СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инклюзивдик билим берүүдө тарбиячы, мугалим жана ата-эненин өз ара кызматташуусу

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Инклюзивдик билим берүүдө тарбиячы, мугалим жана ата-эненин өз ара кызматташуусу»

УДК 376.015.31:73/76-056

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ТАРБИЯЧЫ, МУГАЛИМ ЖАНА АТА-ЭНЕНИН ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУСУ

К.Н. Нурлановна

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин

Педагогика факультетинин 3-курсунун студенти

Илимий жетекчи-К. А. Нурлановна

Аннoтация. Макалада инклюзивдик билим берүүдөгү педагогтор менен ата-энелердин тыгыз байланышы каралган.

Түйүндүү сөздөр. Инклюзивдик билим берүү, атайын муктаждыгы бар балдар....

Инклюзив деген француз тилинен кабыл алынган. «Кошом, кошулам» деген маанини билдирет. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги идеологиясы – бардык балдарды дискриминациялоону жоюу болуп саналат. Башкача айтканда тил, улут, дене өсүшү, интеллектуалдык, психикалык өгөчөлүктөрүнө карабастан бардык балдарды билим берүү системасына кошуу болуп саналат. Ошол эле учурда аларды жалпы билим берүүчү мектептерге кошуп койбостон, аларга атайын шартты түзүп берүү негизги максаты болуп эсептелет.

«Үй-бүлө»бул бирден –бир тарбия берүүчү институт. Үй-бүлө адамга өтө маанилүү баалуулуктардын катарына кирет,ал балага тарбия берүү,инсандык өнүгүшүн калыптандыруунун чоң потенциалына ээ. Жан дүйнөнүн алгачкы башаты жана ал балдарды ар кандай маданияты жана дини бар элдердин арасында жашоого үйрөтөт.

Ал эми атайын муктаждыгы бар баланы тарбиялоодо ата-эненин ролу абдан чоң. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелген баланын тагдыры, келечекте өз алдынча болуусу ата-эненин колунда. Ата –энелер кандай болсо ошогдой боюнча кабыл алышы, балага керектүү шарт түзүп берүүсү, атасы, апасы бирдей көңүл бөлүүсү милдеттүү. Баланы тарбиялоо жана окутуу өтө оор жана жоопкерчиликтүү, өзгөчө эгер бала атайын муктаждыктары менен болсо. Ошондуктан ата-энелер балдар даарыгерине, адистерге көрүүсү, угуусу, кыймылдоосу жана башка жакшыртууга багытталган өз убагында жана пайдалуу кеңештерди, ошондой эле жардамды алуу үчүн эртерээк кайрылышы керек. Даарыгерлердин, адистердин кеңештерине бир жолу эмес мезгил мезгили менен кайрылып туруу керек.

Ата-энелер педаглгикалык жана методикалык адабияттарды окуп туруу, тарбиячы , мугалимдердин талап, кеңештерин аткаруу зарыл. Себеби атайын муктаждыгы бар балдарды тарбиялоодо каталар кетет. Мисалы ашкере камкордук же гипер камкордук (гиперопека) . Өзгөчө муктаждыгы бар балага ашыкча камкордук кылуу, баланын өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүн жок кылышат. Ал өмүр бою бирөөнүн жардамын күтүп же бирөөгө муктаж болуп, өз алдынча аракет кылбай калуу коркунучу бар. Өзү тамактанбай, өзү кийинбей, гигиеналык талаптарды өз алдынча аткарбай, анын оордуна башка бирөө жасап берүүсүнө көнүп калат. Өз максаттарына жетүүгө аракет кылуу муктаждыгы жок болот, коомго аралашуусу, өзүн туура алып жүрүүсү кыйын болуусу ыктымал. Гипер камкордукта баланы ашкере эркелетишип, аяшат,баарынан коргошот, ал жасай алчу нерсени дагы жасатышпайт. Чоңдор жакшы ой менен бала үчүн баарын жасап жүрүп, чындыгында аны алсыз, олдоксон, башкалардын жардамына дайыма муктаж кылып чоңойтушат. Же тескерисинче балага аз көңүл буруу (гипоопека). Кээ бир үй-бүлөлөрдө ушул көрүнүш дагы байкалат. Мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлсө атасы же апасы жээрип, бири-бирин күнөөлөп, ажырашууга чейин барган ата-энелер кездешет. Андай уй-бүлөөдө балага аз көңүл бурулуп, керектүү шарттарды түзүп бербөөгө толук ыктымал. Же социалдык экономиялык шартка байланыштуу ата-энелер иштеп кетишет, а балага толук көңүл бурулбай калат. Ал учурда бала эч кимгекереги жоктой, жалгыз жана алсыз сезишет. Алар түнт, жалтаң, чечкинсиз болуп калышат. Өзгөчө муктаждыгы бар балага аз көңүл бөлүүсү баланын психологичсына зор таасирин берүүсү , бала керексиз, пайдасыз, бактысыз сезимдери күч алышы мүмкүн.

Азыркы учурда балдарга тарбия берүүдөн алыстап кеткен уй-бүлөөлөр көбөйдү. Өзүлөрүнүн башкы милдеттери катары баланын курсагын тойгузуу жана аны кийинтүү деп эсептешет да, ал эми билимди , тарбияны берүү жоопкерчиликтерин билим берүү мекемелерге, адистерге жүктөп коюшкан.

Үй-бүлөөдө тарбия берүүнүн принциптери болуп балага максималдуу көңүл бурууга, аны сыйлоого, туура талаптарды түзүп берүү жана андан талап кылуу эсептелет. Туруктуу баалуулук системасы бар уй-бүлө гана балдарга татыктуу тарбия берүүгө кепил боло алат.

Ата –энелер өзгөчө муктаждыгы бар балдарга алардын колунан келбеген талаптарпды коюу менен дагы туура эмес мамиле кылаарын белгилей кетүү керек. Андан талаптарды аткаруу үчүн чоң күч жумшоого зарыл. Мындай учурларда бала моролдык жана физикалык жактан катуу кыйналат. Чоңдор канааттанбай калганын көрүп, ата-энелери күткөн нерсени жасабаганынан жиндери келип турганын көрүп бала кайгырат, коркот. Мунун айынан бала гана көбүрөөк кыйналат, көрүнбөгөн, узакка созулган конфликт пайда болушу мүмкүн. Бул нерсе болбош үчүн ата-энелер балдарын өзгөчө экенин, өзгөчө мамиле, чоң сүйүү, камкордук, көңүлгө мукутаж экенин эстен чыгарбоо керек.

Ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күчтүү өзгөчө таланттары, жеке жөндөмдүүлүгү бар экенин билип, аны өнүктүрүүгөжардам берүү керек.

Үй-бүлөөдө атайын муктаждыгы бар баланын нормалдуу өсүп келе жаткан бир туугандары менен туура мамилелерин калыптанышын, чыдамкайлык менен мамиле кылгандай, аны таарынпангандай, кошо ойногондой, ага камкордук көрсөткөндөй тарбиялап,балдардын баарын бирдей жакшы көрүп, бирдей мамиле жасап, балдардын арасында шектенүү, көз артуу, бири-бирине атаандашуу болбой, биримдикте, ынтымактуу болуп жашоого үйрөтүү ата-эненин милдети.

Мындай оор ишке ата-энелердин даяр эместигинен үй-бүлөөдөгү тарбияда көп каталар кетет. Ошол себебтен, ата-энелер адистердин кеңешин, талаптарын четке какпай, аткаруу зарыл.

Ал эми ата-энелерге туура, керектүү кеңештерди берүүчү бул тарбиячы, мугалимдер. Мугалимдер, тарбиячылар балдарга туура байкоо жүргүзүү зарыл. Баланын өзгөчөлүктөрүн, талантын, жеке жөндөмдүүлүгүн, кандай шарттарды түзүп берүү керек экенин, максималдуу жакшыртууга кандай методикаларды колдонуу керек экенин билип, түшүнгөндөн кийин ата-энелерге туура, так, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү шарт. Педагогтор баланын денгээлин айтып жатканда ата –энелер баланын мүмкүнчүлүгүн ашкере көрүп гипер камкордук же тескерисинче мүмкүнчүлүгүнүн денгээлин түшүнбөй, гипо камкордук же баланын колунан келбеген нерсени талап кылуу менен балага зыян келтирбегендей кылып түшүндүрүүсү керек. Ал үчүн тарбиячы, мугалимдер өз ишин так билип, инклюзивтик билим берүүнү жакшы өздөштүрүүсү, практикалык жактан билүүсү үчүн уламдан улам квалификацияны жогорулатуу курсун, тренингтерди, китептерди, статияларды жана маалымат, методикаларды окуп туруу көп пайдаларды алып келет.

Атайын муктаждыктагы балдардын бала бакчаларга келе баштаган учурдагы ыңгайлашуусу дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Педагог дагы өзгөчө муктаждыгы бар баланы нормалдуу өсүп келе жаткан бир тайпадагы же бир класстагы балдардан бөлбөй , чогу билим алган санаалаштары өзгөчө муктаждыгы бар баланы кемсилтпей, кемчиликтүү карап, жаман жагымсыз мамиле кылбай, ынтымакта чогу ойноп, достук мамиледе болуу жагдайды түзүү керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын канчалык достору көп болсо, алар менен чогу ойносо,достору менен дайыма сый мамиледе болсо, канчалык өзүн эркин сезсе, баланын өзүнө болгон баалоосу жогорулайт, коомдо өзүн туура алып жүрүүгө үйрөнөт.

Өзгөчө муктаждыктагы балдарды кошууну практикалаган балдар бакчасы жана мектептер ар бир баланын шык-жөндөмүнө ачууга багытталган. Ушундай инклюзивдик топтордун жана класстардын педагогтору ар бир баланын жекече талабын канааттандырууга аракет кылса, алар элдердин түрдүү кылык-жоруктарына түшүнүү менен мамиле кылып, өздөрүнүн жүрүм –турумун жана иш –аракеттерин мысалында адам мамилелеринин баалуулугун, адамга болгон сый-урматы, эгер адамдар бири-бирин колдоого алса алардын көйгөйлүү маселелерин кантип чечүүнүн жолдорун дагы көрсөтүшөт.

Инклюзивдик бала бакчадыгы жана мектептердеги окутуу өзгөчө муктаждыктагы балдарга типтүү өнүгүүдөгү балдардын жүрүм- турумун байкоо жана тууроо мүмкүнчүлүгүн жана алар менен өз ара кызматташууну берет.

Инклюзивдик окутуунун жардамы менен балдар адамдар менен сүйлөсү машыгуусун өнүктүрүп, турмушка даярданат. Балдар башкаларды кандай сыйласа өздөрүн дагы ошодой сыйлоону үйрөнүшөт.

Бирок айыл жергесинде мектептерде инклюзивдик билим берүүнү жакшы өздөштүрбөөсү мүмкүн . Буга себеб дефектолог кадырлардын жоктугу же мугалим , тарбиячылар инклюзивтик окутуунун методикалпрын билбегендиктен же керектүү шарттардын жоктугу. Бул учурда өзгөчө муктаждыктагы балдар эч жардам көрүлбөй калуу коркунучу бар. Бул маселе болбоо үчүн бала бакча же мектеп жетекчилер атайын адистерди, дефектологторду чакырып, кесиптештерине, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, педагогторго инклюзивтик окутуу методикаларын үйрөтүүгө тийиш.

Баардык балдарды окутууга мүмкүн болгондуктан аракетти күчөтүп ата-энелер, педагогтор, адистер биргеликте иштөө керек. «Күч биримдикте» деген макалдай өзгөчө муктаждыгы бар балдарды окутуу, тарбиялоо, келечекте өз алдынча болууга үйрөтүү бул ата-эне, педагогтордун колунда.

Колдонулган адабияттар:

  1. « Инклюзивтик билим берүү» Усенко Л.В., Дудкина О.И., Сейдекулова Г.С : мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары жана башталгыч мектептин мугалимдери үчүн методикалык колдонмо

  2. http://maralfm.kg «инклюзивдик билим берүү өзгөчө муктаждыктагы балдардын чектөөлөрүн жоет»




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!