондой эле жер-суунун аттарында жана образдар системасында айырмачылыктар бар. Көркөмдүк жагы да башка варианттардан кем калышпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү башка варианттардагы баатырдыкты даңазалоочу эпикалык пафос толук сакталбаса да берилип, турмуштук окуялар басымдуу айтылат. Жалпысынан алганда анын вариантындагы "Манас" эпосунун окуяларынын берилиши, образ системасынын курулушу, көркөмдүгү бөтөнчөлүккө ээ болгон дагы бир вариант болуп эсептелет.
Мындан тышкары "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл-Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билет


Даниель: Бүгүнкү тегерек столдо мага Жусуп Мамайдын Кыргызстанда алган сыйлыктары тууралуу билип келүү тапшырмасы эле.

2014-жылдын 30-майында (бугу айынын 30унда), Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, улуу "Манас" эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок

Айдай: Жусуп Мамайдын Кыргызстанга келүүсү жана анын сыйлыктары.

Кыргызстанга бир нече ирет келген

1989-жылы кулжа (июнь) айынын үчүндө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан. 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.

Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн "Манас" эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

Сыйлыктары.

Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири — "Тоо Гүлү" сыйлыгына эки жолу татыган. Кыргыз эл артисти наамын алган. Биринчи даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Алтынай: Жусуп Мамай дүйнөлүк адабиятта деген тема мага берилген. Мен бул темага Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун вариантын англис жана немис тилдерине которуп, четинен жарыялап жаткан таанымал немис түркологу, манас таануучу, профессор, Батыш Европадагы алгачкы Жусуп Мамай таануучулардын бири болгон Карл Райхлдын Азаттыктын сатына берген интервьюсу боюнча даярданып келдим.

Райхл мырза 2013-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 15инде Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган экинчи эл аралык илимий жыйында чыгаан манасчы тууралуу мындайча баасын берген:

“Жусуп Мамай (Jüsüp Mamay) – “Манас” дастанынын бардык бөлүмдөрүн толугу менен айтып бере алган акыркы кыргыз дастан айтуучусу болуп саналат.

Аны чын эле “чоң манасчы” деп атоого болот. Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” варианты жалаң гана эң жогорку көркөмдүгү жана өтө зор көлөмү менен айырмаланбастан, ошондой эле, бул дастандын салттык “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрү менен чектелип калбастан, - демек, дастандын негизги окуяларын үч муунга гана сыйдырып тим болбостон, - аны кеңейтип, сегиз муундун окуялары камтылган ири дастанга жеткиргендиги, мурдагы салттык бөлүмдөргө “Кененим” (Keninim), “Сейит” (Seyit), “Асылбача жана Бекбача” (Asylbacha and Bekbacha), “Сомбилек” (Sombilek), жана “Чигитей” (Chigitey) сыяктуу жаңы бөлүмдөрдү кошкондугу менен айырмаланат.

Жусуп Мамайдын варианты болжол менен 220 000 ыр сабынан турат. “Манас” дастанынын Жусуп Мамайга таандык варианты Шинжаңда колдонулуп жаткан кыргыздын араб жазмасында эки чоң томго сыйдырылып да жарык көрдү (2004-жыл). Анын дастандык варианты Кыргызстанда да кирил жазмасында жарык көрдү”, - деп билдирген профессор Райхл.

Бул чыгаан манасчыны дүйнөлүк илим чөйрөсүнө кеңири тааныткан илимпоздордун катарында (Карл Райхлдан жана эгемен түрк өлкөлөрүндөгү эпос таануучулардан тышкары) кытайлык кыргыз таануучулар Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң айым, кытайлык кыргыз илимпоздору Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Ысакбек Бейшенбек, Макелек Өмүрбай, француз Реми Дор, немис Гундула Салк, жапон Такао Нишиваки, ж.б. окумуштуулар турат.


Актан жана Азат: Бүгүнкү тегерек столдо бизге Жусуп Мамайдын сүрөттөрүн топтоп келүү тапшырмасы берилген.

Бегимай менен Баель: Бизге бүгүнкү сабакта Жусуп Мамай тууралуу кошумча видео маалыматтарды топтоп келүү болчу.

Биз Жусуп Мамайдын өмүрү чыгарчылыгы жана анын айтуусундагы "Манас" эпосунан үзүндү таап келдик.


Мугалим: Рахмаат балдар. Силер бүгүнкү сабакка эң сонун маалыматтарды таап келипсиңер. Эми келгиле сабагыбыздын талкуу же суроо-жооп бөлүгүнө өтөлү. Кимде ой-пикир же суроо бар?

Актан: Менде мындай суроо бар. Жусуп Мамай эң Биринчи жолу "Манас" эпосунун кайсы жеринен жана качан айтып баштаган?

Азат: 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, "Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы" аттуу окуяны кошуп айтат. Мына ошондон кийин гана Жусуп "Манасчы" деген атка конот.

Алтынай: 1966-жылдан 1978-жылга чейин манасчынын айтуусунда "Манас" эпосун жаздырып алуу иштеринин токтулушуна эмне себеп болон?

Кира: 1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон "Ак-Булуң" деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын сегиз урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.

Лолита: Манасчынын айтуусунда "Манас" бөлүгү качан жазылып алынган?

Аделя: 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Мугалим: Жусуп Мамайдын өзүнүн айткан Манасы анын көлөмү жагынан же болбосо 223 миң сап көлөмдө сегиз урпакты айтып берген өзгөчөлүгү бар. Андан бөлөк Манас эпосунун ичинде кыргыздын акылы, ою, салт-санаасы, каадасы, жалпы эле адамзат кантип киши болуу, ушул кишилик сапатты кандай көтөрүү боюнча өтө чоң билимдер Жусуп Мамайдын айтымында улуу муундан кичи муунга аздектелип,алдыга тарбиялап келе жаткан экен.

Жусуп Мамайдын манасчылыгынын дагы бир өзгөчөлүгү – «Манастын» кийинки урпактарын кошуп айткандыгында. Башка манасчылар «Манас», «Семетей», «Сейтекти» эле айтышат эмеспи. Экинчиси – ал өзү сөзмөр, акындыгы бар болгондугу үчүн жөндөмдүүлүгүнө жараша эпостун чөлкөмүн кеңейтип айткандыгы.

Жыйынтыктоо: Балдар биз манасчынын канча сырын ачып, аны менен таанышкыбыз келсе да өзү айткан "Манасындай" анын сыры океандай чалкыган, ааламдай кенен тура. Бүгүнкү биздин сабагыбызда манасчы тууралуу аз да болсо маалымат ала алдык. Демек бул маалыматтар силердин жашооңорго оң таасирин берет деген ойдомун.

Үйгө тапшырма берүү: Сагымбай манасчы менен Жусуп Мамайдын варианттарын салыштырган маалыматтарды таап келүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!