СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуздун жаралуу тарыхы

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Комуздун жаралуу тарыхы»

Музыка мугалими Пулатова Матлюба

Класстык саат

Сабактын темасы: Комуз жана анын жаралуу тарыхы.

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк: Кыргыз элинин улуттук аспабы комуз менен таанышып, маалымат алышат;

өнүктүрүүчүлүк: Кыргыз элинин улуттук аспабы комуз менен таанышып маалымат алуу менен бирге сөз байлыгы жана ой жүгүртүүсү өнүгөт;

тарбия берүүчүлүк: Маданияттуулукка, бири-бирин сыйлоого, улуттук аспаптардын тарыхын билүүгө тарбияланышат.

Комуздун жаралыш тарыхын, түзүлүшүн жана кантип жасаларын түшүндүрүү. Атуулдук сезимдерин ойготуу. Комузга аяр мамиле жасоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Комуз, түстүү сүрөттөр. Комуз жөнүндөгү макал-лакаптар жана ырлар.

 Сабактын жүрүшү:

1-уюштуруу: Комуз жөнүндө макал-лакап, ыр.

Комуз сынды-ыр жок, көңүл сынды-сыр жок.

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

 Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,

Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

 Киришүү:

Мугалим: Комуз — кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз ар кандай формада чабылып, мойну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу 90 см дей келет. Туурасынын эң жазы жери 19,5-22,5 сантиметрге жетет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы анан үч кылдан турат. Комуздун үч кулагы өрүктөн, арчадан жана ошондой эле мүйүздөн жасалат. Комуздун жаны жыгач жана кыл. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу деп эсептелет. Илгерки комуздардын көлөмү азыркыдан кичирээк келип, ат үстүндө алып жүрүүгө ыңгайлуу болгон. Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнү да сыбызгып, назик келип, адамдын сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. «Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл».

Табы менен жакшы кургатылып чабылган, карагайдын тармалынан капкак жабылган, кара койдун ичегисинен өтө жоон эмес, орто кыл тагылган өрүк комуз дуулдап, үндүү да, чечен да келет. Кыргыз калкынын оозеки чыгармаларында комуз инструментинин пайда болушу жөнүндө мындай уламыш бар. Илгери бир доордо Камбаркан аттуу мергенчи болгон экен. Ал убакта кыргыздар аңчылык менен күн көрүшкөн экен. Камбаркан бүт айылды мергенчилик менен багып туруучу экен. Күндөрдүн биринде аңчылыктан келе жатып, токой жактан угулган мукам үндү угат.

-Бул эмне болуп кетти экен? Ушундай да жагымдуу үн болобу? — деп таңыркап, жанагы үн угулган жакка бет алат. Ал жерге келсе, дарактын арасында илинип турган кандайдыр бир жаныбардын ичегисинен мукамдуу үн чыгып жатыптыр. Камбаркан мергенчи ушул окуядан соң үйүнө кайтып, музыкалык аспап жасап, койдун ичегисин кургатып, кыл кылып тагып, күү черткен экен. Мына ошол Камбаркан мергенчи жасаган аспап «комуз» аталып калган экен. Ошол комузда чертилген биринчи күү «Камбаркан» аталыптыр. “Күүнүн башы — Камбаркан” деген сөз мына ушундан калган экен.

Топтордо иштөө.

Классты үч топко бөлүп, аларга кылымдардан бери сакталып келе жаткан улуттук аспап комуз жөнүндө тапшырмалар берилет.

  1. 1-топко: Синквейн түзүү.

  2. 2- топко: Класстер түзүү.

  3. 3- топко: “Комуз” сөзүнөн сөз жаратуу

Жыйынтыктоо: Азыркы учурда комуздун ар кандай түрлөрү пайда болду. Кылдары жасалма жиптен тагылып калды. Ошондой эле электр комузун да колдонуп жүрүшөт. Комузду эл кадырлап чертет. Муундан-муунга чейин чертиле бермекчи.

 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!