СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп окуу.....

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп окуу

Просмотр содержимого документа
«Китеп окуу.....»

Китеп окуу – маданияттын көрсөткүчү.

А: Окуучуларга суроолор.

  1. Китеп окуу жагабы?

  2. Кайсы китептерди окудуңар?

  3. Китеп окуунун кандай пайдалары бар?

Б. Теманы түшүндүрүү.

Жахыздын: «Жаш, арзан, табылышы оңой, баалуу маалыматтарды өзүнө камтыган, өткөн кылымдардагы маалыматтын баарына ээ болгон үйрөтүүчү катары китепти тааныйм. Ал сенин каалаган жериңе барат, артыңдан калбайт», - деген экен. Кандай мааламат издесең китептерде бар. Китеп, түшүнбөсөң урушпайт, уктуп калсаң кыйкырбайт.

Башка бир ойчул: «Экономикалык жана техникалык өнүгүүнүн түпкүрүндө маданият, маданияттын түпкүрүндө болсо китептин жайгашканын эч ким таңа албайт. Китеп үнсүз бир фабрика сыяктуу, пикир жана маалыматты үн чыгарбастан эле элге таратып жеткизет. Ошондой эле көчүрүү күчүнө да ээ. Кечегини бүгүнкүгө ташыйт. Китеп адамды тар жерлерден да куткарат. Ар бир үйдүн ичине, бөлмөгө, керебеттерибиздин башына чейин барып өзүнүн маалыматын жеткирет», деген экен.

Монтески болсо: «Он беш мүнөттүк китеп окуу менен ар түрдүү кайгы капамды тарата алам», деген экен. Китеп окуу, чындыгында, адамды чарчатпастан, тескерисинче, эс алдырып, көңүлүн көтөрүңкү кылып коет.

«Үйрөөнүүнү таштап койгон адам, 20-30 жаштарында деле болсо карыганы дегендик. Үйрөнүүсүн уланткан адам болсо ар дайым жаш бойдон калат. Дүйнөдөгү эң сонун нерсе аң-сезимибизди жаш бойдон кармоо», - деп Генри Форд айткан экен. Китеп окуу ар жерде, ар түрдүү шартта мүмкүн болгондуктан, колтукта ар дайым китеп алып жүрүүнү адатка айландырып алышыбыз керек. Бош убакыт болгондо, ал убактыбызды ысрап кылбастан, китебибизди ача коебуз. Бирөө менен жолукканы барып күтүп отурганда, иштеп жатып тыныгууга чыкканда, автобуста бара жатканда китеп окуса болот.

Декарт, жакшы китептерди окуу - өткөн кылымдарда жашап өткөн акылмандар менен маектешүү экендигин айткан.

Куран айаттарынын биринчи “оку” деген сөз менен келгени Ислам дининде да окуунун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

Флетчер «Өсүп бараткан аң-сезимдерди китеп менен суугарбаган улуттар кыйроого дуушар болот», - дегендей, китеп маданияттын көрсөткүчү. Бир мамлекетте басылган, сатылган, таратылган, окулган китептердин саны ошол мамлекеттин маданиятынын деңгээлин көрсөтөт. Маданияттын башаты билим. Билим болсо китептен алынат. Бир адамдын маданиятсыздыгын анын китеп окубашына байланыштырсак туура эле болуп чыгат. Биз өзүбүздүн маданиятыбызды, улутубуздун наркын сактап калалы десек билимибизди арттыруунун жолун издешибиз керек. Билим болсо китеп жана калем аркылуу табылат.

Өзүбүздүн эле ойчул инсаныбыз Жусуп Баласагын: «Мамлекетти куруу кылыч менен болгон болсо, аны сактап калуу калем менен болот», - деген экен. Чындыгында ата-бабаларыбыз кан төгүү менен мамлекетибизди куруп, коргоп келген болсо, мындан ары бүтүндүгүбүздү, улуттуулугубузду сактап калуу биздин милдетибиз. Осмон мамлекетинин султандары жортуулга чыкканда ат жана эшектерге китеп жүктөп, ала жүрүшү, ал мамлекеттин 600 жылдан көп жашап жана чоңоюшуна себеп болгон инсандардын аң-сезиминин жогору экендигин жана китеп окууга кандай маани беришкендиктерин көрсөтөт.

Дүйнөнү адамсыз ойлоого болбогондой эле, адамды да китепсиз ойлоого болбойт. Кылымдар бою китеп өзүнүн маанилүүлүгүн жоготпой келген. Мындан ары да китеп окуган менен окубагандын ортосундагы айырма барган сайын артып барат. Себеби, китеп тарыхты жана өткөндү бизге даана үйрөтөт. Тарыхты билген адам мааламаттарды салыштырып анализ жүргүзө алат.Жакшы анализ жүргүзгөн адам келечекке туура кадам таштай алат.


Г: Накыл сөздөр.

Китеп – эң мыкты дос!

Убакыт менен бардык нерселер өзгөрөт, жаштык өтүп кетет, чачтар агарат, бирок билимдин күчү кубаттуу тейден кала берет, эч нерсеге карабастан.

Тилекке каршы илимий прогресс менен бирдикте китеп окуу көндүмү кыйла азайды – бардыгыбызды шумпай компьютерлер жана тойбос Интернет тартып алды.

Китеп окуу – акылдын учтагычы.

Китеп окуганда ички дүйнө кеңейип, жаныбыз акылыбыздагы ааламдарга учуп, маанайыбыз көтөрүлөт.

Китеп окуу – стресске каршы эң мыкты даары

Китептер – тарыхтын тирүү деми, маалыматтын түгөнгүс казынасы.

Китеп окуу – ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Китеп – тарбиячы.

Китеп окуу акылыбыздын иш аракетин козгоп, көз булчуңдарынын өнүгүүсүнө түрткү берет, бул көңүл буруу жана байкоо жөндөмдүүлүгүн арттырат. Андан сырткары, китеп окуу окурмандын процесске толугу менен көңүлүн тартып, коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт. Окуп жатканда, биз ушунчалык жашообузда пайдасы тийчү так жана таамай сөздөрдү жолуктурабыз – демек, сөз байлыгыбызды кеңейтебиз.

Китеп окуп жатканда, биз жумшак дивандан турбай туруп, эң кооз мамлекеттерге саякат кылабыз, ал жерде жашаган адамдардын ой жүгүртүүлөрүн түшүнөбүз, эң маанилүүсү болсо – бардык маалыматты жан дүйнөбүздөн өткөрөбүз.

Китеп окуу бизди сезимтал жана жароокер кылат. Балким, китеп окуу гана адамды адам кылат.













































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!