СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча тузулгон тест.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча тузулгон тест.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча тузулгон тест.»

Кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча түзүлгөн тест.

1 – тапшырма. Көчкөн Сактанов «Маркумдар үнү» аттуу романынан алынган үзүндүнү кунт коюп окуп чыккылы жана ага карата берилген суроолорго кыска, так жооп бергиле.



… Кеч күз эле. Очок боюнда ысык күлгө бутумду салып отургам. Жанарак эле төрөлгөн баласы өлүп, там үйдүн төр жагында апам төрөттөн кан сырап жаткан болчу. Онтогону ого бетер күчөп:

----- Чыкчы, кагылайын… атаӊды карачы! - деди.

Эшикке жүгүрүп чыгып, тегерете карап:

---- Апа, атам көрүнбөйт, - дедим.

---- Азыр эле чыкты эле го, кайда кетти экен?

Алсыз күрсүнүп, айласы кеткендей кайрадан шалдырап жатып калды. Аны аядым. Жанына жетип барып, башына отура калып:

---- Апаке, эмне болду? – дедим.

Эмне дээрин билбей, мени тиктеп, бир саамга мага көздөрү жалдырай түштү .Алсыз колун жерден араӊ алып, төбөмдөн сыламак болуп, бирок сылай албады. Ошондо муун – жүнү бошоп, тиштеген эриндери солк этип, кирпиктери нымдаша берди.

---- Апа, эмне болду? Ыйлабачы!

---- Атаӊды карачы… Чакырчы… Чуркачы кагылайын!

Ушул учурда сырттан атам карпа – күрпө кирип келди. Көздөрү элейип, өӊүндө нары мусаапырлык, нары коркуу бар. Апам баш көтөрүп:

---- Келдиӊби… кел жаныма отурчу, - деди. ---- Абалымды көрүп турасыӊ. Ахвал жаман… Мурунку балдарыбыз токтободу, а кийинкиси бу… өзү эле эмес, мени кошо ала жата турган болуп калды.

Атамдын көздөрү терӊинде чакчайып «бу эмнеси… мунуӊ кандай?» дегендей, мусапыр өӊү ого бетер мусапырлана мени караан тутуп, жалт карап алды. Апам сөзүн улады.

---- Сенден өтүнөрүм бу… Гапаралини кор кылба… Экөөбүздөн калган белек, тукум ушу гана… Менин же өзүӊдүн туугандарыӊа ишенип берип койбой, өзүӊ чоӊойт… ---- Апам алсыз колундагы шакеги менен билеригин сууруп атама сунду. ---- Ме… көзүм өтөрү менен эже – сиӊдилерим алып кетиши мүмкүн, өзүӊөр керектегиле…

Мына ушинтти да, бир милдет, бир карыздан кутулгансып, боюн түзөп, шалдырап жатып калды. Ушул учурда менин көзүмө апам бизден дароо алыстап бараткансыды, бирок кайда баратканы, кимге баратканы мага белгисиз эле. Өӊү чөптөй кубарып, көздөрү тунарып кетти. Мен уясынан ыргыган сары ооз балапандай чырылдап талпындым.

---- Апа – а – аа!

1. Энеси баланын атасынан эмнени өтүндү?

Жооп: --- Сенден өтүнөрүм бу… Гапаралини кор кылба. Экөөбүздөн калган белек, тукум ушу гана. Менин же өзүӊдүн туугандарыӊа берип койбой өзүӊ чоӊойт.



2. Текстте кимдер, эмнелер бар? Алардын баары биригип келип эмнени түзөт?

Жооп: Апа,ата ,Гапарали, очок, там үй, шакек, билерик, туугандар, эже – сиӊдилер, өлүм;

Окуя, бул окуяны чагылдырган тил каражаттары; автор (жазуучу) жана окурман.

Булардын баары биригип келип текстти түзөт.



3. Текст кайсыл стилде жазылган, анын ошол стилде жазылганын кантип далилдээр элеӊ?

Жооп: Колдонулган тилдик каражаттары, тексттин максаты, жанры (формасы) аркылуу жогорудагы тексттин көркөм стилде жазылгандыгын далилдесек болот.



4. Апасынан айрылган бала өзүн эмнеге салыштырып жатат?

Жооп: Уясынан ыргыган сары ооз балапандай чырылдап апасын көздөй талпынды.



5. Тест канча абзацтан түзүлгөн?

Жооп: Бул текст алты абзцтан түзүлгөн, биринчи абзацта аякталган ойду, экинчи абзацтан тапсак болот.



6. Апасы баласынын төбөсүнөн эмне үчүн сылай албады.

Жооп: Алсыз колун жерден араӊ алып, төбөмдөн сыламак болуп, бирок сылай албады. Ошондо муун – жүнү бошоп, тиштенген эриндери солк этип, кирпиктери нымдаша берди. Апасы ажал менен арбашып жаткан эле.



7. Текстте «сары ооз балапан» деген туруктуу сөз айкашы бар. Маанисин чечмелеп бер.

Жооп: «Сары ооз балапан» - таптакыр эле жаш, өзүнчө оокат кылууга жарай элек, - деген маанилерде колдонулат.



8. Тексте «мусапыр» деген сөз кимге карата айтылып жатат?

Жооп : Баланын атасына карата айтылып жатат. Атамдын көздөрү тереӊинде чакчайып, «бу эмнеси… мунуӊ кандай?» дегендей, мусапыр өӊү ого бетер мусапырлана мени караан тутуп, жалт карап алды.



9. Апасы кайсы милдеттен, кайсы карыздан кутулгансыды?

Жооп: Илинчеги, баласы Гапаралини атасына тапшыргандан кийин, бир милдет, бир карыздан кутулгансып, боюн түзөп, шалдырап жатып калды.



10. Тексттен кош сөздөрдү жазып көрсөт. Анын ичинен эки сөзү теӊ маани бербөөчү кош кайсы?

Жооп: Муун – жүнү, карпа – күрпө, эже – сиӊди. Карпа – күрпө эки сөзү теӊ маани бербөөчү кош сөзгө кирет. Анткени карпа – күрпө сөзү өз алдынча турганда эч кандай маани бербейт, кош сөз катары келгенде гана бир маанини түшүндүрүп турат.



11. Апасы эмне үчүн күйөөсүнүн келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты?

Жооп: Тилден кала электе керээзин айтып калыш үчүн.



12 .Автордун айтайын деген ою эмне? Эмнени айткысы келип жатат?

Жооп: Өмүр,өлүм ортосундагы адамдын жашоо үчүн күрөшү, эне менен баланын ортосундагы ыйык сезим, ажалдын күчтүүлүгүн, анан алдында адамдын алсыздыгын чагылдырып жатат.





2 – тапшырма. А Осмоновдун «Бүкөн» аттуу ырын кунт коюп окуп чыккыла жана ага карата берилген суроолорго кыска так жооп бергиле.

Бүкөнтай - бучук мурун, үч жашар кыз,

Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.



Аз ыйлайт, борс – борс күлөт, көп да күлбөйт,

Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.



Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,

Кучактап уктап калат бир жилик эт.

Ар убак абалары «ырдап кой» дейт,

Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет.



«Сагындым, атакем ай, келсе экен» - дейт,

«Ал жеӊип тилегимди берсе экен» - дейт.



Карылар муну укканда жым болушат,

Көзүнөн жаш чууртуп бурчак – бурчак.



Анткени үч жыл болду кабар келген,

«Палан күн… палан жерде өлдү», - деген.



Эл үчүн каза таап жоо огунан,

Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.



Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,

Бүкөндүн эркелетчү атасы көп.



1. Ыр кандай формада жазылган?

Жооп: Ыр строфаларынын эки гана саптан тургандыгы. Мындай ырлар бейт деп аталат. Чыгыш поэзиясында кеӊири учурайт.



2. «Бүкөн» деген ыр эмне үчүн «Бүкөнтай» деген сап менен башталып жатат?

Жооп: Анткени автор Бүкөн жөнүндө айкан атат да, аны эркелетип жатат. Ошондой эле жалпы эле элдин, көпчүлүктүн сүйүүсү, жакшы көрүүсү, эркелетүүсү берилери аныкталат.



3. Бүкөнтайды мүнөздөөчү эпитет сөз кайсы?

Жооп: «Бучук мурун» сөзү. Бул сөз кыргыздын эркелетүү маанисиндеги айтылган кеби болуп, жаш балдарга карата пайдаланылган.



4. Ырда «жүз» деген сан атооч сөз эмне үчүн колдонулуп жатат?

Жооп: Албетте, акын Бүкөндүн канча жолу жыгыларын санабайт, аны саноо да мүмкүн эмес ,бул жерде жөн гана үч жашар кыздын курак өзгөчөлүгүн, басышты жаӊы үйрөнүп жаткандыгын көрсөтүп, «жүз» деген сөздү «өтө көп» дегенге синноним катары колдонот.



5. Аз ыйлайт, борс – борс күлөт, көп да күлбөйт,

Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Ушул саптарда кандай турмуштук карама – каршылыктар бар?

Жооп: Ыйлоо – күлүү.

Бүкөн – кемпир.



6. Экинчи бейтте кандай дабыш тууранды сөз бар? Маанисин чечмелеп бер.

Жооп: «Борс – борс» деген дабыш тууранды сөз баланын таза күлкүсүнүн, эч нерседен бейкапар турмушунун элесин берет.



7. Автор кайсы сапта кыргыздык белгилерди берип жатат?

Жооп:

Ал белгилер: кымызды ачырканбай ичиши, бир жилик этти кучактап уктап калышы. Булар жөн гана улуттук тамак – аштар эмес, символдор, кымыз – актыктын, тазалыктын, жилик эт – бүтүндүктүн, токчулуктун, эл пейилинин символу, кыздын уктап калышы – бейпилдиктин, тынчтыктын символу.



8. Ырдан төл жана бөтөн сөздү – автордун жана каармандын сөзүн тапкыла.

Жооп: Автордун речи же төл сөз эки сапта теӊ «дейт» деген сөз, ал эми каармандын сөзү, башкача айтканда «сагындым, атакем ай, келсе экен, ал жеӊип, тилегимди берсе экен».



9. «Келсе экен», «берсе экен» деген сөздөр кайсы сөз түркөмү, этиштин кайсы ыӊгайы?

Жооп: Бул сөздөр – этиш. Этиштин тилек ыӊгайы. Тилек ыӊгай кыймыл – аракеттин аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирет, иштин аткарылышы же аткарылбай калышы сүйлөөчү үчүн ачык болбойт, ошонун жүзөгө ашышы тиленет.



10. Карылар муну укканда жым болушат,

Көзүнөн жаш чууртуп бурчак – бурчак.

Бул саптагы фразеологиялык сөз айкаштарынын маанисин ачып бер.

Жооп: 1) жым болуу – унчукпай, сөз сүйлөй албай калуу, эч нерсе дей албоо;

2) көзүнөн жаш чуурутуу – ыйлап көз жашын тынымсыз агызып туруу;

3) Бурчак – бурчак жаш – көп токтолбогон.



11. «Палан күн… палан жерде өлдү» деген кабарды автор эмне үчүн колдонуп жатат?

Жооп: Автор атайын ошентип жатат. Бул тагдыр бир эле Бүкөндүн, анын атасынын тагдыры эмес, көпчүлүктүн тагдыры, аты – заты белгисиз миллиондогон жоокердин жана алардын уулдары менен кыздарынын тагдыры.



12. Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,

Бүкөндүн эркелетчү атасы көп.

Бул соӊку бейттен автордун оюн жыйынтыкта.

Жооп: Мындагы автордук ой - бүткүл ырдын жыйынтыгы – Бүкөндүн атакеси кайтпай, жоо огунан каза болгон менен бүт айыл аны жакшы көрөт, өз перзенттериндей эркелетет, анын атасы көп.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!