СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл азбайт,билим тозбойт.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акыл азбайт,билим тозбойт.»

Темасы: Акыл азбайт, билим тозбойт.

Мөөнөтү: 26.11.2014

Классы: 7-м1 класс

Сабакка чейин:

Сабактын мотивациясы: Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил

боло алат.

Сабактын өбөлгөсү: Окуучулардын ойлоно билүүсү, окуучулардын акылдуулук менен, билимдүүлүктүн кадыр-баркы жогору экендиги жөнүндө маалыматтарды, макал-лакаптарды билүүсү.

Сабактын максаты:

1.Конкреттүү: Окуучуларды акылдуу, билимдүү болууга тарбиялоо

2.Конструктивдүү: Акылдуу, билимдүү болуу менен ийгиликтерге жетүүгө тарбиялоо, өз элинин патриоту болууга тарбиялоо

Сабактын формасы: жекече, кошуна менен, топ менен

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу моменти

  • Мугалимдин билдирүүсү

  • Эссе жазуу

  • Макал-лакаптарды талкуулоо

  • Жыйынтыктоо


Кыргыздар байыртан эле акыл менен билимдүүлүктү адам баласына таандык башкы касиет катары баалап келишкен. Ата - бабалардан мурасталган аңыз аңгемелерде, дастандарда, макал - лакаптарда азыркы муундар үчүн акыл менен билимдин адам турмушундагы ордун ар тараптуу түшүнүүгө, алардын билимге болгон дитин, күнтун ойготууга дурмөт болуүчу осуяттар арбын.

Элдин пикиринде ааламда адамдын акыл - эсинен, айла - амалынан күчтүү, кубаттуу эч нерсе болбойт. Кыргыз жомокторунун башкы кейипкерлери адатта эчен коркүнүчтуу дөө - шаалар, каардуу залим хандар менен күрөштө акылынын, айла - амалынын артыкчылыгы менен жеңишке жетишет.

Акыл менен билимдин улуулугу жөнүндөгү элдик даанышмандык төмөнкү макалдарда да таамай, так айтылат: «Акыл — тозбогон тон, билим - түгөнбөгөн кен», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат», «Кылыч — курал эмес, акыл — курал», «Күч кетет, акыл кетпейт», «Билген миңди баш­карат».

Кыргыздар интеллектуалдык маданияты, акыл — билимди башкы байлык, негизги дөөлөт катары карашкан. Анын баркын, баасын өлбөс, житпес, чирибес зат алтынга тете дешип, андан да кымбат нерсе катары карашкан. М.: «Алтын чирибейт, акыл азбайт», «Акыл байлыгы — азбас байлык». Арийне кыргыздардын өткөн мезгили, б. а. көчмөн, катаал жашоо образы, жоокерчилик шарттар балдарда кара күч жактан жетилгендикти тарбиялоо зарылдыгын талап эткендиги анык. Бирок, алар ар кандай иште акыл, билим керектигин, акыл менен гана ар нерсени жеңүүгө болорлугун нускалайт. «Билегине ишенбей, билимиңе ишен», «Колуң чолок болсо да, оюң чолок болбосун», «Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин». Демек, кыргыз эли дайыма бой маданиятынан, ой маданиятын жогору койгон, адамдын сырткы көрүнүшүн эмес, биринчи планга анын ички дүйнөсүн алып чыккан.

Акыл — билимдин, жалпы эле акылмандуулуктун артыкчылыгын жогору баалоо айтылуу «Манас» эпосунда да өзгөчө өзөктүү идея. Эпосто Манасты Манас кылып, ээрчитип журуп эр кылган, эр уулу менен тең кылган, атагын ай ааламга тааныткан улуу күч — бул Бакайдын акылмандыгы. Бакай Манастын бирден-бир ишенимдүү адамы, акылман кеңешчиси, өйдө жүрсө өбөгү, ылдый түшсө жөлөгү, астында жүрсө ак жолу, артта жүрсө сан колу. Ошондуктан Манас абасы Бакайдын акылына сыйынат, айтканын эки кылбайт, аны ар дайым кадырлап, сыйлап, ага урмат менен мамиле кылат.

Акылдуулук баарыдан мурда адептик категория, б.а. адамдын адеп маданияты, анын акыл, билиминин туундусу катары каралат. Муну төмөнкү макалдар даана туюндурат: «Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек», «Акылы жок бала жүгөнү жок атка окшош», «Акындын көркү — акыл», «Билимдүү киши айнектей, билимсиз киши тумандай», «Жердин көркү — эгин, элдин көркү — билим».

Элдин терең ишениминде, окуу - билим алуу жеке адамдын да, коомдун да өнүгүп - өркүндөөсүнүн зарыл шарты. Билимсиз түркөй адамдын өмүрү, жашоосу күнарсыз, супсак болмок. Бул элдик идея «Окуган — жарык, окубаган — чарык», «Билимдүүгө дүйнө — жарык, билимсизге дүйнө — караңгы», «Илим — турмуш чырагы, өнөр — элдин куралы», «Илим — окуу булагы, билим — өмүр чырагы», «Билимдүү болсоң — озоорсуң, билимсиз болсон, — осолсуң», «Билими бар ар балээден кутулат, билими жок ар балээге тутулат», «Билген суу ичет, билбеген уу ичет» деген ж. б. у. с. макалдарда ачык айкындалат.

Кыргызда «карылык» адамдын өмүр жашынын гана сан өлчөмү эмес, ал баарыдан мурда акыл, турмуштук тажрыйбага, бийик адеп - наркка ээ болгондук деген түшүнүктү билдирет. Ошондуктан калк: «Карынын сөзүн капка сал, кары билгенди баары билбейт», — деп улуулардын кебин акыл - билимдин казынасы катары кабылдаган.

Кыргыз тилинде акыл жактан өнүккөн, өркүндөгөн адамды мүнөздөөчү «акылман», «кеменгер», «даанышман» деген түшүнүктөр кездешет. Булардын семантикасы кыргыз тилине байланышкан бардык сөздүктөрдө ушул күнгө чейин синоним сөздөр, түгөй түшүнүктөр катары чечмеленип келүүдө. Албетте, мында чындыктын үлүшү бар экендигин танууга болбойт. Чындыгында булар өтмө катары маанилеш, бири - бирин толуктап турган түшүнүктөр. Ошону менен бирге алардын ортосундагы айырмалуу белгилерге да назар салбай коюуга болбойт.

Тарыхый фактыларга, оозеки чыгармалардын материалдарына, калк маданиятынын тарыхын мыкты билген карыялардын пикирлерине таянуу менен ал түшүнүктөрдүн түп жайын төмөнкүчө чечмелеп түшүндүрүүгө болот. «Акылмандык» — бул адамдын аң - сөзиминин психикалык касиеттери, өркүндөгөн - өскөн акыл - эсинин, өнөр билимдеринин өзгөчө көрүнүшү. Акылман адам тапкычтык, амалдуулук, кыраакылык, жөн билгилик, баамчылдык сыяктуу сапаттарга ээ. Элдик жомоктордогу Акыл Карачач, Жээренче чечен, Асан кайгы жана ысмы аталбаган бир канча балдардын, Апенди жөнүндөгү икаялардын башкы каармандарына ушундай мүнөздөмөлөр берилет. «Эр Төштүк» эпосундагы «Жер тыңшар Маамыт», «Куюн Маамыт» сыяктуу каармандарга да «акылмандык» деген эпитеттер туура келет.

Ал эми «кемешер», «даанышман» деген сөздөр бири - бирине жакын маанини туюнтат. Бул — адамдагы «акылмандык» касиетинин сандык жана сапаттык жактан өзгөчө өркүндөгөн бийиктиги. Эпостордо бул эпитеттер калк тарыхын чебер чечмелей билген, дээрлик акылы тунук, ата мурас, акыл тажрыйбаларга канык, караңгыда көз тапкан, капилетте сөз чапкан, ар кандай өнөр - билимге жөндөмдүү, өмүрүн элдин келечек таалайына багыттаган адеп - наркы, нускасы, таалими менен бүтүндөй улуттун урмат - сыйына ээ болгон адамдарды мүнөздөө үчүн колдонулат.

«Манас» эпосундагы Бакай, Ак Балта, Каныкей сыяктуу каармандарга кадимки турмушунда кечээ эле жашап өткөн Кадыр аке, Сарт аке, Курманжан датка сыяктуу инсандарга эл ушундай эпитеттерди ыйгарышкан.

Ал эми «көсөм» түшүнүгү болор окуя, фактыны божомолдобой, нак көзөп айткан, көрөгөч акылы менен бүтүндөй улутту улуу иштерге багыттай билген бийик коомчул нравага ээ айрым адамдарга карата гана айтылат. Бул түшүнүктүн түп жайын К. Д. Юдахин да «акылга дыйкан адам», «жол башчы» деп туура чечмелеп түшүндүргөн. Демек, «көсөм» акылы артык, өзгөчө коомдук - социалдык статуска ээ адам. Кыргыз элинин байыртан азыркыга чейинки түшүнүгүндө адилеттүү, акылдуу бийлик жүргүзүп элдин турмуш деңгээлин көтөрүп, жыргалчылыгын камсыз кылган хандарды, мамлекет башчыларын «көсөм» деп кастарлап келиши да ушунда болуу керек.

Макал-лакаптар





  • Акыл — алтын, ой — күмүш.

  • Акыл — ардак, байлык — бакыт.

  • Акыл — баштан, асыл — таштан.

  • Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.

  • Акыл — жаштан, асыл — таштан (чыгат).

  • Акыл — тирүүдө урмат, өлгөндө — даңк.

  • Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.

  • Акыл азбайт, билим тозбойт.

  • Акыл азганда, сөз качат.

  • Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.

  • Акыл ашса, жин болот.

  • Акыл байлыгы — азбас байлык.

  • Акыл байлыгы — тозбос байлык.

  • Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.

  • Акыл деген алтын тажы, ар бир башка жарашкан.

  • Акыл жетет, ал жетпейт.

Акыл жетсе да, кол жетпейт.

  • Акыл үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай жүргөндө, курсак ачканда.

  • Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо.

  • Акыл кеп өмүргө эшик ачат.

  • Акыл кичинелик — чоңдукта эмес.

  • Акыл көпкө жеткирет, өнөр көккө жеткирет.

  • Акыл конбогон жигитке, бакыт да конбойт.

  • Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.

  • Акыл оошот, ырыс жугушат.

  • Акыл сөзү кыска, адилет сөзү ачуу.

  • Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.

  • Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.

  • Акыл учат, ырыс жугушат.

  • Акыл чачты жейт, алтын башты жейт.

  • Акылдан адашса, жин болот.

  • Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.

  • Акылдуу акылы менен жарат, акмак күчү менен жарат.

  • Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.

  • Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек.

  • Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.

  • Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.

  • Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.

  • Акылдуу ишине ишенет, акмак түшүнө ишенет.

  • Акылдуу карыя — агып жаткан дарыя.

  • Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.

  • Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт; акылсыз (же акмак) ката кетирсе, жолдошун жемелейт.

  • Акылдуу киши ылдам айтканды билет, акылы жок муштаганды да билбейт.

  • Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.

  • Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.

  • Акылдуу сөз чыкпаса — улуулуктан не пайда, Жулунуп турса сумсайып — сулуулуктан не пайда?

  • Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди омкорот.

  • Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.

  • Акылдууга айткан сөз колго конгон кушка тең.

  • Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың.

  • Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат.

  • Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.

  • Акылдуунун алды менен жүр, акмактын арты менен жүр.

  • Акылдуунун алдына акмакты ээрчитип барба.

  • Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.

  • Акылдуунун өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

  • Акылдуунун сөзү кыска, айта салса — нуска.

  • Акылды акылмандан сура.

  • Акылды сакал менен өлчөбөйт.

  • Акылды шайтан азгырат.

  • Акылдын азы айып, чачтын агы айып эмес.

  • Акылдын душмандыгы жок.

  • Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.

  • Акылдын көзүндөй тунук бол, акындын сөзүндөй сылык бол.

  • Акылдын сөзү — сокурдун көзү.

  • Акыл—жаш уландан, күлүк — тай, куландан.

  • Акылман баштаса — төргө,акмак баштаса — көргө.

  • Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.

  • Акылман кебине таянат, азамат элине таянат.

  • Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар, жалгандык жок.

  • Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

  • Акылмандын өрнөк болор насааты бар, акмактын өрнөк болор неси бар?

  • Акылмандын уга турганы арбын, айта турганы аз.

  • Акылсыз — атасын акмалайт.

  • Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.

  • Акылсыз арам сөзгө семирет.

  • Акылсыз баатыр чорго чабат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!