СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нооруз майрамы. Улуттук нарк боюнча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Иш-чаранын сценарийи

Просмотр содержимого документа
«Нооруз майрамы. Улуттук нарк боюнча»



40 Акылбек Шабданов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Хан бийлигинен нарк күчтүү” Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун №157 буйругу “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында 2023-2024-окуу жылынын 18-март “Улут жүзү-улуттук нарк, Кош келдиң Нооруз майрамы!” урааны астында өткөрүлгөн “Нарктуу энелер” конкурсунун сценарийи

Өтүлүүчү күнү, сааты: 18-март 2024-жыл, саат 11-00

Өтүлүүчү жер: Мектептин спорт залы

Жасалгалоо: Боз үй, банер, шар, желекчелер, дубал газеталар ж.б.

Конкурстун максаты: 1. Азыркы мезгилде элибизге жаңы көз караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жүргүзө берүү эмес мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү.

2. Кыргыз элинин нарк-насилин, үрп-адатын, улуттук ашканасын, кол өнөрчүлүгүн, руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо.

3. Калктын калың катмарына унутта калып кетип жаткан “Улуттук наркты” мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте жайылтуу.

Конкурстун жүрүшү:

Жазда көктөм, жазда шибер жайкалат,

Жазда жашоо, кайра баштан башталат.

Жер энебиз кере-кере дем алып,

Айлана бүт сан гүлдөргө капталат.

Жел менен ойноп, жазда келди жаркылдаган,

Жергеме кирип келди Нооруз майрам.

Айлана кубанычка, шаңга толуп,

Жаз менен кошо келди күлкү сайран.

Жаз менен кошо Нооруз майрамы ар адамдын, үй-бүлөөнүн босогосун аттап, кирип келди. Бул майрамды биз көптөн күткөн элек. Табиятта эле өзгөрүү болбостон, Нооруз майрам, ар бир адамдын жан-дүйнөсүнө, сезимине, жүрөгүнө жакшы нерселерди алып келип, чоң бир өзгөрүүлөр болот деген үмүттөбүз. Майрам элибизге жакшылыкты, токчулукту, тынчтыкты алып келсин. Асманыбыз ачык, пейилибиз кенен болуп, кыргыз эли дайыма бейпилдиктин кучагында жашасын.


Көсөм бир кыргыз элденбиз,

Көтөрүп келген байрагын.

Куттуктап бүгүн жаз келди,

Кутмандуу Нооруз майрамы.

Өткөрөлү элим Ноорузду,

Күлкү бир, оюн шаң менен.


  1. Саламатсыздарбы, урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана кадырлуу коноктор! Бүгүн биздин “Хан бийлигинен нарк күчтүү” Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун №157 буйругу болгон “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Улут жүзү-улуттук нарк, Кош келдиң Нооруз майрамы!” урааны астында өткөрүлгөн “Нарктуу энелер” аттуу конкурсубузга кош келиңиздер!

Анда эмесе бүгүнкү күндү көркүнө чыгаруучу командаларды чакырып алалы.

1. Ак жоолук 2.Нарктуу энелер

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу аземди ачып берүү үчүн мектеп директору Р.Кадыралиевага сөз беребиз. (2мин)

Кийинки сөздү Ничке-Сай, Өзгөрүш айылын бириктирген Элмирбек Иманалиев атындагы айыл аймагынын башчысы Сатаров Мурат Өкүшовичке сөз кезегин беребиз.

Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда Нооруз майрамы босогобузда турат. Эмесе ушул майрам жөнүндө кыскача токтоло кетейин.

“Нооруз” деген сөз байыркы фарс тилинин “науризи” деген сөзүнөн алынып, бизче “нау” – “жаңы”, “рузи” – “күн” деген маанини билдирет. Демек, Нооруз “Жаңы жыл же жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 6-7- кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Нооруз – Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. Совет бийлигинин учурунда 62 жыл боюу 21-март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты “жыл ажыраш” деп аталган. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш – карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жаз майрамы катары белгиленген.

Жаңырган жаңы жылыбыз,

Нооруз майрам кут болсун.

Илгери болсун эл иши,

Данга толуп кырман ичи.

Кудайым өзү колдосун,

Эч качан оору жолобосун.



Айлана шаңга бөлөнүп,

Жер бети жашыл көгөрүп.

Кут толгон Нооруз майрамы,

Кирип келди жанданып – урматтуу кыргыз элим бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун. Анда эмесе “Нарктуу энелер” аттуу конкурсубузду баштоого уруксат этиңиздер.

  1. Бүгүнкү конкурска сын-пикирин, калыс сөзүн айтып калыстык кылган калыстар тобу менен тааныштырып алалы.

  1. __________________________________________________________

  2. __________________________________________________________

  3. ___________________________________________________________

  4. ___________________________________________________________

  5. ___________________________________________________________

  6. ___________________________________________________________

  1. Арча менен аластап,

Аруулап жерди алалы.

От менен баарын тазалап,

Кызыкты анан салалы.

Умайдай болгон энелер,

Тазалап баарын таштасын.

Майрамдык ушул кечени,

Элибиз анан баштасын – деп саламдашууга кезек берели.

  1. Келди Нооруз, келди мына жаз майрам,

Береке жаап, кут төгүлүп асмандан.

Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы,

Сүмөлөктүн бал даамынан башталган – кыргыздын улуттук каада-салтына кезек берели.

  1. Нооруз келди нурга бөлөп жаз айын,

Биз күтөбүз ушул күндү жыл сайын.

Таттуу уйкудан жаратылыш ойгонуп,

Бүт айлана жанданууда күн сайын- Кыргыз бийин бийлешет.

  1. Жел менен ойноп, жазда келди жаркылдаган,

Жергеме кирип келди Нооруз майрам.

Айлана кубанычка, шаңга толуп,

Жаз менен кошо келди күлкү сайран – кыздардын топташына кезек беребиз.

  1. Жазга кошо Нооруз келди жергеме,

Жаңы жашоо, тынчтык берет демдене.

Жер үстүндө жаратылыш жанданып,

Шаңдуу ырды созолонтот элиме – ырчылар ырдап беришет.

  1. Калп сөз жок мында жасалма,

Карынын көркү сакалда.

Жедирбес жемин башкага,

Жээренчи чечен атамда деген ыр саптарынан кийин макал айтышууга кезек беребиз.

  1. Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен,

Жетелешип жазгы жумшак жел менен.

Ырыскыны алып келип элиме,

Кут төгүлүп, агып турат жергеме – клипке кезек беребиз

  1. Унутта калып бараткан,

Уласак сөзүн кыргыздын.

Анда модага кезек берели,

Урпактары кийип келген эзелтен – мода көргөзүшөт.

  1. Ыйык тамак сүмөлөктү кайнатып,

Дасторконун дүйүм ашка жайнатып.

Кыргыз эли Нооруз тосуп шанданып,

Тынчтык тилейт бардыгына жанданып – улуттук тамак-аш көргөзмөсү көрсөтүлөт.

  1. Жыйынтыктоо

Жаркыраган жаздын, күжүрмөн эмгектин, ыймандуулуктун, адептүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын жана таттуу, даамдуу дасторкондун майрамы. Кымбаттуу кыргыз элим, бардыгыңыздарды жаңылануунун, жакшылыктын жышаанын алып келген улуу Нооруз майрамы менен куттуктайм.













Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!