СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мастер класс-«Мугалим- түбөлүк окуучу”

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

 «Заманбап окутуучу кандай болуу керек?»

Просмотр содержимого документа
«Мастер класс-«Мугалим- түбөлүк окуучу”»

Саламатсыздарбы урматтуу кесиптештер!

“Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары” –аттуу X Эл аралык илимий-практикалык симпозиумунда жүз көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз.

Мастер класстын темасы: «Мугалим- түбөлүк окуучу”



Мастер класста модераторлор:

Конокбаева Калыйпа Мамытбековна

Нуруева Жаңыл Болотовна



(Нуруева Ж. Б. сөзү)

Бүгүн биз мугалимдердин профессионалдык сапаты жөнүндө гана эмес, анын эмоционалдык абалы, окуу жайга кандай заманбап мугалим керектиги, аны аныктоо жөнүндө талкуу жүргүзөбүз. Семинар- тренингдин жүрүшүндө проблемалык тапшырмалар болот, аларды биргелешип, чыгармачылык менен аткарбыз.

Кандай гана өзгөрүүлөр болбосун сабактын катышуучулары – бул окуучу жана мугалим.

Мугалим мыкты сабактарды өтүп, окуучуларды билим кемесинде алга сүрөйт. Компьютерлештирүүбү, дистанциялык окутуубу, мугалим сабактагы негизги ролду ойнойт.

Бирок, мугалимдин алдында кайсы гана учурда болбосун ар кандай өзгөрүп турган, эмнени күтөрүңдү билбеген, студенттер күтүп турат. Ар бир сабакта көптөгөн милдеттерди чечүүгө туура келет.

Анткени мугалимдерден билим алабыз деп миндеген студенттер келишет, бул биздин коомдун социалдык заказы. Ата – энелер, студенттер күткөн заманбап билим берүү үчүн бизге эң мыкты мугалимдер зарыл.

Себеби студент 11 жыл ичинде мектептен 10000ге жакын сабакка катышат, 2 жылда колледжден билим алат, ошол 13 жыл ичинде алган билимин өзүнүн турмушунда колдоно алуусу керек. Алган билими жугумдуу болушу үчүн мугалимдер сабактарды эң кызыктуу, эсте каларлык өтүү талабы коюулууда.

Студентке да, мугалимге да сабак жаңычыл болгондо гана кызыктуу болот.

Заманбап сабак – бул өткөн менен байланышкан, ошону менен бирге жаңы, актуалдуу сабак. Актуалдуу – бул латын сөзүнөн алынганда – «иштиктүү» - ошол эле мезгилде «маанилүү» дегенди түшүндүрөт.

Анда эмесе, Студенттерге билим берүүдө «жакшы сабак» кандай болуш керек?- деген суроого жооп алыш үчүн сөздү Калыйпа Мамытбековнага берейин:

(Конокбаева К.М. сөзү)

Саламатсыздарбы урматтуу коноктор.

Азыркы мезгилде педагогтор “интерактивдүү окутуунун” элементтерин практикага көбүрөөк колдонуп, ал тургай интерактивдүү окутуу боюнча бир катар методикалык колдонмолор, сабактардын иштелмелерин жазып сунуштоодо. Интерактивдүү окутуунун популярдуу болушунун себептери эмне деп ойлойсуздар?

Бир сөз менен айтканда интерактивдүү окутуу- бул окуучу менен мугалимдин, окуучу менен окуучунун, бир топтогу окуучулардын, топ менен топтун, окуучу менен компьютердин, ж.б өз ара аракеттенишүүсүнө негизделип окутулган окутуу болуп эсептелинет. Мындай окуутудан психологдор экспермент жолу менен төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышкан:

Адам укканынын 20%ин , угуп жана көргөнүнүн 40%ин, өзү жасаганынын 80%ин, башкаларга үйрөткөндүн 95% ин өздөштүрө алган. Чындыгында эле,интерактивдүү окутуунун шартында тапшырмаларды студенттер өз алдынча аткарышат, билгендерин бири-бирине айтып беришет, ар бир ой-пикирди талкуулаганга аракеттенишет.

Эми традициялык окутуу менен интерактивдүү окутууну салыштырып көрөлү. Анда эмес практикалык ишке өтөлү.

Сиздер традициялык жана интерактивдүү окутууну төмөнкү критерийлер боюнча салыштырып топтор менен иштесек.

Топтор презентациялайт.


(Ватманга ушул таблицанын 1 мамычасын чыгарпы 2 топко беребиз)












Критерийлер

Традициялык

Интерактивдүү

Студенттер:

-таанып –билүү иш аракети

-өз ой-пикирин айта билүүсү




-жаңы билимдерди өздөштүрүүнүн мүнөзү


- башкалардын ой-пикирине карата мамилеси

Мугалим:

-окуу процессиндеги негизги функциясы


-окуучуларга карата мамилеси




Аудиториядагы шарт-жагдай:

-орундуктардын жайгашуусу


-студенттердин кыймыл-аракети



-пассивдүү


-ката кетирсем жаман баа алам же тил угам деген коркунуч өкүм сүрөт


-репродуктивдүү





-башка пикирлерге адатта терс мамиле кылат


-билимдин негизги булагы




-мугалимдин айтканы айткандай болуш керек, ал жаңылбайт





-студенттер биринин желкесин бири карап олтурушат

-студенттерге ашыкча кыймыл жасаганга уруксат берилбейт



-активдүү


-ката кетирүүгө,

жаңылууга укуктуулугун сезишет, өзүлөрүнүн ой-пикирин ачык айта алышат


-продуктивдүү, чыгармачыл





-ар бир адамдын ой-пикирин сыйлоо керек деп түшүнүшөт



-багыттоочу, кеңешчи, колдоо көрсөтүүчү




-мугалим балдарга өзүндөй эле адам катары мамиле кылат, мугалим дагы жаңылышы мүмкүн дегенди моюнга алат




-студенттер чакан топтордо бет маңдай олтурушат


-Студенттер басып жүргөнгө , белгилүү чекте талаш-тартыш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет







(Таблица слайддан көрүнөт)



Таблицадан көрүнүп тургандай интерактивдүү окутуу мезгилинде студенттер бири-бирин угуп тил табыша алат, өз ой-пикирин айта алат, коллективде иштөөгө , кызматташууга калыптанат. Ошентсе да интерактивдүү окутуунун кемчилдиктери жок деп айтууга болбойт. Бардык нерсенин күнгөй- тескейи болгондой эле интерактивдүү окутуунун кемчилдиктери бар:

- материалдын мазмунуна караганда окутуунун уюштуруу формалары көбүрөөк каралат;

-убакыт көбүрөөк сарыпталат;

-окутуунун максатына байланышпаган ашыкча ызычуунун пайда болушу ;

-өзүн эркин сезип, тайманбаган окуучулардын калгандарына үстөмдүк кылышы;

-айрым окуу предметтеринин кээ бир материалдарын окуп үйрөнүүгө анча ылайык келбегендиги;



Демек , тадициялык жана интерактивдүү окутууну оптималдуу айкалыштыруу бүгүнкү күндүн негизги маселеси.

Чындыгында чыгаан же заманбап мугалим гана традициялык жана интерактивдүү окутууну айкалыштырып өтө алат деген ойдобуз.

Сабак –мугалимдин жалпы жана педагогикалык маданиятынын күзгүзү, интеллектуалдык байлыгынын, көз карашынын, эрудициясынын көрсөткүчү” деп Васи́лий Алекса́ндрович Сухомли́нский бекеринен айтпаса керек, чынында эле жакшы сабак кандай болуш керек деп ойлойсуздар?



Анкета “Мугалимдин иштөө стили”

1. Класс, кабинет сабакка даяр болбосо

А) менин реакциям ситуацияга көз каранды (1 упай)

Б) мен ага көңүл бөлбөйм

В) мен сабак баштай албайм

2. Коомдук жайда өзүн алып жүрө албаса

Мен студентке эскертүү берем

а) ситуацияга жараша (1 упай)

б) жок

в) ооба

3. Мен мындай жетекчи менен иштегим келет

А) чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк берген (1 упай)

Б) менин ишиме киришпеген

в)так көрсөтмө берген

4. Сабак мезгилинде алдыга койгон план боюнча иштейм

А) ситуацияга жараша

Б) импровизация кылам

В) дайыма (1 упай)

5. Студент мен кабыл албай турган көз карашты айтса

А) кабыл алууга аракет кылам

Б) сөздү башка нукка бурам

В) анын катасын оңдоого, түшүндүрүүгө аракет кылам (1 упай)

6. Менин оюмча, коллективде маанилүү:

А) чыгармачылык менен иштөө (1 упай)

Б) конфликттин жоктугу

В) эмгек тартиби

7. Мугалим студентке үнүн катуу чыгара алат:

А) жок, буга тыюу салынат

Б) жооп берүүдүн кыйналам

В) студент татыктуу болсо (1 упай)

8. Сабактагы күтүлбөгөн ситуациялар:

А) сабакка тоскоол болот

Б) эффективдүү колдонсо болот (1 упай)

В) көңүлгө албоо

9. Менин студенттерим мага сыйлоо менен мамиле кылышат:

А) жок

Б) ооба (1 упай)

В) билбейм

Жыйынтыгы: ******************************

  • мен заманбап мугалиммин-9 упай

  • мен дагы өзүмдүн профессионалдуулугумдун үстүндө иштешим керек 8-7 упай

  • заманбап мугалим болууга көп бар- 6 упай

Анкетанын жыйынтыгы боюнча ар бир окутуучу өз алдынча анализдейт деп ойлойбуз.



«Инсандын жан дүйнөсү то­лук ачылган чыгармачылык ишмердик кайнаган жерде гана бала мугалимге,

адам адамга магниттей тартылат”


В. А. Сухомлинский

Азыр эми «Заманбап окутуучу кандай болуу керек?» деген сурамжылоонун үстүндө иштесек. (Ар бир катышуучуга Анкета таркатылат)



(Нуруева Ж. Б. сөзү)

«Заманбап окутуучу кандай болуу керек?»

«Каким должен быть современный преподаватель?»

1.Заманбап окутуучуну кандай элестетесиӊ?

Каким представляете современного преподавателя?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


2.Ал эмнеге жөндөмдүү болушу керек?

Способности преподавателя?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Анын негизги өзгөчөлүгү…?

Его главные особенности?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4.Анын негизги максаты … ?

Его главная цель?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

5.Анын негизги милдетттери...?

Его главные задачи ?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Жакшы чоӊ рахмат.

Заманбап окутуучу кандай болушу керек деген суроону мугалимдин эле көз карашы менен карабай студенттердин да ой-пикир угуп изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарындагы кесиптик орто билим берүүчү төмөнкү окуу жайларынын студенттеринен сурамжылоо жүргүзүлдү.

  1. И.Арабаев атындыгы КМПУнин алдындагы педагогикалык колледж.

  2. С. Ибраимов атындагы Агро-техникалык колледж.

  3. Т. Эрматов атындагы БМПК

Сурамжылоого жалпы 70дей студент катышты. Алардын пикири боюнча Заманбап окутуучу төмөндөгүдөй болуш керек.(Студеннтердин жооптору ар бирне таркатылат)

1.Заманбап окутуучуну кандай элестетесиӊ?


  • мээримдүү;

  • өз предметин терең түшүнгөн;

  • адилеттүү;

  • түшүнүктүү;

  • сабырдуу;

  • жоопкерчиликтүү;

  • жигердүү;

  • тамашакөй;

  • жаңычыл;

  • тактичный

  • акылдуу;

  • көп изденген;

  • айкөл;

  • пунктуальный;

2.Ал эмнеге жөндөмдүү болушу керек?

  • Мыкты тарбия берүүгө

  • Ар кандай ыкмалар менен сабак өтүүгө

  • Студенттер менен тил табыша алууга

  • Чыгармачылыкка

  • Илимий тилде сүйлөөгө;

  • Жан дүйнөсү бай;

  • Иш чараларды мыкты уюштурууга;

  • Эмоциясын башкара алган;

  • Студентин жан дүйнөсүн түшүнө билүүгө;

3.Анын негизги өзгөчөлүгү:

  • Жаңы идеяга бай болуусу;

  • Предмети боюнча билими терең;

  • Компетентүү;

  • Теория менен практиканы айкалыштырып берүүсү;

  • План коюп иштөөсү;

  • Чет тилин билүүсү;

  • Студенттерге үлгү болуусу;

  • Ата-энелер, коллектив менен тил табыша алуусу;

4.Анын негизги максаты:

  • Татыктуу билим, тарбия берүү;

  • Турмуштан өз ордун табууга багыт берүү;

  • Логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү;

  • Мамлекетке өз салымын кошуу.

5.Анын негизги милдетттери:

  • Коомдун талабына шайкеш келүүгө;

  • Дайыма сабакка жогорку даярдык менен келүүгө;

  • Сабакка кечикпей келүүгө;

  • Өз билимин жогорлатууга;

  • Өз убагында сабак өтүүгө;

  • Жоопкерчиликти сезе билүүгө;

  • Темадан сырткары чыкпоого;

  • Кайтарым байланышты жүргүзүүгө.

Анда эмесе бул студенттердин көз карашы боюнча алынган жооптор, өзүӊүздөрдүн берген жооптор менен заманбап мугалимдин силуэтин түзүп көрүңүздөрчү.

(Эки топко бөлүнөт, ар бир топко ватман, стикер, фломастер,ж.б. берилет. Музыка коюлат,ошол убакыт ичинде иштеп бүтүшөт, жактап беришет.)

Ыракмат, сиздерге , жакшы иштединиздер, биз заманбап мугалимдин силуэтин түзүп алдык.



(Конокбаева К.М. сөзү)

«Адамда баары жакшы болуш керек -кийими, жүзү, жан дүйнөсү, ой жүгүртүүсү. Ал эми мугалимдерде -дайыма баары жакшы болуш керек!»

А.П. Чехов

Мугалимдин образы- студенттерди чыгармачыл болууга шыктандырат жана идея,пикир, көз караш, баалуулук , дүйнө таанымынын калыптанышына, студенттин бейнесин (имидж) түзүүгө өбөлгө түзөт.

Мугалим – дүйнөдөгү өтө кадырлуу, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү кесип.



Демек “ заманбап мугалим”болуш үчүн: (Ар бирине ушул баракты чыгарып беребиз)



  • укуктук жана жалпы маданият даражасын жогорулаткан;

  • кесиптештердин сабактарына катышкан жана тажрыйба

алмашкан;

  • семинарларга, конференцияларга, терингдерге катышкан;

  • өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө мезгил-мезгили менен

текшерүү жүргүзгөн;

  • классикалык жана заманбап психологиялык, педагогикалык

билимин жогорулаткан;

  • учурдагы экономикалык, саясий жана маданий турмуштук

окуяларга кызыккан;

  • маалымат жана компьютер технологияларын үйрөнгөн;

  • дени сак жашоо, спорт менен машыккан, дене көнүгүүлөрүн

жасаган;

  • мезгилдин шартына жараша билим берүү процессиндеги

инновациялык технологияларды окуп, билип, аны билим

берүүдө колдонгон;

  • илимий изилдөө иштер менен алектенген;

  • Албетте сырткы келбет- мугалимдин маданиятынын индикатору

болуш керек.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып заманбап Мугалим жогорудагы сапаттарга ээ болгондо, гана коомдо өз ордун тапкан келечек ээлерине татыктуу, сапаттуу билим бере алат десек жаңылышбайбыз.



(Нуруева Ж.Б.сөзү)

Урматтуу мугалимдер, коноктор чындыгында эле

Мугалим сабак өтүү ишмердигине эӊ көп убакыт коротот. Сабак аудиториядагы атмосферадан көз каранды. Биз азыр аудиториядагы аба ырайын төзүбөз. Ошондуктан аны эс акыл менен сапаттуу жана дайыма күндөй ачык кылалы. Жалаң гана жанга жагымдуу аба ырайы болсун!

Аудиториядагы аба ырайынын өзгөрүлүшү, бир калыпта болбосо, же кескин континенталдык болсо, студенттердин жана мугалимдердин ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Ошондуктан менин “ болсун каалолорум “ (Ар бирине таркатабыз)

  1. Мугалим класста аба ырайын көрө билген “болсун”

  2. Сабак берүүдөгү методиканын мүнөзүн өзгөртүп туруңуз, бирок сиздин профессионалдуулугуңуз, балдар ишине берилүүңүз жөнөкөй адамдык сапатта “болсун”.

  3. Сиздин студенттериңиздин билиминин температурасы төмөн төшпөй дайыма жогору “болсун”.

  4. Берген билимдериңиз шамалдай болуп учуп кетпесин.

  5. Сиздин аудиториядагы шамал дайыма жумшак жана мээримдүү, салкын “болсун”.

  6. Сиздин ауд. дайыма ачылыштар “болсун”.

  7. Сизде 2,3түрдүн мөндүрү болбосун, 5тер жана ийгиликтердин жамгыры “болсун”.

  8. Сиздин ауд-да “бороон” “болбосун”

  9. Сиздин ауд-да сыйлоо, жакшылык, чынчылдыктын парниги ”.болсун”. Ушундай парникте жакшы мөмөлөр өссүн. Ауд-да жакшы – парниктегидей натыйжа “болсун”

  10. Ауд-гы геомагниттик талаа бейпил” болсун”. Анткени мугалим бул студенттерди тартуучу же түртүүчү күч.

  11. Сиздин ауд-да дайыма күндүн нуру көп “болсун”.

  12. Мугалим класста күндөй жаркырап, маанайы ачык “болсун”.

  13. Биздин Кыргызстанда да мугалимдерге Япон мугалимдериндей кадыр барк болсун!!!

Эмне үчүн Японияда мугалимдер майрамы жок?

Япондор мугалимдерди кантип баркташат?

Кытай мугалиминин Японияда болгон күндөрүнүн эскерүүсүнѳн өзгөртүүсүз окуп берейин.


«Бир күнү мен япон кесиптешим Ямамотодон сурадым :

- Японияда кайсыл күнү мугалимдердин майрамын белгилейт, кантип ал күндүбелгилейсинер?

Менин суроомо ал таң калып:

– Бизде эч кандай мугалимдердин майрамы жок деди. Менде анын жообуна шеек пайда болду. Менин оюма экономикасы, илим жана техникасы ѳнүккѳн мамлекетте эмнеге мугалимди сыйлабайт, эмгегин баалабайт деген ой келди.

Бир күнү Ямамотанын үйүнө конокко баратып метрого түшүп калдым. Элдер жумуштан чыккан убакыт болгондуктан поезде эл кѳп, мен кармагычты бекем кармап туруп бараттым. Күтүүзүздөн жанымда отурган улгайган аксакал ордун бошотуп берди. Мен тушунгөн жокмун, жана аксакалдын сунушун кабыл ала алган жокмун. Бирок аксакал мени отурууга кѳндүрдү, мен макул болууга аргасыз болдум.

Метродон түшкѳндѳн кийин Ямомотодон, аксакалдын жасаган мамилесин түшүндүрүп берүүсүн сурандым. Ямомото күлүп менин тѳшүмдѳгү мугалимдик значокту кѳрсѳтүп мындай деди:

-«Бул аксакал сенин мугалимдик значогунду коруп, сенин статусуңа сый корсотуп озунун ордун бошотуп берди»-деди


Мен Ямамотонукуна 1-жолу бараткандыктан куру кол баргандан тартынып белек алып алайын деп ойлодум. ОюмдуЯмамотого айтсам ал макул болуп, жакын жерде мугалимдер учун магазин бар экенин айтты, жана ал жерде товарларды арзандатылган баада алса болоорун айтты.

Мен эмоциямды дагы жашыра алган жокмун:

– Арзандатуу мугалимдер учун гана болобу? –деп сурадым.

Ямамота мага жооп берип мындай деди:

Японияда мугалимдик кесип-эң ардактуу кесип, эң кадырлуу адам.

Япон жеке ишекрлери магазиндерине мугалимдер кирсе аябай кубанышат, алар учун булл сый болуп эсептелет.

Мен Японияда жургон кундорумдо бир нече жолу кубо болдум, япондуктардын мугалимдерди абдан сыйлай турганын. Метродо алар учун атайын орундуктар бар, атайын магазиндер бар, мугалимдер транспорттун баардык туруно билетке кезекет урушбайт.

Япон мугалимдерине мугалимдер майрамы деп бир кун болуунун кереги эмне, алардын ар бир куну майрамдай болуп жатса.»

Японияда бардык граждандары мугалимди аябай сыйлашат . Япония олкосундо мугалим эн кадыр барктуу кесип деп эсептелет. Айлык акысы да эн жогорку болуп эсептелинет.


Жер жүзүндөгү бардык мамлекттерде, анын ичиндеКыргызстанда да мугалимдик кесип кадыр-барктуу кесип болорууна ишеним артып , үмүт менен алдыга кадам таштайлы.



Өмүр бою окуган мугалим гана, окутуу укугуна ээ боло алат”

В.М.Лузинский



(Конокбаева К.М. сөзү)

Эмоционалдык абал. Рефлекция. (Ой-пикир)











Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!