СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акындын мөлү - Алыкул (Эскерүү кечеси)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Белгилүү акыныбыз Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси

Просмотр содержимого документа
«Акындын мөлү - Алыкул (Эскерүү кечеси)»

Алыкул Осмоновду эскеруу кечеси

Класстан тышкаркы иш

«Алыкул жана музыка»

Максаты:

1.Билим берүүчүлүк жагы:

А.Осмоновдун ырларын терең түшүнүп, ар бир ырын көркөм айтууга, обондуу ырларын ырдоого көнүгүшөт.

2.Өркүндөтүүчүлүк жагы:

а)А.Осмоновдун чыгармалары аркылуу окуучулар билим деңгээлин көтөрүшөт,окуп-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт.

б) Акылы менен кабыл алып,кан-жанына сиңирип,ой-идея ойготуп, сүйлөө маданиятын,сөз баркын түшүнүүгө,поэзияга болгон кызыгуусун арттырышат.

3.Тарбия берүүчүлүк жагы: а) Ырларды көркөм айтуу менен каармандарга баа бере билүүгө, кыл калемдеринде чагылтып берүүгө үйрөнүшөт.б) Ата Журтту сүйүүгө,мекендин ар намыстуу атуулу болууга, ага жан-дили менен кызмат кылууга,боорукерликке,чечкиндүүлүккө улуттук идеологиянын нугунда тарбияланышат.

1.Киришүү. Аудио-видео касетадан “Комуз” күүсү жаңырып, акындын “Комуз” деген ыры көрктүү айтылат.

Байысбекова Асема:

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

Оп-оңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Бирок да өнөрү бар айтып болгус.



Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,

Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.

Бул комуз көп сууларды кечип келген,

Эли да комузундай жөпжөнөкөй.



1.Мугалим: “Алыкул Осмоновго арналган ар бир кече - бөлөкчө,чыныгы поэзиянын кечеси болууга тийиш. Ал ыр менен башталып, ыр менен бүтүүнү талап кылат. (Бектурсун Алымов)

Себеби, Алыкулду ырсыз элестетүүгө мүмкүн эмес.Анткени анын жеке турмушу да,тагдыры да ырга байланышып,бүт өмүрү ырга айланган. Ал адамдык -инсандын касиет-сапатын өзүнүн ыры аркылуу баалап,өз бактысын да ырларынан издейт.

Улуу акын кудуретиңе тете болгон

Ырларды жаза коюш келбес колдон

Күн-түндөп жүрөгүмдө мен өстүрүп,

Гүлдестем ушул кече сизге койгон.

Алыкул адабият майданын ашкан дабан

Баш ийип ырларыңа таазим кылам.

Адамдын асыл заты болуп кеткен

Тагдырдын мунусуна шүгүр кылам

2. Ороз:

Кээде өзүмчө кейиш тартып кайгырам

Тагдыр салган жалгыздыкты жай кылам.

Улана албай учугуна ойлордун

Угуттанам улуулардын айлынан

Суу ичкендей барып булак көзүнөн

Алыкулдун дүйнөсүнө кайрылам.”

Бүгүнкү кечебиз калемдеш жана замандаштарына караганда таланты да тагдыры да бөлөкчө

«Кудайга миӊ мертебе калп айтса да,ырына бир мертебе калп айта албаган;

3.Адилет:

Өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган Алыкул Осмоновго арналмакчы.

Алыкул деп,Алыкул атын салт кылган бар,

Не билет ал жөнүндө жаш муундар

Суусаган таттуу лира ширесине

Умсуна тамшанышат окурмандар

4.Даниел:

Эли журтум, баарыңарга салам болсун.

Кыргызымдын учу-кыйыры аман болсун.

Эл ичинде таланттуулар өнүп-өсүп

Жергемде бейпилчилик заман болсун!

5.Акмаанай:

 Оо, кутман эл сурашалы амандык,

Бир бололу, алыс болсун жамандык.

Бүгүнкүдөй эскерүү кечелерде,

Биз сиздерге жакшылыкты кааладык,

Кел даңктайлы, Алыкулду,акынды!

Биздин колдо Алыкулдун эртеңи!

«Ата Журт» обондуу ыр.

6. Марлес:

Бул дүйнөдө узак жашай албады,

Заңгыратып бийик үй да салбады.

Таң атканча кирпик какпай отуруп,

Бүт өмүрүн ыр сабына арнады.

Отуз беш жыл кан түкүрүп, күрүлдөп,

Ооруса да талбай эмгек жасады.

Ички сырын толук жазып бүтө албай,

Өмүрүнүн жазын гана жашады. (А.Исмаилов)

Көркөм окуу: Абжалбекова Аяна «Адамзат»

Эркинова Жаңылай «Тирүүлүк»

7. Адахан:

 Биз кыргыз жергесин Ала-Тоосуз элестете албагандай эле, кыргыз адабиятын Алыкулсуз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз поэзиясы Алыкулсуз тузу жок аштай. Анткени анын чыгармаларынын кыргыз адабиятында ээлеген бийик орду,бийик аброю бар. Аз болсо да саз жашаган өмүрүндө Алыкул акын өлбөс-өчпөс чыгармаларын жаратып кетти. Акындын ар бир ыр сабында кыргызды кыргыз кылган адамдык сапаттар, жаратылыштын жакшынакай жаркын жактары, элибиздин эмгекчилдиги камтылган.

8. Аяна:

Ошондой эле жарыкчылыкта аз жашаган акындын адам баласынын жан-дүйнөсүн, акыл-сезимин, сүйүүсүн,кубанычын, кайгы-күйүтүн, өмүрү менен өлүмүн узак жашаган улуу адамдай укмуштуудай тактык менен айтып, “бир мертебе да калп айтпаган ыр саптарына сыйдырганы таң калтырат”. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Ал өзүн “Мен кыргыздын акынымын”-деп сыймыктануу менен айта алган.

Байысбекова Аяна: «Мен кыргыздын акыны»

 Ким берсе да жакшы берген бактымды,

Ким койсо да жаман койгон атымды

Ушакчыдан не кылам деп сурасам

Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды

Сатам! Алсын!

Кайдан билсин баркымды?

Чайга салып жутар кезде

Заар тилин куйкалоочу

Мен кыргыздын акыны!

Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды

Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымды?

Кантка салып жутар кезде:

Кара көңүлүн куйкалоочу

Мен кыргыздын акыны

9. Мугалим: Нооруз дегенде эле дароо Алыкул эске түшөт. Бул ыйык күнү ал жарык дүйнөгө келген. Жаңыланган жаңы жыл майрамы бардыгы үчүн кандай ыйык болсо,атактуу Акындын туулган күнү. Алыкулдун поэзиясынын күйөрмандары үчүн да ошондой эле ыйык. Бир четинен улустун улуу күнү улуу акынды жарык дүйнөгө алып келгени менен да жагымдуу. Айтор, бул күн көпчүлүк үчүн кош майрам. Нооруз менен Алыкул акындын майрамы...

(“Сынган бугу” күүсүнүн коштоосу менен акынга арналган ырлар көрктүү айтылып, слайд көрсөтүлөт)

Алыкул жөнүндө акындардын арнаган ыр саптарына кезек берели:

«Алыкулга» Жалил Садыков

Асема: Оо, Алыкул

Өзүң ичкен тунук лира булагын

Чаңкап келип, мен жута албай турамын.

Тирүү болсоң, жалгыз ичпей бөлүшчү,

Деген бир сөз менин болмок сураарым

Сен бермексиң, берериңе ишенем,

Мүрөк суусун элге деген киши элең

Кыйын күндө Ата Журттун иши үчүн

Кызмат кылдың, турган бойдон тикеңден

Ажал таш боор, ага жетсин убалың

Азыр менин сенден өттү курагым

Өлөөр алда өзүң жазган ыр үчүн

Тизе бүгүп, дайым кулдук урамын.

«Кыргыздын каны кургайт уурттабаса» Жекшенбек Турусбеков

Нурайка: 

Тургузуш үчүн ырдын мунарасын

Кыштарын көлгө жууруп куйган экен

Акындын маңдайына жазылганын,

Сабынан ырларынан туйдук бекен?

Акындын өмүрү өрнөк билген жанга

Кур калар ырларынан ууртабаса,

Мүрөк суу Алыкулдун ырларында,

Кыргыздын каны кургайт уурттабаса

«Атына арзуу» Салия Жусубалиева

Адилет:

 Алыкул Осмонов уулу ою тунук,

Жүрөктө калат ар бир сөзүң уюп,

Өзүңдү өлбөс кылып кетиптирсиң,

Канаттуу ырларыңдан бир үй куруп.

Окусам ырларыңды Осмон уулу,

Сезимди козгойт ойлор терең, улуу

Мынчалык турмуш татаал көп катмарлуу

Мынчалык дүйнө таш боор, дүйнө сулуу.

«Из калтырып кылымга» Дунган кызы Гулира

Бегимай:

 Оо, акыным сен жашадың аз гана,

Оору болуп жүрө албадың шаттана

Ыр куржунун мойнуңузга көтөрүп,

Жашап өттүң из калтырып кылымга

Айлың турат арасында үйүң жок,

Элиң аман эл ичинде өзүң жок

Ырың турат жүрөктөрдү толкуткан

Аттиң арман тукум улар туяк жок.

Балким артта туягыңыз болгондо,

Талантыңыз алар жакка оогондо,

Мындан дагы дүңгүрөмөк даңкыңыз

Деп айтышмак: Талант өлбөс болгон го.

Алыкул поэзиянын Гагарини» Атантай Акбаров

Айгерим:

Ырында “уудан кылдат бөлүп балды” Өмүрүн бүтүн бойдон ырга берген,

Нан,суудан өйдө коюп музыканы, Космостук бийиктикке кадам керген.

Бүт дартын өзүнө алган Ата-Журттун, Алыкул поэзиянын Гагарини,

Алыкул поэзиянын Улукманы, Таланты жердин тартуу күчүн ж

Данел:

Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия Совет өлкөсүн басып кирген.Өлкөбүздүн көз каранды эместиги үчүн улуу Ата Мекендик согуш башталды.Кыргызстандын акын-жазуучулары да калемин согуш темасына буруп, алааматтуу согуш темасын чагылдырган чыгармаларды жаратышты.

Асема: Атасын көрбөй калган ымыркайдын бардык балалык кыялы”Атакем аман келсе экен” деген тилекте жашаган.акындын “Бүкөн” жана1942-жылдын жаз айы эмнеге кечигет деп ой толгоп,көрсө душмандын огунан жараланып,биздин колдон айыга турган “Неге кечигет”деген ырларын билебиз.

Райымбердиева Жумаида: «Неге кечигет»

Жоробекова Аяна: «Бүкөн»

Мугалим:

Биз, акындар, колдун болсок оң, солу,

Анда Алыкул ал колдордун ортону.

Биз, акындар, жылдыз болсок көктөгү,

Анда Алыкул жылдыздардын чолпону – деп Байдылда Сарногоев айткандай анын көптөгөн ырларына обондор жазылган

Бий «Саанчы жеӊе»

Слайд көрсөтөм:Ажал менен Алыкул”

“Оорулуу акын” деген ырды көркөм айтышат.

Нурайка: Оорулуу акын,

Ойго жакын

Ооруп алсыз отурат.

Акын, акын,

Анын баркын-

Өлүм билбей кол сунат.

Жумайида: Оорулуу акын

Сөздөрү алтын

Алсыз, жалгыз олтурат

Кантсин акын,

Ак кагаздын

Бетин ырга толтурат.

Аңгыча күн күркүрөп, чагылган чартылдап, бороон болот. Алыкулдун үйүнүн эшиги кагылат. Бирок акын ага көңүл бөлбөстөн, ыр жазуусун улантат, бир жагынан жөтөлө берет.(музыканын коштоосунда)

Эшикти ачып кара жамынган Ажал кирет. Ажал – Кутманова Акмаанай

Ажал: Кандайсың Алыкул? Алың кандай?

Отурасың жалгыз бир үйдө

Мөгдөтүп балаңды алдым,

Жарыңдан бөлүп жардым.

Өпкөңдүн теңинен көбүн алдым.

Бүгүн болсо өзүңдү алганы келдим.

Ташта, калемиңди, ташта дейм.

Ажал Алыкулга муздак кош чеңгелин сунат.

Алыкул: - Берчи калемимди.

Бар бололу, бир бололу курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар

Кош айтышып дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнөн түӊүлбөйт,

Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.



Ажал Алыкулду алып жөнөйт. (Эскерүү 1 мин)

Мугалим: Ыйла, жер, суу, ыйла, ыйла! Төк жашың,

Жоктогула Алыкулду бүт баарың. (Сааттын жебеси чыкылдайт)

 1950-жылдын 12-декабрында 35 жашында Алыкул бул дүйнөдөн кош айтышып кете берди. Алыкул аз жашады, бирок саз жашады. Ушул аз өмүрүндө бүт кыргыз эли көтөрө алгыс, ыр менен токуп кеткен килеми калды. Алыкул – кыргыз поэзиясынын бүтпөс гимни...

Алыкул жана музыка

Поэзия өтө назик, өтө жаркын, кереметтүү жүрөк сезими. Осмонов кыргыз поэзия дүйнөсүндө болуп көрбөгөндөй бир жаңылык ачып, ал багытта күрдөөлдүү иштеп, поэзиянын каймагын калпып, кандайдыр бир адамга жагымдуу, жалындуу жолун тапты. Поэзия менен музыка дайыма эриш-аркак жашайт. Анткени, музыка да ошондой эле жүрөк сезиминен жаралат. Ошол сезими аркылуу турмуштун тереңинен кирип аны поэзиянын тили менен музыканын ыргагы аркылуу ажайып көркөм дүйнөгө айландыруу ар бир адамдын талантына, шыгына жараша боло турган нерсе.

Эркинова Жаңылай: «Кош, жан эркем»

Байысбекова Аяна: «Ак кайың»

Мугалим: Акындын ырлары кыргыз журтчулугунун ичинде гана эмес, ай ааламда да көөнөрбөс бойдон, күн сыяктуу жарыгын чачып кылымдардан кылымдарга залкар акын катары таанымал бойдон жашай бермекчи!

Жаштар өсүп, жайылса экен кулачы.

Келечекте чыгар жолун улачу.

Таланттууга эч убакта болбойт кеч,

Окуу, окуу тирек болчу күчтүү сөз.

Бул китептер Алыкулдун мурасы.



Алыкулду айтпагыла өлүптүр деп,

Алп акынды айтпагыла өтүптүр деп.

Ак боз атка камчы салып зымырап,

Ата Журттун жолун карап,

Жолун чалып кетиптир.

Балдар хору: «Ата-Журт»

Кыздар хору: «Отуз жаш»

Мугалимдин жыйынтык сөзү:



Мен турмушта сараӊ, ачкөз эмесмин,

Өктөө кылып: « Ай аз бердиӊ», - дебесмин.

Байлык, үй – жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе эки сабак ыр берсин.

Демек, Алыкул Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын ушул төрт сап ыр эле аныктай алат.Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат Алыкул да ошондой талаттардын катарына кирет.

Бизге арбагы ыраазы болсун демекчимин. Бүгүнкү кечебиз Атабызга белек болсун!

Балдар, бүгүнкү кечеге жакшы катышып бердиңер. Акындын ырларынан көрктүү айттыңар, обондуу ырларынан аткарып бердиңер, бул да болсо жетишкендик деп эсептейм. Өмүрлүү болгула!



Көӊүл бурганыӊыздар үчун чоӊ рахмат!

Саламатта болуӊуздар!




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!