Кеченин темасы: КИЧИНЕКЕЙ МАТЕМАТИКТЕР
Кеченин максаты: а) Окуучулар өтүлгөн темалар боюнча алган билимдерин бекемдешет, математика предметине болгон кызыгууларын жогорулатышат. б) Логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт, ой жүгүртүп иштөөгө калыптанышат.
в) Топ менен иштеп, бири-бирине жардам берүүгө тарбияланышат.
Кеченин жабдылышы:Учкул сөздөр, математикалык ырлар, дидактикалык материалдар, карточкалар, ватман, маркерлер ж.б.
Сабактын формасы: Аралаш
Сабак тын жүрүшү: Уюштуруу
Мугалимдин сөзү: Саламатсыздарбы урматтуу эжекелер, ата-энелер жана окуучулар! Кутмандуу күнүңүздөр менен!
Бүгүнкү 2-а классында өтүлө турган “Кичинекей математиктер” деген темадагы кечебизге кош келиңиздер!
Окуучу: Айлана теребел салтанат, Мына эми кечебиз башталат. Билимге жаңыдан кол сунган, Бактылуу балдарбыз жаш канат.
Анда эмесе мелдешибизди саламдашуу менен баштоого уруксат этиңиздер
САЛАМДАШУУ
Хор: Атанын улуу салтынан, Акыйкат заман наркынан.
Жалындуу салам айтабыз, Балдарыбыздын атынан.
Хор:Апанын ыйык салтынан, Билимдүүлөр атынан.
Эсендик салам айтабыз, Кыздарыбыздын атынан.
Аделина: Асмандагы ай сымал, Акырын басып келейин. Алдымда турган эжекейлериме, Ийилип салам берейин.
Хор: Роза гүлү ачылган, жалбырагы жашылдан, Ийилип салам беребиз, 1-а классынын атынан!
Хадича: Айлана теребел салтанат, Мына эми кечебиз башталат, Билимге жаңыдан кол сунган , Бактылуу балдарбыз жаш канат.
2. МАТЕМАТИКА ЖӨНҮНДӨ ЫРЛАР: Ютубдан сандардын ыры чыгат
Зарина:Математика илими ушул кундө, Жайылды жер жузунө бут дуйнөгө. Кызыгат дуйнө эли бут адамзат, Математика тили менен суйлөгөнгө.
Лайло:Математика илими, Байланыштуу турмушка. Айтсак алкыш тугөнбөйт, Декарт менен Гаусска.
Нурмухамед:Эсеп жагын эн биринчи изилдеп, Аты чыккан эзелтеден улуу деп. Математика илиминде ардакталат, Пифагор жана Архимед
Али: Математика сабагын, Жашыбыздан сүйөбүз. Формуласын калтырбай , Көкүрөккө түйөбүз.
Айталы: Сабактардын жакшысы, Мен үчүн эн башкысы. Математика илими, Келечектин ачкычы.
Хадича: Не бир сонун асыл баа, Акыл кошуп акылга. Менин ушул сабагым, Жүрөгүмө жакында.
Нурсултан : Неге көктө самолет, Тоого тийип жарылбайт. Неге сууда корабль,Кумга батып сайылбайт.
Нурайым: Ал анткени капитан, Билет кайда бараарын. Жакшы окуган жашында, Математика сабагын.
Нуркыз: Ким болсоң да билип кой, Эсиңе бек түйүп кой. Ар өнөргө жарагын. Жакшы окугун ал үчүн, МАТЕМАТИКА сабагын!
Амир: Ушул илим байыртан, Санагандан башталган. Жоболору бузулбай, Бизге чейин сакталган
Амина :Бул сандыктын ичинде , Бирдик, ондук сандар бар. Бүт бардыгын салууга, Батпай калды калгандар.
САНДАР ЫРЫ:
Айталы: Мен деген нөлмүн,О тамгасына окшотуп көргүн. Нурмухамед: Менин атым бир, Санаттын башы экенимди бил.
Али: : Бирге кошулган бирмин, Эки эмей анан киммин.
Амир: Экиге бирди кошсо 3 болом, Сабакты орто билгендерге дос болом.
Аделина: Улактын канча буту бар?, Албетте 4 буту бар
Акбермет: Мени «бешсиң» дешет , Кээде «эң жакшы» дешет.
Нуркыз: Мен алтымын, алтымын, Бир нөлү бар жалкымын.
Нурсултан: Жалгыз буттуу жетимин, Беш кошулган экимин.
Нурайым: Мен сегизмин, сегизмин, Эки нөлдүү эгизмин. Лайло: Бир орундуу сандардын, Чоңу болуп алганмын.
Хадича: 10 Мен он деген чоңдукмун, Кенжесимин ондуктун.
Математиканы билүүгө , бизге керек ушул цифралар!
Али менен Аделина : Математика акылдын кенчи, Ойду өстүрүп, акыл-эс берчү, Окуйлу сүйүп, эске бек түйүп, Алалы дайым "4" менен "5" ти. МУЗЫКАЛЫК ТЫНЫГУУ: “Апам , апам жан апам” 4. БОЗ ҮЙДҮН ичиндеги геометриялык фигуралар Зарина: Мен жайында жайлоого бардым. Тоодо карагай, арча, ар түркүн гүлдөр өсүп турат. Мал жайылып жүрөт. Боз үйлөр көп экен. Али: Кечинде боз үйгө жаттык. Боз үйдөн биз мектепте математикадан окуп үйрөнгөн көп фигураларды көрдүк. Нурсултан: Түндүк – айлана. Түндүктүн чамгарактары –сызыктар. Ортолору – төрт бурчтуктар. Ууктардын ортосу – үч бурчтук. Боз үйдүн түбү –тегерек. Нуркыз: Ууктар көп экен. Узундугу бири-бирине барабар. Ууктарды - түз сызык, керегеге бириккен жагын -ийри сызык, керегелерди - сынын сызыктар деп элестеттим. Нурайым: Кереге узундугу бирдей көп таяктан жасалыптыр. Керегелердин көздөрү – төрт бурчтук, квадрат, ромб. Босого – тик бурчтук. Лайло: Боз үй ичинде шырдак, курак төшөк, чыгдан, кереге чий жана башка буюмдар көп. Алардан да ар түрдүү фигураларды көрдʏм. Аделина: Курак төшөктө - үч бурчтук, төрт бурчтук, квадрат, жылдызча бар экен. Алар биринин ичине бири жайгашкан. Хадича: Боз үйдө, буюмдарда, оюуларда мен билген жана билбеген фигуралар көп экен. Аларды көрүп абдан таң калдым.
5. “ДЫЙКАН КОЁН” : кошуууга жана кемитүүгө карата мисалдарды оозеки аткарышат
6. САН КАТЫШКАН МАКАЛДАР: Нурайым: Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат. Лайло: Бир барган жериңе миң жолу салам айт. Айталы: Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес. Нурсултан :Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
7. МУЗЫКАЛЫК ТЫНЫГУУ: “Адептүү баламын” – балдардын аткаруусунда “Гүлдөр” – кыздардын аткаруусунда
8. КЕЧЕНИ ЖЫЙЫНТЫКТОО