СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

АНЫКТООЧТУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮ

Просмотр содержимого документа
«Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрү»

Аныктоочтун милдетин аткаруучу соз туркумдору. Сабактын иштелмеси. 8- класс.

Категория: Всем учителям

03.02.2020 21:00

Аныктоочтун милдетин аткаруучу соз туркумдору. Сабактын иштелмеси. 8 - класс

Просмотр содержимого документа
«Аныктоочтун милдетин аткаруучу соз туркумдору. Сабактын иштелмеси. 8- класс.»

Сабактын темасы: Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрү.

Жөнөкөй жана тутумдаш аныктоочтор.

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөздөр жана сөз тизмектери, жөнөкөй жана тутумдаш аныктоочтор боюнча маалымат алышат.

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билишет жана сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоого машыгышат.

Бири – биринин пикирлерин уга билүүгө, жардамдашууга багыт берүү.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:

1. Аныктоочтун милдетин кайсы соз түркүмдүрү аткара тургандыгын билишсе;

2. Аныктооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөрүн билишсе;

3. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө алышса;

4. Бири – биринин пикирин угуп, жардамдаша билишсе;

Окуучу ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк

Кептик компетенттүүлүк

Маданий компетенттүүлүк

Аныктоочтун милдетин зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, атоочтуктар аткарарын жана түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөрүн өздөштүрөт.

Аныктоочтун милдетин аткарган сөз түркөмдөрүн колдонуп сүйлөмдөрдү түзө алат. Тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн жана аныктоочту аныктай алат.

Сөздүн маанисин түшүнүп баалай билет, оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат.




Сабактын тиби: жаӊы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк – түшүндүрүүчүлүк метод.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, А4 кагазы, таркатмалар, смайликтер.

Сабактын жүрүшү:

Этап

Убактысы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетент-

түүлүктү баалоо

Уюштуруу

5 мин

Жагымдуу маанай.

(классикалык музыка коюлат)

Китеп, дептери жана иш орунун даярдыгы.


Үй тапшырманы текшерүү

5 мин

Окуучулардын тапшырмасын карап чыгат.

Аткарып келген тапшырмаларын көрсөтүшөт.


Өтүлгөн теманы кайталоо

10 мин

Тапшырмалар таратылат, жооптор талкууланат.

1 – 2 – тапшырмаларды аткарышат.


Жаӊы тема

15 мин

Түшүндүрөт, таратуучу материялдар берилет.

5 мин

3 – 4 тапшырмаларды иштешет.


Бышыктоо

5 мин

Кластер түзүүгө тапшырма берет.

5 - тапшырма

Аныктоочко кластер түзүшөт


Жыйынтыктоо

3 мин

Окуучулардын сабактын жыйынтыгы боюнча пикирлерин угат.

Өз пикирлерин смайликтин жардамы менен «Күтүү дарагына» илишет.


Баалоо

2 мин

Критерийлер боюнча

Ар бир тапшырмага 5 баллдан

1 – 5 балл «2»

6 – 10 балл «3»

11 – 19 балл «4»

20 – 25 балл «5»





Суроолор жана тапшырмалар:

1 – тапшырма:

1. Таблицаны карагыла. Сүйлөмдөрдү окуп, аныктооч менен аныкталгычты тапкыла.

2. Алар байланыштын кайсы түрү боюнча байланышкан аныктагыла.

Мисалдар

Аныктоочу

Аныкталгычы

Байланыштын түрү

1. Жакшы ат камчы салдырбайт.

Жакшы

Ат

Ыкташуу.

2. Чолпонбайдын эрдиги жолдошторун таӊ калтырды.

Чолпонбайдын

эрдиги

таандык




2 – тапшырма:

1. Окугула. Бөлүнгөн сөз тизмектерин өзара салыштыргыла.

2. Алар кандай суроого жооп берди жана сүйлөмдүн кайсы мүчөсү болушту?

Мисалдар

Суроосу

Сүйлөм мүчөсү

1. Куш аяган адам көк карайт.

Кандай?

Аныктооч

Куш аяган көк карайт

Ким?

Ээ

2. Көп окуган адам көптү билет.

Кандай?

Аныктооч

Көп окуган көптү билет

Ким ?

Ээ




Жаӊы темага киришүү этабы:

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркөмдөрү.

Сөз түркүмдөрү

Мисалдар

Суроолор

1.

Зат атооч

Эгиндин көркү жер менен, эликтин көркү төр менен.

Эмненин?

2.

Сын атооч

Жакшы адам эл камы үчүн күйүнөт.

Кандай?

3.

Сан атооч

Быйыл беш мектеп курулду.

Канча?

4.

Ат атооч

Ар кандай кесип ардактуу.

Кандай?

5.

Атоочтук

Соолбос өмүр, сынбас көӊүл болбойт.

Кайсы?




Көӊүлүӊөргө түйгүлө:

Аныктооч да түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болот.

Жөнөкөй аныктооч бир сөздөн туруп, заттын ар кандай белгисин билдирет.

Мисалы: акылдуу адам, ак булут, шаардык бала, ойчул акын, бооруке киши, бакылдак адам, төрт китеп, тоонун суусу ж.б.

Тутумдаш аныктооч толук маанилүү сөздөрдүн, же толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздөрдүн айкашынан турат да, синтаксистик бир гана милдетти аткарат.

Мисалы: Ак төөнүн карды жарылган заман – ушул. (кайсы?)

3 – тапшырма:

Аныктоочттун милдетин аткарган сөз түркүмдөрү боюнча таблицаны толтурушат.

4 – тапшырма:

Жөнөкөй жана татаал аныктоочторго сүйлөмдөрдү түзүшөт.

Сабакты бышыктоо боюнча 5 – тапшырманы аткарышат.

Үйгө тапшырма берүү: Аныктооч боюнча окуу, Сүйлөмдөрдү түзүп, аныктооч жана баш мүчөлөрдү табуу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!