СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Газневийлер мамлекети

Нажмите, чтобы узнать подробности

Газневийлер мамлекети тууралуу маалыматтар.

Просмотр содержимого документа
«Газневийлер мамлекети»

ГАЗНАВИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ



Мамлекетте болуп өткөн оор кырдаалда Саманийлер мамлекетинин түрк хажибдеринен турган сарай кошуунунун саясий бедели абдан күчтүү болгон. Анткени аскердик жана коргонуу иштери толугу менен алардын колунда болчу. Түркий кол башчылардын кызматтары үчүн саманий амирлери алардын көпчүлүгүн Хажиб-ул-хужаб же Хажиб-ул-бүзрүк сыяктуу жогорку аскердик мансаптарга дайындап, аларга айрым вилаяттарды башкаруу укугун да беришкен. 962–963-жылдарда Газна жергесин Алптегин аким жана армия башчысы катары башкарган.

Ал Газна жана Кабул вилаяттарын өз алдынча башкарууга умтулуп, Газнавийлер мамлекетине негиз салган. Бул жаш түркий мамлекеттин борбор шаары Газна болгон. Газнавийлердин саясий бедели Сабуктегин доорунда (977–997) артып, саманийлер тарабынан таанылган. Ал эми Maхмуд Газнавий доорунда (997–1030) анын аймагы кеңейип, Чыгыштын эң күчтүү мамлекеттеринен бирине айланган. Мамлекеттин чек арасы батышта Рай жана Исфахан шаарларына. Каспий денизине чейин созулган. Ал эми чыгышта Тундук Индиянын кыйла болугун оз ичине алган жана Туштук Белужистанга чейин7 жеткен эле. Саманийлер династиясы кыйрагандан соң Махмуд Газнавий Хурасан аймагын, кийинчерээк Харезм мамлекетин (1017) да өзүнө кошуп алган. Бирок Маъсуд Газнавий доорунда (1030–1040) мамлекеттин аймактары бир-бирден колдон чыгып, кризиске жүз бурган. Натыйжада 1186-жылда тапта5кыр жоюлган





Газнавийлер мамлекетинин башкаруу системасы. Газнавийлер мамлекетинин режими жана башкаруу системасы байыртан өнүгүп келе жаткан түркий мамлекетчиликтин негизинде курулган болсо да, бирок ал өзүнө мүнөздүү башкаруучулук өзгөчөлүгүнө ээ эле.

Газна шаарындагы мунара

Министрлик системасында аскердик, элчилик жана расмий иш-чаралар, финансы жана кабар-почта канцеляриясы иш жүргүзгөн. Вилаяттын өкүмдары ваалий, шаардын акими раис деп аталган. Вилаятта башкаруу иштери амид, ал эми шаарларда болсо күтвал тарабынан ишке ашырылган. Мамлекет күчтүү кошуунга ээ эле. Кошуунда аскердик кемелер (дарыя жана деңиз флоту) да бар болгон.

Газнавиддер бийлигинин таянычы - гулиамдардын күзөтчүлөрү, ошондой эле гиураларга агрессивдүү журушторду жүргүзгөн газилердин отряддары болгон. Газнавиддер мамлекети эң чоң державага Себук-Тегин (977-997) жана Махмуд Газневи (998-1030) тушунда жеткен. Махмуддун мезгилинде (997-1030) Газнавиддер Хорасандагы Фарананын жанына 4000 түркмөн үй-бүлөсүн отурукташтырышкан. 1027-жылга чейин, түркмөндөрдүн коңшу калктуу конуштарга болгон жортуулдарынан улам, Тус Абу Л'Алариттин башкаруучусу Арслан Жадхиб аларга каршы согуштук аракеттерди баштаган. Түркмөндөр талкаланып, коңшу жерлерге чачырап кетишкен [6]. 1033-жылы болгонуна карабастан, Газнавиддин губернатору Таш Фарраш элүү түркмөн башчыларын Хорасанга жасаган жортуулдары үчүн өлүм жазасына тарткан. Себук-Тегиндин тушунда азыркы Афганистан менен



Пенджабдын дээрлик бардык аймагы Газнавиддер мамлекетинин курамына кирген. Себук-Тегиндин уулу Махмуд Газневи Саманиддердин калган жерлерин өзүнө кошуп алган. Түндүк Индиядагы 17 жортуулдун натыйжасында, ал Мултандын бул жааттагы башка бир нече мамлекеттик түзүлүштөрүн баш ийдирүүгө жетишкен.

Ошентип, эң чоң гүлдөп-өнүгүү мезгилинде, азыркы Афганистандын аймагы, Ирандын бир катар аймактары, Мавераннахр жана Хорезмдин бир бөлүгү, Индиянын түндүк жана түндүк-батыш провинциялары 1030-жылга чейин мамлекеттин курамына кирген. Бул мамлекетке Кытай менен чыгыш Жер Ортолук деңизинин ортосундагы соода жолдорун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү берилген.


Газнавиддер династиясынын башкаруучулары:

Алп-Тегин, эмир 962-963a Тажикстандын аймагы

Барсхандардын династиясы

Себук-Тегин, Эмир Газни 977-997, Саманиддер мамлекетинин Сипахсалар 994-997

Исмаил ибн Себук-Тегин, Эмир Газни 997-998

997-жылдан бери Балхтын эмири Наср ибн Себук-Тегин

Бограчук, Себук-Тегиндин бир тууганы, 997-жылдан Гераттын эмири

Махмуд Газневи, Саманид мамлекетинин сипахсалары 995-997, Эмир Газни 998-999, Эмир Хорасан 999, Султан Газни 999-1030

Мухаммед Газневи, Султан Газни 1030, 1041

Масуд Газневи, Султан Газни 1030-1041

Маудуд ибн Масуд, Газни Султаны 1041-1049

Масуд II ибн Маудуд, Газни Султаны 1049

Али ибн Масуд, Газни Султаны 1049-1051

Абд ар-Рашид ибн Махмуд, Газнинин султаны

Газив султаны Кивам ад-Даула Тогрил 1053 (узурпатор)

Фаррухзад ибн Масуд, Газни Султаны 1053-1059

Ибрагим ибн Масуд, Газни Султаны 1059-1099

Масуд III ибн Ибрагим, Газни Султаны 1099-1115

Ширзад ибн Ибрагим, Газни Султаны 1115-1116

Арслан Шах ибн Масуд, Султан Газни 1116-1117

Бахрам Шах ибн Масуд, Газни Султаны 1117-1157

Хусрав Шах ибн Арслан шах Султан Газни 1157-1160

Хусрав-Малик ибн Хусрав-шах Султан Газни 1160-1187



















Илим-билим жана маданият. Газнавийлер мамлекетинде илим-билим жана маданият, атап айтсак, адабият өнүккөн. Махмуд Газнавий өз түркий эне тили менен бир катарда фарс, араб жана пахлавий тилдерди мыкты билген, өзү да ыр жазган. Борбор шаардагы сарайда 400 дөн ашуун окумуштуу, акын жана көркөм өнөр адамдары чыгармачылык менен алектенишкен.

Бируни Абу Райхан (979, Хо®резмден алыс эмес Кят деген жерде туулган–1048) – орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул. 160тан ашуун илимий эмгектери болгон. ГеодезияМинералогияХронологияИндияМасуд Канону жана башка Хронология деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген.

Беруни греклатынарабфарсытүрк, хинди, жана башка тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (ПифагорСократПлатонАристотельГаленПтоломей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.

Берини поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металлминерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.









Абу Райхан Беруний, Насыр Хусрав, Гардийзий жана Байхакий өңдүү улуу ойчулдар Газнада жашашкан. Беруний «Конуни Маъсудий», Байхакий «Тарихи Маъсудий» чыгармаларын султан Маъсудга арнап жазышкан.

Абул Касым Фирдоуси (935-1020-жж)

Абул Касым Фирдавсий белгилүү «Шахнаама» дастанын Махмуд Газнавийге тартуу кылган. Газнавийлер мамлекетинде курулуш жана архитектурага да олуттуу көңүл бурулган. Газна, Балх, Нишапур, Лахур жана башка шаарларда көптөгөн медреселер, мечит, дербишкана жана сарайлар курулуп, китепканалар иштеп турган. Бакдарактар көп эгилип, айныкса борбор шаар Газна дүркүрөп өскөн.



Колдонулган Адабияттар:

  1. : Бартольд В., Туркестан в эпоху монг. нашествия, ч. 2, СПБ, 1900; Якубовский А. Ю., Махмуд Газневи. К вопросу о происхождении и характере Газневидского гос-ва, в сб.: Фердовси, Л., 1934; Парвиз Аббас, Тарих-е Дейалдмэ вд Гдзндвийан (История династий Дейлемидов и Газневидов), (Тегеран), 1336, с. г. х. (1957); Халили, Сдлтдндт-и Гдзндвийан (Правление Газневидов), (Кабул, 195-); Muhammad Nazim, The life and times of sultan Mahmud of Ghazna, Gamb., 1931.

    Источник: https://gufo.me/dict/history_encyclopedia/%D0%93%D0%90%D0%97%D0%9D%D0%95%D0%92%D0%98%D0%94%D0%A1%D0%9A%D0%9E%D0%95_%D0%93%D0%9E%D0%A1%D0%A3%D0%94%D0%90%D0%A0%D0%A1%D0%A2%D0%92%D0%9E

  2. A. МУХАММАДЖАНОВ «Озбекстан тарыхы 7-класс» Ташкент-2017

  3. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%93%D0%B0%D0%B7%D0%BD%D0%B5%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D1%81%D0%BA%D0%BE%D0%B5_%D0%B3%D0%BE%D1%81%D1%83%D0%B4%D0%B0%D1%80%D1%81%D1%82%D0%B2%D0%BE








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!