СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак калпак күнүн белгилөө.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ак калпак күнүн белгилөө.»


Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн демилгечиси катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

Ак калпак тарыхы
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү үлгүдөгү калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Жылда Ак калпак куну Республикабызда, өзгөчө Бишкек шаарында, майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет.

КАЛПАКТЫН ТҮРЛӨРҮ

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу
Кыргыз эли баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.








Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, омурлук жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жүргөн экен" деп билишкен.






Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлүү-жайлуу болгондо кыюуусу кара калпак башынан түшкөн эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.





Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.




Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шуңшуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.



Оюмдардын мааниси
Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман көздөн сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп булак жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын көркөмдөшкөн. Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон.


Эр-жигит аң уулоо менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн.


Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюуусу бар калпактар башынан түшкөн эмес.

Калпак жөнүндө
Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, женил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим.

Калпактын түзүлүшү кандай
Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.

Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-тоону чагылдырат. Ата-журтубуздун символу десек боолот. Нукура ак кийизден жасалган жасалышы аруулуктун, ыйыктынтын дагы бир белгиси.

Ооба, калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет.

Улуттук баш кийимибиз - байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу "калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосун", "калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың" - деген учкай сөздөр калган.

Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту билдирген. Ошондуктан "калпагыңды жерге койбо", "калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат" аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет.

Тузуму боюнча туюк жана айры калпак болуп болунот.

Айры калпак

Байыркы калпактар 2 талаадан эле турчу, ошондуктан алардын айры тиликтерин эки кулакты каратып кийип алышчу. Негизи айры калпактын маңдайкы жана желке жагы тилинуу болуп аталышы да ошондон. Мындай калпактарды кыргыздын оң жана сол канаттагылары кийип журушкон. Сол канаттын тотеми өгүз болгондуктан анын образын оймолор аркылуу калпактарына түшүрүп алган, ошондой эле ыкма менен оң канаттагылар өзүлөрүнүн бугу тотемин калпактарында түшүргөн. Азыркы айры калпактардын бир эле тилиги болуп, ал эми талаачалары төртөө, адатта, тилигин маңдайга келтирип кийишет.

Туюк калпак

Туюк калпак болсо тилиги жок болуп, аталышы да ушуга себептүү. Илгери көбүнчө ичкилик кыргыздар кийип жүрүшчү. Тотеми бөрү болуп, аны калпактарына түшүрүп алышкан.

Кайруусу
Кайруусунун өңүнө жараша сол канаттагылар (көк уулдан) кайруусу көк же кара түстө эле. Оң канаттар (ак уулдан тарагандар) ак чымкый калпак кийип, кайруусу болсо ак-сары же ак баркыттан жасалган.

Калпактын түзүлүшү жөнүндө
Биздин ата-бабаларыбыз дүйнө 3 болуктон турат деген ишенгеними болгон. Жогорку дүйнө - асман, ортоңкусу - тоо-таш, төмөнкүсү - суу жана жер асты. Бул катмарлардын образы да калпакка чагылдырылган деген имиштер бар. Чечмелениши төмөнкүдөй:

1.Калпактын чокусу (чок) жогорку дүйнө - асманды түшүндүрүп, чок дегени - куштардын канаты, тырмагы делет. Жигиттердин калпактарында куш канаты, тырмагы, кыздардын тебетейинде улардын, үкүнүн канаты болгон. Аталган куштар асманда, Теңирге жакын жүрөт деген маанини туюндурган.

2.Калпактын конус сымал бөлүгү тоону элестетип "Дүйнө тоо" маанисин берет. Илгерки ишенимдерге ылайык жер менен асманды дүйнө тоосу бириктирип турган.

3.Калпак кыюуусу асмандан түшкөн, тоолордон аккан сууну, ал эми кайруусу астыңкы жерди, караңгылыкты билдирет.

Кандай гана болбосун, имиш же болгон чындыкбы, баарыбир мунун баары биздин калпагыбыздын ыйыктыгын, кеңири тарыхка жана маданиятка бай экенин билдирип турат.






Калпак эмнеден жасалат
Ак калпак куну тууралуу кепке улай, эми калпак эмнеден жасаларын айталы. 19-кылымда калпактарды аялдар кийизден жасашып, эркектер сатышчу. Буйрутма менен калпакты жасатуу үчүн жаш козунун жүнүн беришчү, ошол эле жүн иштин акысы болгон. Учурда кытайлар жасаган синтетикалык калпактар өтө көбөйдү, баасы дагы арзан. Бирок нукура кыргыздын кой жүнүнөн жасалган калпактардын касиеттерине кытай калпактары жетпейт. Синтетикалык калпактар кышкысын суук келип, жайкысын башты ысытып, тердетет. Чыныгы жүндөн жасалган калпактар баасы кымбат, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, мындай калпактарды азыр кыргыз тигүүчүлөрү "меринос" породасындагы койлордун жүнүнөн жасап, заманбап тигүүчү машиналарга тигишет.





Калпак жонундо ыр
Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тоону,
Кичирейтип жасаган калпак кылып.
Тоолор жылып жатабы деп ойлойсун,
Кыргыздар ак калпакчан бара жатса

Калпакты кийгенимде ойлор келет,
Боз үйдө комуз чертип жатканымда
Кыргыз кызы кымыз сунат ичиң деп.
Жайлоодо ат чаап жүрөм, улак ойноп.
(Автор: Суркеев Бахтыбек)

 Эми ошентсе да кийинки жылдары баш кийимибизди ардактап, өзүбүздүн күндөлүк жашообузда кийип жүргөндөрдүн катары көбөйүп баратканы бизди кубандырат. Кыргыздын акмөңгүлүү, улуу тоолорун элестеткен ак калпагыбызды өз үйүбүздө, жадакалса чет өлкөлөргө барганда да үзбөй кийип жүргөндүгүбүз кандай сыймык! Кыргыз барда улуттун сыймыгыболгон баш кийимибиз-ак калпагыбыз түбөлүк биз менен жашай берет!





Ак монгосу ааламдан тынчтык тиреп,

Ак чокулар данкайып асман тиреп. 

Ала тоодой апапак ак калпакты,

Ак тилектуу ак пейил кыргыз киет.


жалпы кыргыз калкымды бугунку

ак калпак куну менен куттуктайм! 





















Кыргызстанда калпак жумалыгы өтөт.

Жумалык 1-марттан 7-мартка чейин созулуп, маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.


БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта өлкөдө калпак жумалыгы башталды. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жумалык 1-марттан 7-мартка чейин созулуп, маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.

"Саамалыктын максаты — калпактын аброюн, даңкын, даражасын жогорулатуу жана улуттук идеологияны кѳтѳрүү болуп эсептелет", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чаралардын программасы:

  • 1-мартта Улуттук филармониянын алдында калпак жумалыгынын ачылышы болуп, жарнамалык ролик тартылат;

  • 2-мартта соода борборлорунун биринде атайын программа менен концерт болот;

  • 3-мартта Туу күнүнө арналган мамлекеттик иш-чара менен катар ак калпактын касиетин жана кийүү тартиптери тууралуу лекция окулуп, флешмоб өткөрүлөт;

  • 5-мартта "Кыргыз калпагы муундан-муунга" чакырыгы менен бир катар кѳчѳлѳрдѳ жѳѳ жүрүш өтүп, андан соң эл менен бирге видео тартылат;

  • 6-7-март күндөрү иш-чарага катышкан студенттер соода борборлорунда элге калпагын чечпей, аны күндө кийип жүрүүгө чакырык кылышат;

  • "Сейтек", №72 жана башка мектептерде дагы калпакка байланышкан бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Саамалыктын уюштуруучулары "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу, "Ак шумкар кут" жаштар коомдук бирикмеси, "Инсандык өнүгүү" студенттик клубу жана "Тогуз Торо" жаштар биримдиги болмокчу.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!