СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-класс тарбиялык саат

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«5-класс тарбиялык саат»

Тарбиялык саат

5-класс

Тема: МЕНИН СҮЙГӨН КЕСИБИМ

Сабактын максаттары:

• кесип эмне экендигин биле алат;

• кесип тандоого багыт алат;

• келечекке максат коё билет.

Сабактын жабдылышы: дубал газеталар, китептер, ар кандай лозунгалар, ватман, маркер ж.б. I.Сабакка чейин: Бул сабак эмне берет? - кесип жөнүндө түшүнүк алышат; - бүгүнкү күндөгү кайсы кесип эң актуалдуу экендигин билишет; - кесип тандоого үйрөнүшөт; - келечектеги кесиби аркылуу өздөрүн тааный алышат. Сабактын өбөлгөсү: Окуучулардын априордук билими. Убакытты бөлүштүрүү: - Саламдашуу, уюштуруу – 3 мүнөт; - Сабактын максатын жарыялоо – 1 мүнөт; - Кесиптердин тизмесин жазуу – 6 мүнөт; - “Кесип атоо оюну” – 3 мүнөт; - Мугалимдин сөзү – 1 мүнөт; - Кесип тандоо – 2 мүнөт; - Мугалимдин сөзү – 1 мүнөт; - Топторго бөлүнүп иштөө (Т схемасын толтуруу) – 20 мүнөт; - Кесип атактуулары жана кызыктары – 5 мүнөт; - Жыйынтыктоо – 3 мүнөт. I. Сабактын жүрүшү: КРнын Мамлекеттик Гимни менен башталат. Мугалим: Элибизде ар кандай кесип ардактуу” – деп айтылат эмеспи. Ошонун сыңарындай, бүгүнкү сабакта кесип жана кесип тандоо жөнүндө сөз кылабыз. Ар бир адам бул жашоого келгенде алдына чоң максатты коёт. Андан соң ал максатка жетишүүнү пландаштырат. Силер да бүгүнкү сабагыбыз аркылуу келечекте өзүңөр сүйгөн, тандаган кесибиңерге жетүү жөнүндө ой бөлүшөсүңөр. (Мугалим доскага ватманды илет да, ага окуучуларды кандай кесиптер бар экендигин жаздырат. Ар бир окуучу билгендерин жазып чыгат). Мисалы: мугалим, дарыгер, юрист, сот, адвокат, геолог, археолог, архитектор, инженер, дизайнер, актер, актриса, режиссер, оператор, программист, стилист, экономист, стюардесса, ашпозчу, котормочу, дипломат, бухгалтер, бакчы, астроном, космонавт, диктор, журналист, спортсмен, менеджмент, банкир, диетолог, минеролог, шахтер, фермер, уста, чебер (уз) ж.б. Балдар, жогоруда бир канча кесиптердин бар экендигин жаздыңар жана билдиңер. Жазылгандардын ичинен азыркы учурдагы эң керек, эң актуалдуу кесиптердин астын чийгиле. 51 Азыр мен доскага жазган кесиптерге тиешелүү сөздөрдү, терминдерди, заттарды, нерселерди атаймын, силер кайсы кесипке тиешелүү экендигин бир бирден айтасыңар. Бул “Кесип атоо” оюну болот. Мисалы: бор, диск, дары-дармек, кариес, блок, укук, кылмыш, акт, дор, репортаж, концерт, операция, особ, реакция, пайдубал, бурч, программа, теорема, оазис, макал-лакап, камчы, комуз, скрипка, конституция, дисплей, кино, ийне, микрофон, драма, ыр, күбө, чач, мода (үлгү), бак, сабиз, пияз, самолет, мотор ж.б. Мугалим окуучуларга сүйгөн кесибин тандатат. Андан соң тамыры бир кесиптерди тандагандарды топ-топко бөлүп, топтоштурат. Мисалы: Биринчи топ: хирург, терапевт, фармацевт, окулист Үчүнчү топ: математик, химик, тилчи, тарыхчы Экинчи топ: диктор, журналист, сценарист Төртүнчү топ: юрист, адвокат, нотариус, прокурор Топтор менен иштөө Балдар, эми берилген бирден ватман менен маркерлерди колдонуп, ар бир топ Т схемасын толтурасыңар да, доскага чыгып, жактап бересиңер. Т схемасы төмөнкүдөй тартипте толтурулат. Мисалы: ЭКОНОМИСТ Экономисттин пайдасы Экономисттин зыяны Мугалим: Дүйнөдө ар бир адам ар кандай кесиптерди тандап, иштеп келишет. Алар өздөрүнүн нукура жөндөмдүүлүктөрү жана аракетчилдиги менен тандаган кесибинин сырын ачышкан. Ошону менен катар, атактуулукка жетишкен. Анда алардан атай кетсек. (Мугалим кесиби аркылуу атактуулукка жетишкен адамдарды атайт жана сүрөтүн илет. Кээде окуучулардан да сурайт). Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин дүйнөлүк жазуучусу, билингивист, котормочу, коомдук жанан мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры. Кесиби боюнча зоотехник. Курмангазы Азыкбаев – белгилүү обончу, аткаруучу, искусство изилдөөчү. Кыргызстандагы эң көп музыкалык аспап черткен, “Гиннес” китебине кирген композитор. Саламат Садыкова – Кыргыз Республикасынын, Казак Республикасынын Эл артисти, аткаруучу. Тургунбай Садыков – Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, атактуу сүрөтчү, скульптор. 52 Ханс Кристиан Андерсен – Даниялык жазуучу, дүйнөдөгү эң улуу жана алгачкы жомокчу. Чыңгыз хан (Темучин) – дүйнөдөгү улуу кол башчы, башкаруучу. Курманжан датка – “Алай ханышасы”, кыргыз аялдарынан чыккан Орто Азиядагы биринчи генерал аял. Мамлекеттик ишмер, саясатчы. Абу Хусейн Ибн Абдаллах (Ибн Сина) – Орто Азия элдеринин даанышман илимпозу, философ, дарыгер-акыны. Людвиг Ван Бетховен – немец элинин улуу композитору, музыканты. Касым Тыныстанов – кыргыз элинин алгычкы тилчи-окумуштуусу, профессор, журналист, котормочу, коомдук ишмер. Эне тилдин атасы. Атай Огомбаев – кыргыз элинин кайталангыс обончусу жана комузчусу. Алла Борисовна Пугачева – орус элинин эстрада жылдызы жана Примадоннасы. Билл Гейтс – “Mikrosoft windows” компаниясынын негиздөөчүсү, программист. Дүйнөдөгү алдыңкы миллиардер. Мугалим: Мына балдар, жогорудагы тапшырмаларды активдүүлүк менен аткарып, ар бир кесиптин пайдалуу жана пайдасыз жактарын билдиңер. Эми келечекте кандай кесипти тандарыңарга бир аз болсо да топтордогу жумуштарыңар жардам берет деген ишеничтемин.

Сабакты аяктап жатып:

Бышыктоо

“Кандай гана кесип болбосун, бардыгы “Мугалимдин” колунан чыгат” – деген сөздү эскертким келди. Анда, бардыгыңар келечекте өзүңөр сүйгөн кесиптин ээси болууңарга тилектешмин. Эли-жериңердин патриот уул-кыздарынан болгула. Үй тапшырма: “Кесибим аркылуу өлкөмө кошкон салымым” деген темада ой жүгүртүү дил баянын жазып келүү. III.Сабактан кийин:

❖ окуучулар келечегин пландаштырууну үйрөнөт;

❖ жекече, топто иштөөнү өздөштүрөт;

❖ эки же андан көп кесиптин ээси болгонду да пландаштырат; ❖ кесипти тандоого үйрөнөт.





Класс жетекчиси: Рысбекова Б






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!