СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Мидин жана күлкү" адабий кече

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мидин Алыбаевдин 105 жылдыгынаарналган "Мидин жана күлкү" аттуу класстан тышкакы иш-чаранын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«"Мидин жана күлкү" адабий кече»



Мидин Алыбаевдин 105 жылдыгына карата

класстан тышкаркы иш-чаранын мерчеми

Темасы:

Мидин жана күлкү











Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.



2022



“Бекитемин”

ТИБДОБ__________

Сабактын темасы: Мидин жана күлкү

Мөөнөтү: 27.04.2022

Сабактын тиби: Адабий кече

Сабактын формасы: Сабак-сахна

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, ТСО

Сабактын максаты:

Мидин Алыбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышат;

Акындын турмушунда болуп өткөн күлкүлүү окуяларын сахналаштырып аткарууга жана ырларын көркөм окууга көнүгүшөт;

Жашоодо эң негизгиси шайыр адам болуу керектигин түшүнүүгө аракеттенишет.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Сабакты обондуу ыр менен баштайбыз: “Сага”

Мугалим:

-Саламатсынарбы урматтуу окуучулар жана эже-агайлар,анда «Мидин жана күлкү" аттуу адабий кечебизди баштасак,куш келипсиңер.Балдар,биз жакында залкар акыныбыз М.Алыбаевдин 105 жылдык мааракесин белгилегени турабыз,биздин бүгүнкү адабий кече да ошол мааракеге арналмакчы.



-Келгиле балдар,алгач Мидин Алыбаевдин өмүр таржымалы туурасында таанышып алсак.

Эмиль кызы Назик:

Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен.


1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин, Фрунзенин педтехникасында, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн.


1936 – 1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин респубилканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген.


Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген.


1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге "келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын" деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Акчүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор тандык. Анын "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет.


Мидин сүрөттү да жакшы тартчу экен. Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, акын карикатураларды мыкты тартчу. Баса, Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү. 2000-жылдардагы "Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур.


Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси "коноктор келгенче сейилдеп" келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына каттуу сокку жеп оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен.


Мидин Алыбаевдин кокустан эле жана табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон.


Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары.

Мугалим:

  • Акын, бала кезинен эле ырга шыктуу болгон экен, анда ошол ырларына көңүл бурсак:

Джанышева Нурай:


Жылкычы атам Алыбай,

Өтөбү малсыз жарыбай.

Малыңды багып жүрө бер,

Барга жокко кайгырбай.

Белиңди бекем байлагын,

Мен өскөнчө кайгырбай, -

деп, ал эми апасына:


Берешен Бегим апасың,

Конок келсе шашасың.

Дасторконго жайнатып,

Май курутуң чачасың.

Бирок өз балаңдан,

Каймагыңды катасың.


-Мына, ушитип жаш кезинен акындын студент кезинде жазган ырына көңүлүбүздү буралы:

Турдуев Адилет: «Тарбияга талпынам»


Талпынам темир канат, азыр жашмын,

Талабым толкунданат, болуп ташкын.

Жетилсе колумдагы болот калем,

Жолумда чок турса да тартынбаймын.

Чыгат го каламымдан эмгек өнүп,

Мен дагы жетилем го көптү көрүп.

Окубай ушул баштан жибере албайм,

Булбул тил чечен сөздү толук төгүп.

Таралар булбул сөзүм келечекте,

Толкуган жаш талабым кетпес текке.

Уу болуп жаштар үчүн менин тилим,

Каламым найза болор кызыл чепте.


-Келгиле, балдар, акындын жашоосунда болгон күлкүлүү окуялрды сахналаштырып коелу.


Мидинден күлкү “Касыалы Баялиновду жинин келтиргенде”

Залкар жазуучу Касмаалы Баялиев мүнөзү токтоо, сыпаа, сылык адам болгон экен. Мидикем «жинди суудан» өкүртө аш казанын сугарып жүргөндө жазуучулар союзунун катчысы Касмаалы Баялиев Мидинди шефке алат икилик тууралуу. Каске Мидинге: «арак деген жаман адамды акмак кылат, мээни кургатып талантыңы жоготот, мындан ары ичкениңди токтот. Сен чоң талантсың. Жазуучулар сени шефке алгын деп ага табышташты”, — дейт. Мидин башын жерге салып «макул Каске эми ичпейм аракты» деп убада берет. Бир жума өткөндөн кийин Мидикең эртең менен бир стакан арак менен башын жазып алып, Жазуучулар союзуна К.Баялиевке барат, бир көрүнүп коюш үчүн. Каскенин бөлмөсүнүн эшиги ачык экен, өзү столдо отуруп бир нерсе жазып жаткан экен, эшиктин такылдаганын угуп «ээ, Мидинсиңби, өт бул жака”, — дейт. Мидин эч нерсени билмексен болуп берирээк жактагы столго отурат. Касмаалы жазып жаткан кагаздан баш көтөрбөйт, үн дебейт. Бир убакта Мидин «Каске, эмне жазып жатасыз?» — деп ордунан туруп Каске жазып жаткан кагазга үңүлүп карап калганда оозунан арак “бур” дейт. «Я кудай урган, дагы ичип алдыңбы, чык сыртка!» деп чар этип ордунан ыргып тура калат. Мидин эмне дейт эле, күлүп сыртка жөнөйт. Бул окуяны Мидин ошол эле күнү Кусейин Карасаевке барып «Каскемди сылык, сыпаа, адамга жумшак мамиле жасаган, үнүн катуу чыгарбаган киши деп мактайсыңар мен барып аны «бир бакыртып келдим», — деп, болгон окуяны айтып күлдүргөн экен Кусейи абаны.


“Аалы Токамбаевге жазган кат”


Согуш учурунда Мидин Алыбаев өз мекени Жумгалга көчүп барат. Так жолго чыгарда эле ал бир жакка жок болуп кетип, бир маалда, бооруна бир күчүк катып келип калат. Акын, көрсө, өкүл атасы жана устаты Аалы Токомбаевге коштошкону барса, ал кошо ала кетип багып ал деп бир күчүгүн берген экен… Бир топ мезгилден кийин Мидин Аалыга мындай кат жазыптыр.


Аалыке!

Баягы өзүңүз берген кабылан,

Кабаанак болду абыдан.

Өзүңүздү тартыптыр, өжөрлүгү жагынан.

Короого киши жолотпой,

Жумгалга болду таанымал.

"Аалыкенин ити"- деп,

Алыста жүрсөм сагынам!



Өткөн 1939 жылы, азыркы Россиянын Карелия жери үчүн СССР менен Финландия ортосунда согуш болгон. Мидин таякем ошол согушка катышып парашюттан секиргенде, бутун окустатып алып госпиталга туш болот. Ошол госпиталда жатып Кыргызстанга залкар акын Абдрасул Токтомушевге кат жазат. Анда Мидин таякем болгону 22 жашта экен. Катта Абдрасулдун ал-ахвалын сурап андан ары башкалар тууралуу ыр менен мындай дептир.


Жазуучунун балбаны,

Бир центнер салмагы...

“Кең-Суусу” кургап сай болуп,

Кеңигендир арманы...

Түкөм аман бар бекен?


Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кең-Суу” романы журналга чыгып, айрмдар тарабынан катуу сынга кабылып жаткан кез экен.


Жазуучунун тармалы,

Элдин сүйгөн ардагы.

Бойдокчулук жагынан

Калган жоктур арманы...

Кара көз кыздар көп эле

Бар бекен сүйүп алганы?

Жокем (Жоомарт Б.) аман бар бекен?


Ташка салса – таш кескен,

Сууга салса – суу кечкен,

Поэма менен котормо,

Шаркыратып шар өткөн.

Эр Бакайдын атасы

Кукем аман бар бекен?

(Кукем – Кубанычбек Маликов)


Алга тартат каламы,

Артка тартат арагы....

“Ажал ордун” көтөрүп,

Жусукем ара жолдо калабы?

(Жусукем - Жусуп Турусбеков)


Ушул жашка чыкканча

Бир уюмда турбаган.

Көпчүлүктүн абалын

Бурулчадан сураган...

Эрикенде ээрчитип,

Көк күчүк менен чуркаган.

Үйүндө жатып тымызын,

“Узак жолун” улаган

Мука аман бар бекен?

(Мукам – Мукай Элебаев. Бурулча жубайы)


Абдрасул Токтомуш,

Сөзгө кулак тоссоңуз:

“Какшаалдан кат” ыйлатты,

Мыкты чыгып кошсоңуз,

Бул жакта да тема бар,

Алыска кол созбоңуз.

Ясыр агаң жаныңда,

Эч бирөөдө коркпоңуз!

(Ясыр Шиваза – дунган акыны)


Жыйрма эки жаштагы Мидин жазуучуларга азил-тамаша ирээтинда айтуу менен ар бирине таамай баа берген.


* * *

Өткөн 50-жылдардын аягында кайран Мидин, өлбөс Мидин “Койсары” курортуна барып калат. Мидикем менен кошо улуту дунган Смар Шимеев деген акын кошо барат. Смардын оң көзү чалыр адам эле. 70-жылдары Филармонияда директор да болуп жүрдү. Мидин менен Смар бир бөлмөдө жатышат. Бир күнү Мидин таза аба жутам деп эрте сыртка кетет. Смар ыр жазам деп бөлмөдө калат. Бир сааттан кийин Мидин келсе Смар сыртка кетиптир. Столдун үстүндө бир ак барак жатат. Мидин үңүлүп карап окуса:

“Неге сүйбөйт кыздар мени билбейм досум”

— деген ырдын бир сабы бар экен. Сыягы, Смар ырды баштап ары жагын улай албай сыртка кетсе керек. Мидин карандаш ала коюп “Билишет го оң көзүңдүн оңолбосун!” деп ырды улап койгон экен кайран Мидин.

* * *

Бир күнү Мидикем, кийим саткан дүкөнгө кирип калса ал жерде Кыргыз ССРнин эл артисти опера жана элдик ырлардын (айрыкча Муса Баетовдун ырларын келиштире ырдаган) чебер ырчысы раматылык Асек Жумабаев колуна бир шляпаны кармап турган экен, ал Мидин менен саламдашып “Байке, ушул шляпаны алайын деп жатам, караңызчы сизге өңү жагабы?” деп сурайт.

“Бул шляпа сага кичинелик кылат, башкасын карап көрбөйсүңбү”, — дейт Мидикем.

“Мен 56-размер кийем, ушул чак эле келет”, — дейт Асек.

Анда Мидин “Ой Асек, ушул башың менен үйүңдү кантип таап барып жүрөсүң?” деп айтса карап тургандар тарс жарылып дүкөндү жаңырта күлүшүптүр.


-Азаматсыңар! Акындын жашоосуна барып келдик десек да болот. Ал эми азыр анын калемине таандык ырларын көркөм окууга кезекти берсек.

Сатира “Ак чүч” Бакаев Ариет


МИДИН АЛЫБАЕВ. "АК ЧҮЧ!..."

I

Рас,

Аялдар

Биздин коомдо чоң күч.

Бирок,

Арасында (анда-санда) бар:

Аккол

"Акчүч".

Аккол дейбиз,

Ал анткени–

Колу тийбейт

Оор же кара жумушка.

Эзелтеден эби келбейт

Кечирээк жатып, эрте турушка.

Чоочунча коомай карашат

Коомдук жана үй турмушка.

Эри "эрксизден" эч нерсе айта албайт.

Тарелканы

Асманга ыргытып урушса.

"Акчүч" дейбиз,

Ал анткени–

Бир демеге

Ачуусу келсе эле,

Жата кетет үшкүрүп.

Күйөөсү "акчүч, жаным!" деп турат,

Кокус калса чүчкүрүп.

"Байкуш" эри,

Көптөн бери

Сырын алдырган–

"Музоосунда сүздүрүп"...


II

Жолдош окуучулар!

Сиздер ойлобогула:

–"Булар,

Күнгө күйбөс,

Суук тийбес,

Жерде багылган".

Алган

Жардан сыймык көрүү–

Ал аялдын "багынан"

Ошондуктан,

Аккол жеңе–

"Багы" менен кабылган.

Аны

Жары

Артык көрөт жанынан.

Айланып

Көзүнүн агынан,

Сылап турат далыдан.

Мына ушундай

Эркелетет абыдан


III.

Ошенткен сайын,

Күчөп дайым,

Ал жөн эле ак маралдай керилет.

Өз төшөнчүсүн

Өзү жыюудан эринет.

Басса бир жакка,

Же бир чака–

Суу алып келсе,

Долондун белин ашкандай

Демигет.

Күндө жеген тамак,

"Күнөөкөр" немедей болуп,

Араң жагат.

Кээде этти танат,

Кээде нанды танат,

Кээде котлет,

Кээде салат–

Каймагы жок болуп калса,

"Каран түндү" ошондо

Салат...


IV.

Эрмеги күзгү–

Улам карап

Деги,

Өзүнө-өзү

Качан канат?

Биринин жеңи,

Биринин иреңи–

Туура келбейт–

Же жибек

Же баркыт халат.

Дагы күзгүгө барат.

Анан кантип балдарына көз салат?

Аларды "прислуга" багат.

Эң кичүүсүн,

Эки күндө–

Бир колуна алат.

Кайсы бир баласынын,

Канча жашка келгенин–

Унутуп да калат.


V.

Бийик така,

Жапыс така,

Венский така,

Жыйырмадай жыйылып жатат–

"Босоножка",

"Танкетка",

Кайырма жака,

Ачык жака,

Туюк жака,

Мүчөсү.

Же өзү

Жарашпай калса,

Анда портной ката!

Күзгүгө да капа,

Өзүнө да капа.

Көзүнө жаман көрүнөт"

Эки эле жума

Мурда алган шляпа...


VI.

Өкмөт бергенби,

Же төркүнүнөн келгенби,

Айтоор "Победа" минет.

Жаңы пальтого топчу издеп,

Базарга машина менен кирет.

Майда жумушка:

Кээде, бир кило тузга

Минет,

Уят экенин,

Уят эмес экенин кайдан билет?

Күйөөсү

Калгысы келбейт–

Анын "каарына",

Макул болот баарына.

Антпесе,

Адаты бар таарынма–

Өзү минет,

Өзү билет,

Дароо кетет–

Кыштын күнү:

–Дарбыз сатылып жатат–десе–

Нарында!..


XII

Өмүрүндө

Оорубаса да ырымга.

Бир ай,

Эки ай

Курортко барат жылында.

Же Кавказга,

Же Крымга,

Чынында,

Чыдай албайт да

Жайкы чаңга,

Чымынга.

Экиленет,

"Оору" деп

Жүрөгүм,

Кабыргасын,

Бөйрөгүн.

Путевканы алат,

Чемоданга салат–

Курортко кийүүчү

Он бештей көйнөгүн.

"Ак чүч!" жеңе менен–

Аккол жеңе–

Жолугаар замат эле

Сүйлөшкөнү соода

Же болбосо мода!

Бирөөнү ушактайт,

Биринин сөзүн-бири мактайт,

"Ушундай", "ооба..."

–Баланчанын аялы–

Алыптыр жибек килем.

–Ооба, кокуй,

Ошонун баркына жетип урунабы,

Анын

Сырын билем...

–Баланча кечээ кызматтан түшүптүр.

–Түкүнчө,

Түндө мас болуп теректи сүзүптүр.

–Баланча–

Болот дейт министир.

–Он алты министерство

Биригиптир.

–Меники орунбасарга илиниптир.

–Баланчанын,

Акча жегени билиниптир.

–Менин эрим,

Билбейм кайда иштээрин,

Ушуга жүрөгүм "зир зир".

–Деле кызмат берилер бир,

Капа болбой жүрчү, жерге кир.

"Ак чүч" жеңе,

Аккол жеңе

Билимдүүсүнүшөт эң эле.

Же иштебейт бир жерге

Араң билишет

Автордун атын

Китептин атын,

Канчалык окуганын,

Көрөсүң–

Байкап турсак акырын,

–"Евгений Онегинди" жазыптыр–

Чехов деген акын.

Пьеса жазуу жагынан,

Лермонтов–

Тургеновго жакын,

–Сизге кайсы жагат–деп

Сурасаң.

Дароо жооп берет:

–Эң жакшы экен,

Маяковский жазган роман!

Биз айтышыбыз керек

Түптүз эле бетине:

Күнө "селкиде"

Жана "беркиде"

Эрлери коомго жек көрүнөт

Жетелетип коюп.

Аккол, "ак чүчтөрдүн"

Эркине!...

Элдик лакап,

Айтылган так

"Айып–

Кемикте гана эмес,

Керкиде!"

Биз буларды сынга алсак,

Жүрөгү түшүп калмакпы?

Ансыз деле

Чыдап келдик

Кесе тиштеп бармакты.

–Мен киммин!–деп

Күзгүсүнөн сураса,

–Аай!!!–деп

(Айтар эле айнек)

–Сен, жатып ичер жанбакты

Жеке эле

Мени тиктебей

Карасаң боло

Элди

Жерди–

Жан-жакты

Төмөн түшүрбө,

Советтик аял деген ардакты!

Рас,

Аялдар–

Биздин коомдо чоң күч!

Бул чоң күчкө качан кошулат

Өзү

Куштун көлөкөсүнө тоңгон,

Элге күлкү болгон

Аккол, "ак чүч"!!!





Айдай: Мидин Алыбаев “БЮРОКРАТ”


Ууру,

Ушакчы,

Кошоматчы.

Ушулардын бардыгы,

Капитализмдин калдыгы.


Дагы бирөө–

Ал–бюрократ!

Анын турпаты–

Дароо эле билинип турат.

Салам айтсаң,

Араң–

Башын ийкейт көңүл улап.

Үстүнө кирсең,

Газета окуп жатып–

Сени карабастан колун сунат.

Сөзүңдү,

Таптакыр–

Көңүл койбой угат.

Бюрократ,

Мына ушундай чунак!


Мен,

Ушундай типтен–

Бирди билем.

Кабинети жасалга,

Жумшак диван,

–Килем.

Ал кишиге,

Үч-төрт күн жүрүп,

Араң кирем.


Иштеген иши:

Же ЗАВ,

Же ГЛАВ,

Же директор.

Айтор

"Чоң”!

Деги киресиң да,

Жумушуң бар болгон соң.

Бирок,

Сөзүңдү айттырбайт,

"Шаңгыр” деген сайын–

Жарым сааттан сүйлөшкөн телефон.


Ушинетип,

Олтурганда бюрократ.

Ага кирүү үчүн,–

Эшикте толгон эл турат.

–Бошодубу?–

Дешет–

Секретардан сурап.

Ошол кезде

Дагы башка жак менен сүйлөшөт,

Телефонду улам бурап.

Бюрократ,

Мына ушундай чунак.

Бир жумушту,

Бир ай сүйрөйт эң кеми.

Бирок,

Чыдайсың,

Улам тырмайсың желкеңи.

Ал үчүн,

Суук да эмес,

Ысык да эмес,

Ошондуктан түгөнбөйт,–

Бюрократтын "эртеңи”.

Ал "сүрсүтүп” катып салат,

Эмгекчилердин арызын.

Бурчтарына,

Кол койгон болот,

Окубай туруп баарысын.

Сурап калсаң:

–Эчак жооп берилген деп,

Куушуруп коет далысын.

"Кирген из бар,

Чыккан из жок”.

Дегендей,

Ал арыздар,

Кайра кайдан табылсын?!


Бюрократтын,

Дагы бир мүнөзү:

(Буларга,

Мүнөздүү болот бул өзү)

Заматта,

Тааныбай калышат–

Кечээ эле,

Окууда,

Же армияда,

Бирге жүргөн жолдошун.

Бат эле,

Басыгын таштап,

Чыгара баштайт "жоргосун”.

Жупунулук,

Унутулуп,

Муздак гана–

Мамиле кылат тоңдоосун.


Сизди кайдан көрдүм эле–дейт,

Үйүндө сүрөтүң–

Турса да илинип.

Ушундан турат–

Бой көтөргөнү билинип.

Айласыздан айткың келет:

–Тааныбай калдыңбы, сен?

Баягы эле мен!

Келген жокмун–

Өлүп, кайра тирилип.

Мына ушул бюрократ,

Качан,

Кызматтан,



Түшсө кулап,

Жолугар замат,

Мурун эле колун сунат.

Ошондо сага көңүл бурат.

Жаны калбайт,

Өзүң түгүл,

Кайындарыңдын–

Ден соолугун кошо сурап.

Бюрократ,

Мына ушундай чунак!


Булардын мүнөзү,

Эскиден калган.

Мындайды

Жек көрөт, биздин заман.

Таза денеде,–

Болсун таза кан.

Аз учураса да,

Жоюлсун,

Коомубузга кереги жок!–

Бюрократ адам!






Нухриза “КОШОМАТЧЫ”


Жолдош Окуучулар,

Эсиңиздерде Бар чыгар,

Чехов жазган “Хамелион”.

Учурунда “Хамелион”

Болуучу–

Жалгыз эмес, миллион.

Ал заман,

Эчак жоголгон.

Бирок,

Арабызда азыр да бар

Саркындылар

Ошондон.

Андайды биз да айтабыз:

“Хамелион”.

Баары бир кошоматчы болгон соң.

Ошондуктан,

Чехов Антон

Келиштирип,

Ат койгон.


Жолдош окуучу,

Эмкини

Эскинин копиясы деп жүрбө,

Азыркы “Хамелион”

Өңү да,

Өзү да,

Башкача түрдө

Булар бизде,

Жолугушат,

Анда-сандап.

Жүрүшөт өзүнүн начальнигин,

Же анын жээн-таякесин

Чукул жандап.

Булар кылыгын

Сыртка чыгарбайт дуу,

Өзүлөрү куу,

Кошоматчы сүйлөгөндөрдү,

Таап алышат тандап,

Кайсы бирөөлөрдү алдап,

Отун-суусун,

Оңой эле,

Беришет камдап.

Мына ушул кошоматчы,

Начальнигине ичи ысып,

“Мага келсе экен” дейт,

Сизге тийген кырсык.

Кошоматчынын–

Сөзү “сылык”

“Аксакал” дейт,

Фамилиясына тили келбейт,

(Анткени аны тергейт),

Акындыгы жетпейт,

Болбосо–

Жөн эле мактай бермек ыр кылып.

Жыйналышта,

Эчак

Жазылат жарышка,

Сөз алат,

Трибунага барат,

Адегенде,

Астыртан мактай турганын карап,

Анан,

Элге көз салат.

Колунда кагазы

Барак-барак,

“Аксакалынын” ишин,

Сынга алган болот азыраак.

Фактыларды,

Процентти

Бармак менен санап.

Кээ бирөөнү мойнуна алат.

Кээ бирөөнү

Кашкая эле танат.

Суудан жутат,

Таңдайын таптап.

Баштайт

“Аксакалын” мактап.

Ошол кезде элди карабай,

“Эмне деп жатат”

Дегенсип,

Улам бат-бат,–

Президиумга бурулат

Кылчактап.

Токтот десе да болбойт.

Трибунду бек кучактап.

Кошоматчы,

Өзүң айтчы,

Сени жакшы көргөндүн–

Өзү кошоматчы.

Ойлосоң керек,

“Менин,

Кылганымды көпчүлүк сезбейт”.

Биздин заманда,

Сага,

Эмне жетпейт.

Кошоматты койбосоң,

Коом сени жектейт!




Акжолтой “СОҢ-КӨЛ”


Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан,

Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан.

Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы?

Калдайган колхоз малы баш адашкан.

Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей

Тарыхта тагы калган Тулпар таштан.


Кылааңда кымыз ичип өмүр сүрсөм,

Кыз-келин аймалашып ойноп күлсөм.

Суугуңа, ысыгыңа ыраазы элем,

Жай-кышы жан-жакаңда жашап жүрсөм.

Картайып жедеп жашым жеткен кезде,

Жаныңдан жайын тапса менин мүрзөм.


Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,

Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,

Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,

Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.

Берилип, куштар болуп, жедеп сага,

Кээде, шат, кээде мени алат санаа.

Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…


Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкидей көктү карап,

Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтыш кыйын атаганат…

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,

Эскирген сары кагазда ырым калат.


Тынчыбай ойго кеттим удургудум,

Калкыгын үстүңдөгү булутуңдай,

Элесиң эске түшсө, элжиретсе,

Канткенде кайрат кылам улутунбай.

Бул ырды жаздым Соң-Көл калсын үчүн,

Карааның көз алдымдан унутулбай.


Кылымай: “Ала-Тоо”


Кереметтүү сен атасың-энесиң,

Салыштырып сага ким жер теңесин.

Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө.

Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.

Ырым менин, сенин демиң эмеспи

Шыктанамын, минип кыял кемесин.

Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,

Калкып жаткан кандай сонун немесиң?!

Качан жүрөк кагышынан танганда,

Бир тартылып өтүп кетээр элесиң

Бир тартылып өтүп кетээр элесиң...


Өс алтын тоо! Өзүм өскөн турагым,

Уяң болбо улуу жолуң улагын,

Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысын,

Канга дары, каштай тунук булагың.

Ай ааламдын мунарасы болуп кал,

Аз калса да асманга тий турбагын!

Ээрчий берсең, бир сонунга жетесиң,

Улуу орустун Волга менен Уралын.

Улуу орустун Волга менен Уралын...

Жыйынтыктоо:

-Балдар азаматсынар,мен бүгүнкү адабий кечени акындын дагы бир сонун ыры “Ай жарык” ыры менен жыйынтыктасак.

ХОР: “Ай жарык”










































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!