Сабактын темасы: Антонимдер Сабактын билим берүүчүлүк максаты : Окуучулар сабактын жүрүшүндө антонимдер эмне экенин билишет. Сабактын өнүктүрүүчүлук максаты: Сөздөрдөн антоним түгөйлөрүн табууга көнүгүшөт. Сабактын тарбиялык максаты: Классташтар антонимдерди оозеки жана жазуу кебинде колдонуп, бири- бирине карама- каршы мааниде эмес, жакшы мамиледе болууну үйрөнүшөт.
Көрсөткүчтөр: 1.Антонимдер деген эмне экенин билишсе. 2.Сөздөрдөн антоним түгөйлөрүн таба алышса . 3. Антонимдерди сүйлөө кебинде колдонушуп, бири- бирине жакшы сөздөрдү айта алышса
Жагымдуу маанай 21- февраль- Эл аралык дүйнөлүк эне тилдер күнүнө арналган “Эне тилди даңазалаган музыка жаңырат Эне тили жөнүндө ырлар, макал- лакаптар. Үй тапшырмасы үчүн суроолор Эсселер галареясы Сен сүйгөн кыргыз макалы. Синонимдерди табуу
Синонимдер деп эмнени айтабыз? Синонимдин доминанты деген эмне? Синонимдик уя, синонимдик катар деп эмнени айтабыз? Толук, толук эмес, контексттик синонимдер деп эмнени айтабыз? Табу ,эвфемизм деп эмнени айтабыз?
Тесттик иштер Синонимдердин тизмегин белгилеңиз? А)Область- район-айыл Б)Натыйжа –майнап -жыйынтык В)Китеп- гезит- журнал Г)Кыз –жигит- адам
“ Илимпоз” деген сөздүн синонимдерин белгилеңиз? А)Мугалим А)Мугалим , тарбиячы Б) Окутуучу, мугалим В) окумуштуу,аалым г) Адам- киши
Сындырбай этияттап карма. А) Чебердеп, абайлап,кылдаттап, байкап Б) Кылчактап, тартынып, кетенчиктеп В) Маалкатып, зарыктырып, кыйгачтап. Г)Менчик,өздүк,өзүмдүк
Ал бүгүн сыркоо адамды кабыл алды. А) ошондой, ушундай, тигиндей Б)Орток, шерик дос В) Оору, дарт, илдет, ноокас Г) Өкүм, чечим, токтом,буйрук
Биз байкасак, турмушта көп нерсе карама – каршы болот. Азыр күн башкача айтканда күндүз , а кечинде түн кирет. Кышында суук , жайында жылуу болот. Демек, антоним деген эмне?
Антонимдерди жаратылышынан, табияты карама – каршы жана сапаты боюнча карама – каршы сөздөр деп бөлүүгө болот. Мисалы чоң- кичине, ачуу- таттуу, караңгы – жарык, катуу –жумшак.
Антонимдер маанисине карай толук, толук эмес, контексттик болуп бөлүнөт. Толук антонимдер синонимдер сыяктуу эле маанилери бирине- бири толугу менен карама – каршылаша алат.
Мындай антонимдерге келди – кетти ,өйдө- төмөн , чоң –кичине,ак – кара сыяктуулар кирет. Маанилик жактан толугу менен бирине- бири толук карама – каршылашат.
Толук эмес антонимдер дегенде бир түгөйү экинчи түгөйүнө толугу менен каршылаша албастан , бирде каршылашып- бирде каршылаша албайт. Мындай түрүнө ысык – жылуу,узун орто бойлуу, жакшы начар, чоң- кесек.
Контексттик антонимдер өз алдынча турганда карама – каршылаша албастан , контекстте гана антонимдешет. Алардын бир түгөйү же экөө тең өтмө мааниде туруп, көркөм сөз каражаты катары колдонулат.
82-көнүгүу Бул атномдердин толук же толук же толук эмес маанилеш экендигин аныкташ үчүн мисалдар түзгүлө.Кайсы сөз түркүмдөрүнөн экендигин айткыла. Байыртан-азыртан, акылуу-бекер, бакыт-балакет, сараң-берешен, сараң-март, соо-оору, соо-кызымтал, мас, төмөн-жогорку, төр-иреге,төр-жака,теоретик-практик, кургак-ным, кургак-сыз. 83- көнүгүү Төмөнкү тексттеги антонимдердин маанилик катышын ,түрлөрун тапкыла. Антонимдердин көркөм сөз каражаты экендигин далилдегиле?
Чуркап жазган жат жазуу Убал-сооп, үз -ула, учкаштыр- өңөр, чабалдык- күчтүүлүк, чеч-байла, даамдуу – даамсыз, баатыр – коркок, акыйкаттуу- акыйкатсыз, чебелекте- чыда
Жалганчы- чынчыл Чыныгы болгон окуяны,ишти ж.б. ошол болгонундай айтып бербестен,же болбосо да,көрбөсө да ушундай болду деп айта берүүчү калпычы. Болгонун болгонундай айткан чындыкты сүйлөгөн жалган айтпаган, акыйкатчы. Туура сөздү билбеген жалганчы бар дечү эле (Токтогул) Булар жүрөгү өрт,чынчыл пионерлер эмеспи (Бейшеналиев)
Жалпы-жеке Жеке-жеке, же айрым –айрым болбостон чогуу,бүткүл баары,жапырт,чогуусу менен бардыгы. Жалгыз,жалаң өзү, айрым бирөө,башкалар менен кошулбаган же аралашпаган абалда өзүнчө бөлөк. Кара таман кедейлер,жалпы түшкүн оң жолго!(Тоголок Молдо) Көкөтөйдүн көп байге,өзүн жеке ала көр,Төштүк(“Эр Төштүк”).
Аз-көп Көп эмес,кичинекей,жетиштүү эмес. Арбын,мол,жетишерлик санда. Аз жыл арасында эле тыяк-быяктагы айылдык кары-жашына таанылды.(Садыкбеков) Андан бери чегирткедей жайнап,акырын жылып келаткан көп аскер даана көрүндү(Касымбеков
Ал-бер Бир нерсени өз тарабына өткөрүү,менчиктеп алуу,өзүнүкү кылуу. Бир нерсени башка бирөөнүн карамагына өткөрүү,экинчи бир тарапка ыйгаруу. Кымбатына карабай мен да бир унаа сатып алып минейин.(Бейшеналиев). Жүгүңөргө төөнү мен берем
Жалгыз-чогуу Бирөө гана,өзү гана,жеке бирөө,жеке өзү. Баары жапырт,бүт бойдон,бириндебестен,баары бирге. Асалхан кичине гана бир бөлмөлүү үйүндө жалгыз отурат.Мектеп жактан он чакты окуучу чогуу келе жатышты.
Далили бар,анык, төгүн эмес жөндүү. Далили жок,төгүндөлө турган,анык эмес,жөнү жок. Акылбек далилдүү сүйлөгөндүктөн,Темиров эчтеке айтпай гана тыңшап отурду. Далилсиз калптын баарын өрткө каптап,дайрадай даңгыр жолун тапты чындап.
Жакындык-алыстык Аралыгы анча алыс эместик,ыраак эместик. Ортосу жакын эместик,арасы бир кыйла ыраактык,белгилүү бир өлчөмдөгү аралык.Кыштак ройондон 85 километр алыстыкта
Жакшы-жаман Көрүнүшү,сапаты,касиети,жүрүш-турушу,мүнөзү жана башка ар түрдүү жагынан алганда көңүлгө толорлук,талапка толук жооп берерлик. Көрүнүшү,кебетеси,сапаты,касиети,жүрүш-турушу,мүнөзү жана башка ар турдүу жагынан алганда көңүлгө толорлук эмес,талапка ылайык келбеген начар.
Ыймандуу-ыймансыз Уяттуу,адептүу,пейили жакшы,адеп сактаган,абийирдүү. Уят-сыйытты билбеген,адеп-абийир сактабаган. Адеп сактаган ыймандуу балага пейли жылыган байбиче тигинин дапдаарыганын туюп,өзү обдулду.Ыймансыз киши.
Аналогиялык тапшырмалар : Антонимдик жана синонимдик байланыштарды аныктоо. Кыйын- оңой А) Былтыр: мурда Б) Жогору : төмөн В) Чукул : жакын Г)Мурун: быйыл
Жүдөө: тың А) Көп : ашык Б) Кесек: майда В) Жарык: күңүрт Г) Ыйлаак: жашык
Семиз: арык А) Жалгыз: бирдиктүү Б) Татаал: кичине В)Тирүү: өлүү Г)карылуу: алдуу
Тез: жай А) Төмөн: ылдый Б)Салкын:жылуу В) Бекем: бош Г) Ийри: кыйшык
Жакырчылык : бай А)Көсөөлүк: чачтуу Б) Кайдыгерлик: кайрымдуу В) Жумшактык: ийкемдүү Г) Сапат: сабаттуу
Кыйын: татаал А) былтыр: мурда Б)жогору: ылдый В) чукул: жакын Г)бүгүн: быйыл
Тилемчилик: кайырчы А) Кедейлик: бардар Б) Токтом: токтоо В) чукул: жакын Г) Бүтүн: быйыл
Согуш: жеңиш А) Чанач: кымыз Б) Конкур : приз В)Жардам: жолдош Г) Медицина: оору
Бөтөн: чоочун А)битир: сараң Б)борпоң: акылсыз В) тирүү: жигердүү Г)карылуу: мажүрөө
Оңдоо: бузук А) Кечүү: сууланган Б) Ойлонуу: шайыр В) Үйрөтүү: билимсиз Г): Күйгүзүү: кургак
Берилген сөздөрдүн антонимдерин тапкыла. Жаман: жакшы ары: ------------ өлүү: --------------------- нааразы: --------------- Алды:_____________ Март_______________ Асман_______________ Ачык_________________
ыймандуу:________________ Калың:_______________ Аз:________________ Чоңоюу:_______________ Кубаныч:_______________ Оң:___________________ Улуу:__________________
Сөз аркылуу дүйнөдөгү чындыкты атайбыз,пикир алышабыз, сөз турмуштук чындык деп түшүнөбүз. Демек, тигил же бул тилдеги бир эле сөздүн ар кыл маанисинин болушу(полисемия) же бир типтеги заттын, көрүнүштүн ар кандай сөздөр менен аталышы ( синоним)- табигый зарылчылык. Бул жагынан алганда,антоним башка семантикалык көрүнүштөрдөн айырмаланып турат, б.а. Көп маанилүүлүк заттардын ,кубулуштардын жалпылыгына ,окшоштугуна,синонимдер речтин стилдик максатына ылайык окшоштукка ,типтүүлүккө карай негизделсе , антонимди жалаң гана лингивистикалык жаатта кароо аздык кылат.
Анткени антоним карама- каршы маанини туюндурган сөздөрдүн гана жыйындысы эмес,ал, баарыдан мурда ,бизди курчап турган карама – каршы көрүнүштөрдүн тилде чагылдырышы.
Антонимдер колдонулушуна ,пайда болушуна жана табиятына карай бир канча топко бөлүнөт. Жасалышына жана табиятына карай : Лексико – семантикалык,грамматикалык антонимдер; Маанисине карай толук, толук эмес жана контексттик антонимдер.
Антонимдерди бирисиз экинчисин элестетүүгө болбойт, башкача айтканда, алар бири- бирин жокко чыгаруу, тануу менен катар,ушул эле маалда бири- бирисиз жашай албайт. Бири- бирине көз каранды болуп, бири- экинчисин талап кылып,шарттап турат. Кыскасы антонимдер түгөйү менен жаралат жана аларды бири- биринен ажыратып жиберүүгө болбойт.
Антонимдер карама- каршылыктын типтерине карай экиге бөлүнөт: 1) Абсолюттуу карама – каршылыкты белгилеген антонимдер: Мисалы: коомдогу карама – каршылыкты ,кыймыл- аракетти,ал- абалды, процессти,окуяны атаган антонимдер кирет. Ысык- суук,чоңоюу- кичирейүү,күйүү- өчүү,ачуу- жабуу,өлүү- тирилүү. 2) Салыштырмалуу карама – каршылыкты белгилеген антонимдер. Сын- сыпатты,касиеттерди билдирген жакшы- жаман, адептүү –адепсиз, чоң- кичине
Булардан тышкары, кыргыз тилинде бир- миң, бал-уу,ак- кара, чырпык- чынар,күн- жер деген сыяктуу антонимдер да учурайт. Аларды кыйыр карама – каршылыкты билдирген антонимдерге кошсо болот.
Күн менен түн сыяктуу, Кээде кара ,кээде аппак. Кээде турмуш уу берет Ачуусуна караба. Кээде турмуш кант берет, Таттуусуна караба
А.Осмоновдун “ Маляр” деген ырында “Эң кеч жатып, элден эрте тура алган, Ойлогонун ойдогудай кура алган. Касиеттүү мындай кымбат кесиптен, Менин атам , билбейм неге кур калган.
Антонимдер семемантикалык маанисине карай үч топко бөлунөт. Толук маанилүү,толук маанилүү эмес ( мааниси жакын), контексттик антонимдер деп бөлүнөт.
Кастык – достук Бирөөгө кастарын тигип каршылашк андык, душмандык Бири- бирин кадырлагандык, өтө жакын мамиле болгондук
Мааниси жакын толук эмес антонимдер. Ал жөн сайрабай ,адамча сүйлөп , бирде ыйлап, бирде ырдап , таң атканча сайрап чыкчу болду. Мал артынан бурулдаган чаң асманга көтөрүлүп, көк менен жер бирикти да калды. Этегинен күн чыкса , төрүндө али таң ата элек . Өйүздөгү аралаш токойду этектеп түрө түтүнсүз өрт алгансып, жогору калың карагайлуу черди түптөп,калың- сары түскө боёлгон. Ч.Айтматов
Контексттик антонимдер Мисалы: Айдын бир жагы жарык ,бир жагы көлөкө. А балык болуп сүзуп кетиш - көктөн эңсегени , суудан тилегени (Ч.Айтматов)
Ар уңгулуу антонимдер Бакыт- шор Кубанычтуу- кайгылуу Өзбү- жатпы Анда- мында
Бир уңгулуу антонимдер Бакты луу - бакты сыз Көңүл дүү - көңүл сүз Суу луу- суу суз Акыл дуу- акыл сыз
Антонимдердин стилдик максатта колдонулушу. Антонимдер стилдик максатта атайын көркөм ыкма катары кеңири колдонулуп, ойду экспрессивдүү, эмоционалдуу ,контрастуу берүүдө зор роль ойнойт.
Антоним менен семантикалык карым- катышы бар,бир сөздүн ичиндеги каршылыкты туюндуруучу кубулуш- энантиосемия. Мисалы: көөлөдү сөзү”булгоо” (кийимин көөлөп алды) жана “тазалоо” (казанды көөлөдү). Алды” ишке орноштуруу” (кызматтан алуу) жана иштен бошотуу)
Оксюморон- карама- каршы маанидеги сөздөрдүн негизинде пайда болгон антонимдин өзгөчө түрү. Бул термин курч,начар деген маанини берет. М: Тирүү- өлүк, тилдүү- дудук, арбын туруп – аз болуу.
Жамандык бир күндө, Жакшылык миң күндө. Карысы нысаптуу болсо, Жашы уяттуу болот. Өмүрдүн өткөн бөксөсү, Өкүнгөн менен толбойт.
Өмүрдүн түнү менен күнү да бар, Өмүрдүн узактыгы көңүлгө байланыштуу. Сурап ичсең – суу таттуу, Чылап ичсең- уу таттуу. Ый менен күлкү аякташ.
Жагымдуу кат же пикир жазуу аркылуу баалоо.