СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилин даңктайбыз, ырдайбыз.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тилине байланышкан ырларды көркөм айтуу

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилин даңктайбыз, ырдайбыз.»

Сабактын темасы: Кыргыз тилин даңктайбыз, ырдайбыз.

Сабактын максаты:

  • окуучулар кыргыз тили мамлекеттик тил экендигин билишет

  • кыргыз тилине кызмат кылууда, тилин тазалыгын, тилдин байлыгын сактоого тарбияланышат

  • кыргыз тилине байланышкан ырларды көркөм айтууга машыгышат макалдардын маанисин чечмелей алышат

Сабактын жабдылышы: Мамлекеттик тил гимнининтексти, кыргыз тили жөнүндө жазылган макалдар улуу инсандардын айткан ойлору буклеттер, ватман, маркер ж.б.



Колдонулган адабиятар: “Таалим” илимий практикалык журнал К.Акматов С.Айтматов ж.б.



Сабактын жүрүшү: уюштуруу иштери

Сабак –Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни менен башталат. Мугалим доскага ватман кагазга “Тил” жана “Кыргыз тили” деп жазат окуучулар өз ойлорун ватмандарга жазышат. Класс эки топко бөлүнөт.

Мугалим А.Осмоновдун “Эне тилим”

Тил үйрөнүү жакшы көрмөк сүймөктөн

Эне тилин жакшы көрүп

Ойротто жок, оңой тил бейм биздин тил үйрөткөн

Бир жашымда ата, апа,

Ат, эт дегенди үйрөткөн


Куштарбек: Кыргыз тили өсө өсө Кыргыз бар

Касиети жуурулушкан дем менен.

Эл санатка эң биринчи тил менен

Диана Элияр кызы:

Эне-тилин басмырлабай сыйлагын

Эне –тилге чыккынчылык кылбагын.

Адамдарды көркөм дилим тазартат,

Көкүрөгүм толуп ташып нурданам.

Олжобай:

Ташты сыгып тарыхты төккүм келет,

Тарыхты мен туу тутуп, өткүм келет.

Эне тили эсинен чыгаргандарды,

Эне тилде ашатып сөккүм келет.т


Бүзейнеп:

Кыргыз тилим Ала-Тоонунун койнунда

Колотуңда туу белинде ойдуңда.

Ал түгөнгүс казынадай билгенче

Ал-канаты умтулуунун ойдун да.

Айгерим:

Сүйлө перзент эне тилди апалап,

Сүйлө перзент эне тилди аталап.

Озанганың эүрөк этти эритсе,

Амал гана көөнө кыргыз аталат.

Эркинай:

Канат берип, көкөлөткөн тил болот,

Тил болбосо, анда кайдан дил болот.

Өз кадырын билбегенддер ичинде,

Өгөйлөнүп эне тилим кордолот.

Кочкорова Диана:

Кырымдарды карытса да даңазаң,

Ким болбогун –кудуретиң тил деген.

Улуу көчтүн көөнөрбөс мурасы,

Урпактарга жетип келген дил менен.

Атыргүл:

Манас айткан тилим менен мактанам,

Тилим менин ордо очогум астанам.

Күн астында ырдасын деп урпагым,

Бабаларым муурас кылып таштаган.

Мубина:

Кылымдын кыялдарын ашкан тилим,

Кыргыз деп карт тарыхта жазган тилим.

Кыйкырып кыйрын бузуп душман келсе,

Кылычтай кыя кесип чапкан тилим.


Марат:

Ар бир адам эне тилин тааныса,

Сөзд баалап эне тилин сыйласа.

Бөтөн элде байкуш болуп таанылып,

Көп тил жашайт жер үстүндө манкурттай.

Мен сыйлаган эне тилим болбосо.

Умар:

Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим,

Алоолоп Ала-Тоодой сүйгөн тилим.

Ак калпак Ата Журттун насибине,

Асмандан энчи болуп тийген тилим.

Касым:

Кыраңда кызыл гулдөй өскөн тилим,

Кыяндап жамгыр болуп төккөн тилим.

Улуттун оргуп чыккан башатына,

Уюган алтын сымал чөккөн тилим.

Баяман:

Атагы даңктуу Манастын,

Арбагы бизди колдосун

Ааламда тынчтык орносун.

Арзыбек:

Эне тили тээ тереңден таралган,

Түпкү эненин ак сүтүнөн жаралган.

Эне тилин сүйгөн үчүн Эр Манас,

Жаштайынан жоого каршы боло алган.

Элчи:

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,

Тилин сактап калган эл улут болгон.

Ата-салтын мурасын унуткандар

Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.

Элена:

Кылычты кыл чапкан тил,

Кыргызым барктап баккан тил,

Кызыл жалын от кечип,

Кылымдап жолду баскан тил,

Кырааты менен сүйлөсө,

Кытайга дагы жаккан тил.

Курманбек:

Отко салса чокко салса күйбөгөн,

Жоголгон жок, кеткени жок дүйнөдөн.

Эне тилим нечен кылым карыткан,

Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.

Актилек:

Ар бир адам сүйлөгөндө ойлосо,

Туура сөздү туура экен деп колдосо.

Жер үстүндө кантип жашам байкуштай,

Эгер менин эне тилим болбосо.

Манасов:

Коргобосок, унутулат күн өтпөй,

Тил дегеним кудум жандуу сүрөттөй.

Эне тилим- менин бакты-таалайым,

Эне тилим кагып турган жүрөктөй.


Жумайым:

Менин тилим күч кубатым кут илим,

Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн.

Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу.

Бүт өмүрдө төл тилимди үйрөнөм.


Макалдар


  1. “Жакшынын сөзү таш эргитет, жамандын сөзү аш чиритет”. Элчибек

  2. “Тил билсең, дил билесиң”. Сахит

  3. “баш кесмек бар, тил кесмек жок”. Айбек

  4. “Таш тешкен тамчы сөздөр бар”. Зейнеп

  5. “Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат”. Касым

  6. “Сөз ооздон чыгып, учуп жүрөт, конор жерин өзү гана билет”. Марат

  7. “Аштын даамы тузунда, адамдын даамы тилинде”. Атыргүл.

  8. “Тамчы ташты тешет, так сөз болотту кесет”. Елена

  9. “Ачуу тил-жыландын заары, таттуу тил- жүрөккө дары”. Айгерим

  10. “Сөз атасы –ыр, сөз катасы чыр”. Кочкорова Д.

  11. “Адам-көркү тил, тилдин көркү-сөз”. Болдукан

  12. “Ар бир улуттун эң биринчи байлыгы, мурасы бул тил”. Олжобай

  13. “ Ачуу да тил, таттуу да тил”. Баяман

  14. “Сөз атасын тааныбайт, калптын казаны кайнабайт”. Мирлан

  15. “Жараткан бергенин койбой алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат”. Арзыбек.-тил

  16. “Сөз дарыга окшош, ашыкчасы өмүргө зыян келтирет”. Таңсулуу

  17. “Сүйгүзгөн да –тил, күйгүзгөн да”. Жумайым.

  18. “Кыйнаган да тил, сыйлаган да тил”. Эркинай

  19. “Ок жарасы айыгат, тил жарасы айыкпайт”. Элияр кызы Д.

  20. “Тил –менин тууганым, тил менин душманым”. Мубина



Ч.Айтматовдун “Биринчи мугаим” чыгармасынан бир көрүнүш


Катышуучулар:

Дүйшөн: Абдырахманов Олжобай

Алтынай: Эльяр кызы Диана

Агасы: Махамадали уулу Арзыбек

Жеңеси: Замирбек кызы Мубина

Балдар-кыздар: Манасов, Болдукан, Айгерим ж.б.

айылды үймө-үй кыдырып балдарды ок чогултуп жүргөн экен. Дүйшөн тгил үйгө бир кирип, берки үйгө бир кирип, аралап жүрдү. Дүшөндөр жакты карап жаттым. Алар биздин үйгө жетпей кйрылып кетеби деген коркунучта болдум. Жеңем мени мектепке коё бербесине козүм жетип эле турса да алда эмнеден үмүттөнүп, эч болбосо, мугалим мында келип, менин бул жерде экенимди көрсө экен деп, чыдамсыздык менен күтүп, “келире гөр, кудай, келтирегөр!” деп кудайдан тиледим.

Ддүйшөн менин мында экенимди биле койгон эмес чыгар, айтор, катары менен кыдырып, бизге да келип жетти.

Дүйшөн: -О, жеңе, иш илгери! Мына, бул баарыбыз конокко келдик!-.

деп жайдары күйлп салам берди

Жеңе: -Келгиле, дегендей жеңем анын келишин жактырбай күңк этти.

Акем болсо ороо казганашта?

жеринен башын да өйдө көтөргөн жок.

Дүйшөн: -Кана эмес, бүгүн окуу башталат. Кызыңар нече жашта?

Дүйшөн:-Алтынай жашың канчада?

Жеңе: - мунун жаш-пашын эмне кыласың? -деди алкына. Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды “нана” деп жүргөн аталуу-энелер эркелер да окубай жүрө. Тээтиги ээрчиткен балдарды эле окутуп ал, мында иши болбосун.

Дүшөн ордунан кекирип тура келди. Өнү кумсарып, буркүт канат каштары куушурула түштү.

Дүйшөн: -Бул эмне дегениңиз, жетим деген кудайга жазыптырбы? Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен?

Жеңеси: -Закун-пакунуң менен ишим жок

Дүйшөн: - Байккап сүйлөнүз. Бул кыз сизге кереги жок болсо, кеңеш өкүматына керек! Жооп берип калып жүрбөңүз.

Жеңеси: -Ой сен каяктагы чоң элең? Багып жүргөн кызымды мен билемби, же жериңден ооп тентип келген сен билесиңби?

Агасы: -Эй катын! –деди ал, ородон чыга кыйкырып. –Сен качантан бери элди башкарып, билерман болуп кеткениң. Көп сүйлжаратөбөй ишиңди кыл. Айда, Таштанбектин баласы, чатагыңды кой,алып кет кызды мектебиңе окутасыңбы, чокутасыңбы, чатагың керек эмес, алыс кет.

Жеңе: -Муну мектепке талтаңдатып ко юп, сокуну ким жанчып, жыргалчакты ким тартат экен!

Агасы: Жап жаагыңды калжырабай! Дегеним деген, айттым бүттү! Мына, ушинтип жатып мен биринчи жолу мектепке бардым.



Улуу адамдардын сөздөрү

Сулайман пайгамбар

Актилек: Оозуңдан калпты алып сал

Кытмыр сөздү алыстат


Мирлан: Жараткан чынчылды сүйөт,

Калпычыны жек көрөт.

Олжобай: Заар тил октон жаман, октон бүткөн жарат айыгып кетет,тилден бүткөн жарат айыкпайт. (А.С.Грибоядов)


Эркинай: Эне тил алдында кяматтык карызыбызды унутпай жүрөлү. (Ч.Айтматов)

Диана: Менин эң негизги таянганым –азыркы кыргыз тили. (Р.Рыскулов)

Жумайым: Элдин тили элдин жанында дээр элем. (Н.Байтемиров)

Баяман: Эне тил эне сүтү менен тең. (А.Жакыпбеков)

Таңсулуу: Тил-адам рухунун түпкү теги, суу ичкен башаты. Ал бүтүндөй элдин тарыхын, тажрыйба дүйнөгө болгон көз карашын, кыбыр эткен кыймылын ушунчалык сарамжалдуулук менен сактап, улам кийинки муундарга берип турат. (К.Карасаев).

Мубина: Элди түбөлүк эл кылып турган анын тили. Ар бир тил өз элине улуу. Биздин ар бирибизди бул жарык дү йнөгө алып келген энебизге зор байлыкты –эне тилибизди бизге тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз. Анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык күчүнө күч, сыймыгына сыймык кошушубуз керек. (Ч.айтматов)



Көркөм окуу

Аткаручу: АбдымомуноваТаңсулуу

К.Артыкбаев “Кандай болот, эне тилим,эртеңиң?”


Эне тилим уч кыйры жок жол бастың,

Азап чектиң, эчен ашуу, бел аштың.

Жоголбодуң, көп кылымды сиңирип,

Көптү көрүп, бул күндөргө жанаштың.

Бирге чыккан канча тилдер жок болду,

Канча калктын тополоңу тоз болду.

А сен, менин эне тилим жан сүйгөн,

Жеңип келдиң бардык кыйын тоскоолду.

Эне тилим, сен бар үчүн элин бар,

“Манас” өңдүү сөздүн куту, кениң бар.

Бирок бүгүн кысыма алып арк ыл шарт,

Чынын айтсам, көп жагынан кемиң бар.

Эне тилим, чакан сенин мекениң,

Сени ойлосом, түн уйкуман беземин.

Кандай болот? Эмне болот эртеңиң?

Кооптоном, бир коркунуч сезимин.

Көп учурда тар чөйрөдө колдонуп,

Турган чагын үйдөн чыкпай, кор болуп,

Мамлекет тили болбой чектелип,

Же калабы туш тарабың тордолуп?


Башка тилге күн көр кылган жандар бар,

Керт башына андан пайда алган бар.

Өздөн чыккан жат зыянкеч-баарынан,

Эне тилин, эне сүтүн тангандар.

Тарбиясын, дилин берген бөлөккө,

Жарай албайт элди колдоор жөлөккө

Күчтүү тилге орун тийсе күн жактан.

Сенин ордуң болмок дайым көлөкө.


Келечегиң кандай болот? Билбеймин,

Күчтүү тилге жутулат деп зилдеймин.

Түптүү элге садага чаап өзүндү.

Кайта-кайта сатабы деп, кирдеймин.

Эне тилим, сенде башка мекен жок,

Башка тилдин бул жагыман көөнү ток.

Өз элиңди өзүң аксап турасың,

Билбейм, сени күтөт кандай болочок?!



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!