СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл ордо интеллектуалдык оюну

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акыл ордо интеллектуалдык оюну»

Сабактын темасы: Акыл ордо

интеллектуалдык оюн сабагы.

Сабактын максаты: а) Билим беруучулук: Балдар логикалык ой жугуртуусун остурушот жана категориялар менен

иштей алышат.

б) Онуктуруучулук: Окуучулар алган билимдерин айта алышат.

Билимдерин кундолук турмуш менен байланыштыра алышат.

в) Тарбия беруучулук: Бири-бирин сыйлоого, сабырдуулукка,

ынтымактуулукка, адептуулукко, маданияттуулукка тарбияланышат

Сабактын жабдылышы: Проектор, компьютер, слайд, плакаттар,

карточкалар.

Кымбаттуу биздин Математиканы сүйүп окууган балдар, кыздар!

Бүгүнку боло турган Математикалык “Акыл ордо интеллектуалдык” оюн сабагыбызды ачык деп жарыялайм. Бул кечеде өтүлгөн сабактарды кайталоо менен бирге, кызыктуу суроолорго жооп таап, ар түрдүү категориядагы суроолорго жооп беребиз. Бул таймашка активдүү катышып, өзүңөрдүн тапкычтык жөндөмдүүлүгүңөрдү көрсөтөсүңөр деген ойдомун.

Эсеп керек бул жашоодо дайыма

Мейли, жашка мейли энкейген каарыга.

Сомолет кур, корабль кур баары бир,

Курулушка жана башка баарына.



Баара, баары эсеп менен жаралат,

Эсеби жок иши жүрбөйт такалат.

Ошондуктан математика илими,

Илимдердин падышасы аталат.

Дегендей бул жашоодо эчи бир нерсени математикасыз элестетүүгө болбой. Мейли үй кур, мейли дүкөнгө бар, сүрот тартсак да бизге математика керек экен. Ошондуктан биз математика сабагын сүйүп окуушубуз керек.

Интеллектуалдык оюн сабагыбызга 8 окуучу катышат жана жыйынтыгында женуучу аныкталат. Оюн сабак томонкудой болуктордо откорулот.

1-тур. Жалпы математикалык суроолого жооп беришет. Катышкан 8 окуучудан упайы жогорку болгон 4 окуучу тандалып алынат.

2-тур. Категориядагы суроолорго жооп беришет. Катышкан 4 окуучудан упайы жогорку 2 окуучу тандалып алынат.

3-тур. Логикалык мисалдар берилет. Суроолорго ким коп жооп берип упайды кимиси кобуроок топтосо ошол окуучу женуучу аталат.

Жалпы математикалык суроолор.

  1. 4 кг алма 12 сом болсо, жарым кг алма канча сом турат?

а) 2 сом б) 1,5сом в) 3 сом г) 5 сом

  1. Тендемени чыгаргыла: 3*(Х-2)=Х+8

а) 7 б) 5 в) 11 г) 8

  1. Кайсы айда 28 кун бар?

а) 1 айда б) 10 айда в) февралда г) 12 айда

  1. Математикада эсептерди чыгарууда кайсы цифраларды колдонобуз?

а)Араб б) латын в) англис г) грек

  1. Алтынчы нота кайсы?

а) ми б) фо в) ля г) си

  1. 5000 сомдук банкнотто кимдин суроту бар?

а) Тоголок Молдо б) Суймонкул Чокморов

в) Токтогул Сатылганов г) Бубусара Бейшеналиева

  1. Тик бурчтуу уч бурчтуктун 30 градустук бурчунун каршысында жаткан катет эмнеге барабар?

а) гипотенузага б) катеттердин суммасына

в) 30 градуска г) гипотенузанын жарымына барабар

  1. Бурч чокусунан чыккан ким?

Алысты карай учкан ким?

Жактарын аралап откон ким?

Бурчту тендеп болгон ким?

Анын озун коргон ким?

а) Биссектриса б) Медиана в) бийиктик г) шоола

  1. Сапары бир жерден башталат,

Ар бири ар жакка атанат.

Саат жебелери ондонуп,

Торт турлуу болуп турлонот.

Муну тапкан окуучу билимге карай куулонот.

а) бийиктик б) шоола в) бурч г) медиана

  1. Эгерде Х2+рх+q=0 тендемесинин тамырлары Х1 жана Х2 болсо, анда Х12=-р, Х12=q формулалары аткарылат, б.а. келтирилген квадраттык тендеменин тамырларынын суммасы, карама-каршы белги менен алынган экинчи коэффициентке, ал эми тамырлардын кобойтундусу бош мучого барабар. Теорема кимгме таандык?

а) Франсуа Виет б) Пифагор Самосский

в) Фалес Милетский



Категориялар.

        1. Терминдер, эрежелер

        2. Уланткыла

        3. Макал-лакаптар

        4. Чын, жалган

Терминдер, эрежелер категориясы

  1. Кандай сандарды бутун сан дейбиз? Жооп: натуралдык сандарды, ага карама-каршы сандарды, 0 санын айтабыз.

  2. Эки терс сандын суммасы кандай сан болот? Жооп: тер сан болот.

  3. Кандай сандар терс сандар болот? Жооп: 0 дон кичине сандар

  4. Функция деген эмне?

Жооп: бир озгормонуну экинчи озгормого болгон коз карандылыгын.

  1. Турдуу белгидеги сандардын кобойтундусу эмнеге барабар?

Жооп: терс санга барабар

  1. Уч бурчтуктун негизги элементтери кайсылар?

Жооп: 3 бурчу, 3 чокусу, 3 жагы.

  1. Уч бурчтук жактарына карай кандай болуп болунот?

Жооп: тен жактуу, тен капталдуу, түрдүү жактуу.

  1. Тик бурчтуктун аянты кантип табылат?

Жооп: жанаша жаткан эки жагынын кобойтундусуно.

  1. Тик бурчтуу уч бурчтуктун гипотенузасынын квадраты катеттеринин квадратынын суммасына барабар. Теорема кимге таандык?

Жооп: Пифагордун теоремасы

  1. Карама-каршы жактара параллель болгон торт бурчтук кандай фигура болот? Жооп: параллелограмм



Уланткыла категориясы

1.У=RX+b функциясынын графиги........ Жооп: туз сызык болот

2. Коп мучо- бул .... Жооп: бир мучолордун суммасы

3. Даража - бул ..... Жооп: бирдей сандардын кобойтундусу

4. П саны -..... Жооп: 3,14 барабар

5. Барабар сандардын айырмасы ....... Жооп: нолго барабар

6. Бардык жактары барабар болгон фигура...... Жооп: квадрат деп аталат

7. Уч бурчтуктун негизги сызыктары – бул....

Жооп: медианы, бийиктик, биссектриса

8. Тик бурчтукту анын бир жагынын айланасында айландырууда пайда болгон фигура ....... Жооп: тик цилиндр деп аталат

9. Тик бурчтуу уч бурчтуктун катеттеринин суммасы гипотенузадан ..... Жооп: чон болот

10. Нолдон кичине сандар.... Жооп: терс сандар

Макал-лакаптар категориясы

  1. Жигитке жетимиш онор ........ Жооп: аздык кылат

  2. Алты кун ачка калсан да ..... Жооп: атанды сыйла

  3. Бир акмак сууга таш ыргытса, ..... Жооп: жуз акылдуу ала албайт

  4. Бир ата он уулду багат, ..... Жооп: он уул бир атаны бага албайт.

  5. Алтыга сатып, бешке алган ..... Жооп: соодагердин иши

  6. Бироонун кызматына коз артканча, ..... Жооп: оз мээнетине ишен

  7. Эки шумкар талашса ,...... Жооп: бир кузгунга жем болот

  8. Уч кыз ата-энеге ..... Жооп: куч кыз.

  9. Алтымышка чыккан адамды, ..... Жооп: алыс жолго жибербе

10.Торт уулу бар адамга ...... Жооп: Жакшы аттын кереги не

Чын, жалган категориясы.

  1. Тегеректи чектеп турган туз сызык айлана болот. Ж: чын

  2. Ар кандай терс сандын модулу нолдон кичине болот. Ж: жалган

  3. Эгерде санга терс санды кошсо анда ал сан кичирейет. Ж: чын

  4. Айланада бир гана борбордук бурч болот. Ж: жалган

  5. Кандайдыр бир туз сызык параллель 2 туз сызыктын бирин кесип отсо экинчисине параллель болот. Ж: жалган.

  6. Тегиздикте берилген бир чекит аркылуу бир гана туз сызык жургузууго болот. Ж: жалган.

  7. Тик бурчтуу уч бурчтуктун катеттеринин суммасы гипотенузадан чон болот. Ж: Чын.

  8. Тик бурч боюнча кесилишуучу эки туз сызык перпендикулярдуу туз сызык болот. Ж: Чын.

  9. Уч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 360 градуска барабар.

Ж: Жалган.

  1. Тик бурчтуу уч бурчтукту анын бир катетинин айланасында айландыруудан пайда болгон тело конус деп аталат. Ж: Чын.





3-тур Логикалык суроолор

1.1 ди озуно 1000 жолу кобойтсо канча болот? Ж: 1 болот

2. Тендемеде жана осумдукто бар нерсе бул эмне? Ж: Тамыр

3. Бир кундо канча минута бар? Ж: 1440

4. Столдун устундо 3 шалгам, 4 алма турат. Бала келип бир алма алды. Столдо канча жемиш калды? Ж: 3 жемиш

5. -5 ке 5 ти кошсо канча болот? Ж: 0

6. Кыргыз элинде бир нерсе бар аты жок. Эмненин аты жок? Ж: Манжа

7. Айнурдун атасынын беш кызы бар Батма, Зуура , Айгул, Нргул бешинчи кызынын аты ким? Ж: Айнур





Оюн сабагыбызды жыйынтыктап, женуучунун аныктайбыз. Ага ийгилик каалоо менен бирге сыйлоо барагы тапшырылат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!