СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 2-класс 3-чейрек

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Математика 2-класс

Просмотр содержимого документа
«Математика 2-класс 3-чейрек»

Предметтин аты:Математика

Өтүлгөн күнү: 13.01.2020.

Классы: 2-кл

Сабактын темасы: Туюнтма жана анын мааниси.

Сабактын максаты:

Окуучулар үчүнкүтүлүүчү натыйжалар

1.Математикада кошуу, кемитүү амалдары аркылуу мисал келтирип жазган жазуулар “туюнтма”деп аталарын түшүнөт. Амалдарды аткаруудан келип чыккан жыйынтык туюнтманын мааниси деп аталарын билет.

-Математикада кошуу, кемитүү амалдары аркылуу мисал келтирип жазган жазуулар “туюнтма” деп аталарын түшүнсө; -Туюнтма жөнүндө маалыматка ээ болушса; -Амалды аткаруудан келип чыккан жыйынтык туюнтманын мааниси деп аталарын билсе;

2.Математикалык терминдерди кеп маданиятында колдонуп, сүйлөйт. Тапшырмаларды аткара билүү көндүмдөрү калыптанат.

-Математикалык терминдерди мисал чыгарууда колдонсо; -Турмушта туюнтмалар кайсы учурда керек болорун аңдап билсе;

3.Окуучулар тактыкка, тыкандыкка, ирээтүүлүккө, жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышат

-Окуу куралдарын таза, иреттүү пайдаланууга үйрөнө алса;

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын ыкмасы: Көрсөтмөлүүлүк

Сабактын жабдылышы: окуу китебиндеги тапшырмалар, сүрөттөр.

Сабактын этабы

Убакыт

Мугалимдин иш аракети.

Окуучунун иш аракети

Баалоо

Компетенттүлүк

1. Шыктандыруу


-Саламдашуу

-класстын абалына көзсалуу

-Жагымдуу маанай түзүү

-“Алтын эреже” түзүү.

-Саламдашат

-сабакка даярданат

-жагымдуу маанай түзөт

-“Алтын эреже” түзөт



Үй тапшырмасы, өтүлгөндөрдү эске түшүрүү


Жалпы класска төмөнкүдөй суроо менен кайрылат:

-Эки орундуу сандарды кошууну жана кемитүүнү ким комментарийлеп айтып берет?

-Айлана деп кандай фигураны айтабыз?

-Радиус деп эмнени айтабыз?

-Эки орундуу сандарды кандай кошуп, кемитебиз?

-Кошуунун кандай касиеттери бар?

-Мамыча түрүндө кошууда кошуу кайсы тараптан башталат?

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. Эгер жооп туура болбой калса калган окуучулар тактайт, толуктайт


К2

II этап:

Теманы жарыялоо

III этап:

Тема боюнча маалымат берүү



Сабактын темасын максатын айтат жана түшүндүрөт

Туюнтма жөнүндө түшүндүрүү менен “амал, мисал, сумма, айырма” деген эмне экендиги жөнүндө суроо- жооп иретинде аңгеме жүргүзөт. Мисалдарды иштеп жыйынтык чыгарууга балдарга багыт берет.

Окуучулар сабактын темасын жана максатын угат, түшүнөт

“Туюнтма, амал, мисал, сумма, айырма” деген сөздөр жөнүндө түшүнөт жана сабакта ал сөздөрдү колдоно билет. Мисалдарды иштеп жыйынтык чыгара алат. Өз оюн эркин билдирип, топто иштөөдө өзүн туура алып жүрөт.


К2





К2 К3

IV этап

Көнүгүү, машыгуулар


Топтордо иштөө.

Суроо-жооп иретинде жүргүзүлгөн аңгемеден кийин окуучуларга төмөнкүдөй тапшырмалар берилет. №444,445-мисалдар боюнча окуучулардын каалоосу менен топто же жупта иштөө сунушталат.

Окуучулар жаңы темадагы математикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен берилген тапшырма боюнча биргелешип иштешет. Аткарган иштерин түшүндүрүп беришет.

Өзүн-өзүбаа лоо

Белги карточ ка




К2 К3 К4

V этап:

Жыйын тыктоо:


-Туюнтма деген эмне?

-Амал деп эмнени айтабыз?

-Мисал деген эмне?

-Сумма менен айырмага мисал келтиргилечи

Окуучулар суроолорго жооп беришет. Калган окуучулар талкуулоо менен толукташат. Бири- бирине суроо менен кайрылышат



Тапшырма


Үйгө тапшырма берүү № 449 Түшүндүрүп берет

Окуучулар тапшырманы талдап, түшүнүк алышат.



Баалоо:



Окуучулардын билимдерин баалайт

Алган бааларын кундолукко койдурат

өзүн-өзү баалайт.


Рефлексия


Бүгүнкү сабакта силерге эмнелер маанилүү болду?

Эмнелер түшүнүксүз болду?

Сабакта маанилүү болгондорун айтышат.

Түшүнүксүз болгондорун сурашат.

Кол белги-лери




Текшерген: О.Б.Б. ______________________________








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!