СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика - илимдердин бийиги! фигуралар айтышы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

математика жумалыгына колдонууга болот

Просмотр содержимого документа
«Математика - илимдердин бийиги! фигуралар айтышы»

Математика - илимдердин бийиги!

Хор: Айлана теребел салтанат,

Мына эми кечебиз башталат.

Илимге жаныдан кол сунуп,

Бактылуу балдарбыз жаш канат.

Үн: Кайсы илим адамга,

Эсептөөгө чен берген?

Кайсы илим космосту карай,

Жол салууга дем берген?

Хор: математика

Үн: Илимдердин ханышасы кайсы?

Илимдердин тазасы кайсы? – математика

Илимдердин базасы кайсы? – математика

Илимдердин кыйыны кайсы? – математика

Илимдердин бийиги кайсы? – математика


1-окуучу Кантип курат ракетаны, кемени

Имаратты, лазер деген немени?

Кайсы убакта пайда болгон күн ай жер

Кантип калган бири бирине окшобой?

Адам качан пайда болгон дүйного,

Айтып берет муну дагы токтобой.

2-окуучу Кана балдар талыкпастан,

Билим кенин казалы,

Информатикалык доордо,

Алга карай шашалы,

Хор: Кана эмесе кечебизди ачалы,

Билим кенин талыкпастан казалы

Биздин доор – жанылануу доору

Эркиндикке, маалымдуулукка карай басалы!


Алып баруучу: Азыр сиздердин назарыныздарды чукул чакырылган “Геометриялык кенешмеге” бурабыз.

Катышуучулар:

Торага: шар

орун басары – цилиндр

катчысы – конус

делегаттар геометриялык фигуралар: чекит, түз сызык, ийри сызык, айлана, тегерек, параллель түз сызыктар, бурч, үч бурчтуктар, квадрат, тик бурчтуктар, ромб, параллелограмм, коп бурчтук, трапеция, призмалар, пирамидалар.

Шар: Эй жолдоштор, мен азыр жыйналышты ачамын.

Куттуктоого сиздерди.

Чон кубанып жатамын.

Бирден бирден келгиле,

Атын менен жөнүндү

Жерин менен элинди.

Ылдам айтып бергиле.

Ачык айтып ак сүйло

Ким экенин эл билсин

Бөжөндөбөй ылдам кайт

Артка кезек берилсин.


Цилиндр: Ар биринин кабары,

Анкетада жазылуу

Антсе дагы сурайлы

Түк болбосун жанылуу


Конус: Кезек кимде жолдоштор,

Сүйлоп бергин жазамын

Кимден мыкты соз чыкса

Газетага жазамын


Чекит: мен чекитмин чекитмин

Корунбоймун козуно

Узундук жок аянт жок

Ишенип кой созумо

Мен байкушта колом жок

Башкалардай денем жок

Ушуларды ойлосом

Капа болуп ичим чок

Бирок кулак салгын жайыма

Пайдам тиет дайыма

Ийри сызык туз сызык

Баары менден тузолот

Ар качандан бир качан

Бурчтун болом чокусу

Муну билбес балдардын

Жаман болот окуусу

Эки сызык кесилсе

Кесилиште мен турам

Чекиттерди чогултуп

Болбогонду болтурам.


Шар: болсон да озун кичине

Ыраазымын ишине

Азыр кимдин кезеги

Карайынчы тизмени.


Конус: Аа-а угаарыбыз туз сызыктын иштери


Туз сызык турам кээде тикемен

Кээде калам кыйшайып.

Фигуранын баарына

Жак болуучу онорум

Бирок аянтым жок колом жок,

Болуп журом котором

Ар башка эки чекитти

Туташтырып коемун

Башкалардын баарынын

Эн түзү мен боломун.


Шар: арык болсон эчнерсе эмес

Аман болсон болгону?

Жанындагы ийрейген ким


Туз сызык менин бир тууганым ийри сызык


Ийри сызык: ийрейген деп кодулаганыныз эмне

Тууган туушкан көп менде

Баарын чакырып келип

Кармашармын тим эле

Ай айланайын айлана бери келчи

Мобу семиз шарга бирдеме дечи!

Айлана: Иним ийри сызык

Суйлогонун бузук

Экооно бирдей тууганмын

Шар: Мага калыстыгын кызык

Айлананын мага туугандыгы бар,

Эми ылдам оордуна бар


Айлана: Жарымымды айлантса

Менден сиз келип чыгасыз

Ичимде бир чекит бар баянын айтсам

Шар: ал эмне чекит

Айлана: ал менин борборум,

Создун таззасы калыстыкта

Менин баардык чекиттери

Борборумдан бирдей алыстыкта

Шар: А, анда сен туюк ийри сызык турбайсынбы?

Айлана: ооба

Шар: туз сызык менен мамилен кандай?

Айлана: ар башкасы менен ар кандай

Цилиндр: Сени туз сызык кесип отту дейли?

Айлана: Хорда деп аталат ичимде калганы,

Улам узунурак болот,

Борборума жакын барганы.

Хордам борборумдан отсо

Диаметр болуп калаары бышык

Баарынан да бир диаметр

Эки радиуска барабары кызык.

Диаметр деген эмне?

Чексиз коп менде

Ушунумду ойлосом кызарам

Радиусум узарса.

Озум да эки эсе узарам.


Шар: айт айта бер

Айлана: баарынан маанилуусу мында:

Диаметрим озумдун узундугумдан

3 бутун жетиден бир эсе кыска

Архимед байкем айтып берген,

мындан 2000 жыл мурда

Шар: мунундун баары жакшы

Эми тегерегиндин аянтын тапчы

Айлана: ушуну билбеген кандай баласын

Узундугумду болуп экиге

Радиусума кобойтсон аянтымды табасын.

Эгерде туз сызык мени менен

Бир гана жалпы чекитке ээ болсо

Анда жанышабыз.

360 болукко узундугум болунгон

Ар бир болугум аталат градус деп

Ченешет жааларымды аны менен

Шар: жасадын жакшы доклад

Чарчадын, отур бат


Конус: Кийинки кезек параллелдерде ,

Кана кандай соз бар силерде?

Параллелдер: бир тегиздикте жатабыз

Чексиздикке шашабыз

жалпы чекитке ээ эмеспиз

ошобузга капабыз.

Бирок аралыгыбыз ар качан бирдей.

Ошону ойлоп конул ачабыз

Шар: эмне керегинер бар

ошондон кеп салгылачы?

Параллелдер:

Бир топ ишти жургузгон

Бизсиз фигуралардын куну жок

Туз сызыкты болукторго болоордо

Бизди чакырышат

Тик бурчтук квадрат, ромб туз эле бизден пайда болот.

Бирдеме билген окуучу алардын жактарын

Эки экиден барабар деп коет


Шар: Ыраазымын жообуна

Эс алгын эми ордуна барчы

Тетиги артка жашынган ким

Тартайып буту, корунбойт башы


Бурч:

Менин атым бурч

Суйлогон созум курч

Чокум болот баш жагым

Буту дегениниз жактарым

Бир чекиттен чыккан шооланы

Ортосунда камалган

Тегиздик, ээлеп жатканын


Цилиндр: деги кандай турдуу эле болосунар?


Бурч:

Бурчтардын коп туру бар,

Ар кимисин билип ал

Кен бурч тар бурч, тик бурчтар

Ар биринин суру бар

Озум тик бурч баатырмын

Чондугум 90 градус

Мунозум бар тонурак

Тар бурч менден кичине

Кен бурч болсо чонурак


Цилиндр: узарса чексиз жактарын

Эмне болот ахвалын

Шар: Ойлонбой суйлогонум, онтобой ооруйт

Бобогум бурч жооп берчи

Бурч:

жанылдым жаздым

Жаагымды бастын

Жактарым узарса да

Озумдун чондугум озгорбойт

Ошентсем мага соз келбейт


Конус: Отур созунду бутсон

Аркы ким кезек куткон


Уч бурчтук: менин атым уч бурчтук

Болугумун тегиздиктин

Аянтым бар,

Коломум жок

Кереги жок семиздиктин

Уч бурчумду суммалап

180ту аламын

Тууган туушкан менде коп

Ошого шугурчулук кыламын

Шар: айта бер

Уч бурчтук: бурчтарымдын бары тар болсо

Тар бурчтуу уч бурчтук, бироо эле кен болсо

Кен бурчтуу уч убрчтук, бироо эле тик болсо

тик бурчтуу уч бурчтукмун

жактарыма жараша бурчтарым да ар башка

жактарым болсо барабар, тен жактуу болом каранар

бирдей болсо эки капталым

тен капталдуу болот баланар

уч бурчумдун чокулары аркылуу

айлана жургузсо да болот

чокуман тик жагыма тушкон

кесинди бийиктигим болот

жагымды тен экиге болсо аны медиана деп коет


квадрат:

квадрат оз атым

алдынарда турамын

аянт учун илгерден

чен болуп кызмат кыламын

жактарымдын саны торт

баары дайым барабар

бурчтарыбыз баары тик

муну да сананар

диагоналым экоо экени дайын

бурчтарымды озумду

алар тен экиге болот ар дайым


тик бурчтук: менин даигоналдарым да оз ара барабар

конус: кезегин келсин шашылба


ромб: диагоналдарым менин барабар эмес

бирок, кесилишип тук бурчту тузушот

бул дагы жаман эмес

параллелограмм: жактарым эки экиден барабар

жана эки жуп параллелден турат

ал эми атым параллелограмм

диагоналдарым барабар эмес

ошого арман кылам

квадрат: бурчун да тен болбойт


Шар: жолдоштор керек тартип

Кыйкырасынар кантип

Коп бурчтук: менин да кезегим келди

Эртеден бери отуруп

Аты жонумду айтайын

Анкетаны толтуруп

Аянтымды табарда

Уч бурчтуктарга болуном

Алардын аянттарым таап

Суммалап корушот

Жактарымдын суммасы

Периметрим болот

\ичимден сызылган айлананын радиусун

Апофема деп коет

Цилиндр: болуптур кезек кимдики?


Тик бурчтук: узун создун кыскасы

Бардыгыбыз бир тууган

Айрымабыз аз эле

Атакебиз параллелограмм

Баятан бери байкабай

балдары анын суйлошту

оз озунчо мактанып

озумдон башка ким дешти

жаштык кылып баарыбыз

жанылышып турабыз

эми атабыз параллелограммдан

чон кечирим сурайбыз

кереги жок чарчаштын, чаалыгыштын

негизди бийиктикке кобойтсонуз

табылат аянтыбыз баарыбыздын

шар6=: торт бурчтуктун торт жагы бар

озгочолонгон оз жайы бар.

коп фигуралардан озгочолук жагы бар

бул ким деген фигуралар


трапеция: аа дегенде атымды сура

торт бурчум торт жагым бар

ал айтканыныз туура

башкалардан айрымам коп

мен болом трапеция

томондогудой менин тарыхым

негиздеримдин суммасынын жарымын

бийиктигиме кобойтуп

билесинер аянтымдын аныгын


шар: эртеден бери отуруп айтыштык

олтурган эл кулсун деп:

ар бириндин касиетинди окуучулар билсин деп

эмесе кымбаттуу жолдоштор

съездибизди жабабыз

калган фигуралардын касиеттерин

эмики жыйналышта сурап алабыз







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!