СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аты узун бала (Адабий окуу)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аты узун бала (Адабий окуу)»

Сабактын темасы: Аты узун бала.  Автор: Сагындык Казыбаев.   Сабактын максаттары.  Билим берүүчүлүк: Чыгарма менен таанышып, маанисине түшүнүшөт .  2. Өнүктүрүүчүлүк: Божомолдоп ой-пикирин айтууга, адабий тилде  сүйлөөгө көнүгүшөт. 3. Тарбия берүүчүлүк: Чылчылдыкка, бири-бирин колдоого, сыйлоогоо тарбияланышат.  Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү. Сабактын формасы:  Аралаш сабак, “Божомолдоо” стратегиясы, Венндин диаграммасы, синквейн, класстер, сөздүк менен иштөө. Сабактын усулу: Интеактивдүү метод. Колдонулуучу каражаттар : Окуу китеби, карточкалар, схемалар, телевизор, маркер.

Сабактын темасы: Аты узун бала. Автор: Сагындык Казыбаев.

Сабактын максаттары.

  • Билим берүүчүлүк: Чыгарма менен таанышып, маанисине түшүнүшөт .

2. Өнүктүрүүчүлүк: Божомолдоп ой-пикирин айтууга, адабий тилде

сүйлөөгө көнүгүшөт.

3. Тарбия берүүчүлүк: Чылчылдыкка, бири-бирин колдоого, сыйлоогоо тарбияланышат.

Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Аралаш сабак, “Божомолдоо” стратегиясы, Венндин диаграммасы, синквейн, класстер, сөздүк менен иштөө.

Сабактын усулу: Интеактивдүү метод.

Колдонулуучу каражаттар : Окуу китеби, карточкалар, схемалар, телевизор, маркер.

Жаңы теманы түшүндүрүү. Жаңы теманы түшүндүрүүдө “Божомолдоо стратегиясы” колдонулат. Текстти бөлүкторгө бөлүп, ар бир бөлүктө окуучуларга божомолдуу суроолор берилет. Окуучулар ой жүгүртүү менен божомолдуу жоопторун айтышат. Ар бир топко өз алдынча карточкалар таркатылат. Аңгеме таанышардан мурда төмөндөгү карточканы толтурушат. Окуганга чейин Макулмун Билдирме Макул эмесмин Окугандан кийин Макулмун 11 сөздөн турган ат болушу мүмкүнбү7 Макул эмесмин Аты узун бала мактанчаак. Балдар “Аты узун баланы” жакшы көрүп, сыйлашат. Атын узун баланын атын чоң атасы коюп берген. Аты узун баланын чыныгы аты Ади.

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Жаңы теманы түшүндүрүүдө “Божомолдоо стратегиясы” колдонулат. Текстти бөлүкторгө бөлүп, ар бир бөлүктө окуучуларга божомолдуу суроолор берилет. Окуучулар ой жүгүртүү менен божомолдуу жоопторун айтышат. Ар бир топко өз алдынча карточкалар таркатылат. Аңгеме таанышардан мурда төмөндөгү карточканы толтурушат.

Окуганга чейин

Макулмун

Билдирме

Макул эмесмин

Окугандан кийин

Макулмун

11 сөздөн турган ат болушу мүмкүнбү7

Макул эмесмин

Аты узун бала мактанчаак.

Балдар “Аты узун баланы” жакшы көрүп, сыйлашат.

Атын узун баланын атын чоң атасы коюп берген.

Аты узун баланын чыныгы аты Ади.

Аты узун бала. 1-тыным.  Окуу башталып, 1-класска балдар келе баштаган. Мугалим эжей келген балдардын аты-жөнүн журналдан тактап жаткан. -Кана сенин атың ким? – кайрлды жаңы келген эки баланын бирине кайрылып мугалим эжей. -Менин атым Ади, -деди жоош сары бала. Анын атын тактап, эжейи берки кетирекей кара балага кайрылды. -Менин атым узун, -деди кетирекей бала. -Узун?.. Узун деген да ат болобу? – деп мугалим эжейи баланын сөзүнө түшүнбөй калып. -Жок, менин атым көп, эжей...  Мугалим баланын бул сөзүнө да түшүнө бербеди. Анда бала олуттуу түрдө өзүнүн атын мынтип узакка айтты: -Менин атым: Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү- Билимдүү-Өнөрлүү- Баатыр- Болот- Бекен!.. Ушунчанын баары сенин атыңбы?.. – деп эжейи аны эркелете күлө карады. 1-тынымга карата суроолор. 1. Чын эле ушундай да узун ат болобу? 2. Мынчалык узун аттын эмне кереги бар? 3. Сенин оюңча эжейи ишендиби? 4. Мындан ары эмне болушу мүмкүн? 5. Бизде да ушундай узун аттуу балдар барбы? 6. Балдар канчанчы класста окушат экен?

Аты узун бала.

  • 1-тыным.
  • Окуу башталып, 1-класска балдар келе баштаган. Мугалим эжей келген балдардын аты-жөнүн журналдан тактап жаткан.
  • -Кана сенин атың ким? – кайрлды жаңы келген эки баланын бирине кайрылып мугалим эжей.

-Менин атым Ади, -деди жоош сары бала.

Анын атын тактап, эжейи берки кетирекей кара балага кайрылды.

-Менин атым узун, -деди кетирекей бала.

-Узун?.. Узун деген да ат болобу? – деп мугалим эжейи баланын сөзүнө түшүнбөй калып.

-Жок, менин атым көп, эжей...

Мугалим баланын бул сөзүнө да түшүнө бербеди. Анда бала олуттуу түрдө өзүнүн атын мынтип узакка айтты:

-Менин атым: Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү- Билимдүү-Өнөрлүү- Баатыр- Болот- Бекен!..

  • Ушунчанын баары сенин атыңбы?.. – деп эжейи аны эркелете күлө карады.
  • 1-тынымга карата суроолор.
  • 1. Чын эле ушундай да узун ат болобу?
  • 2. Мынчалык узун аттын эмне кереги бар?
  • 3. Сенин оюңча эжейи ишендиби?
  • 4. Мындан ары эмне болушу мүмкүн?
  • 5. Бизде да ушундай узун аттуу балдар барбы?
  • 6. Балдар канчанчы класста окушат экен?

2-тыным.

  • -Ооба.

Балдар кетирекей кара баланын “узун” жана “көп” атына “дуу” күлүштү.

-Мынча узун атты сага ким койгон, ыя? – деп эжейи да күлкүсүн тыя албай жатып сурады.

-Чоң апам менин кичинемде коюптур. Кимде-кимдин аты узун болсо, өмүрү да болот деп айткан чоң апам.

балдардын күлкүсү аз-аздан токтоп, тиги узун аттуу баланын сөзүн угуп, чын эле: “Эмне үчүн бизге апаларыбыз мынтип узун ат койгон эмес? Муну чоң апасы аябай жакшы көрөт го...” – деп ойлонуп калышты.

Бирок ошентсе да, балдардын баары мынча мынча чубалжыган атка күлкүлөрү келе берди. Анын:

“ Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү- Билимдүү-Өнөрлүү- Баатыр- Болот- Бекен” деген узун атын ким жаттап айтат, ыя?!

Адинин “Ади” деген кыска аты балдарга аябай жакты. Мугалим эжейи да “Ади” деп сабакта атын чакырганда тура калып жооп берип, күндө “беш” алат. Узун аттуу бала болсо, атын “Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү- Билимдүү-Өнөрлүү- Баатыр- Болот- Бекен” деп айткычакты кыйла убакыт өтөт да, ал жооп бергенче башка балдар айтып таштайт. А узун бала ошентип күндө баа албай үйүнө кетет. Өзу да эжейи анын узун атын чубалжытып айтып бүткүчө унчукпай турганы турган... Ал ушундай кызык бала.

Бир күнү мындай күлкү келерлик окуя болду.

2-тынымга карата суроолор.

  • Кандай окуя болот деп ойлойсуң?
  • Сага да ушундай узун аттар жагабы?
  • Мындан ары эмне болушу мүмкүн?
  • Аты узун баланын жакшы окуй албаган себеби эмнеде деп ойлойсуң?
  • Эгерде аты узун баланын аты да кыска болсо жакшы окуйт беле?
  • Сенин атын да ушундай узун болсо эмне кылмаксың?

3-тыным.

Кыш болуп калган калган эле. Балдар мектеп аркасында жылгаяк тээп ойноп жатышкан. Сабакка коңгуроо болуп жатса да болбой, кызыгып муздан кеткилери жок. Аңгыча: “Алды, кетти” ойнойбуз деп жатып, баягы биздин “Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү- Билимдүү-Өнөрлүү- Баатыр- Болот- Бекенибиз” муздан жыгылып, мурду менен жерге тийди. Мурдунан кан диркиреп агып жатты. Балдардын эч кимиси буга жардам бере алышпайт эле.

  • Эжейге... – дешти баары бир ооздон.
  • Жолдо чуркап келатышып: “Сен айт”, “Сен айт” деп жатышып, үч бала талашып-тартыша беришти. Анткени үчөө тең анын чубалжыган узун атын толук билишпейт экен. Ар бири “и, мен билдим” деп таппай жатышып, бир кыйла убакытты өткөрүштү.
  • Ошентип жатып эжейге чуркап жетип келген сары бала Ади энтигип күйүккөндөн:
  • - Эжей... тиги... Аман-Эсен-Бактылуу – деп барып, атын таба албай какап-чакады.
  • - Эмне болду? – деди эжейи күлкүсү келип.
  • - Тиги ... и... эми таптым, Аман-Эсен-Бактылуу-Таалайлуу-Өмүрлүү... – деп келип Кубан дагы таба албай калды.
  • 3-тынымга карата суроолор.
  • 1. Адинин ордунда болсоң эмне кылмаксың?
  • 2. Эжейи эмне кылат деп ойлойсуң?
  • 3. Узун аттын кереги бар бекен?
  • 4. Эми эмне болот деп ойлойсуң?
  • 5. Сенин оюңча аты узун баланын абалы кандай?
  • 6. Аты узун баланын ордунда болсоң эмне кылмаксың?
Окуянын аягы. Эжейи эмне дээрин билбей күлкүсүн тыя албай жатты. Бирок ошол “ Узун аттуу балага” бир нерсе болгонун түшүндү. Ой деги эмне болду? Аман- эсенби деги. -ооба, эжей. Ошол “ ошол узун аты бар бала” музга жыгылып, мурду канап, ыйлап отурат. - Ой бая эле ошентпейсиңби! – деген эжейи балдар келген жакка чуркады. Барды да, аны догдурга алып жөнөдү... Мына эмесе, ошентип узун аттын пайдасынан зыяны көп окуя болду. Ошондон кийин ал баланын атын толук айтышпай эле, “Узун аттуу бала” деп жаңы ат коюшту. Ага бул ат жакпаса да ушундай сунушка аргасыз макул болду. Анын өзүнүн “Аман” деген аты туруп, чоң энеси эркелетип койгон “узун” атын айтам деп, ушул ишке кабылды да. Жалпылоочу суроолор. 1. Эмне үчүн баланын аты узун экен? 2. Узун аттын пайдасы бар бекен? 3. Аңгемеде адамдагы кайсы сапат баяндалган? 4. Сен да кээде мактанып алып ыңгайсыз абалга калган учуруң болду беле? Болсо айтып берчи. 5. Мактанчаактын аягы кандай болду? 6. Чыгарманын жанрын аныкта.

Окуянын аягы.

Эжейи эмне дээрин билбей күлкүсүн тыя албай жатты. Бирок ошол “ Узун аттуу балага” бир нерсе болгонун түшүндү.

  • Ой деги эмне болду? Аман- эсенби деги.
  • -ооба, эжей. Ошол “ ошол узун аты бар бала” музга жыгылып, мурду канап, ыйлап отурат.
  • - Ой бая эле ошентпейсиңби! – деген эжейи балдар келген жакка чуркады. Барды да, аны догдурга алып жөнөдү...
  • Мына эмесе, ошентип узун аттын пайдасынан зыяны көп окуя болду. Ошондон кийин ал баланын атын толук айтышпай эле, “Узун аттуу бала” деп жаңы ат коюшту. Ага бул ат жакпаса да ушундай сунушка аргасыз макул болду. Анын өзүнүн “Аман” деген аты туруп, чоң энеси эркелетип койгон “узун” атын айтам деп, ушул ишке кабылды да.
  • Жалпылоочу суроолор.
  • 1. Эмне үчүн баланын аты узун экен?
  • 2. Узун аттын пайдасы бар бекен?
  • 3. Аңгемеде адамдагы кайсы сапат баяндалган?
  • 4. Сен да кээде мактанып алып ыңгайсыз абалга калган учуруң болду беле? Болсо айтып берчи.
  • 5. Мактанчаактын аягы кандай болду?
  • 6. Чыгарманын жанрын аныкта.

 Сабакты бышыктоо.   Сабакты бышыктоодо ар бир топко өзүнчө тапшырмалар берилет. Тапшырманы топто талкуулап, презентация кылышат.   Топ менен иштөөдө окуучулар бирин-бири сыйлап, бири-бирине жардам көрсөтүп, топтогу тынчтыкты сактоосу керек. Презентация жасоодо топтогу ар бир топтун мүчөсү катышуусу эске алынат. Ар бир жооп берген окуучуга упайлар берилип турат.

Сабакты бышыктоо.

Сабакты бышыктоодо ар бир топко өзүнчө тапшырмалар берилет. Тапшырманы топто талкуулап, презентация кылышат.

Топ менен иштөөдө окуучулар бирин-бири сыйлап, бири-бирине жардам көрсөтүп, топтогу тынчтыкты сактоосу керек. Презентация жасоодо топтогу ар бир топтун мүчөсү катышуусу эске алынат. Ар бир жооп берген окуучуга упайлар берилип турат.

1-топко тапшырма.   “Аты узун бала” менен Адиге мүнөздөмө бер.

1-топко тапшырма. “Аты узун бала” менен Адиге мүнөздөмө бер.

2-топко тапшырма.   “Аты узун балага” синквейн түз. 1 “Аты узун бала”   2. ________, ________. 3. ________, _________, ________ 4.________ ________ ______ _______ 5. _____________

2-топко тапшырма. “Аты узун балага” синквейн түз.

  • 1 “Аты узун бала”
  • 2. ________, ________.
  • 3. ________, _________, ________
  • 4.________ ________ ______ _______
  • 5. _____________
3-топко тапшырма.  1. Аңгемедеги каармандарды жаз. ___________________________________________________________________________________________________ 2. Аларга мүнөздөмө бер: ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________.

3-топко тапшырма.

  • 1. Аңгемедеги каармандарды жаз.

___________________________________________________________________________________________________

  • 2. Аларга мүнөздөмө бер: ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________.
4-топко тапшырма.   Сөздүк менен иштөө.  1. Кетирейген - _____________________ ________________________________. 2. Олуттуу - ________________________ ________________________________. 3. Чубалжыган - ____________________ ________________________________. 4. Диркиреп - ______________________ _________________________________. 5. Аргасыз - ________________________ _________________________________.

4-топко тапшырма. Сөздүк менен иштөө.

  • 1. Кетирейген - _____________________

________________________________.

  • 2. Олуттуу - ________________________

________________________________.

  • 3. Чубалжыган - ____________________

________________________________.

  • 4. Диркиреп - ______________________

_________________________________.

  • 5. Аргасыз - ________________________

_________________________________.

5-топко тапшырма.    Агемеден эмнени үйрөндүң?

5-топко тапшырма.

Агемеден эмнени үйрөндүң?

 6-топко тапшырма.   Суроолорго жооп жаз.   Аңгеменин негизги идеясы. _________________________________  ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________. 1. Эмне жакты? ____________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________________________________________. 2. Эмне жакпады? ___________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________.

6-топко тапшырма. Суроолорго жооп жаз.

  • Аңгеменин негизги идеясы.
  • _________________________________
  • ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________.
  • 1. Эмне жакты? ____________________________________________________
  • _____________________________________________________________________________________________________________________________________.
  • 2. Эмне жакпады? ___________________________________________________
  • ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!