СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тил куну тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тил куну тарбиялык саат»

Алып баруучу(Айзирек): Кымбаттуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү окуучулар! Бүгүнкү   Эне тил-улут уюткусу аттуу салтанаттуу кечебизге куш келипсиздер!

(КРнын мамлекеттик гимни жаңырат)

Англис тил, орус тил, немец тил сүйлөйт

Токтогулачы бул менин жеримго

Нурасыл: Ооба, «Канча тил билсең, ошончо кишисиң» деген накыл кеп бар. Бул сөздө калет жок. Эң таамай, туура айтылган сөз. Колдон келсе он тил билгенге не жетсин. Бирок ошол он тилди билип туруп, өзүңдүн ЭНЕ-ТИЛИҢДИ билбесең, мындан өткөн кордук, мындан өткөн уят иш жок болсо керек. Андыктан башка тилди да үйрөнөлү, бирок эң башкысы ЭНЕ-ТИЛИБИЗДИ унутпайлы.

Алып баруучу(Айзирек):Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден  өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени, түйүлдүк кезинен бащтап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин үнүн, демин сезип, “Баа” деп бакырып жерге түшөөр замат эне сүтүн оозанат. Эне менен эне тил... Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтундөй дүйнөнүн түркүгү да ушлардыр

.

Алып баруучу(Айым): Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар.  Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде  ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар. Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар. Ошондуктан, Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Андан соӊ магнит тасмасынан «Манас» эпосу уктурулат, же окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

(Сахнага окуучулар катар тизилип турушат)

:

Алып баруучу(Айзирек): Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык! (Арууке)

2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык! (Айбийке)

3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык! (Нурасыл)

4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык! (Айназик)

5-окуучу: – Эне тили ыйык! (Аэлита)

Алып баруучу(Айым):Эне тил!

Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

«Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили»,

«Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун,

Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даӊазайлы

Алып баруучу(Айзирек):Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруӊар бар?

1-окуучу: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар? (Арууке)

2-окуучу: Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар? (Айназик А)

3-окуучу: Энесинин бешик ырын укпай, чоӊойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар? (Нурасыл)

4-окуучу: Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чангандан айырмасы кайсы? (Айназик)

4-окуучу: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар? (Аэлита)

Дал ушул учурда ак көйнөк, ак элечек Умай эне сахнага чыгат. Балдар энеге таазим кыла артка чегинишет.

Умай Эне (Сезим эже)

– О, ыйык Энелер, уул-кызыӊар Ата Мекенинин анык азаматы болсун десеӊер, эне тилин ыйык тутуп, таза сактасын десеӊер, тээ бешикте жаткан кезинде ырдап берген  бешик ырыӊарды эр жеткен чагында кайрадан бир ирет ырдап бергилечи!        Ал ырдан уул-кызыӊар Ата Мекенин, эне тилин  сүйүү кандай ыйык экенин акыл-эси толгон кезинде дагы бир ирет билсин, туйсун, эсине салсын! Эне тилинин кандай ширин, кандай ыйык, кандай көркөм экенинине дагы бир ирет тамшанышсын! Суранам, ошенткилечи!

.

Андан соӊ магнит тасмасынан «Манас» эпосу уктурулат, же окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

Айзирек : Кыргызды Кыргыз кылган анын Манасы дегендей карагылачы Манас эпосу кандай сонун угулат.Дуйнодо бир гана Манас Кыргыз тилинде Эне тилибизде айтылат

Азаматсынар оркунунор осо берсин балдар

Кыргызды кыргыз кылгын дагы эмне Айыма?

Кыргыздын кыргыз кылган анын каада-салтты?


Алып баруучу (Айым): Аалам жаңыртып, ыңаалап түшкөн наристе алгач адамдардын арасынан өзүнүн энесинин үнүн угат. Анан барып атасынын чоң энесинин, чоң атасынын үндөрүн эшитип, ошолордүн үндөрү аркылуу дүйнөдө болуп жаткан нерселерди таанып, таалим-тарбия алып, нарк-насилин, салт-санасын үрп-адатын акырындап бүткөн боюна сиңирип алат. Анан барып, акырындап эне тилинде сүйлөп, ошол балапан кезде уккан эң алгачкы «Бешикке бала салынынп, бешик ыры ырдалат эмеспи.Анда эмесе кыргыздын каада -салттын көрсөтүп берүүгө , биздин мектептин 1-класстарына кезек берсек.


Алып баруучу (Айым): Эне сүтү менен оозанып, бешик ырына каныгып, элдик оозеки чыгармачылыктан тарта, дүйнөлүк адабияттар менен эне тилинде таанышып чоңойгон ар бир атуул эл керегине жараган эр азаматтардан болуп чоңоёт. Анткени, өз элинин адабиятын, маданиятын, тарыхын, нарк-насилин, салт-санасын билген атуул ошол элдин тилине, дилине кандайдыр бир деңгээлде үлүш кошуп, улуу сезимдин аркасы менен кичинекей чакан мамлекетин түптөп, кура алат. Бала бешикке салынып, бир жашка толгондо тушоосу кесилет эмеспи. Карача кандай сонун кыргыз салты.Ошол салттарды аткаруудаэне тилибизде жакшы каалоо ой-максаттар айтылган.Анда эмесе, биздин мектептин кенжетайы болгон даярдоо классына кезек берсек.Даярдоо тушоо кесуу

Алып баруучу (Айзирек): Азаматсынар балдар , рахмат айталы эжелерибизге

Үйүнө мейман келсе, жүзү жарык,

Мал союп, сактап келген ата салтын.

Кызытып кымыз берип, май жедирген,

Салтыӊдан кагылайын кыргыз калкым деп кыргыз элинде айтылмакчы, кезекти кыргыз элинин улуттук тамактарына бермекчибиз.


Алып баруучу(Айым):

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин

Кимдер гана билбесин.

Кыргыз кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.Көзгө сүйкүм кыргыз бийин

Кимдер гана билбесин.

Кыргыз кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.

(Кыргыз бийи кыздардын аткаруусунда)

Алып баруучу(Айым):

Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Анда эмесе биздин 2-класстын окуучулар кыргыз элинин улуттук оюндарын көрсөтүп беришсин.





Алып баруучу (Айзирек): Кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү Кыргыз элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасалган кооз буюмдарын, өрмө жана сайма жагынан чоң мурастарын калтырышкан. Кыргыз эли өзүнүн жашоо- тиричилигинде кийизден жасалган буюмдарды кеңири колдонгон. Кийизден ар кандай кийим- кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды жасашкан. Ала кийиз, шырдактарды зор чеберчиликте оймо- чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп жасашкан. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү тууралуу биздин 3-класстарыбыз көрсөтүп беришсе.

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

Кезекте кыз-жигиттер «Шырылдаӊ», «Бекбекей» ырларын аткарып беришет



Алып баруучу(Айым):

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей дүйнө тургай, аалам жаңырган учур келет. Аба алмашат, суу нугунан бузулат, жер көчөт, эл көчөт, жер жүзүн мекендеген майда жандыктар тургай, адам өзү жок болгон учур да келет. Бирок, ошондо да эне тилинде айтылып, жазылып калган Сөз өлбөйт, жан эргиткен мукам Ыр өлбөйт. Укумдан тукумга, ай аалмга сызып, өмүрү узун болот. Ар бир улуттун маданий, адабий, илимий, казынасы кур эмес.


6-класстар көркөм ыр айтышат

Нурлан Насип “Эне тил” (Хор)


Алып баруучу (Айзирек): Келгиле, баарыбыз биригип кыргыз тилин сактайлы, кыргыз тилинин кадыр –баркын жогорку деңгэлге көтөрөлү! Барыбыз кыргызча таза, так, коркөм сүйлөйлү! Ошондо гана биздин эне тилибизди улам урпактан урпактарга жеткире алабыз!

Бирге жүрсөм, эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм

Алып баруучулар (хор): Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата даярдалган салтанаттуу кечебиз аягына чыкты көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат. Көрүшкөнчө, аман болуңуздар



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!