СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дайыр Асановго 100 жыл

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дайыр Асановго 100-жыл деген темадагы тегерек столдун планы

Просмотр содержимого документа
«Дайыр Асановго 100 жыл»

Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин “Душманды жалгыз жок кылган Генерал майор Дайыр Асанов “деген темасындагы тегерек столдун программасы

Максаты: Тарыхый инсан ,советтер союзунун баатыры Дайыр Асановдун эрдиги,баатыр-тайманбастыгы жөнүндө окуучулар менен биргеликте талкуулоо.

Алынуучу натыйжа:

  • керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын анализдөө, шериктештер менен чогуу иштөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;

  • келечекте биргелешип иштөө багыттарын белгилөө,

Күнү

Убактысы

Өтүлүүчү орду

25.11.2022

11:00 — 13:20

Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби.

Тарых кабинети



Катышуучулар: Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары,мугалимдер 9-10-11-класстын окуучулары

Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу 7 факты

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны генерал-майор Дайыр Асанов тирүү болгондо бүгүн 96 жашка чыкмак. Урпактар үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, каардуу согушта болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн Асановду бүгүн эскерип отурабыз.

Тогуз жыл мурда дүйнө салган Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстандагы акыркы баатыры эле. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу инсандын урматына ал тууралуу кызыктуу фактылар менен окурмандарды тааныштырат.





Дыйкандын жалгыз баласы. Генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жалгыз бала болгонуна карабай, эмгекчил, билимге умтулган зээндүү өспүрүм эле. Ал 1941-жылы мектепти ийгиликтүү аяктайт. Аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген. Асанов Советтик Армиянын катарына 1942-жылдын алгачкы күндөрүндө кошулган.

Алгачкы эрдик. Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согушка ошол эле 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-танктарга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчүсү катары баштаган. Андан соң Дон, Түштүк-Чыгыш, Степной, 2-Украина фронтторунда душман менен салгылашкан. Жаш жоокер каардуу согушта дароо эле эр-жүрөк, тайманбас мүнөзүн көрсөткөн. Жыйырмага жаңы толгон Асанов бүт дүйнөнү каптаган алааматка жаңы эле кадам таштаган кезинде замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган.

Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтаргандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Окко карабай кармашкан. 1942-жылдын 26-сентябрдагы Сталинградды душмандан бошотуу үчүн болгон согушта көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазалаган. Ошол күнү Асанов душман менен болгон кармашта төрт танк, алты замбирек, курал ташыган алты унаа жана отузга жакын немис аскерин жок кылган. Асанов бул кармашта эки жолу ок жеп, катуу жаракат алганына карабастан душманга чабуул жасаганды токтоткон эмес. Сталинград алдындагы согушта көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" жана Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордендери менен сыйланган.



Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер.

Жалгыз баатыр. Бирок, Дайыр Асановду согуштагы эң чоң сыноо али алдыда күтүп жаткан эле. 1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта ал болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Душман советтик армияны туш тараптан каптап келип аёосуз чабуулга өткөн.

Асмандан "жааган" бомбалардан улам советтик аскерлер кыйрап, бир гана Дайыр Асанов башчылык кылган бир нече жоокер тирүү калган. Асанов сан жагынан алда-канча көптүк кылган душманга каршы согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Курал башына өзү өтүп, душмандын үч жолку танк менен чабуулун токтотуп, сегиз танкын, үч брондуу унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, "Алтын жылдыз" медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарган.

Дайыр Асанов согуштан кийин 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган



Согуштан кийин. Дайыр Асанов согуштан кийин 1946-жылы Ульяновск танктык окуу жайын, андан соң Ташкенттеги жогорку танктык окуу жайды, 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган. Билимин өркүндөткөн соң Республикалык аскерий комиссариаттарда жана бир катар аскерий кызматтарда иштеген. 1951-1955-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде депутат болгон. 1985-жылдан 1996-жылга чейин өз демилгеси менен негиздеген офицер кесибине даярдоочу аскердик-лицейди жетектеген. 2005-жылы ал лицейге Дайыр Асановдун ысмы ыйгарылган. 1994-жылы генерал-майор чининде отставкага чыккан.

Нарындын кызына жолугуусу. Дайыр Асанов жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Ал убакта али лейтенант болгон Асанов медицина окуу жайын жаңы аяктап, медайым болуп иштеп жаткан жаш кызды бир көрүп эле жактырган. Жамал Асанова да Советтер Союзунун Баатыры катары сый үстүндө жүргөн зыңкыйган аскер кызматкеринин көңүлүн кайтарган эмес. Экөө сүйлөшүп жүрүп ошол эле жылы чогуу түтүн булата башташкан. 58 жыл чогуу

жашаган жубайлар төрт уулду тарбиялашкан.

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган.


Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген


Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган.

Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген


Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган.

Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган

Артында аты калган баатыр. Урпактардын келечеги үчүн жанын берүүдөн кайра тартпаган Дайыр Асановдун эрдиги унутулбай келет. Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген. 2012-жылы бул бакта Ленинградды коргоого катышкан аскерлердин урматына эстелик тургузулган. Ошондой эле Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган. Ал "Жаштарды аскерий-патриоттук тарбиялоо", "Жер бетинде жашоо үчүн" жана "Командирдин ыйык парзы" аттуу эскерүү китептерин жазган. Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры наамын алган көзү тирүү акыркы кыргызстандык Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда көз жумган.












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!